Абдулхаким Тажибаев:«МАЙЫПТАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮ МЕНЕН ЫРАХАТ АЛАМ»

№492 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.

Тагдырдын сыноосуна түшүп, майып болгон жарандарыбыздын протез менен кадимкидей эле басып жүргөнүн көрөбүз. Бирок ошол жасалма буттарды ким, кантип жасап жаткандары туурасында көпчүлүк биле бербейт. Андыктан түштүк аймагындагы “Протез” ортопедиялык ишкананы жетектеген Абдулхаким Тажибаевдин өнөр аракеттери туурасында кеп кылабыз.

“СООП ИШ ЖАСООГО ЭМНЕ ЖЕТСИН!”
– 1975-1979-жылдары жумушумду голендерди никелдөөчү (жасалма буттарга жалтырак берүүчү) болуп иштөөдөн баштагам. 1996-жылдан 2006-жылга чейин башкы эсепчи болуп иштеп, андан бери жетекчилик кызматты мойнума алдым. Менин бир кызматта көп жылдар эмгектенгениме таңданышат. Адамга адам гана жардам берет. Жардам берүү – эң негизги сооп иш деп билем. Мына ошол иштерди жасап жатам деп айта алам. Мүмкүнчүлүгү чектелип, басуудан, бир нерсени кармоодон алыстап, кол-буттарынан ажыраган майыптарды эл арасына кошконума сыймыктанып келем. Биздин жасаган буюмдар менен бактылуулукка жетип, кубанып жаткан адамдарды көрүү мен үчүн чоң сыймык. Чоң даражага жетиш үчүн кээ бир адамдар ар ишке баш багышат да, иштен майнап чыкпайт. Андан көрө бир ишканадан чыкпасаң да, көп жылдык мээнет менен сооп иш жасоого эмне жетсин!

ҮМҮТҮҢДҮ ӨЧҮРБӨЙ КЕЛЕ БЕР
– Көпчүлүк адамдар бизден маалыматы жок, “барсам канча акча менен жасап беришет, ага акчаны кайдан табам?” деп келбей коюшат. 1-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жасалма бут, колдор бекер. Себеби материалдар мамлекет тарабынан берилет. Ал эми калганына арзандатылган негизде жасалат. Биздин милдет иш мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам берүү болгондуктан, эч кимден ашыкча акча талап кылбайбыз.

Уулбү Каныбекова
info_osh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(1)
11.04.2012. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алла ыраазы болсун сизден.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо