Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Чет өлкөдө жашоо жыргал эмес. ӨЗ БАЛАСЫН СУУГА АГЫЗГАН ЭНЕ

№495 27-апрель- 3-май, 2012-ж.

“Бөтөн элдин султаны болгончо, өз элиңдин ултаны бол” деп ата-бабаларыбыз бекеринен айтышпаган чыгар. Башка өлкөлөргө барып канчалык жакшы иштеп, жакшы жүргөнүң менен, жүрөгүңдө баары бир сагыныч, коркунуч жашаса керек. Анан да алыста жүргөн кыргыз боордошторубузга жабышкан кырсыктарды, алардын үрөйдү учурган кылык-жоруктарын укканда төбө чачың тик туруп, мекенимден айланайын дейсиң.

"БАЛДАРЫҢДЫ САГЫНГАНДАН ӨТКӨН АЗАП ЖОК"
Биздин бүгүнкү каарманыбыз да чет жерде жашоонун тузун татып келген жердештерибиздин бири болмокчу. Өзүнүн аты-жөнүн айткысы келбеген айым учурда 29 жашта. Жергебиздин борборунда чоңоюп, жогорку билим алып, сүйлөшүп жүргөн жигитине турмушка чыгат. Төрт жылдан кийин, эки балалуу болуп калганда жолдошу Орусиянын Москва шаарына билимин тереңдетүү үчүн аттанып калат. Албетте, каарманыбыз да Орусияны көздөй канат кагууга мажбур болот. Бул учурда бала менен бөтөн элге баруу оңой эместигин эске алышып, 1 жашка чыгып там-туң баса баштаган ширин уулу менен 3 жашар бал тилдүү кызын таенесине калтырып кетишет. Айтылуу Москвага барганда жолдошунун таякесинин үй-бүлөсү менен бир бөлмөдө жашап калышат. Таякесинин иниси, кайниси, туугандары болуп бир бөлмөдө көп адам баш калкалашчу. Ал батир эки бөлмөлүү болуп, анын экинчи бөлмөсүндө Кыргызстандан барган эки жаш кыз турушчу экен.
“Мен ал жакка баргандан кийин үйдө отуруп калган жокмун. Жолдошум окуп жаткандыктан, тамак-аш менен камсыз кылуу менин моюнума жүктөлүп, жер-жемиш саткан дүкөнгө сатуучу болуп ишке орноштум. Жумушум үйдүн жанында эле болчу. Андыктан шаар аралап, жол жүрүп, ал жактын эли тараптан басмырлоого, шылдыңдоого тушуккан деле жерим жок. Бул жаатта жолум болду көрүнөт. Бирок алыста калган кичинекей балдарыңды сагынгандан өткөн азап жок экенин ошондо түшүндүм. Анан да кыргыз жердештерибиздин оор турмушун көрүп жакамды кармаган учурлар көп эле болду. Башка жерге, башка элге аттанууну каалап жүргөн жердештериме сабак болсун деп, көргөн-билгенимди айтууну чечтим”,- деп кайрылыптыр биздин каарман.

"ТӨРӨП, БАЛАСЫН СУУГА АГЫЗЫП ЖИБЕРИПТИР"
Башта айтылган эки бөлмөлүү батирдин бир бөлмөсүндө жашаган эки кыргыз кызынын бири тууралуу кеп учугу уланмакчы.
– Бир көргөн адамга Наргиза кичи пейил, элпек, жакшы кыздай көрүнөт. Курбусу экөө ишине барып-келип жүрүшчү. Кийинчерээк ал ичин катуу таңып жүргөнүн батирде жашаган айымдар байкап калдык. Күндөр өтө берди. Наргиза калың, өзүнө чоң келген кийимдерди кийип жүрчү. Бир күнү түнкүсүн уктап жатсак, ваннадан бирөө “эже” деп катуу кыйкырды. Чочуган бойдон таажеңем экөөбүз ваннага кирип барсак, жер-суунун баары кан. Наргиза жатат, купкуу, алы жок, сөзү жок. Байкашыбызча, ал ваннада төрөөнү пландаса керек, үнүн жашыруу үчүн сууну агызып коюптур. Экөөбүз аны сүйрөп бөлмөсүнө алып келдик. Бөлмөсү да кыпкызыл канга боёлгон.
Чакырылган "Тез жардам" бир топто келди. Дарыгерлер Наргизанын абалын көрүп, “ооруканага алып баруу керек. Машинага көтөрүп салгыла. Мындай жийиркеничтүү абалда биз муну көтөрбөйбүз” дешти. Бөлмөдөгү эркектердин баарын ойготууга туура келди. Эмне болгонун алар түшүнүшкөн деле жок.
Арадан беш күндөй өтүп, Наргиза эч нерсе болбогондой үйгө келип калды. Төрөгөндөн кийин өзгөрүп да кетти. Сырттан жигиттерди ээрчитип келчү болду. Анын мындай жоругу бизге жакмак беле, кер-мур айтышуулар болуп, ал көп өтпөй үйдөн көчүп кетти. Бир жумадан кийин эле үйүбүзгө милиция кызматкерлери келип калышты. "Ушул даректен бир айым төрөгөн эле, ошол керек бизге" деп. Кеп-сөзгө келишпей, таажеңемди салып кетишти. Бир сутка суракка алышып, анан гана коё беришиптир.
Көрсө, Наргизаны "Тез жардам" алып кеткенден кийин ал көз жарып, кыздуу болгон экен. Үч күндөн кийин төрөт үйүнөн чыгыптыр да, ымыркайды сууга агызып жибериптир. Баланын жансыз денеси суу жээгинен табылгандан кийин төрөт үйүндө колуна байланган энесинин аты-жөнү жазылган маалымдама боюнча биздин батирге келишиптир. Ошондон көп өтпөй Наргизаны кармашкан. Канча жылга экенин билбейм, бирок кесилип кетти. Учурда Орусиянын абактарынын биринде жазасын өтөп жатса керек. Угушума караганда, ал кыз Кыргызстанда жүргөндө да ушундай иш жасап, качып кеткен экен.

"БҮГҮН ЭЛЕ АЙЛЫК АЛГАМ, ТОНОП КЕТИШТИ"
– Биз жашаган райондо кыргыздар көп болчу. Бир жолу үйдө отурсак, сырттан жардам сурап кыйкырган айымдын ачуу үнү чыкты. 4-кабатта жашачубуз, балконго чыга калып карасак, бир кызды үч бала жулкулдатып жатышат. “Ай-уй” деп кыйкырык салып, үйдө канча жан болсок, баарыбыз чуркап бардык. Жаш эле кыргыз кыз экен. “Тилдерине караганда, өзбек улутундагы балдар. Мени тоноп кетишти, бүгүн эле айлыгымды алып келаткам” деп шолоктоп ыйлады.
Бул сыяктуу үрөйдү учурган окуялар көп эле болот. "Тигинин байкесин такыр баштар сабап кетишиптир", "муну милициялар себепсиз камап коюшуптур", "баягы кошунаны тоноп кетишиптир", "эсиңдеби, Гуля эже үстүнө бир тажикти киргизип алган экен, анысы өзүн сабап, акчасын уурдап кетиптир" деген сыяктуу сөздөрдү көп угасың ал жакта.
Бир жылдан кийин жолдошум окуусун аяктап, сүйүнгөн бойдон Бишкекке, балдарыбызга келдик. Ал жактагы жашоонун кымбаттыгы, кыйындыгы, оордугу жанга батты. Чын жүрөгүмдөн чыккан сөздөр менен айтам, Кыргызстанда, өз элиңде, өз жериңде жашоо жыргал. Канчалык кыйналып жашасаң да, мекендин суусунан, абасынан, жеринен, элинен айланса болот.

Мекендештерибиздин башынан кечирген окуялары башкаларга сабак, балким, туура чечимге келүүгө түрткү болот деп ишенебиз. Эгер сиздин да мигранттын тагдыры тууралуу айта турган кебиңиз болсо, KOOM@SUPER.KG электрондук дареги аркылуу кат жазыңыз.

Чолпон Сүйүнбаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(54)
01.05.2012. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
туура
эле,сабак болсун деп жатат ушуга окшогондордон.Бийлик талашып эле митинг,пикет деп журобербей,оз эли-жеринин баркын билбегендерге.
01.05.2012. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
statistikaga taiansak kirgizstandi 3don 2 bolygyn chet olkodo iwtep jyrgon migranttar bagat bul ejekinini dagi jaman degen bolboit bul eje korgonyno keiip aitip jatat dep esepteim andai situatsialar jok emes kop ele desek bolot birok turmuw uwuga alip barip jatpaibi birgana nerse ar bir adam oz meesi menen jakwi iw bolobu jaman iw bolobu barip jatat
01.05.2012. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да питерде бир кыргыз эже кызын олтуруп анан озу асынып алганын укканбыз
01.05.2012. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча, ал кыздарды бул жерде жамандап, каргыш тилегенден эч жыйынтык чыкпайт. Ойлонуп корсок, дал ошондой жаман создордон, "эл эмне дейт?" деген коркунучтан, ата-энемди уят кылбайын деген ойлордон улам, кыздар кош бойлуулугун жашырып, балдарын таштап кетип жаткан чыгар. Кыздарга сактануунун жолдорун уйротуу керек эрте жашынын баштап. Жашы жеткен кыздарды эч ким башкара жана эч ким аларды тыя албайт. Ошондуктан, алардын жеке жашоосуна киришпей, аларга болгону кутуусуз кош бойлуулуктан
01.05.2012. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сактануу жолун жеткируу керек.
Албетте, бул менин жеке оюм жана баласын олтургондорду жектейм. Ошентсе да, баарыбыз бир тарап болуп: " ой, кандай жаман кыздар!" - дегендин ордуна, бул жорукка жетпешине жардам берсек.
04.05.2012. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
HHFRU, сенде опыт коп окшойт
01.05.2012. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш кыздардын никесиз торошу,таштап кетуусу,олтуруп коюлары чет элби,оз элби ага эч качан карабайт.Билбейм,жаш кыздардын копчулугу эле кабылган го мындай окуяларга...Чынын айтканда оз элинде болсо го мейли,чет элде балдар уйуно тушкон ымыркайдын тагдыры не болот.Кырг-да да болсо го мейли жакшы адамдар чыгып асырап алаар.А чет жердечи?Кыргыздын жетим калган баласын ким багып алат.Буга бир себеп,жаны торолгон кызымы алып больницада жатсам,орус кыз,армян кызы,цыган баланы биз жаткан палатага
01.05.2012. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кошо жаткырды.Учоо тен жаны торлгон.Энеси жок аларга ким конул болот.Памперсти кийгизип,оозуна сутту салып коет медсестралар.Мээрим тогуп,конул бурган эч ким жок...2-3 кун ичинде эле орус кызды багып алганга адамдар келип жатат деди...Цыгандын го апасы турмодо экен.1-2 жыл аралыгында да бул жакка балдарын таштаган кыргыз-н саны кобойуп кетти...Бир кыз куйоосу жок тороп,россияда кызын багып иштеп багып журот.Куйоом жок эл не дейт дебей,кызын эл катары иштеп багып жургону да чон эрдик го таштабай.
02.05.2012. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызда жакшы соз бар.каргайын десем жалгызсын.каргабайын десем как башсын деген.анын сынарындай бул кызга бир боорум ооруса бир жиним келип атат.бул кызды алдап пайдаланган жигитке наалат.
02.05.2012. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо, кыргыз элимдин кадырман ата-энелери! Чет олкого уулдарыныздарды жиберсениздер да кыздарыныздарды уйдо эле алып калгылачы. Жарыбаган акча учун оз кыздарыныздардын тагдырына балта чаппагылачы. Кыздын орду уйдо бала багып, куйоосунун кардын тойгозуш. Эгерде ушинтип эле кыздарыбызды чет олкого жибере берсек, анда кыргыз кыздарынын келечеги кандай болоор экен... Бираз ойлонуп иш жасайлычы!
02.05.2012. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бироого зар, бироого кор деген ушулкен да!
02.05.2012. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чет олкодо не жаман , баары жаман!!! Мекенинден алыссын,ата-энен,бир туугандарын жана досторун токо мыслях журушот!!! Если адам озу жакшы болсо ага жакшылык жолугуп ,озун жакшы кармап журот да. Жаман адам болсо жамандыка берилет да!!! А нашет той героине,то не нам ее судить за смерть ребенка, только АЛЛАХ будет судить!!! А вам всем хотелось пожелать Здоровье!!!
02.05.2012. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
да еще ,Москвада былтыр болгомун 1-майда метродо мекендештеримди кордум,поведениеси хуже животных,дагын ичип алышкан!!! Нелья ли себя как та по культурнее вести,дагын айтабыз тартибиз бар биз орустай эмесбиз деп,бари бир биз алардан ашып да кетип атабыз!!!
02.05.2012. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орусияда жашоо кудаага шугур еле,ал убакыттар отту кыргыздар онуккон азыркы учурда!
02.05.2012. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орусияда жашоо жакшы эле.ар кимдин озунун башы бар ушу кызга окшогондор келип озуно озу ээ боло албай .уят кылышат да .
02.05.2012. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
москванын жумушу болбосо кайда кандай кун корот эле кыргызстанга эмне деген акча ай сайын которулат жакшы жашоодо эле жашап 3 балабыз менен москвада улуу кызым 7-класста уулум бакчага барат кичуу кызым 3 то жанымда иштеп да балдарды да багып акча чогултуп..журобуз орустарга рахмат айтам иштеген жерибизде баардык шарты менен комнатабыз бар бекер 25этаж домдо консьержа болуп иштейм...орусияда баары эле жакшы продукты кымбат болсо зарплатан ошого жараша 25000ге чейин кыргыздар бутуна туруп жатышат.
02.05.2012. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын бешенесине Оруссия кубаттуу болуп калган экен.Ошончо мигрант иштеп-жашап жатабыз.Болбосо ошончо адам КРда эмне иш кылмак эле?Алибетте ошолордун арасында ошого окшогон "кумалактар"болгондугу окунучтуу.
03.05.2012. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин Москва шаарына келгениме 8 жыл болду. Иштеп журом аста секин баары жайына тушо баштады,Эрте мн жумушка барып кеч кайтам тундо мас болуп клубтарда журбойм Кудайга шугур.Коп еле замандаштарыбыз кичине келип 1-2 жыл журуп 5-6 мин акча таап калса еле еч кимге соз бербей тундо мас болуп кочодо кыйкырып Кырг-да жургондой журушот ошентип журушсо конечно орустар жакшы кормок беле алар орустарга эмес даже бизге да жакпайтда, Ошонон баары кырсыктар башталат Сактанганды сактайт Кудайым!!!

03.05.2012. 05:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uwuga okwogondor bizdin atybyzdy bulgap jatywat
03.05.2012. 05:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
toboo dokumenti jok da 4et olkogo 4ygaby ? dagy suu ke4tip dep aryzdanyp koigonun. dokumenti jok 4et olkodo jurgon adam demek al bomj. dokumentin jok kyrgyzstanda da iwtei albait. ne suu ke4ip barsak ele orustar bizdi baiytat dep oiloppu? oiu kyska nemeler eken go! ak4a tabuu u4un iwtew kerek iwtoo u4un iwke kiriw kerek iwke kiriw u4un dokument kerek owogo kandai bawtary jetpeptir.
03.05.2012. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунбойм, жашоодо жаман жакшы бирге журот.
Бирооно чет олко жаман болсо бирооно жакшы.
Жаман кылса озуно, ар бир адам озу учун жооп берет. Кимдин-ким менен эмне иши бар дейм, да. Ар бир адамдын жашоого болгон коз карашы ар башка, силер туура эмес деп эсептегенди ал туура деп эсептейт. Башка бироонун кылган ишин туура эмес деп эсептейсинби, жон эле аны кайталаба. Баарын Алла-Таалам коруп турат.
04.05.2012. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай акыбалга таштаган алып келген чондор жооп берет болду бекен
04.05.2012. 06:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андай кыздар Кыргызстанда эле толуп жатпайбы. Ушу россия жаман дегенди качан токотосунар,эгер мекенибизде жакшы болсо эмнеге келмек элек. Россияда жургон жарандарыбыз керек болсо кыргызстанды багып жатышат миллиондогон кыргыз россияда ошолор айына канча акча салышат аны озунор эле эсептер коргуло,ошол биз салган акчалар эле базардан базарга адамдан адамга отушот ошол менен канча адам жашап жатат. А ал акчалар кандай жол менен канча ден-соолук кеткенин албетте ишинер жок анан акча сал дегенди кый
04.05.2012. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой баары жакшы.москвада деги эле россияда. орто азияданын мигрантарынан жакшы иштеп жашаган кыргыздар, кобу рф жараны орус тилин да жакшы суйлошот,биздин менталитет башкача чем туугандарга караганда орустар да билишет, так что ар нерсени жаза бербегиле кр гы адамдарды коркутуп а андай кыздарды алла таалам озу жазалайт
05.05.2012. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар адам баласы бешенесине жазганын корот эмеспи ушундай окуяларды жаштарга сабак болсун деп айтып беришетта аны биз туура кабыл алышыбыз керек бул жерде эч кимди кунноолобой чынбы
05.05.2012. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chet olko Moscow ele emes, chet olkogo kop jerler kiret, balkim Moskow ancha jakshi jer emes bolso Europe, Dubai, China,ushunday siyaktu onukon olkolordo jasho jakshy ele, men 3 jyl chet olkodo jashap jatam, maga abdan jagat, a kizdin bala torop anan irgitip salganina menin oumcha Moscow kunolu emes, al adamdin ozunon bolot.
06.05.2012. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарын эле чет олкодо окшойсун жакындабайсынар болуп аткан иштерге!!!!!!!! жазылган создорго толугу менен кошулам!!!!! москвада сексен пр кыргыздар оор жашоодо жашайт го!!!!!!! кыздар жонундо барып козунор менен корсонор толугураак билесинер!!!!!!!!!!!!!
06.05.2012. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвада жашоо жакшы еле болгону баары өзүңдөн зовисеть. Жүрүш-турушуң тарбияң жакшы болсо өз оокатын кылып жүрө бересиң.
08.05.2012. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ee dostor ne demekchibiz bul jerde jalan ele jaman nerselerdi jasa,jaman eken dep kalabiz adamzat ozu ,al emi bizdin kancha atuuldaribiz al jakta ishtep jatishbaybi jashinakay ele,al adamdin ozunon ele bolso kerek.Al emi bul kizga kelsek orustarda aytat ne sudi i ne budesh sudim dep ani kunologondon emi ech payda chikpayt,bul kiyinkilerge sabak bolsun,kelgile ertenkinerdi da oylop ishkilgilachi,bul jashoo biz uchu jon gana sinoo
08.05.2012. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шумдугун кургу.у.у.у.у.у.р
09.05.2012. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвада жургонумо 6 жыл болот буйруса,Аллага шугур жаман деп айта албайм.Жолдошум экоолоп иштеп эл катары оокат кылып журобуз.Жаны келгенде баардыгы эле кыйналат.Эл-жерди,ата-энени сагынып.Ал эми каарман жонундо оюм ар бир адамдын озунон болот,жаман же жакшы жолду тандаш.Москвада баары эле бузулган эмес,ыймандуулар ото коп.А орустарга келсек сопсонун эле мамиле кылышат.Атын сураса жооп бере албаган мекндештерибиз кездешет кээ бир кездерде,анан кантип шылдындабайт?Ар кимдин бешенесинен болот
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо