КҮЛКҮ ЖАРАТКАН БИЙКЕЧТЕР

№494 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.

Куудул десе көбүнесе эркектер эсибизге келет. Куудулдар арасында да, "тамашоучу", КВНчилер арасында да эркектер басымдуу. Алар менен теңтайлашып элге күлкү тартуулаган бийкечтер да бар.

Элиза Жээнбекова: «КЫЗДАРДЫ САБАП, ТАРБИЯЛАП КОЁМ»

Туулган жылы – 1993-жыл, 26-апрель.
Туулган жери – Ош облусунун Кара-Суу району.
Үй-бүлөдө – Эки бир туугандын улуусу.
Учурда – "Тамашоудо" "City Bombs" командасында ойнойт. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин 2-курсунун студенти.
Жактырган КВНчиси – Турсунбек ("Астана КZ")
Достору – "Дыңкоша" деп эркелетишет.
Жашоодогу девизи – "Уктайм, уктайм жана уктатам".
Максаты – Кыргыз элин дүйнөгө жакшы жактан таанытуу.
Өзү тууралуу – Өзүн семиз деп эсептебейт, толукмун деп айта алат. Сулуулуктун эталону экенин да билет.
Башка кыздардан өзгөчөлүгү – "Боевая" болгондугу.
"Тамашоу" Элиза үчүн – Жашоонун кызыктуу өтүшү.
"Тамашоунун" жакпаган жери – Өзүнө балдардын эркектерге жасагандай мамиле жасагандыгы. "Биз баары бир аялзаты болгондон кийин жентльмен болуп коюшса..."- дейт ал.
Кыздарды кайсы учурда сабайт? Муну эми апасы укса урушат. Бирок жинге тийген кыздарды сабап, тарбиялап коёт.
Аткаруу кыйынга турган роль – Назик, "ничёшка" кыздардын ролу.
Жеке жашоо – Былтыр бир дос баласы жолугушууга чакырып, Элиза жасанып, көйнөк кийип, кыздардай болуп чыгып калса, эшиктин алдында отурган балдар "Дмитрий Нагиев го..." дешкенде (андан мурунку күнү Нагиевдин ролун сахнада ойногон) уялып, башты жерге салып эле кетип калган.

Жибек Нурманбетова: «МЕНИ БЕМА ДЕБЕГИЛЕЧИ!..»

Туулган жылы – 1992-жыл, 24-июнь.
Туулган жери – Бишкек шаары.
Үй-бүлөдө – Эки бир туугандын кичүүсү.
Учурда – Улуттук университетте 3-курста окуйт. "Большие люди" долбоорунда жана "Тамашоунун" "Юристтер" командасында ойнойт.
Жактырган куудулу – Саламат Алиев.
Жактырып аткарган иши – Бийлөө, музыка угуу, англис тилин үйрөнүү.
Өзү тууралуу – Өзүн кызыктуу адаммын деп ойлойт. Бирок сулуумун деп эсептебейт. Анткени жигитине Моника Беллуччи жагат. Өзү менен салыштыра келгенде Моникага жетпесин түшүнөт.
Кыялы – Голливудда жашап, тасмаларга тартылуу.
Жактырбаган нерсеси – "Бема" деп чакыргандары. Анын аты Жибек да.
Жактырып ойногон ролу – Олуттуу адамдын образын ойногонду жактырса да, элге жеңил ойлуу ролдору менен таанылып калган.
Жашоодо – Сахнага караганда өтө шайыр. Аны достору "Энержайзер" дешет. "Төрөлгөндө эле "Рэд буллга" түшүп калган" деп да тамашалашат.
Сахнадагы окуя – Бир жолу сахнадан тамаша аткаргандан кийин Жибек шпагатка отуруп, аны балдар көтөрүп тургузуп коймок. Бирок балдар Жибекти унутуп кетип калышкан. Көпкө аларды күтүп отура берип, анан сыр билгизбей өзү эле туруп кеткен.
Жеке жашоо – Жигити бар. Аты-жөнүн айта албайт. Анткени "жаным, жаным" деп жүрүп атын унутуп калыптыр. Ал "Большие люди" долбоорунда ойногон, өзүнө окшогон куудул жигит.

Аида Жээнчороева: «МЕНИ КУБА СҮЙЧҮ ДА...»

Туулган жылы – 1991-жыл, 27-март.
Туулган жери – Бишкек шаары.
Үй-бүлөдө – Төрт бир туугандын экинчиси.
Учурда – Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин 4-курсунун студенти.
Келечекте – Экономика же Каржы министри болгусу келет.
"Тамашоудон" тышкары – Ынак Осмоналиевдин "Мумиё дарың жок беле?", Аваз Акимовдун "Ардагым" аттуу клиптерине жана "Унуталбайм" телеберүүсүнө тартылган.
Жактырган куудулу – Михаил Галустян.
Достору – "Самсушка" деп эркелетишет. Анткени 1-курста ар бир коңгуроо сайын самса жей берчү. Бул аты "Самсалардын сүйүүсү" тамашасынан кийин күчөгөн.
Жашоодо – Жакын адамдары менен гана тамашалашат.
Аткарганды жакшы көргөн ролу – "Стерва" аялдардын, кемпирлердин ролун аткарган жагат.
"Тамашоу" Аида үчүн – Хобби. Сахнага чыкпай калса, депрессияга түшүп кетет.
Балдар жаатында – Балдар Аидадан "стерва", бой көтөргөн кыз деп коркушат.
Жеке жашоо – Мурда Аиданы Куба ("KG 77" командасы) жакшы көрчү. Азыр ал сүйлөшкөн кызын жакшы көрөт. Андыктан учурда жигити жок, жүрөгү да бош.
Достукта – Кыздардын достугуна ишенбейт. Урмат, Аскар деген жакын достору бар.

Айжамал Осмонова: «ЧОҢ КЫЗДАРДЫН МАГА ИЧИ КҮЙӨТ»

Туулган жылы – 1992-жыл, 2-февраль.
Туулган жери – Бишкек шаары.
Учурда – Кыргыз-Орус Славян университетинин 3-курсунун студенти.
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын экинчиси.
Достору – "Жама" деп эркелетишет.
Кичинесинде"Пацанка" болчу. Балдарды жаман көрүп, уруп, тиштей берген адаты бар эле. Бир баланы уруп койгону үчүн бир жолу бала бакчадан чыгарып жиберишкен.
"Большие люди" долбоорунан тышкары –
Моделдик агенттикте иштейт, социалдык жана жарнамалык роликтерге көп тартылат. Өзүнүн теледолбоору менен алек.
Жактырган куудулу – Павел Воля.
Жактырган иши – Бийлөө, китеп окуу, сүрөт тартуу.
Кыялы – Өзү журналистикада окугандыктан, мыкты журналист болгусу келет.
Девизи – "Эмне болсо дагы кемтиксиз жасоо".
Өзү тууралуу – Өзүн сулуумун деп эсептейт. Антип эсептебесе мынчалык ийгиликке жетишмек эмес да!
Көчөдөгү атагы – Кичинекей кыздар келип сүрөткө түшүп, автограф алып кетишет. Балдар көп тийишет. Кээде "Большие лоюди" деп ырдап же "Айка, Бема" деп кыйкырышат. Ал эми чоң кыздар аларга ичи күйөт деп ойлойт.
Жашоодо – Сахнадагы Айкага окшош. Бой көтөрбөйт, өзүн жылдыз сезбейт.
Аткаргысы келген роль – Кайгылуу, жашоосу оор адамдын ролу.
Кумири – Ассоль Молдокматова.
Жеке жашоо – Татыктуу адамды жолуктурса, азыр эле турмушка чыгып кетиши мүмкүн. Тилекке каршы, андай адам жок.
Айка деген ат – Өзүнө такыр жакпайт. Анткени ар бир үчүнчү айымдын аты Айка.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


Таанышып алыңыз, күлкү жараткан кыргыз кыздары!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(40)
SUPER.KG видео
22.04.2012. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан ачка кыз дегени сонун го!
SUPER.KG видео
22.04.2012. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кудай сакта. Жинди кашайтат да ушу бир созу кыргызча бири орусча болгону.
SUPER.KG видео
22.04.2012. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мммм..... Аман болгулачы кандай болсонор дагы!
23.04.2012. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жибектин аткарган ролдору жагат... иштериңе ийгилик
SUPER.KG видео
23.04.2012. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
emne dep ele tantyrap atat emne ozun reklama kylyp jataby aman bolgula
23.04.2012. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аида суперсин!!! Ушул кызды суйом да. Мага Аиданын аткарган баардык ролдору жагат. Оз ишин мыкты билет. Мындан да чон ийгиликтерди багындыра бер!
23.04.2012. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodsy kakie u nas krasivie devuwki!!!
SUPER.KG видео
23.04.2012. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Kirgizdin kizdarin uyat kilat go bular aman bolgula!
SUPER.KG видео
23.04.2012. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
элиза жакшы кыз экен))молодец
SUPER.KG видео
24.04.2012. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
бетим ий
SUPER.KG видео
24.04.2012. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eliza kakoi byla takoi je ostalas'..ve4no ne v temu boltaet! Aidka,xorowiy interview.Molodchina!Kak vsegda vygl9diw' horowo rodna9!!!
SUPER.KG видео
24.04.2012. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тамашакой десе эле аша чаап кетпей кичине- элдин астында суйлошуп аткандарын эске алышса болмок- биринчи суйлогон кыздар- боорду эзип суйлосочу бир...Бема и Айка- образга кирип, жакшы аткарышат
SUPER.KG видео
24.04.2012. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балдардан да ашып тушсо чыга беришсин, Бирок тамашалары мааниси жок
SUPER.KG видео
24.04.2012. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
өтө еле обу жок суйлөщөт екен
SUPER.KG видео
25.04.2012. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
кандай десе болот ото эле чектен чыгып суйлошот экен кичине тузолуш керек галжоолонбой
SUPER.KG видео
26.04.2012. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kg77 деги кыз азамат а берки эки кыз интервью бергенден жадап калышканбы
SUPER.KG видео
26.04.2012. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неа.аааа
SUPER.KG видео
26.04.2012. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
интервью берип жатканда бир аз токтоо болуп суйлош керек да
26.04.2012. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
силердин жашоонор кандай гана кызыктуу бах чиркин
SUPER.KG видео
27.04.2012. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kg77te oinogon kyz jagatta jagat)),e-mailin kaltyra ketse bolmok))...
27.04.2012. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжамал Осмонова сулу деле эмес го. Коркунучту корунот экен.
SUPER.KG видео
27.04.2012. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлойт десе эле суйлой беришет экен,Элизадан жигитинин бар же жок экенин же болбосо апасы менен атасынын ажырашып кеткендигин сурашкан деле жок го,билбейм дагы эмне болсо да аман болгула да.
SUPER.KG видео
28.04.2012. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кыз эркек болгондо районду калчылдатмак экен )))
28.04.2012. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жибектин жигити Саламат эмеспи ээээ=) чё та подозрительно
29.04.2012. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да Жибек прикольная и лучше всех играет...
SUPER.KG видео
19.05.2012. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Базар жок ,базар жок, таза эле жазат десе жазып алыпсынарда, ушул жерден азаыр бироонор ушундай болуп чыгып алгылачы, анан суйлосонор, атак кыздар базар жок уважения, токтогулдун чачыраган кыздарыда, ийгилик силерге кыздар
SUPER.KG видео
04.06.2012. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздар ушул коро албастык адатынар качан калат билбейм да,аларды колдоонун ордуна сынайсынар,
SUPER.KG видео
29.06.2012. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элиза суйлоп буткучо скучно болуп кетти уктатаааам дегеничи
SUPER.KG видео
05.04.2013. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакында теледен МАНАСканалынан Жайнагүл деген куудул кызды көрүп ушунчалык ыраазы болдук,өң десең өңү бар жылдыздуу таланттуу сонун кыз экен.Беш тапан деген группадан дешти.Суперчилерден суранаар элем ушул сулуу кыз жөнүндө толук бергилечи.
SUPER.KG видео
07.10.2013. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гим булар циркачки
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо