КАРТОШКА САТЫЛБАЙ КАМПАДА ЖАТАТ...
- Жеңиш күнүнүн 67 жылдыгына карата согуш ардагерлерине өкмөттөн 5 миңден 10 миң сомго чейин акча берилет.
-
22-майда Коомдук телерадиокорпорациянын имаратында “Альфа Телеком” ЖАКсынын мамлекетке тийиштүү 49 пайыз акциясын сатуу боюнча аукцион өтөт.
-
Экс-министр Бактыбек Калыевдин 5 миллион 800 миң доллар акчасы мамлекеттик бюджетке киргизилди.
-
Кыргызстанда 2012-жылдын май айына чейин 1 адам 100 миң сом, 50дөй адам 80-90 миң сом алып турган.
-
Ысык-Көл облусунун тургундарынын кампасында 150 миң тоннага жакын картошка сатылбай турат.
-
Кыргызстан көгүлтүр от боюнча Казакстанга 7,5 миллион доллар карыз.
-
Жазгы талаа иштерине байланыштуу фермерлер “Дыйкандарга жеңилдетилген насыялар” программасынан
639 миллион сом алышты.
- ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитети үйдө бала багып отурган энелерге пенсия чектөөнү сунуштоодо.
Уулбү Каныбекова,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg