№494 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.
Ысык-Көл
Ысык-Көл облустук ИИБинин маалымат кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов билдиргендей, Ысык-Көл РИИБинин 10-бөлүмү облустук УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте "Хизб-ут-Тахрир" диний-экстремисттик партиясынын мүчөлөрү деп каттоодо турган адамдар арасында иликтөө иш-чараларын өткөрүшкөн.
Операциянын жыйынтыгында диний экстремизм багытындагы 4 факт катталган. Анын экөөсү Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылында катталса, Түп районунун Токтоян жана Коочу айылдарында бирден факт катталган. "Хизб-ут-тахрирчи" деп шектелип, каттоодо тургандардын үйлөрүн тинтүү учурунда "Хизб-ут-Тахрир" партиясынын идеяларына үгүттөгөн 5 баракча, 3 адабият, 2 колго жазылган дептер, 2 флэш-карта жана 5 DVD-диск табылып, тартылып алынган. Чогулган материалдар облустук УКМКга өткөрүлүп берилген.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |