№492 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
Атактуу мушкер Алмазбек Раимкулов менен элибиздин таанымал кыздарынын бири Ассоль Молдокматова расмий түрдө баш кошушту. Бул кубанычы менен куттуктап, кыскача маек куруу үчүн мушкерге байланышка чыктык.
– Саламатсызбы, Алмаз мырза, куш бооңуз бек болсун! Тоюңуздар тууралуу кеп салсаңыз...
– Чоң рахмат. Ооба, 25-мартта Ассоль экөөбүз түбөлүккө кол кармаштык. Мусулман болгон соң алгач никебизди кыйдырдык, андан соң Лас-Вегаска барып ЗАГСка турдук. Буюрса, күзгө жакын Кыргызстанга барып да той берсек деген оюбуз бар.
– Жакындан таанышып, бири- бириңиздерди толук билүүгө канча убакыт кетти?
– Мен ажырашкандан кийин эле Ассоль менен сүйлөшүп жүрдүм. Ошондо бир жылдан ашык убакыт болуп калат го.
– Үйлөнөлү деген сунушту киргизүү кыйынга турган жокпу?
– Албетте, арзыган адамың болгон соң толкундануу болот да. Алгач колуна бриллиант таштар менен кооздолгон билерик тагып, андан соң гана шакекти алып чыгып, мексикалык ырчыларды чакыргам, серенаданын коштоосунда "сен менин жубайым болушуң керек. Экөөбүз бири-бирибиз үчүн жаралган жандарбыз. Макул болсоң баш кошолу?.." дедим. Ассоль эки күн ойлонгон соң мага "ооба" деген жообун берди.
– Ата-энеңиз кандай кабыл алышты?
– Алар абдан кубанып жатышат. Экөөнүн тең жүздөрүндө жылмаюу пайда болду. Ассоль ыймандуу, татынакай келин. Менин эркектик сөзүмдү эки кылбаган аялды мен алаканыма салып көтөрүп жүрүүгө даярмын. Жашообуз сонун башталды, аягына чейин ушундай болот деп ишенем. Ассолду тандап, мен адашкан жокмун. Чынын айтсам, ажырашкандан кийин көп эле кыздар менен тааныштым. Алардын арасында мени сыйлаган күйөрмандарым да бар болчу. Бирок мен жаш кыздардан корктум, чындыгында. Турмуш деген оңой эмес, бүгүн башканы, эртең таптакыр башканы сүйлөп отурса жаман да. А Ассолго болсо, мен ажырашкандан баштап эле көзүм түшкөн.
– Мурунку жубайыңыз Динара эмне деп жатат?
– Ажырашкандан кийин бүттү да, эмне демек эле? Өткөн-кеткенди эстегим да келбейт. Бир гана билгеним, менин Динара менен балдарым бар. Аларды мен чексиз жакшы көрөм. Татыктуу, камкор ата болуу – менин милдетим.
– Эми мындан ары кайда жашайсыздар?
– Экөөбүз тең эле элдин намысын коргоп, эл деп жүргөн адамдарбыз. Бирок өз элиң сени жамандап жатса, андан өткөн жагымсыз нерсе барбы? Эми көрө жатарбыз. Бул жаатта өзүбүз сүйлөшүп жатабыз, бирок чечим чыгара элекпиз. Кайда болсок да балдарыбыз менен бактылуу өмүр сүрсөк экен, дагы да көп балалуу болуп дегендей.
– Бактылуу болуңуздар, маегиңизге рахмат.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
эже ийгилик
!!!!!!!!!!!!!