№493 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.
Жалал-Абадда 10-апрелде оппозициянын үчүнчү митинги болуп өттү. Бул ирет оппозиция өкмөткө он күн убакыт берип, коюлган 6 талап аткарылбаса, 21-апрелде Таласта митинг өткөрүшүбүз мүмкүн дешти.
ОППОЗИЦИЯНЫН ТАЛАБЫ КӨБӨЙДҮ
Митингдер уланган сайын талаптар да өсүүдө. Оппозиция алардын арасына башкы прокурор Аида Салянованы кызматтан кетирүү талабын кошту.
“Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров: “Курманбек Салиевичке да үч талап коюлган: балаңды кызматтан ал, электр энергиясын арзандат, өкмөттү отставкага кетир деген. Ошолор аткарылбагандыгы үчүн ал бийликтен кетирилди”,- деди митингде. Адахан мырза минтип кайда, кимге, качан айтып жүргөнү белгисиз. Курманбек Бакиев президент болуп турганда Адахан мырзанын элди ээрчитип аянтка чыгып, ушул талаптарды жаңырта айтканын дегеле укпаптырбыз.
Атамбаев менен Бабановду чымчып сүйлөдү. Бакиевдин учурунда үлкөн аткаминерлердин катарын толуктап, вице-премьерликке чейин көтөрүлгөнүн унуткандай. Өзү унутуп салса унуткандыр, аны эл унута элек да! "2006-жылы "азыр элди митингге чыгарган адам – эл душманы" деп сайрачу" деп Адахан мырзанын ал күндөрүн Эмилбек Каптагаев эскертип өттү.
Анан да Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков “Баш мыйзамды 1993-жылдагы вариантка өзгөртүш керек, азыркы өкмөт кышка кам көрбөй, минтип элди жут тооруду” дешти. Эске салсак, бүгүнкү өкмөт жаңы жылдын алдында бекитилген, андыктан "кышка жетишерлик деңгээлде кам көрбөдү" деп дооматты ага чейинкилерге коюшса жарашмак беле? Өлкөнүн 4 ай мурунку бийлигинде өздөрү отурган жок беле?
Баш мыйзамды өзгөртүүгө келсек, “Ата Журт” партиясы ушул Конституциянын негизинде ЖКга шайланып келбедиби? "Сөзүнө бекем турабыз дешсе, мандатты тапшырып, андан кийин Баш мыйзамды өзгөртөлү деп чыгышса болмок" дешүүдө серепчилер.
Бабанов: “БЕТМЕ-БЕТ СҮЙЛӨШӨЛҮЧҮ”
Оппозициянын ур-тепкиси Бабановго багытталгандыктан, Өмүрбек мырза аларды түз эфир аркылуу дебатка чакырды. “Ташиев, Мадумаров менен Келдибековдун негиздүү дооматтары болсо айтышсын, ал каталарды оңдойлу. 20 жылда бүтпөгөн маселелер 3 айда чечилип калмак беле? Негиздүү дооматтары болбосо чыдап турушсун, жакын арада пландар, иштер аткарылат”,- деди.
Оппозициячылар сөзгө келишсе, чындап түз эфирге келишер. Бирок он күндүн ичинде алардын койгон талаптарынын аткарылышы күмөн жаратууда. Апрель окуясынын бешигине айланган Таластын эли оппозициянын митингин колдойбу? Таластан таяныч табышары азырынча бүдөмүк.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
1. Далилсиз каралоо,
2. Адамдын жеке аброюна шек келтирүү,
3. Коомчулуктун оюн бузуп, саясий башаламандыкка үндөө.
Эрежелерди окуп келиңиз, 15 күн "мончого"!
Бийик домго чыгып алып. Мени уккула уккпасанар боюму таштайм. Мени приздент койгула.
Ме сага приздент.
Мага бир мллярд акча ме сага акча.
Кыргыстан.
Мени уккула мени укпасанар. Бул жерден боюму таштайм.
Уккла мени.
Таштасан таштачы кишин тажатпай.