ИНТЕРНАТТАГЫ ТИРЕШ КҮЧ АЛУУДА

№493 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.

Талас

29-мартта Талас районунун Кум-Арык айылында жайгашкан балдардын жардамчы жатак-мектебинин 11 кызматкери "себепсиз кызматтан кетирилдик" деп элдик жыйын өткөрүштү. Райондук бийлик жана укук коргоо өкүлдөрү катышкан бул жыйында интернат жетекчилигине нааразы мугалимдер арыз-муңдарын айтышты. Жыйынга мектептин директору Кенжаалы Орозалиев жана анын талапташтары катышкан жок.
Кызматтан четтетилген мугалимдер 2011-жылы интернаттын жетекчиси мугалимдердин маянасынан жүз миңдеген акчаларды кармап алганын айтышууда. Мугалим Г.Стамкулова:
– Биринчи айлык көбөйгөндө ар бир мугалимден алган айлыгына жараша 3-5 миң сомдон кармап калган. Стимгрантыбызга (дем берүүчү кошумча каражат) кол койдуруп, болжол менен 400 миң сомдой акчаны да алып койду. Айлык алган ведомость бухгалтерияда эмес, завхоз же завучтарда болот. Алар бизди коркутуп айлыкка кол койдуруп турчу,- деп билдирет.
Интернатта түзүлгөн кырдаал боюнча айыл тургундары эки жаатка бөлүнүп калганы байкалды. Талас районунун акими Б.Сейдибалиев мектеп-интернат түздөн-түз КРнын Билим берүү министрлигине баш иерин айтып, борбордон атайын комиссия келгиче элди сабырдуу болууга чакырды.
Директор К.Орозалиев болсо:
– Менин ишимди Каржы полициясы, ИИМдин алдындагы экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы да текшерип, иликтеген. Прокуратуранын текшерүүсү да аяктап калды, жеп-ичип койду деген фактылар далилденген жок,- деп билдирди.
Учурда эки тараптын бири-бирине каршы жазган арыздары Талас райондук сотунда каралып жатат.

Козубек Иманкулов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(2)
17.04.2012. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суткорлук кылган адам ар бир тыйынына чейин жооп берет ал дуйнодо.Буга окшогондорду тезинен кармап жазасын бериш керек!
18.04.2012. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коркутуп кол койдурган деп айтышыптыр.Эмне деп коркутушкан так далилдер менен жазбапсынар да.Коркутса эле кол коюп бере бердинерби,силерди эл агартуучу дейт го.Убагында укук коргоо органдарына кайрылыш керек болчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо