№494 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.
Ош
15-апрель күнү Ош шаарынын борбордук аянтында плакат көтөрүп турган адам өз өмүрүнө кол салып, өзүн өрттөп салганы тууралуу кабар коомчулукту кейитти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, өзүн өрттөгөн адамды көргөндөр биринчи эле өрт өчүрүүчүлөргө эмес, милицияга кабар беришкен. Жабыркаган адамды ооруканага жеткиришкенде денесинин дээрлик көп бөлүгү күйүккө кабылгандыктан, кечки саат 22:30да жарык дүйнө менен кош айтышты.
Иликтөөдө маркумдун Алай районунун МТФ участкасынын жашоочусу, 1947-жылы туулган Каныбек Сейитбеков экендиги такталган. Сейитбековдун көтөрүп турган плакаты кошо күйгөндүктөн, анда эмне деп жазылганы алгач белгисиз болуп жаткан. Кийинчерээк анын дептери табылып, анда төмөндөгүдөй жазуу болгону аныкталды.
"Менин өлүмүмдүн себеби – мени Кыргызстандагы митингдер тажатты. Эч кандай саясат токубагыла! Мен Бабанов менен Атамбаевге ишенем! Адахан Мадумаровдон үмүт үзбөйм! Лениндин жанында өрттөнгөнүмдү Ленин көрсүн! (ред. Оштун борбордук аянтында В.И.Лениндин эстелиги бар) Мен Лениндин, Бабановдун, Атамбаевдин, Мадумаровдун чындыгына башымды ием. Сураныч-керээз: чиновник-бектердин көрүстөнүнө кире беришке мындай деген лозунг жазып коюңуз: "Мен да сендей болчумун, сен да мендей болосуң, жаратылыштын мыйзамы ушундай тура" деген. Алайдын акиминен сураныч-керээз: мени Гүлчөгө коюңуз, Памир жолунун боюна мага эч кандай эстелик коюлбасын. Памир жолунун боюна лозунг жазып коюңуз: "Биз терең уйкуга кеттик, Алай тоолорунун тагдырын силерге тапшырдык" деген. Башка эч нерсе суранбайм. Мүмкүнчүлүк болсо, кемпириме медициналык жардам берип койгула?! Каныбек Сейитбеков, Алай-Гүлчө-МТФ. Акыркы суранарым, силерден, митинг кылбагыла, башымды ийип суранамын?! Кыргызстан жашаш керек да! Бабанов, Атамбаев, Мадумаровду сыйлагыла!"
Ушундай деп жазган пикет-митингдерден тажаган атуул керээз калтырып, көз жумуп кете берди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Ташиев куто турсун 2 же 3 жыл,андан кийин чукуй берсе жарашат.а так кызганычтан кылып жаткандай сезилип жатат.Уят,намыс керек!
Саясат учун жанын кыюу...Озундой эле келбеттуу, ан-сезимдуу, озундой эле Жерди мекендеген инсандарга ишенээрин жазып коюп кете бериптир да..Алардын жасаган ишине анын омуру кыпындай да таасир бербешин ойлонбоду бекен..Эми тиги дуйнодо ошол саясатчы "сообунан" берээр бекен маркумга...
Эхх жаным кейиди, акылсыздык гана дегим келет. Убакыт баасын бергенге чейин "оз мамлекетин"-жубайын коргоп журо турбайт беле...