Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ААЛАМДА 1 СААТКА СВЕТ ӨЧТҮ

№492 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.

Адамзат экологияны сактоо үчүн көптөгөн акцияларды уюштуруп келет. Мына ошондой акциялардын бири – "Жердин сааты" жөнүндө маалымат сунуштайбыз.

«ЖЕРДИН СААТЫ» – АДАМЗАТТЫН КЕЛЕЧЕГИ
«Жердин сааты» (англисче «Earth Hour») бул – планетабыздын чектелген электр булактарын үнөмдөө максатын көздөгөн Бүткүл дүйнөлүк «Жапайы жаратылыш» фондунун (WWF) жыл сайын өтүүчү глобалдык акциясы. Аны уюштуруучулар катардагы адамдардан тартып, уюм, мектеп, муниципалдык мекеме жана коммерциялык ишканаларга чейин жылына бир ирет, бир күнү 1 саатка жарыкты өчүрүүгө чакырат. Акцияны өткөрүү идеясы 2007-жылы Австралияда жаралып, алгачкысы Сиднейде өткөн. Австралиянын «Жапайы жаратылыш» фонду «Лео Барнетт» жарнама агенттиги жана «Сидней таңы» гезити менен биргеликте жайылтууну ийгиликтүү ишке ашырып, 2 жылда дүйнөдөгү эң ири окуялардын бирине айланган.
«Жердин сааты» – эркин акция. Ага каалоочулар гана катышып, март айынын акыркы ишембисинде белгиленген убакытта электр энергиясы 1 саатка өчүрүлөт. Уюштуруучулар бөлмөгө жарык берүүчү лампочкаларды, компьютерлерди, жарнамалык мүнөздөгү жарыктарды, стол лампаларын, сыналгыларды, керексиз электр приборлорун өчүрүүнү сунушташат. Коопсуздук үчүн төмөнкүлөрдү өчүрүүгө болбойт: көчөгө жарык берүүчү лампаларды, жол чырактарды, учактарга жол көрсөтүүчү жарыктыктарды, коргонуу максатында орнотулган жарыктыктарды жана лифтти.

ҮНӨМДӨБӨСӨК, ЖЕР БАГА АЛБАЙ КАЛАТ
Окумуштуулардын иликтөөсүндө, 1961-жылдан 2003-жылга чейин адамзаттын экосистемага тийгизген зыяны 1,5 эсеге көбөйгөн. Демек, мындай темп менен 2050-жылы Жер адамдарды электр энергиясы, суу, азык менен камсыз кыла албай калат. Мындай көйгөйдүн алдын алуу өзүбүздүн колубузда. Жарыкты 1 саатка өчүрүү менен электр ресурстарын үнөмдөсө болот. «Сергек жашоо үчүн» дегендей эле, жалпыбыздын үйүбүз – планетаны ойлоп, сергек планета үчүн да ар бирибиз кам көрүшүбүз керек.

РЕКОРД КОЮП, КОСМОСКО ЖЕТТИ
Акция жылдан-жылга кеңейип барат. 31-март, ишембиде адаттагыдай эле Австралиядан башталып, Сиднейдеги Опера театрынын жарыгы өчүрүлүшү менен акцияга старт берилди. Эстафетаны Малайзия улап, Куала-Лумпурдагы 88 кабаттуу атактуу мунара караңгылыкка чүмкүдү. Андан ары Пекиндеги «Куштун уясы» олимпиадалык стадиону менен Улуу Кытай дубалында да караңгылык өкүм сүрдү. Францияда Эйфель мунарасынан тышкары президент Саркозинин буйругу менен Елисей сарайында да жарык өчтү. Ушинтип отуруп акцияга жалпысынан дүйнөнүн 147 өлкөсүнүн жашоочулары катышты. Бул абсолюттук рекорд! Биринчи жолу акцияга катышкан өлкөлөр – Ливия, Алжир, Бутан жана Гвинея. Ошондой эле быйыл «Жердин саатына» космостогу Эл аралык космостук станциянын экипажы да кошулду. Голландиялык астронавт Андре Кейперс Жердин шаарлары биринин артынан экинчиси караңгылыкка сүңгүгөнүн космостон күзөтүп турду.

МЕДАЛДЫН ЭКИНЧИ ЖАГЫ
«Жердин саатын» сынга алгандар жок эмес. Акциянын каршылаштары «жарыкты 1 саатка өчүрүү электр энергиясын үнөмдөбөйт жана зыяндуу газдардын атмосферага чыгуусун токтотпойт» деп, аны маанисиз деп эсептешет. Буга жооп иретинде уюштуруучулар «акция эң оболу символикалык мааниге ээ. Чынында, 1 саатка электр жарыгын өчүрүү экологиялык кырдаалды жакшыртпайт. Акциянын максаты – Жердин жашоочуларына электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу атмосферага чыгып жаткан зыяндуу газдардын көлөмүн азайтарын түшүндүрүү» деп белгилешет.

БИЗДЕ КҮНДӨ «ЖЕРДИН СААТЫБЫ»?
Бүткүл дүйнөлүк «Жапайы жаратылыш» фондунун өкүлчүлүгү дүйнөнүн 150 өлкөсүндө, анын ичинде бизде да иш алып барат. Аталган фонддун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн координатору Фарида Балбаковага кайрылганыбызда: «Кыргызстанда жарык өчүрүлүп, энергетикалык кризис болуп жаткандыгына байланыштуу «Жердин сааты» акциясына катышуу маселеси азырынча көтөрүлө элек. Убагы келгенде, албетте, катышабыз. Чынында, ансыз да бизде жарык өчүп, күндө эле «Жердин сааты» болуп жатпайбы»,- деп тамашалады.

P.S. Эмки «Жердин сааты» 2013-жылдын 30-мартында болорун эскертебиз. Жалпыбыздын үйүбүз болгон Жердин «ден соолугуна» кайдигер карабайлы.

Базарбек Абдураимов
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

Экологияны коргоо үчүн машинадан баш тартып, шайтан араба минет белеңиз?


Бакыт, шоумен:
– Негизи, өзүм авто сүйүүчүмүн. Сахна кийимдерим болбосо, шайтан араба менен эле жүрмөкмүн. Бир эмес, эки шайтан арабам бар. Азыр унаа айдагыча шайтан араба мине койгон жакшы. Анткени "пробка" деген бар. Шайтан араба менен 5 мүнөттө жетчү жерге машина менен бир жарым саатта жетесиң.



Мирбек, телеалпаруучу:
– Табият менен таттуу мамиледе болгон кыргыз эли үчүн ошондой нерсе керек. Бирок "а-бу" деген менен, биз унаадан баш тарта албайбыз. Анын үстүнө, шайтан араба бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт. Биз, өнүгүп кеткичекти, баш оорутпай автоунааларга куюлуп жаткан майдын сапатына карашыбыз керек.



Урмат, коопсуздук кызматкери:
– Өзүң кылып жаткан катачылыкты башкага кылба дей албайсың. Биз, мисалы, көнүп алдык, унаа менен жүргөнгө. Биздин ой жүгүртүүбүз да, түшүнүгүбүз да ошого бурулуп кетти. Унааны таштоо үчүн балдарыбызга ошондой тарбия беришибиз керек.


Байтемир, студент:
– Кыргызстанда автоунаа аябай көп. Мисалы, көп калкы бар Кытайда эл эле эмес, чиновниктер шайтан араба менен жүрүшөт. Биздин чоңдор чалкасынан кетет, теппейм деп. Биз унаасыз жашообузду элестете албай калдык. Колдойт элем, шайтан араба тээп калсак, унааны керек болгондо гана колдонуп.


Аскарбек, адвокат:
– Ошол күн кана? Биз го, карыдык, унаалардын саны минтип өсө берсе, силердин 50гө чыгарыңар күмөн. Шайтан араба эмес, керек болсо эшек араба менен жүрүшүбүз керек. Илгери ошентип эле жүрчүбүз. Престиж дегенди жыйыштырып, унааны алыска чыкканда гана колдонуш керек.



Анара, соодагер:
– Жок, теппейм. Жакында Түркияда болуп келдим. Ал жакта элдин көбү трамвай, метрону колдонушат. Бул элдин автоунаага болгон муктаждыгын азайтат. Бизде да ошондой система иштеп калса, эч кимдин унаа менен иши болмок эмес.


Эрнис, таксист:
– Жок, машинаны таштамак эмесмин. Шаарыбызда чет элдик унаалардын көбөйгөнү жакшы да. Бул маселени автоунааларды таштоо менен эмес, шаарды көрктөндүрүп, көбүрөөк бак тигүү менен чечсе болот.

Максат Кудайбердиев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(12)
09.04.2012. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анда, биз рекорд койгон турбайбызбы? Бизде бир саат эмес, жумасына бир кун толугу менен, жана маал-маалы менен очуруп, бизди "кубандырып" турат...........
09.04.2012. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 кун эмес 1 жумалап очот ко даже айлап, жылдап бизге бул жанылык деле эмес :)))))))))))))(
09.04.2012. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aylanayın bizde toluk 1 ay öçöt
09.04.2012. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cyldyzka, каерде бир ай очот?кайсы айылда
09.04.2012. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
точно биз учун жанылык эмес
09.04.2012. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mm maga da telefongo (stanbulda) sms keldi 1 saat ochurunuz dep j.b. aksiya bar dep,10-15 munot ochurup ele jandirip aldim:((
10.04.2012. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайдын берген куну очотко бизге жанлык эмес мындай нерселерди жазбай эле койсонор болмок
12.04.2012. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
на дворе 21 кылым адамдар каяктагы эшек арабаны айтып атасынар? эми элестетип корсонор Бишкектин цетринде эшек арабалар мн жургонунду. это ведь столица а каяктагы жайлоо эмес.
13.04.2012. 05:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул абалда жашоо улана берсе жайлоо эмес тоо таштака алант го кыргыстан.
13.04.2012. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо!биздин кыргызтанга бул акция 1саат убакытты 200 пайыз аткарышат.2050 жылы нефтинин баасы 300 сом болсо кайдагы турлуу кымбат машина.
12.05.2012. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз анда активный катышат экенбиз да жердин саатына Кун сайын тунку 12де оччу эле го азыр маал маалы менен очуруп турат))))))))0
29.07.2012. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул корунуш биз учун эмес .ошол чон шаар мамлекеттер учун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо