ЫРЧЫЛАР СТИЛИСТТЕРДИН КӨЗҮ МЕНЕН

№493 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.

Адатта, ырчылардын үнүнө, ырына гана эмес, кийген кийимине да эл назар салат эмеспи. Биз айрым ырчылардын сүрөттөрүн алып, алардын стилин атайын адистердин сыдыргысынан өткөрүүнү чечтик. Адистердин сыны кандай болду дебейсизби?..

АЙПЕРИ КУБИК КЫЗЫ

Бакыт Бешбаев, дизайнер-стилист: 
– Ырчы кыз кийип турган бул көйнөктүн кадимки түндө кийип жатчу ич көйнөктөн айырмасы жок. Уктап тургандан кийин ушинтип сүрөткө түшүп койгонбу, түшүнбөйсүң. Макул, көйнөгүн көчөгө кийсе болот, бирок сахнага эмес. Моюнундагы аксессуарынын да формасы көйнөккө жарашпай турат.

Гуля Алманбетова, стиль боюнча кеңешчи:
– Айпери учурда өзүнүн стилин издеп жүргөн убагы окшойт. Бул ич көйнөккө окшогон көйнөгү такыр жаккан жок. Өзүнө деле жарашпаптыр.Мындайча айтканда, татына жүздүү, келбеттүү кызды бул көйнөк бузуп койгон. Ал эми чач жасалгасын сөзсүз өзгөртүшү керек. Негизи эле Айпери жыртылган жынсы менен кесилген кол кап кийгенин токтотуп, ич кийимге окшогон көйнөгүн чечсе эле өзгөрөт болчу.

САЙКАЛ САДЫБАКАСОВА

Бакыт Бешбаев, дизайнер-стилист:
– Кийген формасы абдан улуу көрсөтүп коюптур. Башындагы чалмасын кийбей эле койсо болмок. Анын ордуна жакшы чач жасалга жасатып чыкса жарашмак.

Гуля Алманбетова, стиль боюнча кеңешчи:
– Негизи, сыя көк түс күндүзү эмес, кечкиге жакшы. Көйнөгүнүн түсү күндүзү байкалбай, тескерисинче, артында бийлеген кыздар көзгө урунуп, биринчи планга чыгып кетишиптир. Күндүзү жеңил түстөр жакшы роль ойнойт. Мисалы, ак түс. Башындагы чалмабы же жоолукпу, белгисиз. Бети тоголок болгондон кийин чач менен жаап-жашырса, анткени чачты жыйганда бет чоң болуп көрүнөт. Бут кийими көйнөгүнө төп келбептир.

АЙНУРА САЛАХИДИНОВА

Бакыт Бешбаев, дизайнер-стилист:
– Айнурага кызыл түскө караганда ак түс жакшы жарашары көрүнүп турат. Түстөр жакшы эле тандалган, бирок аксессуарларды ашыкча колдонуп жиберген. Колундагы билериги жарашкан, ал эми күмүш шакектердин кереги жок болчу.

Гуля Алманбетова, стиль боюнча кеңешчи:
– Айнура стилинин үстүнөн дагы көп иштеши керек экен. Камерага башка, фотосессияга башка макияж жасатышы зарыл. Экинчиден, болерону жеңи кыска көйнөктөр менен кийген оң. Бул жерде көйнөгүнүн жеңи чыгып, жакасы көрүнүп турат. Аксессуарларды да колдонууда аша чаап кетиптир.

ГҮЛНУР АСАНОВА

Бакыт Бешбаев, дизайнер-стилист:
– Бул кыз өзү жаш эле болсо керек, бирок бир көргөндө 35 жашта деп ойлойсуң. Кийип турган көйнөгү фольклордук стиль. Көйнөктү бир аз кыскартса болмок, сырт кийиминен ашыкча узун көрүнүп калыптыр. Жашыл түстөгү көйнөккө сары түстөгү оймо-чиймелер шайкеш келет, бирок оймо-чиймелер абдан көп, азайтуу керек болчу.

Гуля Алманбетова, стиль боюнча кеңешчи:
– Гүлнур өтө улгайган деле айым эмес экен. Мындай көйнөк менен башталгыч класстардын мугалиминдей көрүнүп калыптыр. Көйнөгүнүн фасону да анча эмес . Колготкини тандоодо жалтырак эмес, буттун өңүндөй түстөргө басым жасаса. Мисалы, бул формага жашыл түстөгү колготки кийсе деле жарашмак. Стиль дегенди такыр көргөн жокмун, Гүлнурдун бул турушунан.

Кайыргүл

Бакыт Бешбаев, дизайнер-стилист:
– Бул юбка менен кофтаны сахнада кийип ырдоо акылга сыйбаган нерсе. Мындай кийим менен көчөдө же кеңседе жүрсө болот.

Гуля Алманбетова, стиль боюнча кеңешчи:
– Бул стиль эмес, жөн эле күнүмдүк жашоодо кийүүчү кийим. Билбейм, балким, жакшы ырдаса керек, бирок мындай кийим менен сахнада эмне бар деген ой келди. Жеңил, жайкы бут кийим менен капрон колготки кийип алыптыр, бул уят.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Ырчылар стилисттердин көзү менен

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(46)
SUPER.KG видео
15.04.2012. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сынды туура кабыл алыш керек .
SUPER.KG видео
15.04.2012. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hahhaah... stilisterbi bular
SUPER.KG видео
15.04.2012. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында биздин ырчылар кийингенди жакшы биле беришпейт...
16.04.2012. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Браво стилистам!настоящие профи!
16.04.2012. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура айтышат ойлонгулада анан артисткалалар силерди канча адам карайт клоунга окшобой
16.04.2012. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура, стилисттердин оюна толук кошулам, дагы мындан коп озун жылдыз сезген шоу-бизнес окулдорун да сынга алса бомок......
эми жаш-курагына, ырдаган стилине жараша кийинишсе болмок. тагынат десе эле бар болгон кумушун тагып албай
SUPER.KG видео
16.04.2012. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Стилисты молодцы!!! Эн туура критикалар айтылыптыр. Биздин ырчылар ушул сындарды туура кабыл алып, кийингенди уйронушсо жакшы болмок!
SUPER.KG видео
16.04.2012. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек стилист байке колунун тырмагын алып алса жакшы болмок, суротторду корсотуп жатканда аябай жаман корунот экен. Ал, эми стилист эже, кичинекей кыздай болуп ободогу кантет.
16.04.2012. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
корбогондун коргону курусун деп коет го биздин артисттер коообу эле ошондой. суроттордогу кийингендери кыжырды кайнатаарлык.же ушунчалык тупой адамдар да барбы?
16.04.2012. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындыкты коруп турам
SUPER.KG видео
16.04.2012. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Стилисттер туура сындарды айтышыптыр, бирок Гуля эженин чачына таккан нерсеси жашына туура келбейт деп эсептейм.
16.04.2012. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туптуура айтышыптыр +100000
16.04.2012. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыскасы биздин жылдыздар бириси да нормальный кийинбейт экен уяяяят.
17.04.2012. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айперинин кийимин коруп мен деле эрте менен ойгонуп эле суротко тушкон го дедим
17.04.2012. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aliya-leyla, хе хе
17.04.2012. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Стилисттер оздору жакшына кийинип алышпайбы?
SUPER.KG видео
17.04.2012. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кенешчи озу детский абадок тагып алганго
17.04.2012. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай байкуштар туура кийингенди билбей туруп анан кантип "Эвезда" болушат билбейм ай.
18.04.2012. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизинен стилисттер туура сындаптыр. Алар эми адистер эмеспи. Окуп-билген дегендей...Бирок тиги стилист эркек жаккан жок озу. Эркектей туру жок го...
SUPER.KG видео
18.04.2012. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алпаруучу кызды суйом да суйом....
SUPER.KG видео
18.04.2012. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эжеша стилисти койуп эле озун кузгудон жакшы карап алса болмок!
18.04.2012. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a tigi stilist ejekebizdin ozunun stili emne deyt? Jakshyrak suylogondu, syn takkandy bilip alyp, jakshyraak kiyinip alyp anan aytyshsa jakshy bolot ele go. Maga Assol Moldokmatova ele jagat, kalgandaryn bilbeyt da ekenmin,
18.04.2012. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа стилисты хорошо прокритиковали,но мне хотелось бы остановиться на эжешку стилиста,которая толком сама не может одеться, может она просто так оделась,но извините меня даже если просто оделась должна же была хоть обратить внимание на то,в чем она,тем более интервью дает на весь Кыргызстан,еще и ободок не в тему во-вторых,а артистам незнаю даже что и сказать пусть учатся стильно одеваться,как говорится культура-лицо страны,ВЫ-наше лицо.Так сделайте так,что вся страна любовалась и гордилась вами
SUPER.KG видео
18.04.2012. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек киши жакшы сындаган. Аял стилист болбой эле койсунчу. Башындагы ободогу менин 1жашар кызымын ободогуна окшош экен.
19.04.2012. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок. Кара кылды как жарган стилисттер экен. Чындыгында эле ошолор айткандай эле экен. Мен дагы алардын айткандарынан улам маани бердим,ырчылардын стильдерине.
SUPER.KG видео
19.04.2012. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эжеке бироону сындагандан мурун озунуздун усту-башынызды ондоп алсаныз болмок,анан ошондо жарашмак деп ойлойм,катту айтсам кечирип коюнуз.
19.04.2012. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой кокуй "Эжени коруп синди осот, Аганы коруп инин осот" оздорунон мисал корсоьтуп.."Стилист" деген наам деген татыктуу эмес алардан караганда "Жылдыздарыбыз" алдагы кийимдери менен алда канча жакшынараак корунот)))
SUPER.KG видео
20.04.2012. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайыргулго туура сын берген концерттен коргондо эле мен да айткам жон эле кочодо сейилдеп чыккандай эле болуп чыгып алыптыр деп стилист эже жакшы эле суйлойт экен бирок озу анча эле стилистерге окшобойт го
29.04.2012. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын арасынан татыналары Айнура сенен Сайкалды эсептейм. калгандары ырдабай эле койсо. Ал эми сынчыларыбыз озулорун кузгудон бир ирет карап койсо болмок. Бышкан ашка сынчы коп деп коет беле? туугандар.
24.07.2012. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эженин ордуна Замира Молдошева эжекебизди суйлотсо окшошмок. ободок кантет небересиники эмеспи?
SUPER.KG видео
11.05.2013. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
стилистер биринчи стильный кийинишбейби анан сындашат
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо