«АТЫМДЫ ДА «ТҮН ЧҮРӨККӨ» АЙЛАНТЫШКАН»

№495 27-апрель- 3-май, 2012-ж.

Бир кезде Бек Борбиев “Түн чүрөгүм” деп созолонткон ыр кандайча, ким тарабынан жаралып калганына кызыгып жаткан болсоңуз, тээ 90-жылдарга кайрылабыз.

АЯЛДЫН ГҮЛГӨ БОЛГОН СҮЙҮҮСҮ
Аталган ыр мырзалардын арзуусун чагылдырат. Бирок ырдын автору – ОшМУнун окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Гүлзара Абдимиталипова. Гүлзара айым менен байланышып, ырдын жаралуу тарыхы туурасында кеп салдык.
– Бул ырды уксам эле студент кезим эсиме түшөт. 1990-жыл, мен 2-3-курста окуган убагым. Бектин оргуштап ырдап, эл алдына чыгып жаткан кези. Ошондо Бек “Гүлзара, обон жаратканга жакшы текст керек, аракет кылып көрбөйсүңбү?” деп айтып калды. Анан мен ушул “Түн чүрөгүм” деген ырды жаздым. Түн чүрөгү – Кыргызстандын көп жерлеринде өскөн гүл. Түнү ачылат да, таң эрте жабылып калат. Бирөөнү сүйүп калып же башка романтикалуу учурлар болуп, ошонун негизинде жаралган эмес. Аялзаты гүлгө жакын келет эмеспи. Биздин гүлгө болгон сүйүүбүз менен мырзалардын аялга болгон сүйүүсү окшош. Мисалы, “Жамынып ай шооласын каректериң,/ Үлбүрөп жаз гүлүнөн элестериң./ Тартылып коюу түндүн кучагына,/ Татынам, тамшандырып кайда кеттиң?” деген саптарда мен гүлдү издегем. Түн чүрөгүн бир карасаң ачылат да, кайра эле таппай каласың дебедимби. Жигиттер ушул сөздөр менен сүйгөн кызын издешет. Ал эми “Өмүрдү караңгыга чулгап коюп,/ Кай жерди жарык кылып жүрдүң экен?” деген саптар гүлдүн өзүнө гана таандык. Гүл өзүнүн өмүрүн караңгыга байлап, анын жарыкта эч кимге көрүнбөгөн абалы ыр аркылуу сүрөттөлөт. Бек ыр керек деп суранганынан жазып жатып, өзүмдүн сезимимди эркек адамдын сезимине алмаштырып жазган болсом керек.
“Ырдын автору” деп мени көрсөтсө, таңыркаган адамдар көп болгон. Себеби ырды уккан ар бир адам автору аял киши деп ойлобосо керек. Алгач ырды 10 куплеттей жазып, Бишкекке барганда Бектин колуна бергем. Ошолордун ичинен азыр ырдалып жүргөн саптарды тандап алып, Бек музыкасын жазган.

“БИРӨӨНҮН ҮЙҮНӨН ЫРЫМДЫ УГУП КАЛЫП...”
– Кийин мен Жалал-Абаддын Барпы деген жерине тажрыйба алууга барып, ошол жерде аялдамада турсам, арт жактагы үйдүн радиосунан Бек “Түн чүрөгүм” деп ырдап жатат. Бардым да, эшигин каккыласам, үй ээлери тамактанып отурушуптур. “Мүмкүн болсо ушул ырды угуп алайынчы” деп сурандым. Ырымды ошентип эң биринчи бирөөнүн короосунан уккам.
Учурунда Бек бул ырды аккордеон менен жеткиликтүү ырдаса, эми Дайыр кайрадан жаңылап ырдап чыгыптыр. Ыр дагы эле популярдуулугун жогото элек экен. Таалайбек деген таланттуу жигит бар, бир кечеде чогуу отуруп калып, “Бек экөөңөрдүн бул эмгегиңердин артынан мен далай нан таап жегем” деп күлдүргөн. Сахнага алып чыкпаганы менен, эл алдында көптөгөн талант ышкыбоздору ырдап жүрөт турбайбы.

“БЕК МЕНИ ЭЛ АЛДЫНА ТУРГУЗА БЕРЧҮ”
- Мен ал кезде ОшМУнун жатаканасында жашачумун. Бек Ошко келген сайын жатаканага барып, мага концертине чакыруу бергени келет эле. Ал келатканда кыздар балкондорго чабалекейдей тизилип алышчу. Мен 10-15 кызды ээрчитип алып, концерттерине барам. Бек “Түн чүрөгүмдүн” автору” деп мени эл алдына тургуза берер эле.
Ошол ырдан кийин менин атым да “Түн чүрөккө” айланган. Бектин жанындагы музыкант балдарынын баары мени өз атымдан аташчу эмес. Көчөдөн көрүп калышса, Түн чүрөк деп чакырышчу. Студент кезимде бул ыр менен бир топ абройлуу болгом.

Уулбү Каныбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(12)
30.04.2012. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык маалымат экен. бирок макаланын темасы текстте жок экен же кыскарып кетти же автор теманы оюнда гана жазган, текстте эмес.
30.04.2012. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХАНЗАДА, рахмат, ката оңдолду.
30.04.2012. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Берадор браттын "Суранам мен сенден суранам" деген ырын чыккандан бери таппай журом.
30.04.2012. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
15-февралда Бек Борбиев менен Санжар Бердибеков Москвага келип калышты кино-концерт коюп,мен жолдошум менен коргону барып сахнага чыктым да гул берип бетинен ооп алдым.Ошондон кийин жолдошумдун мени чычалатканы башталды,сен менин алдымда болок бир эркекти оптун а эй деп.А мен болсо эмне озу гулду алып бетин тосуп турса ким оппосун деп ого бетер аны чырылдатам.Кантсе да ошол куну укмуш черим жазылып кайтты,Бек байке менин кумирим,ийгиликтер болсун иштерине!!!
30.04.2012. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кездерде атамдын машинасынан Бек байкенин гана ырлары угулчу еле,ошол жыргал кез кайдаааа!!!
30.04.2012. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ааиййй, менин алгачкы суйуум бул ыр менен тупо-туз байланыштуу. азыр да эстесем журогум сыздап кетет. соонуун ыр, баракелде!
01.05.2012. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек Борбиевдин "Сезим сереси" деген ыры жонундо
(ким бироолордун тагдыры эмес бекен)озунон сурап койсонор.
04.05.2012. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nuri1972, сиз эле айтып беринизчи. бр нерсениз бар окшойт
02.05.2012. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SuperINFO, сиздерден сураныч, мумкун болсо ушул эжекебиздин жазган ырдын текстин толук (10 куплеттей деп жатпайбы) берип койсонуздар.
02.05.2012. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде Бек Борбиевдин баардык ырлары бар, бирок Бектин Асель Турдалиева менен ырдаган "Гулу, гулу, гулум ай" деп ырдаган ырын таппай журом. Болсо шилтеме берип койгулачы сураныч.Мумкун болсо эстрадада ырдаганы.
03.05.2012. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bek baike azamat. avtorun eldin aldyna chygaryp taanywtyrgany, azir kee biroo avtorlorun jawyryp meniki dep koiup kaira kaira studiyaga keip izzildawip talawyp jatywpaibi. azir tun churok eje ir jazat boldu beken
05.05.2012. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurbek_posol
"Кыш кечи", "Кош бол, Айгүл" деген ырлары болсо, бөлүшсөң. миллион жылдан бери издеп келатам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо