Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КЫРГЫЗСТАНГА КАЙТАМ. БУЛ ЖАКТА КЕЛЕЧЕК ЖОК»

№494 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.

"Чет өлкөдө жашоо жыргал" деген жомокко ишенип канча деген жарандарыбыз башка өлкөлөргө кетип, ийгилик кушун кармаганы саналуу гана, калган далайы кордук көрүп жүрүшөт. А биз бул жактан алардын жашоосуна суктанып, "мен да барып иштеп келсемби?" деген ойго арбалабыз. Бүгүн Италиянын Неаполь шаарында 9 жылдан бери жашап-иштеп келаткан Даниел аттуу мырза ал жакта жашоо кандай экендигин айтып берет...

УЛУТЧУЛДАР БАШЫН ЖАРЫП...
"Мен деле эл катары мектепти аяктагандан кийин бир кесиптин ээси болууну көздөп, КГУСТАнын экономика факультетине тапшырып, 2001-жылы бүтүргөм. Дипломум колго тиери менен эле жумуш маселеси башыма түштү. Экономист катары мага 2000 сомдон жогорку айлык маянаны эч ким сунуштаган жок. Сураштырсам, 5 жылдык эмгек тажрыйбам болгондо гана айлыгым 5 миң сомго жетет экен. Аны укканда эле Кыргызстандан кетүү керек деген чечимге келдим",- деп баштады өз сөзүн мекендешибиз Даниел Базарбеков.
Ошентип, ал Орусияда иштеп-жашап жаткан эжеси менен жездесин көздөй жол тартат. Жетип иштей баштаган алгачкы күндөрдөн тартып эле "акчаны сузуп табам" деген үмүтүн тааш каап, оюндагыдан алда канча кыйын турмушка туш болот. Жайында кыйналып курулушта иштегени аз келгенсип, айлыгы да убагында берилбейт. Анын үстүнө курулушта иш мезгил-мезгили менен болот эмеспи.
"Жайы менен тапкан акчаңды кышы менен иш жокто коротуп коюп куру жалак кайра отуруп калмай. Орусияда жадакалса кенен дем алуу да кыйын. Качан мени милиция кызматкерлери кылдан кыйкым таап кармап кетишет деп коркуп турасың",- дейт каарманыбыз. Анан да бир ирет орустардын улутчулдарына кабылып калгандыгын эскерди.
Каралбай калган бир пансионатты аралап барып сууну суктана карап турса эле, артынан орустун 4 жигити жетип келет. "Эмне турасың? Сен кимсиң?" деген сыяктуу суроолорду жаадырып келип эле байкатпастан баштан ары уруп калат. Кепке- сөзгө келбей төртөө жабылып Даниелди башы жарылганча сабап кетишкен экен. Ансыз да бөтөн элдин азабына бышып турган эле. Ошентип, кыргыз жигити Орусиядагы эки жылдык жашоосунан кийин "бул өлкөнү желкемдин чуңкуру көрсүн" деп башка өлкөлөргө кетүүнү чечет.

БИР КИЛОГРАММДЫК НАН 122 СОМ ТУРАТ
Элдин айтымында да, өзүнүн баамында да өнүккөн Европа тарапта жашоо жеңил. Аз иштеп, көп акча табасың. Бирок Даниелдин алгач Англияга же Кореяга кетем деген тилеги орундалбай, тагдыр ташы Италияга ооптур. Алдын ала аны "8 сааттык иш күн, айлыгы 1000, 1500 евро (91 миң 500 сом)" деп жумушка чакырышат. Баргандан кийинки жашоо иш жүзүндө таптакыр башкача болуп чыгат.
Бир ресторанга идиш жуугуч болуп ишке орношуп, күнүнө алдын ала айтылгандай 8 эмес, 14 сааттан иштеп, айына 1500 эмес, 400 евро чыгат. Болгону, бир жарым ай иштеген соң чогулган айлыгын ала албай, кожоюндар күн сайын эртең, бүрсүгүнү дей бергенинен түңүлүп башка иш караштырууга аргасыз болот. Ал жактагы кымбат жашоону элестете бериңиз. Бир килограммдык нан 2 евро (122 сом) турат. Жумасына бир адамга тамактануусу үчүн эле 25-30 евро (1830 сом) сарпталат.
"Бул аябай үнөмдүү жашагандардын көрсөтмөсү. Биз майдын, эттин эң арзанын жеп, чайдын, сүттүн эң арзанын ичебиз. Жашаган батир, коммуналдык төлөмдөр бар. Учурда деле эскилиги жетип калган батирде турам, үч адам жашайбыз, 400 евродон төлөп. Анан да көп нерселерге кол жетпейт",- дейт бул тууралуу Даниел.
"Ал ресторандан кеткенден кийин Африкага жөнөтүлчү секонд-хенд кийимдерин чогултуучу болуп иштедим. Мурункуга караганда бир аз дурус эле болду. Жок дегенде айлыгым колума тийип дегендей. Анда жарым жыл эмгектенген соң өз алдымча иштейин деп базарга чыгып кеттим. Ар кандай кийим-кечек сатам. Тапканым өзүмө жетип турду. Базарда дагы жарым жыл иштеген соң кайрадан дагы бир ресторанга идиш жуугуч болуп ишке киргем. Бул жолу кожоюн жактан жолум болуп, анда 8 жылдан бери иштеп келем"
,- дейт каарманыбыз.

"ЖУМАСЫНА 7 КҮН ИШТЕЙМ"
Иш күнү кандай өтөрүн сураганыбызда: "Жумасына 7 күн эки нөөмөттө иштейм. Эртең менен ресторанга келип эки чоң залды жууйм, андан соң эки ажаткананы тазалап чыгам. Ал жумуштар бүткөн соң ашканага жардам берем, тамактарга керектелчү азыктарды аарчып, туурап дегендей. Башкы ашпозчу келген соң менин ишим жалаң гана идиш жуумай. Ал эми кечки нөөмөттө идиш жуугандан башка милдетим жок. Түнкү онго чейин иштейм",- деди Даниел.
Эң жаманы, адам ооруп калабы, башка болобу, аны менен эч кимдин иши жок, дене табың 40ка чыгып турса да ишке келишиң керек экен. Себеби мененби, себеби жокпу, айтор, эки күн иштен калсаң ордуңду жоготтум дей бер. Ал жакта да жумушсуздук күчөп тургандыктан, "мен иштейм" деп жумуш издеген эле адамдар экен. Даниел жанында иштеген 70 жаштагы абышканын жоругун айтып таң калтырды. Ал эртең менен бутуна операция жасатып, кечинде жумушка чыгып алыптыр, жумуш ордун жоготуп албайын деп. Кемпири болсо 68 жашта экенине карабай ал дагы ден соолугуна байланыштуу операциядан кийин бир жумага жетпей кайра ишке чыккан экен.

КАЙДА БАРСАҢ МАМАЙДЫН КӨРҮ
Италияда деле кечкисин сыртка чыгуу коркунучтуу. Көчөдөн колуңдагыны жулуп кетүү бул жакта турсун, үйүнө келип деле коркутуп тоноп кетишет экен. Анан да жергиликтүү тентек балдар кыргыздарды көргөндө Орусиядагыдай "жылчык көз" дебесе да, "кытай" деп басынтышат. "Кытай эмеспиз, биз кыргызбыз деп коюп басып кетебиз" деп күлүп алды каарманыбыз.
Ал жактагы кыргыз жердештери туурасында кеп козгогонубузда мекендешибиз төмөнкүлөрдү айтып берди:
"Бизди бул жакта акча санаган кассирликке, жадакалса айдоочулукка да алышпайт. Жалаң гана кара жумуштар берилет. Кыз-келиндер көбүнчө карыларды, оорулууларды карап, жаш балдарды багып иштешет. Алардын иши деле оңой эмес, үй жыйнап, тазалап, кары-картаңдардын памперстерин алмаштырып дегендей. Өткөндө бир кыргыз кыз бир аялды багып жүрүп белинен грыжа болуп калыптыр. Көрсө, ал аялды көтөрүп унитазга отургузчу экен. Мындан бир топ жыл мурун бир окуя болгон.
Кыргыздын үч кызын жумушка алдык деп ээрчитип барып, сойкулук менен иштөөгө мажбурлашыптыр. Алар каршылык көрсөтсө, тамак бербей камап коюшкан экен. Бактыга жараша кыздар качып чыгып кутулушкан. Кыскасы, кооз шаарларда, деңиздин жээгинде күлүп сүрөткө түшүп, сүрөтүн Кыргызстанга жөнөтүп коюп, чындыкты айткандан уялып "мен тиги жумушта иштейм, бул жумушта иштейм" дегени менен, чындыгында, дээрлик көпчүлүгү кара жумушчулар".

"КЫРГЫЗСТАНГА КАЙТАМ. БУЛ ЖАКТА КЕЛЕЧЕК ЖОК"
"Мен 19га чыкканда 47 жаш курагында апам, кийин 2001-жылы 58 жашында атам дүйнө салып кетти. Ошондон тартып чет элде жүрөм. Балким, ата-энем бар болгондо мынчалык кыйынчылыкка чыдап алыста жүрбөйт элем. Көп жыл сыртта жүрүп Кыргызстанга былтыр гана барып келдим. Бул жерде калгым келбейт. Бул жакта келечек жок. Жакынкы келечекте Кыргызстанга кайтам го деп турам.
Жердештерибиз бирөөдөн 2-3 миң доллар карызга алып келишет. Бирок бул жакка келери менен эле иши жүрүшүп кетет деген кепилдик жок да, кайра кайта албай түйшүккө малынгандары канча. Кыскасы, антип кыйналгандар ого эле көп. Мекендештеримден жардамымды аябайм, келер алдында төмөнкү электрондук дарекке кайрылып маалымат алсаңыздар болот: daniel555@mail.ru",- деп сөзүн жыйынтыктады Даниел Базарбеков.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(89)
25.04.2012. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынар эле чет жерде иштесен укмуш деп жазпсынар. Муну окуган жаштардын баары "чет жерде укмуш экен..." кетип калса, Кыргызстанда ким калат, олкобуз учун ким иштейт?! Ансыз деле айылдарга барсан далан кемпир-чалдар калган. Минтип кете берсек єлкобуз чачырап, кыргыз улуту жок болуп кетет го. Мени ушул жагы тынчсыздантырып турат.
25.04.2012. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Датка кыз, эн туура айтасыз ким калат анда жакында мен да кеткени жатам, барсам эле акчаны сузуп тапчуудай. Бирок жогорудагыны окугандан к.н ойлонуп калдым.
25.04.2012. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогоруда жазып кеткен,чет жакта жургон мекендештер,силер барганда эле жумуш даяр болбогондур ,ошол жакта жашап жаткандардын жардамы тийди десенер болмок,жогоруда жазгандар силер ашып кетсе он чактынар жазыпсынар чет жерде жашоо жакшы,майана да жакшы деп ,бирок силерден башка канча мекендештерибиз кыйналып журушот,аларды силерда билесинер калп эле озунорду акылдуу,аракетчил адамдай корсотупсунор,чындыгында силерда кыйналып журосунор,ачык жазсанар болмок!!!!!!!!
Даниел аке сизге ийгилик!
25.04.2012. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызсатнда жумуш жок, 80ге чыгып калса деле иштей беришет жаштарга жумуш орундарын бербейт, алар деген пенся менен жашаш керек негизи, калган жаштар озулорунун билими менен иштей албай журушот. Кайсы бир мекеменин жетекчиси болсо ал адам туган-уругун киргизип алган, билими жок болсо деле, тигил жакта билими бар физик, химик келсе жумуш жок. Ар кайсыл олкодо кыргыздар кор болуп жатпайбы, бейпил турмушка жетем деп. бул проблемаларды Ажодо отурган адамдарга кайрылат элем.
25.04.2012. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уоматтуу сеперинфо силердин озунорго кантип жазууга болот?Такыр айласын таппай атам интернет мн.Силерге жакшы бир сунушум бар болчу.жооб?
26.04.2012. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oimo, info@super.kg дарегине кат жазыңыз.
26.04.2012. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Italiany ukmuwtuudai jamandap aitkansyz go, men dele Italida jurgonumo 3 jyl boldu, kudaiga wugur jakwy buiursa!5 kol ten emes ta, kyinalgandar kyinalyp, iwtegender iwtep ele juruwot jakwynakai ele. 4et jakta anan owondoi jumuwta iwtebegende anan officte iwtemek belener, kyzyksyz siz dagy. Neopaldyn Garibaldisi ele jaman kyrgyzdardyn baary owol jerde, andan bawka waarlarynyn baary sonun!
27.04.2012. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bellina, munu degen dizinformazia dep aitat da Italiadan osyp alip anan Italia jaman bolup kalat eken da e
29.04.2012. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
napoli, aitpanyz, atyn 4ykpasa jer ortto bolup atsa kerek.
27.04.2012. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bellina, Bizdin shaar sonun ee? :)
29.04.2012. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adorovivere, oobada , bizdin waarga jetebi)))
26.04.2012. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
9 jyl jursonuz tildi jakwy bilet ekensiz da, bawka waarlarga baryp iwtebeisizbi araket kylyp, men mislai Salernodomun andai yzy -4uu jok, aiabai taza waar! emi ar bir adamdyn ozunun jolunan bolso kerek, jolunuzga owo Neopalga tuw bolup kalypsyz da!
27.04.2012. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bellina,aybai jamandaptir go tuura aitasin karierabiz Garibaldiden ele bastaldi go
29.04.2012. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
napoli, owoda, anan kaira jamandap kaiaktagynyn baaryn aitsa kuibogon jerin kuiot eken da... kuurap jurso emne jurot deim da uwul jakta. ozun ozu kyinap, andai kyiyn bolso bawka waarga ketpeibi.
26.04.2012. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
италияда кыйын экен чем оруссияга караганда. биздин мекендештер орустар катары эле иштешет албетте рф граждандары болсо
26.04.2012. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
антиэмиграционная политика.
27.04.2012. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bizdin chondorubuz ozun oilop eldi oiloshposo ketet da jashtar
27.04.2012. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aksandyk sizdin oiunuzga koshulbaim,men jashagan shatta ogarodorunda oryk, alma emes koi,jylky toogunan beri bagyshat.Egin egip,koldorunda mal karmashat.Oryk Kyrgyzstanda ele osot beken.
27.04.2012. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sezy,Ой жаман эле болдунарго Американы мактап,ой жашай бергиле жыргап,силер менен ар дайым сыймыктанабыз,бирок эч тушунбойм,Оз олкосун жамандап,ботон элде жыргап жашап атканынарга ишенбейм
27.04.2012. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Еркек деген кыйналганын айтпайт.кудай бар жана ал сактайт.елде айткан соз барго.иштесен ет тиштейсин деген.сабыр кылайлы кудай буйруса. Кыргызстаныбыз онугот.ишенем мен.арекет кылайлы жакшы жашого.
27.04.2012. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайда барсан мамайдын кору . Барбасан деле мамайдын кору .
27.04.2012. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Italiada komu kak povezet baardigi baktina joluna jarasha bolot, istegender istep ele atishat kudai shygyr usul jaktan istep yi satip aldim iraazi elemin Tyrkia Italia dele ubaginda mirgrazia bolup ekonomikasin koboityshkon
27.04.2012. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daniel aybai jamandaptirsin go usul Italiadan ele sen kotoryldyn go dootyly bolup, emi Italia jaman bolup kaldibi? sonun ele baardik jerde ele + - bolot bizdin KG emne kiiratip atabi ar adamda Italiada foto jana video kamera nootbuk kimbat baalu sotkalardi kotoryshot tapkan akchalari ozdoruno jetet , bytkyl evropani kidiriship koryshot sonyn ele antimigrazia kildin go kobyndo legalizazia dokumenti bar,kirgiz kizdardin sasigan negir pakistan marokin menen jyryp ketkeni ele bolboso
27.04.2012. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
napoli,
kyrgyz kyzdary dep neobabshai,bary ele oshondoi beken?
28.04.2012. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adorovivere, emi uruspaili birok akti ak kokty kok dep ele aitish kerek , ia s neba ne beru i ne vru !
28.04.2012. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
napoli, ya prosto govariu neobabshai! men da italiada jyrgon kyrgyz kyzmyn. Keebir kyzdar dep jazsan okshoshmok!
30.04.2012. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adorovivere, da tuura baari emes birok kobybyn ele koryp atkan ychyn aitip atabiz da, sen napolide emes ychyn korboi atasin , bizge demokratia jaraspait eken bizge iimanduu bolgon aiybai jarashat eken, kaisi marokin kaisi pakistan din kizin kordyn biroo menen jyrgonyn ?
29.04.2012. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
napoli, 5 kol ten emes, 1,2 kyzdyn owolor menen jurup ketkenin korup , but kyzga antip soz tuigizbeniz. Italiada 3,4 jyl jurup jon , tuz jurgon kyzdar dele toltura. ar bir adamdyn ozunun deerinen bolot!
27.04.2012. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chinin aitish kerek Iataliada baldarga jumush kaaturak tabish kiinraak , bir jerden ichken tamaka min mertebe raxmat ait degen soz bar ele.
27.04.2012. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salamatsyzby Daniel baike! Men da Italiada ishteim 3 jarym jyl bolup kaldy. Bashynda men da tak oshol Neapol' shaarynyn Garibaldi degen piazzasyna kelip tushkom da 3 ai oshol jakta ishtedim. Ech kimim jok bolchu bir gana meni menen kelgen kurbum barbolchu, Neapol' jakpagandyktan Kurbuma aityp al turgan shaardan jumush karoosun surandym. Baktyma jarasha sonun jumushtu sonun shaardan taap berdi. Araket kylsa bereket eken da, ushul jumushuman ishtep dokumentty da boldum.
27.04.2012. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bir jyl murun Kyrgyzstanga baryp turmushka chygyp keldim. Italiadan agardym da kogordym.
Siz jalkoorok adam okshoisuz,9 jyldan beri Italiada jyryp alyp bir tolk chygarbasanyz. kara jumushta ishtebegende siz emne Prezident Napolitanonun on kolu bolom go dep oilodunuz bele?
Al emi 122 somgo nan satyp alsanyz bul jakta za to oshoncho tabylat.
Italia jaman emes kantse da evropa, til yironbdyk , jer kordyk ozybyzdyn janybyzga ozybyz tynbyz.
28.04.2012. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарынар эле байкенерди урушуп жазыпсынар, кыйратып койгонсуп! Ал билбей Италияга барып алган тура, ал жерде деген кризис да, башка мамлекетке барбайбы, германия же англияга
28.04.2012. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janet, kirattik degen kishi jok birok dalai ele adam chon akcha kotorushtu bul jerden, zachem osentip onyp osyp alip ichken suusun jegen tuzun jamandap jazat,tuura emes ta mina Italiada jyrgon adamdardin komentariin okuchu kim jaksi jazdi al bala uchun! Evropanin sirin evropaga kelgen kisi ele bilet.
28.04.2012. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээде жигит жөө жүрөт,кээде жигит төө минет деп бекер айтпаса керек!
28.04.2012. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Narynbek, Maademekten eshek minsin, atin chikpasa jamandash kerekpi? jee jer ortobu ? Munu okugan Italiadagi adamdar jakshi korot deisinerbi baardigi jerge tykyryp atishat bul emne kilgani dep.
28.04.2012. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кетип эле жаткан жан чет мамлекет деп. Жыргап кеткен пенде аз, ошол эмгекти Кыргызстанда жасаса болбойбу?....жон гана кунун коруп журушот го болгону,каражанын Кыргызстанда деле бага алмак
29.04.2012. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aselka, Kyrgyzstanda owol ele jumuwtu jasasang( ofisiant, kassir, satuuchu, bala baguuchu, kempir baguuchu) ozungor da bilesinger ailygy echnersege jetpeit, tem bolee waar jergesinde. Al emi chet jerde ozungo jetip, artkanin Kyrgyzsatanga salip jatiwat. Owol uchun ar bir ui-bulodon jok degende 2 kiwi chet jerde jurot.
29.04.2012. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aselka, kone4no Kg da oz karajanyndy baga alasyn, olboi ele jawap juruwpoibu. 4et jakta jurgondor kele4egin oilop iwtep juruwot da. owol zarplatany Kg dan berse jyrgap ele jurboit belek. bul jaka iwtegeni kelgenden kuiun iwtep Kgybyzga keteli degender.
28.04.2012. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз жерин жамадагандарга эч тушунбойм. Кыргызстандай бейиш жер жок ааламда, болгону жерибиздин кадырына жете албай жатабыз урмттуу бир туугандар.
29.04.2012. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aselka,oz jerin e4 kim jamandagan jok, biz tigi baikebizge joop ele jazyp atabyz
30.04.2012. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aselka, Birinchiden KG ni beishke tenegen bolboit , al siz aitkan jon ele pustoi ele sozdy aitip atasin soz menen tigintip anan mintip koie berse onoi ele bolot. tentip ketken kishi jok barabiz baaribiz ele
29.04.2012. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен Россияда жургонумо 4 жыл болуп калды чындыгын айтсам жашоом озумо жагат орустардан кем калбай эле жашайбыз айлыгыбыз деле орустардан кем эмес.Эмнеге Россияны укмуштатып баяндашат тушунбойм
29.04.2012. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мекендештерим. Оомал тёкмё дщйнё. Италия же башка мамлекетте да анда санда кризиз болууда. Кыргызстан да ёткён - качкан ЭКИ президенттин ётё чоъ кризисин кёрщп калды. Азыркы ёкщмётщбщзгё куч кубат берсин, ОЪОЛОБУЗ. Чет мамлекеттерде эмгектенип жщргён мекендештерибиз оор - кыйынчылыкка карабай канча деген акчаларды щй бщлёёсщнё жёнётщп жщрщшёт. Силерге ак жол жана ийгилик. Манас бабабыздын арбагы колдосун. Дщйнё жщзщн багынта бергиле. Силердин оюъан жщрёгщъёр биз менен. Ал эми Кыргыз
29.04.2012. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BaktybekA, кай жактын кыргызысын ?,
29.04.2012. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да россияда иштейм!!!азыр мен иштейм ишим жакшы чынын айтсам эч ким тийишпейт деле тын болсон жакшы да озуно мага жагат россия кыргызстанга баргым келбейт конуп калгам!!!!айлыгым жакшы жетет проста тын болуш керек кичине анан жакшы болот.
30.04.2012. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daniel!Italiada kelechek jok ekenin 9 jyl jurup anan bildinbi? 9 jyl ishtep ech akcha chogultalbasan anda mi dispiace,birok ugushuma karaganda yi salypsyn ,mashina alypsyn suu ichken kuduguna tukurbo deit.Emi Amerikaga ketipsin,ak jol borok aiaktan keterinde jamandabai kel. men napolide 4 jyldan beri ishtyeim kudaiga shugur jakshy rezultat bar,men kelerimde kara jumushta ishterimdi bilip kelgem document aldym Italiaga ech kapachylygym jok dokument aldym Kyrgyzstanga kaalagan maaldabaryp kele al
30.04.2012. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Бишкектин тургуну болом. Word-до кыргыз шрифти (1Janyzak) менен жазсам (ё-о,щ-у,ъ-н) тамгалары озгорулуп кетти. Бул маектешуудо кырыз шрифти чыкпады. Ал эми Кыргызстанды оркундотууго бул жердеги азаматтарыбыз деле жетишет.
01.05.2012. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чет олкодо жургон кыргыздар омур бою эле ошол жакта калайын деп ойлобосо керек. Эл коруп, жер коруп дегендей, убакты-сааты келгенде мекенине кайтышат да.
07.05.2012. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uulai tuura aitasun men da 4et olkogo barup iwtep es alup ak4a taap kelgendi kaalaim buirusa allah nasip kulsa baram
20.06.2012. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ainura220888,men dagi sizge kowulam,okup korsom ´Daniel bayke Evropani jamandap aytipsiz go...Birok kommentariylerde jazilganday bew kol ten emes,bul sizge jazilgan buiruk.Ooba tuugan jerdin topuragi altin,alista bolsok da jurogubuz KIRGIZSTAN dep sogot!
22.01.2013. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да питерде иштейм.бул жакта акча еле азгырбаса,...кырг.а не жетсин!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо