Кундуз Канатбек кызы:«КҮЙӨРМАНДАР КОРКУТКАНГА ЧЕЙИН БАРЫШАТ»

№493 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.

– Кундуз, сен курдуу кыздарга кеңеш берип кетсең. Дайыма сулуу болуп жүрүүнүн өзгөчө рецеби барбы?
– Ар бир айым өз алдынча сулуу. Болгону, ошол сулуулукка кам көрө билүү керек. Мисалы, кээ бир айымдар тырмагын унутуп коюшат. Ал эми кам көрүлгөн тырмак айымга бир топ эле сулуулук кошот. Кымбат баалуу косметика каражаттарын сатып алуунун ордуна табигый жер-жемиштерден жасалган маскаларды колдонуу бир топ эле натыйжасын берет. Мен жумасына бир жолу бетиме жана чачыма сөзсүз түрдө маска жасайм.

– Жагып калган жигиттин көңүлүн кантип өзүңө бурасың? Сырларынан айта кетсең...
– Бир мырзаны жактырып калдың дейли. Бирок ал сага назарын салбай жатса...
Биринчи кадам: Өзүңө көңүл бур. Өтө модалуу кийинүү менен эле мырзага чалма сала албайсың. Жарашыктуу жана келбетиңдин сулуу жерин ого бетер баса белгилей турчу кийимди танда. Жигиттердин көпчүлүгү шым кийип шымаланган кыздарга караганда көйнөк кийген бийкечтерге көбүрөөк назар салышат. Ошол эле учурда өтө ачык эмес. Кыска, ачык кийинип алсаң да ою жаман жакка кетиши мүмкүн. Анан да орой сүйлөбөй, назик болууга аракет кылуу керек.
Экинчи кадам: Жагымдуу жылмаюу жана бардыгын түшүндүрүп туруучу көз караш – айымдардын мырзаларды тартуучу бирден-бир куралы. Сага көңүл бурбай жаткан адамга жылмайып кой. “Адамдын жан дүйнөсүнүн күзгүсү – көз” дегендей, сен жактырган мырзага көз караш менен баарын түшүндүрүүгө аракет кыл.
– Тажаткан фанаттарыңа кыйкырып, жаман сөз айтып салган учурларың болобу?
– Кээ бири чын эле аябай тажатышат. “Мынча мүнөтүңүздү бөлүп коюңузчу” дегенинен сүйлөшүп койсоң, балээге калдың, “жаным” деп алышат. Кээ бирөөлөр болот, “чалба” десем, “анда ала качып кетем” деп коркутушат. 23-февралдагы бир концертте күйөрманым “майрамың менен!” деп гүл берип жатпайбы. Элдин алдында кызарып, аябай жаман болгом.
– Учурда жигитиң барбы?
– Көз кырымды салып жүргөн бирөө бар. Ал менин бардык талаптарыма жооп берет. Бирок азырынча кыз-жигит эмеспиз.
– Үйдөгүлөр деле турмушка чык деп жатышса керек?
– Үйдүн кенжеси болгондуктан, чоңойсом деле апама кичинекей көрүнсөм керек. Апам “сен турмушка чыксаң, кошо барып алам го” дечү. Азыр “бактыңды табышың керек” деп көп айтчу болду. Мен да турмушка чыгуу тууралуу ойлоно баштадым.
Кундуздун төмөндөгү Талант аттуу фанаты Каракол шаарында жашайт. Ырчынын айтымы боюнча, аябай берилген күйөрмандарынын бири. Биз бул жигитке байланышканыбызда түнү бою жол жүрүп Бишкекке келип калды. Көрсө, жигит учурдан пайдаланып, Кундуздун келе жаткан туулган күнүнө гүлдесте берүүнү чечиптир.

– Талант, канча жылдан бери Кундуздун фанатысың?
– Сахнаны аттаганынан бери.
– Кундуздун айтымына караганда, сен күнү куру калбай телефон чалып, ыр жазып, СМС жиберип турат экенсиң...
– Өзүм акын эмесмин, бирок сүйүү жаздырып жатат. Телефон чалып тажаткан күндөрүм да болду. “Кундуздун жүрөгү бош эмес” деген ой келсе да, жетиш керек деп жүрөм. Жакында эле бир досум менен таарынышып кеттим. Ал Нелянын, мен Кундуздун таламын талаштык. Гезит беттерине Кундуз жөнүндө жаман макалалар чыгып калса да кадимкидей жинденем.
– Эгер Кундуз “мен үчүн жардан алыс секир” десе, секирет белең?
– Эгер Кундуз менин аркамдан секирсе, анда секирем. Бул жакка жалгыз өзүн таштап кетким келбейт.
– Жашың отуздун оозунда экен. Кундуз үчүн үйлөнбөй жүрөсүңбү?
– Мм, үмүттүн шамы өчпөйт да.
таланттын Кундузга жазган СМСтеринен

Туулган күнүң сенин жазда экен,
Тилегимди айтам азга мен.
“Эл ырчысы” деген наам албай,
Эч билинбей, Кундуз, калба сен.
Туулган күнүң сенин жазында,
Куттуктаймын достор сабында.
“Кандай белек берсем экен?” деп,
Мен жүрөмүн сенин камыңда.
Жакшы ырдайсың, аны билемин,
Жолуң шыдыр болсун, тилегим.
Концерт берсең эгер чоң залда,
Гүл көтөрүп сөзсүз келемин.
Оюң чыксын дайым оңунан,
Миллион тап кыргыз сомунан.
Кызыл гүлдү туулган күнүңдө,
Берейин өөп, өз колумдан.
Телефондо сенин ырың бар,
Укпай калсам болом зар,
Эгер сүйсөң, болом сага пар.
Кундуз, бүгүн кантип унчукпайм?
Туулган күнүң менен куттуктайм!

АШЫКТЫК КАТЫ
– Саламатсыңбы, Кундуз! “Карындашым, карагаттай карегиңден айланайын, кундуздай чачтарыңа байланганмын” деп катымды баштагым келди. Кундуз, сен алгач сахнага чыккан күндөн баштап жаным жай таппай келет. Сени көргөн сайын дене-боюмду жалын каптап, алоолонуп жана берем. Кээде кыялга батып кеткенде дүкүлдөп көкүрөктү жарып чыкчудай болгон жүрөгүмө бекем кысып, роза гүлүнүн желекчесиндей үлбүрөгөн эриндериңен өөп да алам.
Эх, мен 20 жаштан оогон кезде кайда элең? Эгерде ошол кезде сени жолуктурсам, сага жетүүгө бүт чамамды жумшамакмын. Чынын айтайын, азыр мен эр ортону элүүдөн ооп калдым. Бирок жүрөк кургур жашыма, үй-бүлөлүү экениме баш бербейт.
Учурда үч уул, бир кыздын атасымын. Улуу балам 19га чыгып калды. Ал да сени жакшы көрөт. Кээде үй-бүлөбүз менен чогуу телевизордон сени көрүп калсак, балам телмирип карап калат. Андан өтүп мен. Ошол жерден аябай жаман болом. Кадимкидей баламдан сени кызганам. Ушул учурда “Кундузумду канча эркек карап турат болду экен?” деп тим эле ичимден түтөп, бышып кетем. Кээде келечектеги жолдошуңду элестетип алып андан да жаман болом. Билбейм, картайганда мени Кудай урду, ашык кылып сага. Ооба, мен бул сүйүүмдү сага барып айта албайм. Бирок ак кагаздын бетине чиймелеп, кичине болсо да жеңилдене түштүм.
Мырзалы, Талас шаары

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Кундуз: "Жигиттер мага өздөрү эле арбалып калышат"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(75)
17.04.2012. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwynakay ele kyz go? kayda bolbosun jasalmalyk e4kimge kork kowpoyt...((
SUPER.KG видео
17.04.2012. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жасалмалуулук жок жерде корк да туугандар. Азамат. Зато оз оюн жакшы билдирет экен.
SUPER.KG видео
17.04.2012. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы тартылыптыр.
Кундуз озун кичинекей жаш кыздардай сезип суйлогону жаккан жок. Жашоодо бакылдаган эле кыз, озунчо эле эмне жасалмаланат, кишинин кыжырын келтирип. Озун укмуш сезбей, биринчи создон суйлом курганды уйронсо болмок!!
17.04.2012. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уфф мынча эркелеп суйлойт...
17.04.2012. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bir da yryn estey albaitam,jakwynarak ukkuluktuu yrlardy 4ygarsa bolmok, Baktygyldun yrlaryna okwow, kundo uksan tajabai turgan)))
18.04.2012. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул, кыздын бир эле бар болуш керек 90х60х90 менин фигурам деген. Кошулам, жон эле бала бакча :-)
18.04.2012. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сагыздай чоюлат го чиркин
SUPER.KG видео
18.04.2012. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундуздун сулуулгу Дунуйо багындырат бирок жасалма суйлогону жарашпайт экен, Ошого Кундузга айтаар элем озундун натуран менен суйлосон мындан да сулуу болушун керек.
18.04.2012. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Кундуз, жакшы ырдайт бирок сахнага чыкканда сурдоп кетеби...? билбейм, айтор анча суйлой албай кыйнала бергендей сезилет мага
SUPER.KG видео
19.04.2012. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
яман сулууго бирок 100 о/о жакпады магда
19.04.2012. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakti. jaksi kelin chikchudai eger uwu boiuncha kalsa anan janaki 50 jawtagi atanin katina iwengen jokmun. jonele koisonor bolmok. kantip balasinan kozgansin andai ubakta balama berdim dep ele oturup kalmak da. kat supsak jazalma eken
SUPER.KG видео
19.04.2012. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oz bashyndagy toonu ko0rbogon biroonun bashyndagy 4optu korot, Kunduz kapa bolbo
SUPER.KG видео
20.04.2012. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Да ладно кайсы жерин сулуу дейсинер ушул кыздын? фигурасы деле жок экен топтомолок болуп,артист болгондон кийин артисттей кийимбейби весь Кыргызстан на нее смотрит а она в бермуде на улице ходит уят ай вопще жаккан жок буга караганда мен сулуурак экем!
SUPER.KG видео
20.04.2012. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдай сулууну, боктой кыял бузат деген сөзгө ылайыктуу кыз экен.
22.04.2012. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундуз суйлоо речинди ондошун керек экен...
23.04.2012. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхх, жашоо чиркин! мунунардын сырты жалтырак, ичи калтырак го...
24.04.2012. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ха ха хаа кайдагы токтоо анан шайыр болсун? бул 2 сапат деген карама- каршыго.Анан супер инфо силер мурун эле бул суроолорду Кундузга бербединер беле? Мен кундуздун жообун экинчи жолу угуп жатам
SUPER.KG видео
04.05.2012. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayabai suluu kyz eken emne myncha jamandagansyngar ashykcha dele ech nerse suiloboptur bolgonu kergyzcha jakshy suiloi albait okshoit jasalma dep dele aitmak emesmin sopsonun suiloptur kop yrchy kyzdarga salyshtyrmaluu abdan jakshy suiloptur molodets kalp ele ushundai jazganyngar bolboit da
SUPER.KG видео
11.05.2012. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнесин сулуу деп жатышат бул Кундуздун такыр тушуно албайм...
SUPER.KG видео
12.05.2012. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
норм эле го
SUPER.KG видео
12.05.2012. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ичин куйсо туз жала, кундуздай болуп албайсынарбы, ошол учун арттабыз да кыргызым.
SUPER.KG видео
17.05.2012. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jasalma eken!
SUPER.KG видео
21.05.2012. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чоюлат го чоюлат,сахнада ырдап жатканда башкача кыз деп элестетчу элем, жашоодо такыр эле башка адам турбайбы,жасалмалыкты деле байкаган жокмун...табигый эле ушинтип суйлойт болуш керек,аны менен бетме бет маектешпеген сон "жасалма" деп айтууга кыйын...эмне болсо да бар болсун!
01.06.2012. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3ачем эми так, уят эмеспи? Кызгананын!
SUPER.KG видео
02.07.2012. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чоюлатко теегеле болбой
SUPER.KG видео
28.09.2012. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшына эле суйлоптур Алтыным, мага жагат бул кыз. Уйдун кенжеси болгондуктан эрке оскон кыз, ошого.
SUPER.KG видео
07.11.2012. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baardygy soonun.antip biroonun kemsintken4e ozunordun jaman sapatynardy izdegile.
SUPER.KG видео
03.03.2013. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшылее бирок уну деле жок эрке болуп эле нянямямя болгондору жакпайтда
16.08.2013. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga emnegedir jakpait Kunduz...oto dele suluu dep eseptebei, suikumduu albette...
SUPER.KG видео
06.09.2013. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз деген ушундай болуш керек,сулуу,назик,ыймандуу,фигурная,чач десе чач,кээ бир кыздардай дардаландабай.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо