Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МИКАЭЛЬ

№197 11-17-август, 2006-ж.

Микаэль, ырчылык өнөр­гө канча жашыңдан аралаша баштагансың?
– Кичине кезимден, тагыраак айтсам, бала бакчага барып жүргөндө эле ырдаганды жакшы көрчүмүн. Ырга болгон кызыгуум өзүм менен кошо өсүп отуруп, акыры ырчы болуума алып келди. Алгач орусча, түркчө, англисче ырларды ырдап жүргөм. 16 жашка толгондо Түркияга колледжге окуганы кеттим. Ал жактан окуп да, ырдап да жүр­чүмүн. Ыр дүй­нөсүнүн алгачкы сабактарын Түркиядан алгам десем болот. Түркиядан мен көп жакшы нерселерди үйрөндүм. Бирок, баары бир мекениме болгон сагыныч мени бир жарым жылдан кийин туулган жериме кайтып келүүмө себепкер болду. Келгенден соң, ырчы болуу тилегим ишке ашып, эл алдына ырдап чыгып калдым.

Түрк тилин Түркияга барганга чейин билчү белең?
– Мектепте окуп жүргө­нүмдө дос балдарымды күнүгө кечинде таппай калам. Көрсө, алар түрк тилин үйрөнүүгө курска барып жүрүшүптүр. Ошентип, алар­ды ээрчип барып, мен да курста окуп калдым. Анан түрк тилин алардан дагы жакшы өздөштүрүп кеткем. Азыр түрк­чө суудай сүйлөйм.

Алгачкы сахна эсиңде болсо керек?
– Түркияда жүргөнүмдө чоң сахнада эмес, кечелерде ырдап жүр­гөм. Ал эми мекенимде биринчи жолу чоң сахнага күзүндө чыккам. Ошондо өз сахна ушун­­чалык ыйык экенин сезгем.

Сени журналдардан да көрүп жүрөбүз. Моделдикке кандайча келип калгансың?
– Мен кичинемден ырчылык менен бирге моделдикке да абдан кызыкчумун. 9-класста окуп жүргөнүмдө моделдик агенстводо иштеген Евгения, Лена деген кыздар менен таанышып калдым. Алар менин шыгымды байкашып, жактырып калышып ишке чакырышкан. Алгач биринчи көргөз­мөдө такалуу бут кийим кийип чык­каным эсимде. Ошондон тартып модель болуп иштей баштагам. Учурда болсо Бишкектеги “New Star” деген жаңы моделдик агенствонун директорунун кызматын аткарып жатам.

– Ал эми «Ажыдаар» арагынын рекламалык ролигине кандайча тартылып калгансың?
– Роликке тартылуу сунушу моделдик агенстволордун биринен түшкөн. Сценарийи мага жаккандыктан, макулдугумду бергем. Роликке тартылуу үчүн тату салонуна барып, денеме ажыдаардын сүрөтүн тарттыргам.

Сени көптөр улуту башка деп келишет?
– Мени көптөр түрктөргө окшоштурушат. Бирок, менин атам да, апам да кыргыз. Ошондуктан, мен толук кандуу кыргызмын.

Көңүлүңө жаккан адамың барбы?
– Болгон. Бирок, ал Түркияда кала берди. Анын да улуту кыргыз болчу. Андан башка сүйүүм­­дү арнай турган кызга кезиге элекмин.

Маектешкен Жаркынай Нусубалиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо