Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЧЕТ ӨЛКӨДӨГҮ ЖАШОО ЖЫРГАЛ ЭМЕС

№493 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.

Чаар баштыгын көтөргөн, үмүтсүз көздөр, же тескерисинче, "барсам эле бутума туруп кетем" деген эрдемсинген ойлор... Муну эмгек мигрантынын бейнесине сүртүм деп элестетсеңиз болот. "Баланча миң иштеп келдим" деп мактанабыз. Бирок анын артындагы кыйынчылык, көз жаш тууралуу эч кимибиз ооз ачпайбыз. Мындай жашоону жон териси менен сезген каарманыбыз Анипа эженин кыскача баянын өз оозунан угалы...

БАКЫТ ИЗДӨӨ ЖЕ АЗАПТЫН АЗГЫРЫГЫ
– 2005-жылы турмушка чыктым. Баш кошкондон кийин чыныгы турмуш башталат деген чын экен. Баш калкалаганга үйүбүз же туруктуу жумушубуз жок, бутубузга турабыз деген ой менен Орусияга жөнөп калдык. Менин ал жактагы жашоо жөнүндө эч кандай кабарым жок эле. Барсак эле укмуш жашап кетебиз, бутубузга турабыз деген баланын ою болуптур, эми ойлосом. Документим талапка ылайык болбогондуктан, (мурун эле кокустуктан паспортумду жараксыз кылып алган элем) "зайчик" болуп кетүүнү чечтик.
Биз жалдаган такси Казакстандын чек арасынан өтүп, бизди бир талаадан күтүп турду. Чек арадан кармалбас үчүн Красная Речка суусун түндөп кечип өтүүгө туура келди. Күйөөм экөөбүз кол кармашып алып суудан өттүк. Суу жаңы кирип баштаган учур экен, моюнубузга чейин жетип, муздактыгы сай сөөктү сыздатат. Жетелешип алып талаа аралап, жол боюнда күтүп турган таксиге жетип кийимдерибизди алмаштырдык. Ошентип, Луговое темир жол станциясына алып барып таштады. Минтип жол тапканыбыз менен, Орусиянын биринчи Петухово чек ара тозотунан документтерди текшерген учурда поездден түшүрүп салышты. Ыйлагым келип, ушундай ыза болдум. Күйөөм чек арачыларга ар кайсы шылтоону айтып жатып колдоруна акча карматып, анан жолубузду уланттык. Айтор, "жол азабы, көр азабы" болуп жатып эптеп көздөгөн жерибизге – Орусиянын Свердлов облусунун Екатеринбург шаарына жеттик. Оюмда батир жалдайбыз, жетсем эле жуунам деп бара жаттым.
Унаа жалдап шаардын сыртындагы көп кабаттуу үйлөргө барып түштүк. Бизди үч жигит тосуп алып кичинекей вагонго киргизишти. Үстү-үстүнө коюлган төрт керебет, бурчта тамак жасай турган плита... Ичимден "и-ий, бул байкуштар ушул жакта кантип жашашат?.." деп коём, өзүмдүн да жашай турган үйүм ушул экенин билбей.
Күйөөм тааныштары менен курулуш жаатында иштеп жүрдү. Менин кылган жумушум – бир маал тамак жасап коюп күнү кечке салынып жаткан көп кабаттуу үйдү кыдырып жүрүү. Шаар аралап кенен баса да албайт элем, "милиция кармап кетет" дешкенинен чочулап.
Бир айдан кийин Бишкектен кайын сиңдим курбусу менен келди. 7 адам ошол кичинекей вагондо тыгылып жатабыз. Анан жата бербей иштейли деп алар менен биргеликте жумуш издөөгө кириштик.

"АКЧА, ДОКУМЕНТТЕРДИ ИЧ КИЙИМИБИЗГЕ КАТЫП АЛЧУБУЗ"
– "Мак-Пик", "Сан-Дэй" аттуу тез тамактануучу жайдан жумуш таап, идиш жууп иштеп калдык. Таң эрте кетип, түн бир убакта келмей. Паспорт, акчаларыбызды дайыма ич кийимибизге бекитип жүрчүбүз. Анткени милиция же такырбаштар ур-токмокко алып, тоноп кетет деп коркчубуз.
Бар күчүн салып иштеп жүргөн күйөөмдүн 4 айлык маянасын кожоюну бербей, ал жактан чыгып кетти. Кийин биз иштеген жерге жүк ташуучу болуп жумушка орношту. Кызыгы, биз айлык алган күндү жергиликтүү милиция кызматкерлери беш колундай билишчү. Кадимкидей аңдып, кармаганын камап, ур-токмокко алып, коркутуп акчабызды тоноп алган учурлары көп эле.
Эсимде, ар бир шаршемби, бейшемби күндөрү биз жашаган жерден Кыргызстандан келе жаткан поезд өтчү. Анын үнүн угуу же көрүү мен үчүн бир чоң ишке айланган. Улам өткөн сайын куса болуп, ата-энемди, туугандарымды сагынып ыйлачумун. Көрсө, алыс жерде жүргөндө гана билет экенсиң, жериңдин, элиңдин, жакындарыңдын баркын.
Көр оокаттын айынан ошентип идиш жууп иштеп жүрдүм. Бир күнү крандан муздак суу акпай калды. Идиш болсо толуп кеткен. Мындайды чоңдорубуз көрүп калса иштей албайт деп дароо жумуштан айдап салчу. Жумушсуз калбайын деп ысыгына карабастан жууй бердим. Эртеси күнү эки колум кызарып, ачышып, алоолонуп чыңалып чыкты. Көрсө, аябай эле күйүп калыптыр. Терисинин баары сыйрылып, жумушка барбай калдым. Ошондо жаным көзүмө көрүнүп кыйналганымды сураба!
Күндөрдүн биринде вагонубуздан да чыгарып салышты. Анткени күйөөм курулушта иштебей калган. 20дай кыргыз орус кемпирдин бир бөлмөлүү, көчкөнү калган үйүндө киши башына 1 жарым миң рубль төлөп жашай турган болдук. Ал жактан ар кандай адамдарды көрүп, жашоодон түңүлүп да калдым.
Бир тааныш эже чай сатып иштеп жүрүп, өзүнүн эки келинин чакыртып алган эле. Бир аз убакыттан кийин келиндери тажик жигиттерди киргизип алышса болобу! Тим эле иренжийсиң!
Жумушсуз калып, көчөдө селсаяк болуп кеткен кыргыздарды көрүп да бооруң ачыйт. Кыскасы, ал жакта жашоо өтө татаал, аны мен жон терим менен сезип келдим. Орусияда, болгону, 7 ай жашадым, анын ичинен 4 ай иштедим. Документимдин убактысы да бүтүп калды, 7 айлык боюмда бар. Кыйналбай мекениме кайтууну чечтим. Жумушума барып акыркы айлыгымды алып келе жатсам, алдымдан биринчи жолу милиция чыкты. Ой-боюма койбой "обезянникке" алып барып камап салды. Бир нече сааттан кийин челкейген курсагымды көрүп, "болгонун бер, коё берели" деди. Чөнтөгүмдөгү 500 рублду карматтым. Ошентип, эркиндикке чыктым. "Мындай жашоону желкемдин чуңкуру көрсүн" деп мекениме кайттым. Ал жактан көргөн күнүм мага турмуштук сабак болду. Өзүмө "эч качан туулуп-өскөн жеримден кетпейм, ушул жакта эле иштеп, тапчумду табам, өзүмдү багууга кудуретим жетет" деп сөз бердим. Баарынан күлкүлүүсү, кыйналып-кысталып 4 ай иштеп 12 миң рубль алып келгеним болду. Мындай акчаны кыйналбай-этпей эле Кыргызстандан тапсам деле болчу экен.

Окурман, көптөгөн мекендештерибиз чет жерлерде иштеп жүрүшөт. Биз мигрант маселесин, ар кыл тагдырларды ар бир саныбызда жарыялап туралы деп чечтик. Кимдир бирөөнүн башынан кечирген окуялары башкаларга сабак, балким, туура чечимге келүүгө түрткү болот деп ишенебиз. Эгер сиздерде да ушундай окуялар болсо, биз менен koom@super.kg электрондук дареги аркылуу байланышсаңыздар болот.


«Супердин» сурак бурчу

Чет өлкөдөн бакыт издөө жөнүндө ойлондуңуз беле?


Махмуд Кочканов, студент:

– Учурда чет өлкөгө кетсемби деген оюм бар. Бир-эки жыл иштеп келсем, буюрса, келечегимдин пайдубалын түзүп алам деп ойлойм. Ата-эне, бир туугандарыма жардам берип, үй-жай күтсөм деп жумуштарды сураштырып жүргөн убагым.



Айжамал Акыл кызы, студент:
– Окуумду аяктасам эле Швейцария, Англия же Германияга магистратурага тапшырайын деген максатым бар. Биология жаатында билим алып, кийин өз мекениме салым кошсом деп ниеттенип жүрөм. Менин негизги максатым акча табуу эмес, билим алуу. Себеби күчтүү адистер кайда болсо да жумушсуз калышпайт.


Эсенбек Өмүралиев, пенсионер:
– Илгери аскер кызматын өтөгөндө барган элем. А чет жактан бакыт издөөнү ойлогон да эмесмин. Бирок 4 жыл мурун уулумду Италияга иштегенге жибердим. Кудайга шүгүр, жакшынакай иштеп, эл көрүп, жер көрүп, бизге жардам берип, жашоо-турмушубуз оңолуп жатат. Мунун эмнеси жаман?



Мая Куранбаева, үй кожойкеси:
– Мен Орусияда 5 жыл иштедим. Азыр, угушума караганда, мигранттарга кысым көп жасалат экен. Мен иштеп жүргөндө анчалык эмес эле. Баарын басынтып, эркиндик дегеле жок деп угам ал жакта. "Акча салгыла, кайра кеткенге акчам жок" деп келе албай жаткандар канча?


Мамыралы Эшпаев, убактылуу бош:
– Союз убагында чет өлкөгө кетүү тууралуу эч кимде ой болгон эмес. Ал учурда келечегиң кандай болорун билчүсүң. Ошондуктан менде чет өлкөдө иштейм деген ой болгон эмес. Жашоо-турмуштун оордугунан учурда жаштар чет өлкөлөрдө иштөөгө аргасыз болушууда.



Акбермет Русланова, студент:
– Башка өлкөдөн бакыт издейм, иштейм деген ой мага такыр келген эмес. Менимче, аракеттенсең өз жериңде, өз элиңде эле ийгиликке жетип, бутка турууга мүмкүнчүлүк бар. "Бөтөн элде cултан болгуча, өз жериңде ултан бол" дегенге кошулам. Баары адамдын аракетинен
көз каранды.


Бексултан Качкынбаев, студент:
– Мындай ой менде бар. Келечекте Германияга барып келсемби деп турам. Анткени бизде айлык акы аз, ошон үчүн жетиштүү турмушта жашоо мүмкүн эместей туюлат. Биздин жарандар деле жыргаганынан чет өлкөлөргө кетип жатышкан жок да.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(99)
18.04.2012. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да иштеп журом екатеринбуркта бешене бул жерде а аракет да керек бирок кээде аракеттен да майнап чыкпай тура берет ошондуктан бардыгы ынгайлуу болсо анан келиш керек чет жака кайд баратам кайда иштейм кайда жашайм ушул суроолорго жооп барбы анан жононуздор
18.04.2012. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чет олкого чыккандан кийин эн алгач документ болуш керек да. Анан чет олкодо эмес Кыргызстанда жарабай турган паспорт менен кете бергени да кызык экен.
18.04.2012. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул макаланы менин атам окуса экен! Антпесе: "Баланчанын баласы Орусияга барып..", - деп ар нерсени айтып жатат эле. Башка жакка барсам да ушу Орусияга ЭЧ баргым келбейт! Улутчул деп ойлошуңар мүмкүн, бирок, ушундай адам экенмин, бул жактагы "сары чачтууларды" көрсөм кыжырым кайнайт, ал эми тигил жакка барсам бир айда эле кайтып келе берет болушум керек. Андан көрө бул жактагы эле арабамды (эшек араба болсо да) эле кыбырата берейин.
18.04.2012. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал эми баргандарга жана барайын деп жаткандарга айтаарым бир аз кагаз-пагаздарыңарды иреттеп туруп баргылачы, айланып кетейиндер, көрүнгөнгө кор болбой. Ал эми мен андай кордукка эч чыдай албайм. Бул жерде кара нан жеп, дюшес ичип жүргөнүм артык кор болгондон көрө!
19.04.2012. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EmMiR, eh, dyushesti emnege estettin? Ayabay jakshy korchumun, bul jaktyn limondaddary baary bashkacha, suusunduktary kok, ak, vitamin water degen, a men dyushesti sagynam.
18.04.2012. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал эми өз кесибиңди алчы-таасынын жеп, коллективге керек адам болуп, кара жумуш эмей, ак эле жумуш болсо, анда Орусия эмей башка ысык өлкөлөргө орун болсо мага айтып койгула ;)
19.04.2012. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рф ке келишип кыйналгандардын копчулугу орус тилин, оз укугун билбегендер жана документти туура эмес жургондор
баарынан да кызыгы 2011 жылдын эсебинде КР дин бюджети менен барабар болгон акча ушул РФ теги иш мигранттарынан перевод болуп тургандыгын айтышат да мамлекет тарабынан айыл окмотторго россияга барып иштеймин деген кишилерге жок дегенде элементарный орус тилин жана бул жактагы озунун укуктарын бираз окуттуу курстарын ачып койсо кандай болот эле
РФ ке келген жаштардын копчу
19.04.2012. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каарманга тан калам да, мен деле болгом Екатеринбургда, 20 адам бир болмодо жашайт деген жалган. 3 болмолуу квартира болсо, ар бир болмосундо 6 адамдан жашадым десен ишенмекмин. Орустар анчалык мерез адамдар эмес деп ойлойм, ошон учун канча жылдан бери Кыргыздар барып келип эле иштеп журушот. Албетте, оз мекенинде иштеп жургон жакшы дечи, бирок, тапкан тыйынын кунумдук тирилигине гана аран жетип атса, айласыз чыгат экенсин да чет олкого. Мен конулум калганы адамдардын пейили...
19.04.2012. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кымбаттуу мекендештер! аябай кызуу талкуу жургузупсунор, баарынар туура айтасынар. бешенесине кыргызстандан жакшы акча чыкса эмнеге иштебесин, бирок андайлар ото аз. биз жолдошум экообуз тен кызыл диплом менен бутконбуз ,айлык жетпегенден Калининградга келгенбиз ,эки бала менен. негизи, адам озунун укугун билсе, эч жерде кор болбойт, эмне учун документи жок туруп анан иштегени жонойсунор ,мен эч тушунбодум? азыр бизден тескерисинче, озунордун кыргыздардан барбы ишке, деп сурашат орустар.
19.04.2012. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
деги чыгып жаткан жагынарды бир аз иликтеп ,тактап алып чыксанар? бул деген жон эле карангылык да, сууну кечип, талаалап. орусчаны уйронгуло, эч кайсы милицияга кор болбойсунар, укугунарды коргогула, жон эле токтотконго алардын акысы жок. баарынарга ийгилик, чет жерде жургондорго озочо, тууган уруктун керегине жарап ,Кыргызстандын негизги бюджетин которуп атканынарды ким танат?! азаматтар! мен баарынарга баа берем. бар болгула!
19.04.2012. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azi.klgd, рахмат.
19.04.2012. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман эл, жаман жер болбойт!!! Болгону арасында жаман адамдар бар. Андай адамдар биздин озубуздун ичибизде деле кездешет. Ушул эле Бишкекте эмнелер гана болбойт. Болгону билим денгээлибиз жогору болбогондуктан ушундай кунду коруп жатабыз. Билимдуу адамдар кайсыл жерде болбосун жакшы шартта иштеп журушот.
19.04.2012. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maxneon,асманда жұрсөң жердин бар экенин унутпа,бар болсо жогу бар экенин унутпа.Айылдык наивный мигранттарга деп,сен айдан келгенсиңби.сенин да бир айылдык экениң көрұнуп турат.Мен тоолуу жерден келип иштеп жұрөм.Кудайга шұгұр,укугумду тебелетпейлемин.Дұкөндө иштейм,катуу,туура эмес айткан орустарга алып келген товарын кучактатып чыгарып коём.Заявканън ордуна тендей көп сұйлөгөнұ ұчун сөгұұ угуп кете берет
19.04.2012. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишенгиң келбесе биз жакка да кел жөн эле турист болуп,доказать этип берем.100млн берсе,келмек тургай ошол акчага ажааткана да жуумаксың.Айтат десе эле бир зданияга камалып жұдөп пол жууп деп.Анын эмнеси уят?Иштин уяты барбы?Кул болбойм деп келип,тырмагымдын учу менен иштейм деп жазыптыр бир кыз.Азыр акчаң,таанышың болбосо андай ишке кирұу жөн гана кыял эмеспи.
19.04.2012. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
melashka, мен мактанган деле жокмун, ачыгын эле жаздым. Менин оз кесибимден сырткары бош убагымда тармактык жумуштарда да иштейм. Мындан сырткары жумуштан кийин кунуго 1-2 саат кийизден сувенир жасап, сайма сайып, ЦУМга, бир эжеге откором. Тагыраак айтканда, акча табам, анан да кыргыздын кол онорчулугун улантып, аны чет жердегилерге таанытууда салымымды кошуп келе жатам. Сайма саюудан ырахат алып, кадимкидей чарчоом жазылат. Чынында мен учун бир мунот убакыт да баалуу. Тфу, тфу коз тийбесин
19.04.2012. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдын озунон да. Мен кыргыз паспорт м.н эле мед-к билимим деле жок (кесибим башка)эле частный стоматогияда ассистентмин (медсестра). 2 кыргыз кыз иштейбиз. Шефтерибиз оло макташат, окугандарга караганда оз ишинерди жакшы билесинер деп. Айлыгыбыз эн эле жакшы, квартира снимать эттим, буюрса балдарымды алып келебиз эми. Менимче бул жакта кыйналдык дегендер кыргызстанда деле кыйратышпайт го. Пол жууп дагы биздин главрач, директор, айыл окмоттордукунон коп айлык алгандар бар. Жашоо дагы,иштоо даг
19.04.2012. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул карманыбыз өзү күнөөлүү.Документтериң так жана жайында болсо,эч ким сага тийише албайт жана кемсинте да албайт.Мен да кыргыз паспорту менен эле иштейм.6 жылдан бери бир фирмада эмгектенип келем.Он саат жумуш.Кара жумуш.бирок Кыргызстанда айлык мындай эмес да.Разрешение на работу деген документти фирма өзү жасап берет.Биз болгону регистрация кылсак болгону.
19.04.2012. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushundai bilimsiz adamdar barip but kirgizdardin barkin tushurushtu A degen tamgani bilbei barishat.Kirgizdar kelgilechi bilim alali,
19.04.2012. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men oiloim ar kimge ozuno jarasha mamile kilishat
20.04.2012. 06:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассаламу алейкум. Мусулман бир туугандарым, абдан жакшы талкуу болуптур, туура айтасынар докмент эн абзел нерсе го докменти жок адам эмессинда. Озумон айтсам мен Хабаровскийдемин иншаллах баары жакшы. Чындап айтканда кантим талаа жерде жашоо адамдын озунонго.Озуно тын болсон кай жерде болсон да эбин табасын Кудай деген кур калбайт
20.04.2012. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээх!!! Канчалык бийликке нааразы болбой эле коеюнчу десен деле эч болбойт!!! Ошол бийликтегилер кантип уялбастан "бюджет" которулду деген созду айтышат! Кыргызстанды багып жаткан эле мигранттар эмеспи!!! Муну керек болсо 2-кл окуучксу да далилдеп бере алат! Мисалы озунор эле ойлоп коргулочу Кыргызстан 1000сомдук продукция экспорттойт, ал эми импорт болсо1500сомду тузсо каяктагы бюджет каяктагы онугууу!!!??????? Бизге анык тазззззззаааа киреше келип жаткан тармак бул мигранттар!!!!!!!
20.04.2012. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин оюмча баарыле биринчи кыйналышат анан жолун таап кетишет,баякы кыздар жонундо айтсам аябай окунучтуу тажиктердин эмнеси жагат билбейм кыргыз куруп калдыбы же
20.04.2012. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам баарына,ар ким ар кандай айтат эмеспи!!Жашоо кыйын эле россияда,мен Тува шаарында иштеп жатамын, семьям жанымда,эки балам окуп жатышат!!Башында келгенимде 1жылдык айлыгымды алалбай калып абдан кыйналганбыз!!Азыр болсо кудайга шугур акырындык менен онолуп калды.Озубуздо акчасы барлардын эле жашоосу жакшы болуп жатбайбы,Жыргаганыбыздан келип жаткан жокбузда,айла жок иштейт экенсинда!Бирок оз жерибизге,оз элибизге эч нерсе жетбейт!!!Кыргызстаным осо берчи,жытына,абана зар болдукко!!!
20.04.2012. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч кандай такыр баштар милиция кызматкерлери кысым корсотконун коргон жокмун мен эки жылдан бери екатеринбургда иштейм айлык акыбыз жакшы 20 дай киши жашабай эле жетообуз эки комната квартирада жашайбыз негизи каждый адамдын озунон шалпайып журсон ким сени жумушка алмак эле....орустарга рахмат айтышыбыз керек !!!!
21.04.2012. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассолому алейкум мусулман бир тууган мин шустрий болбо барибир озундун жерин эмес, 5кол тен эмес
21.04.2012. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmattuu mekendewter, ar birinerdin oiunardi okup 4yktym!Aman ele bolgula4i!Bayaki ele uruw-talaw, kalp-4yndyk aralaw,Kyrgyzstandyn byudjeti jalan gana migranttar eken!Oilongula ar taraptuu,Bir gana Rossyada ele emes baikuw Kyrgyz!Kyrgyzstanda dele bar baktysy bar adamdarga jakwi mayanasy bar jumuw!Super info geziti silerdin ak4anarga emes, reklama jana gezittin okuurmandary koptugunon jawap jurot.Sozdun maanisine da konul bursanar urmattuu saittyn kuiormandari!
21.04.2012. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Документтерди тактап деп айта бербей, жакшы билгендер болсо тизмектеп жазып койгула , мумкун билбегендер бар. укугун да жазып кеткиле, так бир закондордон мисал келтирип.
ал эми Россияга кыргыз кыздары барбай эле коюшса аябай жакшы. Эч болбой тажик жигитим деп олуп баратса, улуттун намысын тогушуп, анда ьул маселе чечилиш керек,ортого салынып..
21.04.2012. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечиресинер го,,,, Бирок кайдагы эле бир жомокко бул... Россиянын атын жамандайын деген ой менен айтылган жомок... "твоё-моё непонимай" болуп турсанар анан ур-токмокко алат да... Менде деле болгон менттер акча сураган кундор, суйлошсон тушунот алар деле... Эки созду бириктирип айта албай туруп баары жаман дей бербестен... "Бир карын майды бир кумалак бузат" дегендей!!!!
22.04.2012. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким кандай мага "чын журоктон" Менин кичине жашоомдо чет олкого коп чакырылдым. Бир чети кетип калайын деп бирок барган жокмун. Мен билем мекеним мага кандай ыссык мамиле кылат. Бул корунуштор менимче акылы тар адамдар кылган нерсе. Бироонун коросундагы нерсеге кызыккандай эле. Андан коро оз короонду он жолу чанап чыккан жакшы.
23.04.2012. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр москвага айди пасспорт менен киргенге чектоо бар деген миш угуп жатам . Ошондой эле гражданство алыш кыйын болуп калды буну точно билем.Атамбаев кыргыздардын кыргызстанга кайтаргысы келип жатканы сезилип турат. Бирок кайтып келгендерге канатандыраарлык жумуш таап беришине ..... туура политика колдонсо рфда кыргызларга кысым азайабы эле?
23.04.2012. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
москвага аттангандарга....
загран пасспорт
келгенде 3 айлык регистрация 1500 руб.
патент на работу 2000 руб же разрешение на работу 17000 руб
квартира 3000руб предоплата. эми эсептеп коргуло .. ито ушул документер менен ишке ала бербейт гражданствон жок деп . Ойлонуп тууга туушкан мене жети жолу акылдашып... чакырышса анан билет алсанар
27.05.2012. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча РФ жана СНГ жада калса чет олколорго барып иштесе болот. Ар бир инсандардын жана жарандардын озун озу алып журуусу, анткени тарбия биринчиден уй булоодон башталат эмеспи ошондуктан чет жердеги кыздарыбыз жонундо ушак ото эле кошуп жибергени, мен ишенбейм баардык эле кыздарыбыз ушундай мындай тиги менен же муну менен деп айткандары бул калп жана ушак деп наоборот кыздарыбыз да балдарыбыз эн эле алдыда кыйын эле иштеп КР багып жатат. Журуш туруш ата эненин тарбиясы деп эсептейм
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо