№492 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
Банан болот ысымым,
Тишиң тийсе эриймин.
Курамымда баары бар,
Калий, магний, натрийдин.
Атым менин Мандарин,
Менде да көп витамин,
Кочкул сары өңдөмүн.
Көп жеп тишиң ооруса,
Аны менден көрбөгүн.
Алма деген мен болом,
Ден соолукка пайдалуу.
Витаминдер А, В, С,
Курамымда сакталуу.
Менин атым Алмурут,
Азыктар көп денемде.
А, Р, Е витамин
Ширин болот жегенде.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |