7-АПРЕЛЬ ОКУЯСЫНА 2 ЖЫЛ. ҮМҮТ АКТАЛДЫБЫ?

№492 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.

БАКИЕВДИН "КРЕСЛОСУ КАЛЧЫЛДАЙ" БАШТАГАНДА...
Өкчөгөн чүкөсү оңко туруп, Ак үй менен Көк үйдүн бийлиги колунан чыкпастай сезген ал кездеги ажо Курманбек Бакиевдин акыркы аракеттери элдин маанайын буза баштаган маал эмес беле. Муну ошол кездеги оппозиция кайра-кайра кыйкырып айтып турганы менен, өзгөрүү болбой келе жаткан. Сөздү узартпайлы.
2010-жылдын 17-мартында БЭК (Бириккен элдик кыймылы) өз курултайын өткөрүп, анда бийликке 7 талап койгону эсиңиздерде бардыр?.. Электр энергияга болгон тарифтерди арзандатуу, уюлдук байланышка кошумча киргизилген 60 тыйындык төлөмдү алып салуу, президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн бийликке аралашуусун токтотуу баш болгон, анын ичинде Максим Бакиев жетектеген ЦАРИИни жоюу сыяктуу талаптар коюлган. Бул талаптардын аткарылышына бир апта мөөнөт берип, бирок эч кандай реакция болбогон соң аягы 7-апрелдеги кандуу окуя менен бүткөн.

2 ЖЫЛ ӨТТҮ, ЭМНЕ ЖЫЛЫШ?
Ооба, эң башкысы, өлкөдө саясий система өзгөрдү. Президенттик, үй-бүлөлүк, кландык башкаруунун азап-тозогун жакшы эле тартып, бийликтин чылбырын бир адамга берүү жыргатпай турганын эл түшүндү. Муну бир эмес, эки жолу баштан кечирген журтчулук жаңы Конституциянын долбоорун же парламенттик башкарууга өтүүнү колдоого алышты. Муну ошол 7 талаптын бири болгон үй-бүлөлүк башкарууну жоюу, ажонун балдары, бир туугандары бийликке таасир этпесин деген талаптын ишке ашышы катары баалоого болот. Ошондогу 7 талап жалпы жонунан ишке ашты деп айтууга жарашат...

ЖООП БЕРЧҮЛӨР КАЙДА?
Сот иштери дале уланып келе жатат. Албетте, бул таң эрте башталып түш оой бүтүп калчу иш эмес. Негизинен, 7-апрелге байланыштуу 28 кишиге айып тагылган. Алардын ичинен мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 8 үлкөн аткаминерлерге эл аралык издөө жарыяланган. Алардын айрымдарынын кайсы өлкөдө жүргөндүгү белгилүү болгону менен, Кыргызстанга алып келе албай убарабыз. Же ал өлкөлөрдүн "ме, алгыла" деп кармата салчу түрү жок.
"Анан да ошол маалдагы айрым "бакиевчи" аткаминерлер бүгүн эч нерсе болбогондой асмандан сүйлөп бийликте отурушат". Мындай пикирди көптөгөн серепчилер билдирүүдө. Кандуу окуяга күнөөлүү деп ошол кездеги Роза Отунбаева жетектеген Убактылуу өкмөттү сындагандар да чыкты. Алардын канчалык күнөөсү бар экенин соттук иштер ачыктайт. Бирок 7-апрелдеги элдин үмүтү, тилеги азыр толугу менен акталып кетти деп айтуу кыйын. Буга Роза айым өзү да кошулат.
Ал өз сөзүндө: "Жок, каза болгон 87 азаматтын үмүтүн актадык деп айта албайм. Бул процесс уланууда. Эки жыл аралыгында көп эле өзгөрүүлөр болду. Бирок ойдогудай болбой жатат. Ушул балдардын үмүтүн актайм деп көп эле аракет жасадым",- дейт.

ЖӨНӨКӨЙ ДЕБЕЙЛИ, БИР МИСАЛ...
Отунбаеванын "ойдогудай болбой жатат" деген сөзүнө бир мисал. Ошол маалда УКМКны жетектеп турган Мурат Суталиновду 2 жылдай таппай жүрүштү. Анан кечээ жакында өзү келсе, болгондо да дал ошол Апрель окуясы каралып жаткан сот залына кирип барса, "отур, сенин ордуң түрмөдө" дегендин ордуна жылуу-жумшак үй камагына чыгарып койгонубузга жол болсун. Анда-санда Кыргызстанга салам айтып коюп чет жерде жүргөн айыпкерлерди түрмөгө айдап кирүүнүн амалын деле тапчудай эмеспиз.

КАЗА БОЛГОНДОР 87 ЭМЕС, 100дөн АШТЫ
Октун айынан жакынын жоготкондорго өкмөт былтыр үй салып, батирлердин ачкычын тапшырып жардам берген. Бул да болсо көмөк. Бирок материалдык жардам октун жаракатын биротоло айыктыра албасын убакыт өзү көрсөттү. Күн өткөн сайын ооруканаларда жатып каза тапкан Апрель курмандыктарынын саны өсүп, алар 103кө жеткени маалым болуп отурат. Ден соолуктан кол жууп, оор абалда жаткандар канча? Алардын бири – 22 жаштагы Максат Чегирткеев. Учурда оор абалда Улуттук госпиталда жатат. Салмагы 60 килограммдан 43кө чейин түшүп, жашоо үчүн жан талашууда.

АПРЕЛЬ ОКУЯСЫНА КАЧАН ЧЕКИТ КОЮЛАТ?
Президент Алмазбек Атамбаев 6-апрель күнү оппозиция лидерлери менен камалгандардын катарында эле. Тагдыр минтип аны эл башына алып келди. Өз сөзүндө бул каргашалуу окуяны аягына чыгара тургандыгын дайыма баса белгилейт. Соттук иштердин качан, кантип аяктап, чыныгы күнөөлүүлөр жазаланып, бүгүнкү заманды орнотууга умтулуп жан берген азаматтардын арбагы тынчтанчу күндүн качан келерин эч ким билбейт. Ошол окуянын шарапаты менен бүгүн "кресло кучактап" отурган аткаминер, кыйындар Апрель революциясынын максатын ишке ашырууну адамдык эң ыйык милдет катары караганда келер, балким...
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү 7-апрелде кыргыздын жигиттери кан жутуп жыгылып жаткан маалда УКМКнын абагында отурушканы бештен белгилүү. Биз азыркы учурда "эл үчүн!" деп көкүрөк каккылап жаткан кээ бир саясатчыларга кайрылып, суроо узатып көрдүк...



2010-ЖЫЛДЫН 7-АПРЕЛИНДЕ АК ҮЙДҮН АЛДЫНДА КЫРГЫЗДЫН ЖИГИТТЕРИ КАН ЖУТУП ЖЫГЫЛЫП ЖАТКАНДА СИЗ КАЙДА ЭЛЕҢИЗ?

Камчыбек Ташиев, ЖКнын депутаты:
– Чынында, 2010-жыл­­дагы 7-ап­рель окуясы өтө кү­түү­сүз болгондуктан, муну эч ким билген эмес. Жеке мен деле кандуу каргаша болуп кетет деп ойлогон эмесмин. Себеби, өзүңүздөр жакшы билесиздер, мен ал учурда бийликте эмес болчумун жана менде ал учурдагы кырдаал тууралуу көп маалымат жок эле. Ошол күнү мен Жалал-Абадда атамдын үйүндө болгонмун. Ак үй талкаланып, бир катар жигиттердин окко учканын тааныштардан, массалык маалымат каражаттарынан уккам.



Адахан Мадумаров, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери:
– Мен ушул суроого 2 жылдан бери жооп бере берип чарчадым го... Мындай, конкреттүү, Кыргызстандын келечеги тууралуу суроолоруңар болсо, жооп берүүгө даярмын. Анан "кайда элеңиз?", "эмне тамак жегенсиз?", "эмне кийип жүрдүңүз эле?" деген сыяктуу суроолордон көтөрүлөлүчү?! Кайда болмок элем, Бишкекте жашаган соң Бишкекте болом да. Мындай суроолорду ырчы-чоорчуларга берсеңер жарашат (шайлоолор жакындаганда суроо тандабай-этпей эле жооп берчү Адахан мырза бул жолу ушинтип күпүлдөдү)!


Алтынбек Сулайманов, ЖКнын депутаты:
– Мен анда депутат эмес белем, 7-апрель күнү Бишкекте эле болчумун. Кызыгы, ага чейин 21-мартта Оштун ипподромунда көк бөрү уюштурулмак. Бирок мен 20-март күнү аттан жыгылып бутумду сындырып алып, Ошко бара албай калгам. Ошонун айынан 7-апрель күнү үйдө гипсте жатып калгам.




PS
: Ушул эле суроону Жогорку Кеңештин депутаттары Ахматбек Келдибековго, Нариман Түлеевге жана Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовго узаттык. "Эл үчүн кызмат кылам" деп трибуналардан кайра-кайра айтуудан тажабаган бул адамдар суроого жооп бергилери келген жок.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(24)
09.04.2012. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да азыркы бийлике ишене албай отурган чагым
09.04.2012. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тундук туштук кылып болгондор, силерди аянтка алып чыгып атып салгандан отору жок, силердей бузукулардын айынан мамлекетибиздин ынтымагы жоголуп жатат, бул жакта келжиреп суйлоп олтургандын ордуна, мамлекеттин онугушно алым кошсонор ошол да пайда болмок.
09.04.2012. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мадумаров деген кайда журмок эле, уйундо бекинип жаткан уйун коргоп качан келип орттоп кетишет деп, Камчыкен ал убакта Бакиевдин качып барган уйундо алардын берген приказдарын аткарып жургон
09.04.2012. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул макалада 7-апрель окуясы жөнүндө кеп болуп жатат, Оштогу июнь окуясы жөнүндө өз кезегинде жазылат. Биринин кирин бирине чаптап, 2 окуяны чабыштыруунун кереги жок. Ушундай максатты көздөп комментарий калтырган колдонуучулар өз жазасын тартат!
09.04.2012. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AIPERI_0606, Afrodita-12, Tollinon, бир ууч калкыбызды түндүк-түштүккө бөлүп,дайыны жок эле элдин канын кызыта бериштин не кереги бар?! Эрежелерди окуп келгиле, үчөөңөргө тең 30 күн БАН!
09.04.2012. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Модераторлор туз карасанар силер, жазып жаткан ой-пикирлерди эмне алып салып жатасынар?
09.04.2012. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KR-777, түз жазылган коомментарийлер өз ордунда эле турат. Сайттын жалпы эрежелерине карама-каршы келген билдирүүлөр өчүрүлөт. Өчүрүлүп тим болбостон, авторлору жазасын да тартат.
PS. Сайттын башкармалыгынын кыймыл-ааракетин да талкууга алууга болбойт! Сизге эскертүү, мындай көрүнүштү кайталасаңыз, сайт менен колдонуу укутарыңызды чектөөгө аргасыз
09.04.2012. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде болунбойлу деп жатып озунор болуп жазыпсынар Бакиевчи деп.Анан да Мадумаров туура айткан ушул суроону озу канча жолу беришет ушул журналистер бул суроого жооп бергенин мен коп жолу ММКлардан окугамын.Бул жон гана алардын абруйун тушуруу деп ойлойм.Элге Ташиев менен Мадумаровту жаман корсотуу бул жерде мен ошол нерсени коруп турам.
09.04.2012. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мадумаров как всегда журналисттерди кагып силкип эле жургон чагы. Бул суроонун эмнеси бар анчалык жинденгидей ? Негизи эле жаман адамдын оозунан жакшы соз эч качан чыкпайт.
09.04.2012. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул азыркы оппозицияны жон гана жаман корсотуу учун берилген суроо. Жана ошондой эле Мырзакматов оштук болсо 7 апрель куну ошто болот да анан кайда болмок эле. Мындан башка суроо куруп калгансып.
09.04.2012. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени таң калтырганы өз элинен да акчанын бийик турганы!
Кантип Өлкө башчысы элин ойлобой анан президент болот?
Кресло үчүн соодалашуу жөнүндө биринчи укканымда шок болгон элем.
7-апрелдеги болгон окуя Перзидент, ар бир депутат, губернатор, аким, айыл өкмөт башчыларына чоң тарбия болсо гана!!!
Качан бир Элим деген реалдуу көз караш, патриотизм, милдет, Инсандык жоопкерчилик ойгонот???!!!
09.04.2012. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келгиле баарыбыз кыргыз болгондон кийин реально карайлы. Апрелдеги окуяга Бакиев 100% кунолу, аны да кудйым жазасын берет, убагы келгенде. А Оштогу согушка да Бакиев кунолу дей албайсында,ошол учурдагы бийлик башында олтургандар 100%ке кунолу,ушуну билип туруп неге чара колдонулбайт, кун сайын ордендерди алып жалтырап олтурушат. Баарын тегиз караш керек. Азыркы бийлик да мурдагынын эле клоуну, деп айтаар элем,103адамдын олумун жакшы сезе элек, бей бечаралар эле сыздап жатышат.Кудайым озу кубо
09.04.2012. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош окуясында Отунбаева,Атанбаев,Бабанов дегендер ийининен чыкбай жатышкан ош окуясына да 7-апрельге да ошолор кунолу
10.04.2012. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мен Ош окуясында да Апрель окуясында да мекенимде болгон жокмун банга кетип калбаш учун эч нерсе деп айта албайм)))))
10.04.2012. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргыз бирикмейинче эч качан онукпойбуз,биримдиктуу болойлу кыргыз элим!
10.04.2012. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sambo, туп туура
10.04.2012. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чекесинен акталып жатат, мурунку бийлик менен азыркыларды салыштырып керги жок, биздин мамлекет эки революцияны башынан откоруп, экономикалык жактан алда канча артта калды, ушул алакыбалыбыздан чыгыш учун жок дегенде 2-3 жыл керек
10.04.2012. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мадумаров бекинип жатса атанбаев не тошун чапкылап эл мн журдубу
13.04.2012. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
natu, Атамбаев СНБнын абагында болчу
10.04.2012. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиев Мадумаров булар туура адамдар!Мен ишенем бирок атайын буларды элге жек корсотуу учун ушуларга эле кийлигишип туруп алышты.Анан биз кыргыздык урмат-сый абройду жоготуп баратабыз шылдындап мыскылдаап пикет деген нерсени адат кылып а бийликтеги адамдар биз учун эч ким болуп калды кааласак кетиребиз кааласак коебуз кетпесе топтолуп чыгабыз согушабыз куноосуз адамдар каза болушат.А коншу мамлекеттер эле жыргап жашагандай алар неге чыкпайт алар неге кан токпойт неге экономиканы жок кылдык эххх
11.04.2012. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиевди соттош керек, Тушунугу ушундай томон адам бийликте кантип журот, эл кантип колдоп жатат тан калам, 7 апрельде эмне кылмак эле кыйпылдап отурду да эмне болуп кетээр экен деп.
12.04.2012. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
konya, сен, тууганым ташиевге капа экенсин аны озуно айтсан бул жерде бийликтегилердин баары начар адамдар баарын жумуштан алып уй мулкун конфискациялап талаада эгин эктириш керек
13.04.2012. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлик талашпай Ташиев Мадумар аке ел ишенимин актасанар, анан ел озу тандайт, иштешинер керек. А журналистерге конул бурбагыла ел тараза. Шайлоолорду бурмалабай таза шайлоо откоруш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо