«СҮЙГӨНҮМ ҮЙЛӨНСӨ ДА, ҮМҮТҮМ ҮЗҮЛБӨЙТ»

№495 27-апрель- 3-май, 2012-ж.

Сүйүү бар экенине ишенгим келеби же өзүмдү алдап жүрөмбү, дале толук түшүнө элекмин. Сүйүп, бирок сүйгөнүмдү башка бирөөгө берип койгонума өзүмдү жек көрүп кетем. Биринчи эмес, экинчи ирет арзыганымдан айрыган тагдырыма таарынам. Башымдан өтүп жаткан азаптуу күндөр да бүтүп, сүйгөнүм менен бирге болорума ишенем.

"МАЙРАМ, СҮЙҮҮ, БАКЫТ..."
– Майрамдар дайыма шаан-шөкөт менен коштолот эмеспи. Курбуларым менен калаанын кафелеринин биринде эс алып отурганбыз. Бир маалда залга келбеттүү жигиттер кирип, бет маңдайыбыздагы столго отурушту. Жал-жал тиктеп, көздөр менен сүйлөшүү башталды. Арасынан ак жуумал келген узун бойлуу жигитке назарым түшүп, "меники болот" деп максат койдум. Бий убагы келгенде ал мени чакырып, экөөбүз бийге түштүк. Ошентип, Бекзат менен таанышып, көптөн берки тааныш адамдардай сүйлөшүп кеттик. Мени бекем кучагына кысып, жагымдуу сөздөрдү шыбырап жатты. Мен мурун турмушка чыкканымды, ал жүрөгү бош экенин айтты. Көз караштарыбыз кезиккенде жан дүйнөм толкуп, жүрөгүм өз чегинен чыгып кетчүдөй дүкүлдөп жатты. Бекзат экөөбүз телефон номерлерибизди алмашып, коштошуп, үйүмө кайттым. Негедир уйкум качып, Бекзатты кайра көрүүнү самадым. Таңкы саат үчтөрдө телефон чалсам дароо алды. “Эмне кылып жатасың?” десем, “сени ойлоп отурам” деди. “Сени көргүм келип жатат” дегенимде дарегимди сурап, телефонун өчүрдү. Жарым сааттан кийин экөөбүз бир бөлмөдө кучакташып отурдук. Ал түндү экөөбүз бирге өткөрүп, мамилебиз ушундан ары уланды.

"ТЕПСЕНДИДЕ КАЛГАН СЕЗИМ"
– Менин өзүмдүн батирим, алдымда унаам, чакан бизнесим бар, баары жетиштүү эле. Бекзат менен бирге жашап калдык. Кубанычым коюнума батпай, бакыт деген ушул экен дедим. Курбуларым “аны эмне кыласың, жылаңач баатырыңды?” деп мени жемелешет. Аларга таарынып, алыстап да кеттим. Бекзат мен үчүн баары болуп калды, башка эч нерсенин кереги жоктой. Бир күнү ал уктап калганда телефонун кармалап отуруп Айзада аттуу кызга “сени сагындым” деп жазган СМСин көрүп калдым. “Бул ким?” десем, “жаным, ал өткөн чак. Сени сүйөм!” деп мени жеңип койду. Бирок "күйөөдөн чыккан болсом, бул мени жөн гана колдонуп жүрөбү?" деген ойлор да келди.
Арадан билинбей эки-үч жума өттү. Күндөрдүн биринде ал үйгө кызуу болуп келип, “кечир, менин сүйлөшкөн кызым бар, ага үйлөнөм деп жүрөм, бирок сени да кечип кете албай жатам...” деди. Мен үчүн катуу сокку болду. Аны кетирбөөнүн айласын издедим. Тымызын сүйлөшкөн кызынын көңүлүн бузуу үчүн Бекзаттын номеринен “мен башканы сүйөм” деп кат жөнөттүм. Ал Бекзатка “бактылуу бол, экинчи тынчымды алба” деп жооп берди. Мен “биз жайында үйлөнөбүз, менин боюмда бар. Акылың болсо, биздин жашообузга кийлигишпе” деп кат алмашып жаттык. Ал мага “сени колдонуп туруп таштап кетет” деген жооп кайтарды. Бул сөздөр менин намысыма тийди. Бекзатка билгизбей ал кыздын намысына тие турчу СМСтерди жазып жүрдүм. Анан анын жоопторун чогултуп Бекзатка көрсөтүп, “мени коркутуп жатат” деп ал кызды караладым. Бирок Айзаданы таштабасын сезип, ортодон таанышымды салып, экөөнү биротоло ажыратууну көздөдүм. Тилекке каршы, ал максатыма жетпедим. Бир убакта телефонум шыңгырап, аялдын үнү угулду. “Мен Бекзаттын эжеси болом. Анын жакында үйлөнөрүн билесиңби? Сен тоскоол болбо. Өз жолуң менен кет” деп өчүрүп койду. Ал түнү Бекзат үйгө келбеди, эртеси менден алган 10 миң сомду астыма таштап, “жаңылыптырмын, кечир!” деди. Акчасын бетине чачып “акмак, сени жек көрөм!” деп кыйкырып, ыйлап жаттым. Бекзат бурулуп басып кеткен бойдон кайрылбады.

"БЕКЗАТТЫ АЖЫРАШТЫРАМ"
– Ыйладым, сыздадым... Бекзат үйлөнгөн күнү мен жакынын жоготкон ботодой боздоп жаттым. Бирөөгө ал күн кубаныч тартууласа, мен үчүн азаптуу күн болду. Тааныштарым аркылуу экөөнүн сүрөттөрүн алдыртып, айрып, өрттөп жаттым. "Сүйгөн аял акыл-эсинен ажырайт" деген чын окшойт, бирок азыр жүрөгүмдө сүйүүбү же жек көрүүбү, түшүнбөй калдым. Жашырганда эмне, мен азыр эң кыйын деген молдолорго, көзү ачыктарга барып окутуп жатам. Ооба, балким, бирөө мени жек көрөр, бирок мен ошондой жолго баруудамын. Экөөнө жашоо бербейм. Ал кыз Бекзатты менден кандай ажыратса, мен да ошондой ажыратам. Бекзат мага акыры жөрмөлөп келет. Билем, бул – күнөө, бирок менде башка арга да жок, эми мага баары бир. Кандай жол менен болсо да Бекзатты кайтарып алам, башкасы мени кызыктырбайт.
Айназик

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(87)
02.05.2012. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айназик не кыласын бироонун жашоосун бузуп!!! сен жанылып атасын??? мээни иштед!!!
02.05.2012. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айназик биринчиден баардыгын убакыт дарылайт молдого барып жардам издебейм дебей эле кой.Мен да куйоом аял алганда ушундай ойлор келип оч алгым келген баардыгын убакытка коюш керек.Ачууга алдырып бироонун турмушуна кол салба.Бул жерде сен куноолусун.Ушундай женил ойлуу болсон сени ким серезный коз караш менен карамак эле.Бекзат суйгон эмес жон гана убактылуу кызыкчылык болгон.Андан коро озунду жакшы жолго салып,озуно молдого дем салдыр.Бироонун башын айлантпай.
02.05.2012. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин бир тааныш бар эле,Бекзат деген,бая жакында уйлонду,ошо эмеспи ыя? Эгер ошо болсо анын 4 эжеси сага жашоо бербейт.
02.05.2012. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул кундор да отот эсинден чыгарасын азыр просто жигитин уйлонгонуно сен от болуп куйуп жатасын кийин ушуларды эстеп кулосун же бекер кылыпмын дейсин .ал сага уйлонбогонун себеби сен экоон тен эмессинер ал бойдок анын да ата энеси бар максат кылчу андан коро унут аны
03.05.2012. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oto ysyk tez tonot, oto kyzyl tez onot degen uwul da.
03.05.2012. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
калп го.....
03.05.2012. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
билбейм, ал кандай суйуу... канча кыздар жигиттерин башка кыздарга алдырып алышат да жаздыгына ыйлап-ыйлап кала берет.Козу ачыктарга барып алардын жашоосун бузган аял менен жашамак тугул,маектешуу ото жийиркеничтуу... аялзаты назик,оорбасырыктуу жана сабырдуу болушу керек. албарстыдай болуп суйуу-суйуу дегенге жамынуу бул озун-озу алдагандык.Айназик, сага кааларым эки дуйнодогу бакыт,адашпа, эн биринчи адам бол!
03.05.2012. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Девочки никогда не горюйте за уходящим запарожецем,знайте за ним следует лимузин!
03.05.2012. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
как обычно акылдуулар толтура ))) коммент жаздыртып эле койсо силерди акыл уйроттуруп ))))
03.05.2012. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2015-j ozumdun Matematikter partyam menen JK otup kalsam shaytandarga okutkam je okutam degenderderge atuu okumun chigaruu miyzamin kirgizem,,,, vot naadandar
03.05.2012. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жигит бир создуу болуш керек, азыр тушунбойда калдым!
04.05.2012. 05:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
super infonun kabarchisina rahmat bir tagdirdi tokup jazip koygonuna, jana tilegim jakshilap jazsan angeme anan choon chon bolup ketet, araket kila ber tuugan, No moldo eto vobshe allah saktasin ishenbegile negizi jashooda, bir gana namaz. bashka ech nerse jok,
alakan jayip sula allah beret, enshallah
04.05.2012. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айназиктин бир кундо эле жата калса баркын кетирген экен намыс жок
04.05.2012. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ага анча эле жармашып калдын , же буга чейин мамиле кылган жигиттердикинен аныкы башкача бекен...жайына кой жигитти
04.05.2012. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирооно кор казам деп озун тушуп калба акылын болсо жайына кой намыстуу болуш керек эч качан ал сени суйуп калбайт
04.05.2012. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жомок-сомок деп айтканыбыз менен жашоодо мындай нерселер жетиштуу эле. Кудай сактасын мындай ширк кылган аялдардан, мындайлардан алыс болуу эле он го дейм.
06.05.2012. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйуш кыйын суйбой койуш андан дагы кыйын
06.05.2012. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен дагы оч алмакмын бирок турмуш ушундай экен,алдыга карай умтулуш керек откон нерсени унутуш керек
06.05.2012. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
убакыттан откон жакшы дарыгер жок
07.05.2012. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ккккккооооооййййй
12.05.2012. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бироого ор казба, казсан чон каз анткени озун да тушосун ар орго, ошондуктан нервинди жукартпай жашоонду жаны барактан баштаганга аракет кыл.
25.05.2012. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айт айтпа болбойт! Кызыктырбайт деди все,
09.06.2012. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер ушул чындык болсо Айназике айтаар элем,женил ойлуу болбош керек эч качан,эми кудайдан сабыр (ыйман)суран...аял кишиде ыйман деген болуш керек,куйоодон чыктым деп башкасын суйдум деп (никесиз)жашап албай..
20.06.2012. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бул кызда байлык бар экенда ошого чиренген неме го эртеге озун окунуп каласын кеч болооэлегине ойлон сен бироонун коз жашын агызсан озун андан бетер болосун суйбогонго суйконбо дегенди билесинби молдого окутмактан башка кылсандагы кармай албайсын жон гана ал баланы оорулу кылып куноого батасын бакшы козуачык дегендер кудайга карышы чыккандар бир гана кудай ордуна койот сени дагы и молдо бакшыларынды дагы.
22.06.2012. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирого кор казсан терен каз озун тушуп кетпе. Эн жек коргонум ушу уй-булоо бузгандар жана козу ачыкка баргандар, таба эмес тобоо Кудайым озу сактасын. Ал баланун башы айланып сага келген кундо да бактылуу боло албайсын, анткени ал оорулуу болуп калат. Суйуунду таап бактылуу болгун келсе, жашоону жаны барактан башта, ыйман жолуна туш.
22.06.2012. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал сенин жигитин эмес да. Сени м.н ойношуп гана жургон.Тунжарымда чалып сени коргум келди деп... Кунажын козун сузбосо,бука жибин узбойт дегендей,Бекзаттын ордунда мен да ошентмекмин.Андай молдокелерге окутуп жургонунду билип калса таптакыр умутунду узуп кое бер.
29.06.2012. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аай байкуш келиндер жакшы карап жакшы суйлоп койсо эле ээрип жатып каласынар суйуп калдым деп
27.12.2014. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сага окшогон ХХХ уй булону бузуп жатышат. Озундун турмушунду алып кеталбай ажыраштын эле эми бироонукун бузганы жатасынбы? Позор!
Модератор admin_superstan түзөттү 2014-12-29 10:30:52
29.12.2014. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sovetjazgul, этика нормаларын сактаңыз!
16.03.2015. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кокуууй антпе бул кылыгын туура эмес. Чын жашоого барганда (акыретте) Катуу азап бар дейт Мусулманчылыкта.
21.12.2017. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кимди укпайт мындай неме. Акылынан айнып калыптыр кудайдан улук болуп кртипсинби??эсин барда этегинди жый бир куну болбомо бир куну зар какшап каласын. Нммысын жок экенда
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо