Тата Улан:«МЕНИ КТРК ЧЫГАРБАЙТ»

№493 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.

Оозунан “чын жүрөктөн баары бир” деген сөзүн түшүрбөс, рэпер десе мурдунун учуна чейин кызара жинденер, анан да айткысы келген нерсени кагазга оробой бетке айткан мүнөзү бар этноакын Тата Улан биздин төрдө.

– Саламатсызбы, Улан, акыркы күндөрү көрүнбөй кеттиңиз. Эмне менен алек болуп жүрөсүз?
– Жакшы. Мен шоудон алыстаган жокмун, шоу менден алыстап баратат десем болот. Өзүмдүн жеке иштерим менен эле жүрөм. Бирок чыгармачылык да калып кеткен жок, ырларды уурдап албагандан кийин бери жагы жарым жылда, ары жагы бир жылда бир ыр жаратасың да. Элге окшоп уурдасаң, анда ай сайын ыр чыгарып койсо болот. Мурдагы ырларыман да мааниси терең, айтайын деген сөздү чучукка чейин жеткирген маанилүү ырларды жаратууга аракет кылып жүрөм.

– “Карындаш” деген ырыңыздан да күчтүү ырга күбө болобуз го...
– “Ыйык көл” деген ыр жазгам. Даяр болуп калды десем болот. Бирок негедир мен күткөн жыйынтыкка жетпей жатат. Ошол себептен азырынча катып жүрөм. Дагы бир аз бышыруу керек. Чынын айтсам, бул ыр 3 жыл мурун эле жазылган. Ошондон бери улам оңдолуп келе жатат. Орто жолдон унутулуп да калган. Негизи, ушул өңдүү жазып келип, бүтөрүнө аз калганда “муздаткычка” салып койгон ырларым көп. Биринчи сынчы өзүң болот эмессиңби. Эгер өзүңө жакпаса, анда элдин деле купулуна толбойт. Жакын досторум үйүмө конокко келип калганда баягы “муздаткычта” катырып койгон ырларымды угуп, жактырышат. Бирок көпчүлүгүн теле, радиолордон баары бир чыгарышпайт.

– Анан ырларыңызды кантип элге жеткиресиз?
– Мисал катары айта кетейин. “Не керек?” деген ырым чыкканда радиолорго алып барган жокмун. Баары бир эфирден кетирбесин билем да. Ырга клип тартып, “Ош базарга” алып бардым да, пираттык диск жасап, сатып иштеген жигитке таштап койгом. Ошондон бир жумадан кийин Ошко чакырып калышты. Барып сахнадан “азыр сиздерге жаңы ырымды ырдап берейин” дегиче залдан “Не керек?” деп жатышпайбы. Ошондон кийин мага пиар кереги жок экендигин түшүндүм. “Карындаш” деген ырым деле ошондой болгон. Бир диск саткан жерге барып, сатуучуга “ыр аласыңбы?” десем, “ай-уй” дейт. “Мен Тата Уланмын” десем да ишенбейт. Анан ырдап берип ишендирип, дискти таштап кеткем. Ошондон көп өтпөй эле элге терең тарап кетти.

– Ырчы болуу – жөн гана ырдап коюп жүрө берүү эмес. Анын аркасынан акча табууну да туюндурат, бүгүнкү заман талабында. Деги эле үй-бүлөңүздү ырчылык менен багасызбы?
– Негизи, адам баласы көп нерседен жаңылып жатат. Мисалы, “мен ыр менен же соода кылып өзүмдү багам” дегендер жаңылышат. Биз, чынында, өзүбүздү бага албайт экенбиз. Бизге ырыскы Кудайдан бөлүнүүчү нерсе. Канчалык акчанын артынан куусаң, ошончо берип коюшу мүмкүн. Бирок бергендей эле бат алып да коёт. Мисалы, мен ырчылык менен жанымды багып келе жатам деп айтпайм. Мен диск чыгарбайм. Кошумча деле акча тапкан булагым жок. Бирдемеден бирдеме болуп эле акча түшө берет. Ооба, акча керек, ага муктаждык болот. Бирок мага келген акчанын баарын Кудай өзү берип жатат.

– Бирок алакан жайып эле Кудай берет деп отура берген болбойт го. Же “иштесең – тиштейсиң” деген сөзгө кошулбайсызбы?
– Ар бир адамга төрөлгөндө эле ырыскы бөлүнүп берилет. Мисалы, экөөбүз азыр кафеге барып тамактансак, сен төрөлгөндө эле “саат мынчада, бул жерден, минтип тамактанат” деп жазылган.

– Келиңиз, эми үй-бүлөңүз тууралуу кеп кылалы. Бала-чака, мал-жан кандай? Үй-бүлөдө эмне жаңылыктар?
– Ал жагын айтпайм.

– Апей, эмнеге? Кыргызда ал-жайды, мал-жанды сурап коюу салт эмеспи...
– Баары жайында. Баары ойдогудай. Мен кээ бирлерге окшоп үйлөнүү тоюмду тарта салып жар салгандардан эмес­мин. Мага ан­дай пиарлардын кереги жок. Дардаңдап мактанган нерселер мага жакпайт.

– “Баары жайында” дейсиз, акыркы учурда сизди “келинчеги менен таарынышып жүрөт” деген сөздөр чыгып жатпайбы?..
– Ыя, кокуй. Ошондойбу? Эми мындай да, баягыда мени өлтүрүп салышыптыр. Интернетке ошондой кабар чыгып, силер мени менен кабарлашпадыңар беле. Ошондой эле көрө албастардын же жөн эле оозунун тизгинин тарталбагандардын сөзү да. Кечээ эле кайнатам чалып, ал-акыбалыбызды сурады.

– Ачууңуз чукул окшойт, ээ? Кол көтөрүп жиберген мырзалардын катарын толуктайт окшойсуз, байкашымча?
– Анчалык орой эмес, орок менен оруп жиберчүдөй. Мурун бар болчу, кол көтөрүп жибермей адатым, азыр жок. Азыр кайнап жаткан канымды үйлөп-үйлөп муздатам.

– Бетке айткан адамдардын достору да иргелүү болот го. Баамымда, биздин шоу чөйрөдөн досторуңуз аз...
– Чынында, биздин шоу дүйнө менен анчалык тыгыз мамиле түзө албадым. Себеби чүмбөт менен келем, концертке ошол келбетимде чыгып кетем. Анан да мен убагында театрда иштеп калдым. Албетте, ал жактагы эски достор менен жаңы достордун айырмасы бар. Эң жакын досторум – курсташтарым.

– Учурда сахнага чыгыш үчүн репертуарыңдагы ырдан баштап кийген кийимиңе чейин комиссиядан өткөрүү керек деген ойду көтөрүп чыгышпадыбы, буга көз карашыңыз?
– Мунун мага тиешеси жок. Мен эфирде да, радиодо да жокмун. Мага чын жүрөктөн баары бир. Мен “Ош базарда” эле жүрөм. Мени тыя алышпайт. Мага “ырчы эмессиң” дешсе деле ырдай берем. Мисалы, мени КТРК баары бир койбойт. Колдогон деле эмес. Бирок Көркөм кеңешке менин каршылыгым деле жок. Себеп дегенде биз таппай келаткан улуттук идеологиябыз ушу менен башталып кетиши мүмкүн. Бул нерсени бара-бара кино жаатына да салышса жакшы болмок.

– Сөзүңүзгө аралжы, муну менен кыйытып кино талаасына да нааразычылыгыңызды айтайын дедиңиз окшойт...
– Илгерки кино менен азыркыны салыштыруу мүмкүн эмес. Азыркы тасмалардын сапаты өтө төмөн. Илгерки кинолор кара-ак түстө тартылса да, тарбиялык мааниси менен жакшы ойду берген кинолор болчу. Азыр кинолорду көрөсүң, жүрөккө жаман нерселердин баарын жүктөп кетесиң. Баары акча табуу үчүн тартылууда. Американын идеологиясы – өлтүрүү, зордуктоо жек көрүү дегендей.

– Азыркы кинолорго кыжырлануу сезими менен колуңузга камера алып, сиз каалагандай кино тартуу тууралуу ойлоно элексизби?
– Андай колубуздан деле келет окшойт. Кээде достор менен тартсакпы деп калабыз. Ырчылыкка караганда киного жакынмын. Бирок азырынча жүрөктөн ырлар чыгып, жазылып жатканда жазып эле жүрө берейинчи.

– Жакшы. Акыркы күндөрү агентте көп отуруп калдыңыз...
– Достор менен баарлашуу үчүн агентте отурганым чын, бирок тиктеп эле отурбайм, ачып коюп иштеримди кыла берем.

– Жакын арада жеке концерт берем деген пландарыңыз жокпу?
– Андай пландарым жок. Бир жылдары элиме отчёт берип коюш керек деген ойлор жаралган. Концерт коюу үчүн үй-бүлөмдөн каражатымды бөлүп, сындырып алышым керек. Чынын айтсам, азыр концерт коюуга андай каражатым жок.

– Уулдарыңыздын сизди тартып ырчы болушун каалайсызбы?
– Өзүңүздөр билесиздер, Бек жана Аман аттуу эки уулум бар. Аларга Кудай эмне буюрса, ошол жаатында кетишет.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Тата Улан: "Мектепти маңкурт болуп аяктагам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(74)
17.04.2012. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пейджерим бар пейджерим бар.деген ыры жоголуп кетти.
17.04.2012. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа молодец бетке айтып ачык суйлойт экен.Баарынан да мени аябай кубанткан жери,озу Алматада чоноюп,Москвада окуган баланын журогу кыргыз деп согуп,ушундай чойродо чоноюп,осуп,окуса да кыргыз тилин чанбай уйронгону,бул анын патриоттук сезими,дили бийик дээнгелде экенин корсотуп турат.Болбосо Кыргызстанда эле жашап чонойгон,чет жерге чыкпаган канча деген балдар кыздар кыргыз тилин чанып орусча суйлошот.Туура орус тилин мыкты билиш керек,бирок кыргыз тилин деле унутпаш керек да.
17.04.2012. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец, ТАТА УЛАН!!!
17.04.2012. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жон эле суппер карындаш деген ырынан кийин Кыргыздын кыздары кичине болсо да оздорун кармап калышты окшойт.
17.04.2012. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таамай, маныздуу ырлары бар. Бирок жалан гана кыздарды жамандабастан ошол кээ бир кыздарды алдап кеткен эркектер жонундо да ыр жазса болмок.
Ал эми КТРК боюнча жаза турган болсом, азыр КТРКдан жалан продюсери ошол жакта иштеген ырчылардын ган ырлары кетип, ошол ырчылардын иттери чоп жаткан учур. Радиолордо деле ошол койгой. Тан калбай деле калдык.
17.04.2012. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КТРКга чыгарбаса жулунбай эле коюнуз. Алар сиздин ырларыңызды оңою менен чыгарбайт. Анткени чындыкты түз айткан адамга тээ атам замандан бери эле бут тосуу көп. КТРКга чыгуунун дагы бир жолу - Канат Култаевди же Динара Эсенгулова сыяктуу теледе иштеген адамды продюсер кылып алыңыз ))).Ошондо эфирден сиздин клиптерди бат баттан көрө баштайбыз.
17.04.2012. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тата Уланыңар өзү да, бир жааттуу ырлары да жакпайт! Качан караба кыздарды каралап жүрөт. Кыздардын бузулушуна ким себепкер болуп жатканын эч качан эске албайт. Өзүнүн туура/туура эмес принциптеринин туткуну болуп калган бул адам. Тили менен тибирегенден башка эмгегин көрө албадым. Чын жүрөктөн боорум ачыйт!
17.04.2012. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой Улан байке сизди жакында эле КТРКнын "Балдар фм" радиосунун "Бал суроо" уктуруусунан ырларыныз менен кошо эле уктук го...
17.04.2012. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге бетин бекитип алат экен ?
SUPER.KG видео
18.04.2012. 04:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
azamat!!! chyndykty aitsa yilap jiberdim...:'(
SUPER.KG видео
18.04.2012. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тата-Улан азаматсын! Даана мекенчил инсан экенсин! Сендей патриоттор коп болсо, Кыргызстаныбыз тез эле онолот эле. Чыгармачылык ийгилик сага!
SUPER.KG видео
18.04.2012. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jigit92, 123m эн туура кошулам.Негизи ырлары калбай калса эле кыздар жонундо ырдап калат болуш керек.Кыздардын баары бирдей эмес,ар кандай болот,жакшысы бар,жаманы бар дегендей.
SUPER.KG видео
18.04.2012. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии дагы бир айта кетчу нерсе,алып барган кыз чачын,кийингенин караса болот эле,баардык видеолорду,маектерди,интервьюларды алып барат,бул критиканы тушунуу менен кабыл алат деп ойлойм.
19.04.2012. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жагат ырлары.Оор турмушту Ханга шылтап жургонубуз баары бир дейтко, чында биздин эл кичине бир нерсе болсо эле заман онолбоду призденти кетириш керек дейбизго.Анан чогулуп кууп салабыз. Заман тетирисинче Намаз биринчи ыйманыбызды ондосок баары ондолот.Бакытым жок деп кайгырба, Ыйманда сенин бакытын,Басбасан мечит тарапка, Бакыттан сенин качышын!!!
19.04.2012. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super!!!
19.04.2012. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маладец чыныгы эркек калп суйлобогон чечкиндуу экенин эми билдим игилик Тата Улан
SUPER.KG видео
19.04.2012. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
123m, сен кыйын болсон бетине маска жаап алып ошентип балдар жонундо ырдап чыкрпайт белен!!!Эн туура айткан азамат....Кыргызда макал барго"Кызга кырк жерден тыю салынат"деген, ошондой сынары ушундай заманбап патриот жигиттерибиз чындыкты ашкерелеп турса кичине болсо да туртку болот.Ошону да коралбай жатпайбызбы айрымдарыбыз "айткандын оозу жаман,ыйлагандын козу жаман"дегендей.Азамат маа шаа Аллах,Аллах ыраазы болсун сенден,чыгармачылыгына албан албан ийгиликтерди каалайм.
SUPER.KG видео
19.04.2012. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менден кемчилик кетсе кечириниздер туугандар.....
20.04.2012. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын бирок бетинди жаап албай эле ачып койсо болмок
SUPER.KG видео
20.04.2012. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МОЛОДЕЦ Тата Улан
силердин ырларынарды аябай угам
мыкты shlfqcsp тексти да клиби да мыкты !
20.04.2012. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chyndykty aityp yrdai ber, senin da kuiormaandaryn bar................................................................ molodes1111
20.04.2012. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
раньше нравился а сейчас нет, когда прочитала его интервью про его первый брак, из себя строит прям короля.... после этого разонравился....
20.04.2012. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Улан байке сиздин ырыныз абдан жагат
SUPER.KG видео
20.04.2012. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр деле манкурт го ал
SUPER.KG видео
28.04.2012. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздын кыздарына АЛЛАХым озу ыйман берсин!!! бул чет олкодо: бугун 27-апрель бир эмес эки кызды кордум бироосу кыргыз эмес башка улуттун козуно астын каратып кыска кийип эрчитип алса экинчиси колунда алкогольный напиток, коруп зеенин кейибейби? чет олкодо эле эмес кыргызстандын озундоле канчасы ичип чегип сойкулук менен бизнес кылгандар кобойуп жатат! коруп зеенин кейибейби? Тата Улан артка чегинбегин сен жаман нерсе кылбай жатасын эл айтаберет.. ага Улан!!!
22.05.2012. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы интервью бериптир,мактануу сезими жок да башка ырчылардай болбой..баа бердим
25.08.2012. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат..........мага абдан жагас..........чыныгы кыргыз...........:)
25.08.2012. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таластыктар аябай мактанчак ко......бирок сиз андай эммессиз..........
24.03.2016. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктырбайт бизди бул адам
24.03.2016. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татаулан деген ушубу
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо