Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«Супер-Инфонун» 10 жылдык мааракесине карата коюлган байгенин ээси, Токтогул району боюнча жеңүүчү Алиса Делдешова: «Үйгө барарым менен жакындарыма ма

№492 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.

– Алиса, куш келипсиң. Мына, бул меш сенин байгең!
– Чоң рахмат! Аябай сүйүнүп турам. Үйдө электр мешим жок болчу. Жолдошум борборго келген сайын “ала барайынбы?” десе, “сен мен каалагандай мешти тандай албайсың, өзүм тандайм” деп койчумун.

– Биздин меш жактыбы?
– Кантип жакпасын?! Менин оюмдагыдай меш экен. “Супер-Инфонун” тамак-аштардын рецепттери чыккан санын өзүнчө бөлүп сактап койчумун. Мен эле эмес, айылдагы келиндердин баары “Дасторкон” рубрикаңыздарды сүйүп окуп, конок тоскондо ошол рецепттерди колдонуп келебиз. Буюрса, үйгө жетерим менен буга даам жасап, жакындарыма байгемди майлап берем деп турам.

– Утканыңды кимден уктуң?
– 10 жылдыкка арналган бетти толук эле окуп чыккандай болгом. Бирок фамилиямды окубаптырмын. Кечке жуук бир таанышым чалып куттуктады. Алдап жатат го деп ишенген эмесмин. Кийин карасам, чын эле фамилиям жүрөт. Анан үйдөгүлөргө сүйүнчүлөдүм. Өзгөчө кайненем аябай сүйүндү. Анткени ал “таза гезитти отко жакпагыла” деп дайыма жыйнап жүрөр эле. Мындан ары да биз кадырлап, сүйүп окуган гезит болуп жүрө берсин.

Дамира Арстанова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо