ЧЫРАКТАЙ ЖАПЖАШ ӨМҮР КАЛДЫ ТОКТОП...

№492 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.

"Канаттын али жашай элек жашы, аткарыла элек тилеги, кана элек жашоо кумары бар эле..."- дешет анын жакындары. Кыргыздын бир жигити, бир үйдү бага турган уул чек арада 23 жашында киши колдуу болуп каза болду...

ОЮНЧУК ЭМЕС, БУЛ ЧЕК АРА

Жапжаш жигит тынчтык учурунда сырткы душмандын колунан эмес, өз замандашынын колунан, болгондо да бир канча кап көмүрдүн айынан каза болуп калганы өкүнүчтүү. Апасы Жылдыз эже жана жакын таанышы Динара эженин айтуусунда, кайгылуу окуя мындай болгон.
12-февраль күнү түш чендерде Баткен облусунун Самаркандектеги чек ара тозотунан чек арачылар көмүр жүктөп бара жаткан машинаны токтотушат. Тажикстан Республикасынын Согди дубанына караштуу Чорку айылынын тургуну Умаржан Каримов өзүнө таандык унаага Акылбек Калбаевдин шахтасынан чыккан көмүрдү жүктөп, Паскы-Арык айылынан Чорку айылына өтүп бара жаткан экен. Айдоочунун тиешелүү документтерин талап кылышкан учурда Акылбек Калбаев машинадан түшүп, нөөмөттө турган чек арачылардан жөн гана өткөрүп жиберүүнү талап кылат. Бирок чек арачылар тартипти бузбай, Калбаевди өткөрбөй коюшат. Айылдаштык күчтүүлүк кылып кеткенби, Калбаевдин чакыруусу менен ал жерге ошол айылдык бир топ адамдар чогулуп, чек арачыларды коркутуп-үркүтө башташат. Кысымга туруштук бере албай алар кошумча күч чакырышат. Ошол учурда ыкчам топту баштаган командирдин орун басары Канат Дүйшөналиев келип калат (Канаттын жакындарынын айтуусунда, Акылбек Салижановдун куралын Канат келгенче тартып алган. Ал эми командир Акжол, Салижановдордун айтуусунда, Канат келгенден кийин курал тартылып алынган). Акылбек Калбаев күзөт жетекчиси Муратбек Салижановдун куралын колунан күч менен жулуп алып, алгач асманга эки жолу атат. Үчүнчү огу Канатка багытталат. Ок Канаттын көкүрөгүнө тийип, ооруканага жетпей ошол жерден каза болгон.

«БРАТ, МЕНИ АТЫП КЕТИШТИ»

Баарынан да уулду төрөп, ушул даражага жеткирип, андан айрылып калган ата-эненин кайгысынан оор нерсе болбосо керек. Жылдыз эже уулу тууралуу төмөнкүлөрдү айтат:
– Канат кичинесинен эле аскер кызматкери болом дечү. Күйүмдүү, боорукер эле. Кимге болсо да жардам бергиси келип турчу.
– Акыркы жолу качан көрдүңүз эле?
– Ошол окуя болордон мурун ал эс алууга чыгып үйгө келген. Бир ай жүргөндөн кийин кеткен болчу. Мурункудай эле жадырап-жайнап жүрдү үйдө. Кеткенден кийин "мама, мен жеттим" деп телефон чалган. Анан эле ушул окуя болуп кетти.
– Окуяны өз көзү менен көргөндөрдөн уга алдыңызбы?
– Чек арачылардын бири ошол учурда телефонунун диктофонун күйгүзүп койгон экен. Аны уккандан кийин жаман кыйналдым. Ызы-чуу болуп жаткан аялдар, эркектер, анан эле эки-үч жолу атылган мылтыктын үнү... Уккан сайын жүрөгүм селт этет. Көрбөсөм да ошол жердеги нерсени кулагым менен угуп жаттым. Ал жерде энелер, аялдар жүргөн экен. Ошолорго наалат айтам. Болбогон акча үчүн ызы-чуу салбаганда, минтип бейкүнөө кан төгүлбөйт эле. Канаттын казасына командир Акжол деген жигит келип кетти. Ал: "Канат менден 1 метрдей алыстыкта элди тынчтыкка чакырып турган. Анан мылтыктын үнү чыгып, Канат кулап түштү. Өзү да аябай тамашакөй бала болгондуктан, тамашалап эле жатып калды деп ойлогом алгач",- деп айтып берди. Уулум көзүн ачып, командирге "брат, мени атып кетишти" дегенге үлгүргөн экен. Ошентип үзүлүп кетиптир.
– Уулуңузга ок аткан Акылбек азыр камакта экен...
– Мен кылмышкерлер өз жазасын алышын каалайм. Акчасына дөгүрсүгөн немелер үчүн уулумду жоготуп алдым. Күйгөнүм, мылтыгын тарттырып жиберген Салижанов азыр кызматында. Табелдик куралды тарттырып жибергени үчүн ал жоопко тартылышы керек эле. Мыйзам боюнча, курал тарттырмак тургай күбөлүгүн жоготкон аскерлер жоопко тартылышат. Угушума караганда, учурда "Акылбек психикалык жактан жабыр тартат" деген шылтоо менен айыбын жеңилдеткени жатышат.Көптөгөн ММКларда "Канат өз мылтыгын тарттырып жиберген" деген туура эмес маалыматтар кетти. Ок Салижановдун куралы менен атылгандыгын Баткен ОИИБинин башчысы Алимбеков да тастыктаган.

КУРАЛ ТАРТТЫРЫП ЖИБЕРГЕН ҮЧҮН ЖАЗА КОЛДОНУЛАБЫ?

Бул иште маанилүү орду бар Муратбек Салижанов менен байланышка чыктык:
– Окуяны билесиздер да, мен көзүм менен көргөн нерсени айтайын. Эл чогула баштаганда эле биз кошумча күч чакырдык. Канат элге "тынчтангыла" деп кыйкырып жаткан. Ошол учурда Анипа деген аял Канаттын автоматына жулунуп, "чек арачылардын автоматтарын тартып алгыла" деп кыйкыра баштады. Отряд арткы жакта, мен жинденген элдин арасында калдым. Акылбек деген адам менин куралымды тартып алганга аракет кылып жатты. Колумду таш менен уруп жибергенде куралым колумдан бошоп кетти. Көзүм караңгылап баратканда өзүм жакка чуркап барып "автоматтарды тартып алды" дедим. Ошол учурда Канатка ок жаңылды.
– Куралды тарттырып жибергениңиз үчүн жаза колдонулабы?
– Анысын билбейт экенмин, азыр аскердик прокуратурада иш тергелип жатат. Окуяга күбө болгон командир Акжол Жусумамытов буларды айтат:
– Биз чек аралык устав менен иштейбиз. Уставда "куралын тарттырып жиберген аскерге жаза колдонулсун" деген пункт жок. Ошондуктан азыр Салижанов өз ордунда иштеп жатат. КРнын УКМКнын Чек ара аскерлигинин кол башчысынын орун басары, полковник Раимберди Дүйшембиев бул окуя боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди: – Мыйзам боюнча, аскер адамы колунан куралын тарттырып жибергени үчүн жаза алабы? – Мындай учурда шартка карап баа бериш керек. Салижанов 7-8 адамдын ортосунда калган. Куралын күч менен жулуп жаткан адамга, негизи, чек арачы ок чыгарышы керек эле, бирок ал жерде жаш балдар жана аялдар болгондуктан, Салижанов ок чыгарганга барган эмес. Азыр иш аскер прокуратурасында каралып жатат жана өз баасын берет. – Ок аткан Акылбек аттуу жарандын кылмыш иши кандай жүрүп жатат?
– Чек арачыны өлтүрүп коюп эле оңой кутулуп кетпейт. Азыр иш козголуп, тергелип жатат. Аскер прокуратурасы Баткен облустук прокуратурасына өткөрүп берген ишти. Ал иш чечилгенден кийин Салижанов мылтыгын тарттырып жибергени тууралуу сөз болот. Күнөөлүүлөр, албетте, жооп беришет.
– Мурда дагы чек арада каза болгон жигиттердин өлүмү ушуга чейин иликтенбей келет дешет...
– Ал сөздөр фактылар менен айтылышы керек. Иш ушундай, окурман. Кантсе да Канаттын өлүмүнө күнөөлүү адамдар өз жазасын алат деп үмүттөнөбүз. Ал эми бул ыр саптары Канаттын элесине багышталат: Айрылган ботосунан, Каймалдай эне боздоп. Зыркырап бүт тамыры, Атасы уулун жоктоп. Ишенип, ишене албай, Айлана аны коштоп. Чырактай жапжаш өмүр, Капыстан калды токтоп. Азадан, кайгы-муңдан, Кара жер турду онтоп...

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(40)
09.04.2012. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жайы жанната болсун,аткан адам оз жазасын алсын.
09.04.2012. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Топурагы торко болсун!
09.04.2012. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жаткан жери жайлуу болсун!ата-энесине сабыр берсин.
09.04.2012. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
блин так жал
09.04.2012. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барган жерин жайлуу болсун.Аллахым оз рахматына алсын.Ата энесинин кайгысына шерикмин.
09.04.2012. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерин жайлуу болсун!
09.04.2012. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерин жайлуу, топурагын торко болсун Канат!
10.04.2012. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде закон кучтуу эмес,ошондуктан адам олуму чымын олумундой эле болду,андан коро бироонун тоогун уурдап же олтурсо ошону чон кылмыш деп эсептешет,атка минерлер ушундай маселелерди чечип катуу закон киргизсе болмок.Эн жаман болуптур,Канаттын жаткан жери жайлуу болсун гана демекчибиз.
10.04.2012. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх кырчындай курак, жаткан жери жайлуу болсун
10.04.2012. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канатчик, жаткан жерин жайлуу болсун!
10.04.2012. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун!
10.04.2012. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзамдын кучундо эместиги, жаш баланын омурун кыйды... Ата энесине терен кайгыруу менен конул айтам!!!
10.04.2012. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде кантроль жок чек арада
11.04.2012. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jatkan jeri jailuu bolsun,jany beiyishten orun alsyn!!!
11.04.2012. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канаттын жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун(((Адамдардан ынсап кетти,кайдагы бир комур учун адам олтургон не деген шумдук озу?!Чек арага барып алып документи жок жон эле откоруп жибер деп,макул болбосо адамдарды топтоп келип кучко салган-бул карангылыктын,билимсиздиктин жеткен чеги болуш керек.Анан ошого окшогон "адамдын"айынан чырактай патриот жигиттин омурунун кыйылганына журогум ооруп кетти(((((
11.04.2012. 05:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтууу((( кырчындай, жаш омур кыйылып кетти, болбогон нерсе учун, адамдар эмне болуп баратабыз....Жаткан жери жайлуу болсун, ал эми ок аткан шумшуктор(канкорлор) оз жазасын алышсын мыйзам чегинде...
11.04.2012. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун.Ата энесине сабыр тилейм.Чогула калып,курал тартып алып эмне деген адат таап алышкан?Ушундайларга чоңдорұбуз өздөру кунөөлұұ.Бир нерсе болсо эл чогултуп.Ок аткан адамга АЛЛАХЫМ жазасын берсин.Маркумдун арбагы уктатпасын(((
11.04.2012. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bizge, "ATUU" jazasyn zokongo kirgizuu kerek, Kyrgyzstanda kylmysh abdan ele kop bolup jatat. mumnu toktotunun birden bir jazasy.......
11.04.2012. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун! Ошо жерде ызы чуу чыгаргандардын баардыгы жоопко тартылышы керек.
11.04.2012. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаканды кармабашка айла жок,ошон учунда Кыргызсткн онукпой жатат,заман бузулду дейбиз, заман эмес адамдар бузулду.Байкуш кыздын энеси кантти болду экен,сабырдуулук тилейм,кайрат кылыныз
11.04.2012. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канаттын жаткан кери жайлуу болсун, ал эми ата-энесине жараткан куч-кубат берсин!
11.04.2012. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канат жаткан жерин жайлуу топурагын торко болсун! ата энесине сабырдуулук демекчимин.
13.04.2012. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул окуяны угуп,балдарымды аскер кызматына бергим да келбей калды.бул окуяда эненин эле шоруда!торго журуп жатат дейт ал тергочулор деле сатылып кететта, кайра олгон балага кунону илип коет.анын козу тируу болсо дагы кичине бир нерседен чыгабыз деген умут болот эле.биздин чиновниктер башын иштетип кочугун кресладан качан которор экен?же ушинтип эле акчаны жеп семинип отура береби?оо кудай кыргыз элина жардам берчи!
13.04.2012. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канатбек жаткан жерин жайлуу болсун
14.04.2012. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах бейиштен орун берген болсун
15.04.2012. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах жайын жаннаттан кылсын !
16.04.2012. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун ал адам оз жазасын алыш керек
24.04.2012. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канатбек жаткан жерин жайлуу болсун. акыркы кезде, бизде, адам атуу, олтуруу! чымчык аткандай эле болуп баратат... ошол кылмыштын себепкерлерине каттуу чара колдону же болбосо атуу керек айбандарды
24.04.2012. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерин жайлуу болсун
28.04.2012. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун...аны аткан адам коросунорго жазасын албайт,акча пакча м.н бир нерсе к.п.ишин жаптырат.же жинди деген документ алганы жатса.анда женилдетет.бирок бул дуйнодо жазасын албаганы м.н.жараткандын алдын да.жооп берерин унутпаш к.к.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо