Шейшенбек Байзаков, Жаза аткаруу кызматынын экс-башчысы, генерал-майор: «МЕНИ КОРКУТУУГА КРИМАВТОРИТЕТТЕРДИН ДУХУ ЖЕТПЕЙТ»

№495 27-апрель- 3-май, 2012-ж.

Кыргыз бийлиги кылмыш дүйнөсүнө согуш жарыялап, жыйынтыгында кримдүйнөнүн “көзүрлөрү” башка өлкөлөргө качып кетишсе, бир тобу укук коргоочулардын кайырмагына илинип, темир тор артына отуруп калган. Мындай жыйынтыктын чыгышы үчүн Жаза аткаруу кызматынын мурдагы башчысы, генерал Шейшенбек Байзаков да чоң эмгек жасады. Айрым "чоңдорго" анын өлкөбүздөгү түрмөлөрдөгү баш аламандыкты токтотуу үчүн жасаган аракети жакпай, Акмат Бакиевдин жатак-абактан качып кетишин шылтоолоп Байзаковду кызматтан кетиришти.

БАЙЗАКОВ ШЕЙШЕНБЕК КАЛИЛБЕКОВИЧ

1954-жылы 17-декабрда Ысык-Көл облусунун Рыбачье шаарында туулган.
Президенттин жарлыгы менен 2011-жылы август айында “Ички кызматтын генерал-майору” деген наам ыйгарылган.
Кыргыз Республикасынын Бильярд спорту федерациясынын вице-президенти жана баш катчысы.
Кыргызстандагы жалпы улуттук "Абийирим бар" аскердик бирикмесинин төрагасы.
Кызматтык-оперативдүү ишмердигиндеги жетишкендиктери жана кемчиликсиз кызматы үчүн 1 орден, 54 медаль жана көптөгөн төш белгилер менен сыйланган.
СССРдин самбо боюнча спорт чебери, бильярд боюнча Бишкектин вице-чемпиону (2000).
Үй-бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын атасы.

Адатта, кызмат ордунан шыпырылган аткаминерлер таарыныч кармап кетишет. Биз Шейшенбек Байзаков менен маектешкенде ал өзүнүн кадыр-баркын кызматтан жогору коюп, “буйрук талкууланбайт, буйрук аткарылат” деп билдирди.
– Шейшенбек мырза, учурда эмне менен алек болуп жатасыз?
– Эки жылдан бери эс албай иштеп жүрдүм эле, учурда эки айлык эмгек өргүүсүндөмүн. Эгер чакырышса, иштеп берүүгө даярмын, чакырышпаса, жок.

– Акмат Бакиевдин качып кетишине күнөөм бар деп ойлойсузбу?
– Бизде 14 колония-поселение бар, анда 2500гө жакын адам кармалып турат. Колониядагылардын 52 пайызы качып жүрүшөт. Көбү Союз маалынан бери дайынсыз болуп кеткендер. 1260 кишиси издөөдө, анын 1261-си – Акмат Бакиев. Ташматовбу, Петровбу же Бакиевби, мен үчүн ал – катардагы соттолгон адам.
Колония-поселениедегилер ачык эле жүрүшөт, эч ким аларды кайтарбайт. Өздөрү жумушка орношуп, алган маянасынын 20 пайызын мамлекетке төгүп турушат. “Мен бул жерде иштеп жатам” деген маалымдама кат менен жумасына бир жолу келип көрүнүп турушу зарыл. Ар бир колонияда 8 гана кызматкер иштейт. Мыйзам боюнча, колония-поселениедегилерди кайтарууга болбойт, бирок мыйзамды бузуп, прокуратура “Акмат Бакиевге кайтаруучу бөлүп бергиле” деп кийин гана жазып берди. Анын качып кетиши үчүн алдын ала даярданышкан, соттор да ошого ылайыктап өкүм чыгарып беришкен.

– Сизди кызматтан алууга ким кызыкдар болду? ИИМдин орун басары Мелис Турганбаев сиздин кызматтан алынышыңызга криминал да таасир берди дейт...
– Мен кызматка келгенде алгач тартипти орнотууга кириштим. 2001-жылы СИЗОдогу 1 камераны ачып коюшуптур, кийин Жаныш Бакиев койгон Маматалиев деген адам 5 камера ачып салыптыр. Ар бир камера “общактын” казынасына жумасына 1000-1500 сом чогултуп беришчү экен. Ошентип, андагы 189 камера жылына
2 миллион доллардан ашуун акчаны “общак” үчүн чогултушчу. Казынасы “воровской” жана “людской” деп экиге бөлүнөт. Анын биринчиси кылмыш лидерлеринин казынасына түшсө, экинчиси “смотрящийлерде” калып, ал акчаны адвокат жалдаганга, тергөөчү, прокурор жана сотторду сатып алганга жумшашат. Биз СИЗОдогу камераларды жаап салганда казынага акча түшпөй калган да, кылмыш чөйрөсүнүн лидерлери абакта жаткандарды “ар кандай акция өткөргүлө” деп мажбурлашкан. Телефон чалып эле “якорго отурабыз” (“ачкачылык жарыялайбыз” дегени) деп коёт экен, баары ачкачылык жарыялаганга мажбур болушат. Ооздорун тиккендер да, ачкачылык кармап, тамак ичпей койгондор да – жөнөкөй адамдар, ал эми лидерлери ооздорун тикпей-этпей эле, тамак ичип отурушту. Ошондуктан менин кызматтан алынышыма криминал да таасир берди деп ойлойм. Экинчиден, учурдагы депутаттардын арасында соттолуп чыккан жана кылмыш лидерлери менен достошуп кеткен, ошол чөйрөгө аралашкан адамдар бар. Андан сырткары менин ордума өздөрүнүн кишилерин коюу үчүн жеке кызыкчылык көздөгөн депутаттар да бар болуп чыкты.

– Депутат Тынчтык Шайназаров “Байзаков атама болгон кегин менден алып жатат. Атам “баңгизат ташыган” деп шектелгендерди кармаганда Байзаков аларды чыгарып бер деп суранган” деди эле. Кылмышка шектелип кармалгандарды чыгарып бер деп суранганыңыз чынбы?
– Бул жөн гана жалаа, мен эч убакта антип айткан эмесмин. Эгер далили болсо, “мынчанчы номердеги кылмыш иши, Түкүнчөев дегенди бошот деп суранган” деп так далилдер менен айтпайбы?
1999-2000-жылдары Баткен окуясына катышкам. Ал убакта Кутуев министр эле, мен ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын жетекчиси болчумун. Кырдаал тынчыгандан кийин Кутуев “облустук милициянын жетекчиси Шайназаров дегенге арыз түштү, факс менен жөнөтөм, ошолорду текшер” деп чалып калды. Ал 52 факт боюнча иш экен. Облустук прокуратуранын, УКМКнын кызматкерлери менен бирге текшергенибизде 52 фактынын 26сы тастыкталды, анын көбү пара талап кылуу менен опузалап тартып алуу экен. Далил буюмдар да алынып, бул ишти прокурорго өткөрүп берип, Бишкекке келе бергенбиз. Ага кылмыш иши козголуп, ошол замат эле мунапыс менен бошотулуптур. Ошол адам учурдагы депутат Тынчтык Шайназаровдун атасы экен.
Депутаттарга сүйлөй берсе болот, алар сөзү үчүн жооп беришпейт. Партиялык тизме менен парламентке кимдер гана депутат болуп келбеди. Алардын арасында өзүнүн аты-жөнүн жаза албаган дебейин, бирок акыл-парасаты парламенттик деңгээлге жетпегендер да келип калышты.

– Бул тармакта коррупциянын көптөгөн фактылары ачылды деп жаттыңыз эле...
– Ооба, түрмөлөрдүн мурунку жетекчилери “общак” менен жуурулушуп кетиптир. Мисалы, түрмөлөргө кийим-кече, тамак-аш алып келүүчүлөрдөн 10 пайызын алышчу экен. Жазаларды аткаруу тармагында иштеген эки жогорку кызматтагы адамга “общак” белекке автоунаа бериптир. Убадаларын аткарбай коюшкан окшойт, бирок кийин кайра алып коюшуптур. Абактарды текшергенде сойкулар да эркин кирип-чыгып жүргөн учурлар катталды. Аларды киргизүү үчүн жетекчилик 300 доллардан алчу экен. Мисалы, бир кыз аялымын деп 4 башка кишиге кирсе, кээси 2-3 кишиге кирген учурлар аныкталды. Алар мечиттерден жазылган “Нике баракчасы” деген кагазды көтөрүп келип киришчү экен. Колонияларда бир жылда жети жолу адам өлтүрүү болгон. Алардын төртөөсү атайын буйрутма менен өлтүрүлгөн, үчөөнүн бети ачылды. Алардын бири – Рыспек Акматбаевдин адвокаты Исмаил Кочкаровду өлтүрүүгө
75 миң доллар төлөнүптүр. Айтпай турайын, азыр тергөө жүрүп жатат. Аяктагандан кийин ким кимге төлөгөндүгү ачыкка чыгат. Мунун баары түрмөнүн жетекчилигисиз ишке ашмак эмес. Криминалга аралашкан 8 колониянын жетекчисин жумуштан алдык.

– Сизден кийин ЖАМКга башчы болуп келген Аликбек Мамыркуловду иштеп кете алат деп ойлойсузбу?
“Опер болуп төрөлбөйт” деп коюшат. Ал көп жолду басып өткөн. Коргоо министрлигинде орун басар, Ооган согушуна катышкан. Кыргызстан боюнча эки гана “Аскердик Кызыл Туу” деген ордендин ээси бар болсо, анын бири – Аликбек Мамыркулов. Иштеп кете алат деп ойлойм, мен да жардам берем. Кетип жатканымда “мен кызматтан алган түрмөнүн жетекчилерин кайра кызматка алба, койдуң дегиче алар кайра эле мурункусун башташат” деп айтканмын. Эгер аларды кайра кызматка алса, анда эле ушунча кылган мээнетибизди сууга салып салгандай болот.

– Эгер сизди кызматтан алса, абактардын башчылары да отставкага кетебиз деп жатышты эле...
– Мени кызматтан алып жатканда мага 15 абактын жетекчиси “кызматтан кетебиз” деп рапорт жазып киришкен. Ошондо мен аларга “эй, жигиттер, азыр силер кетсеңер, Бабановду же Атамбаевди сатып кетпейсиңер, силер державаны сатып кетесиңер. Баштаган ишиңерди аягына чыгаргыла, мен дайыма жаныңарда болом. Эл да мени силерди ала кетти деп түшүнүп калат. Эгер силердин баарыңарды чыркыратып талкалап баштай турган болсо, ошондо гана жумушуңарды таштагыла” деп түшүндүргөм.

– Сиздин көзүңүздү тазалоого кримдүйнө буйрутма бериптир деп чыккан...
– Ооба, бул боюнча текшерип көргөнбүз, чын болуп чыкты. “Общактын” казыначысы Адилет Касенов Дубайда отуруп буйрутма бериптир. Бул боюнча Уюшкан кылмышка каршы башкармалыгынын балдары иштеп жатышат.

– Кримчөйрөнүн лидерлеринен же бийликтегилерден коркутуулар, сатып алууга аракеттер болду беле?
– Жок, болгон эмес. Кримавторитеттердин же бийликтегилердин мени коркутууга духу жетпейт.

– Маегиңиз үчүн рахмат!

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


Шейшенбек Байзаков А.Бакиевдин качып кеткенине күнөөлүүбү?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(16)
SUPER.KG видео
28.04.2012. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мекенчил жетекчилер олкобуз учун иштешет. Байзаков мекенчил жетекчидей корунот.
SUPER.KG видео
28.04.2012. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байзаковдой генерал кадрлар аз Кыргызстанда
SUPER.KG видео
28.04.2012. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adekvattuu adam eken, ozgocho jakshy PRECEDENT jaratyptyr ashykcha sabotaj jaratpay ketip...

siy-urmat Sheyshenbek akege
SUPER.KG видео
30.04.2012. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ахмат Бакиевдин качып кетишине милиция, прокуратура, сот бардык тиешелүү органдар кам көрүштү, айыбын мүмкүн болушунча жеңилдетүү жолу менен. Эми "эркин абактан кайтара албады" деп Байзаковду күнөөлөп кызматтан алып салышты. Чынында Ахмат Бакиевдин ошондой эркин абакка кесилишине кимдер кам көрүштү? Бакиевдин качып кетүүсүнө ошолорду күнөөлөсө
SUPER.KG видео
30.04.2012. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
күнөөлөсөк туура болчудай.
30.04.2012. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шейшенбек ага-чыныгы генерал! Кыргыз аскерлеринин заманбап идеалы! Биз ар дайым сизди колдойбуз! Сиздей адамдар жонокой элдин эсинде туболук калат! Оз кызыкчылыгын ойлогон депутаттарга жана премьер-министрге ПОЗОР!!!
30.04.2012. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар бир кыргыз, ар бир жаран мамлекетти которууго, онугушуно салым кошууга милдетту. Шейшенбек агабыздай эр журок, жалтанбас адамдар кыргыз элибизде азайып баратат. акча, байлык деп баарын саткандар да жок эмес. Таалим, улгу алалык жаштар.
30.04.2012. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Шейшенбек мырза. Жанагы биздин политик желим генерал соройлорубуз сиздей болсо гана чиркин, кыргызстан бат эле бутунан туруп кетет беле.
SUPER.KG видео
02.05.2012. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ахмат бакиевди качырганга мумкун куноолу эместир бирок Байзаков ошону качырбоого чара корсо болмок да жанагы кол астындагыларын кыскарткандан башка эч нерсе деле кыйраткан жок
02.05.2012. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин элдин патриот адамдары кобойсо экен!!!!
SUPER.KG видео
02.05.2012. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргызча эле суйлобойбу
03.05.2012. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын чыныгы жигити экенсиз! Сизди Приздент кылып коюш керек экен ошондо Кыргызстан онуготко деп ишенем! Азаматсыз мен сизди колдойм бирок колумдан эч нерсе келбейтда жардам бере албадым сизге!
04.05.2012. 06:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zverchik, Кайда бизге эки комерсант келип алып оз бизнесин онуктурп ататда. Ошончо жыл иштеген генералга ишеним корсотпой. Бизге да ошого окшогон генерал. намысы бар. элим жерим деген адам керек да. Карачы эми азыр депутат болуп кимдер гана отурбай жатышат. алар бир нерсе чечкени эмес бир законгокол койп бергени эле баргандарда.Генерал.окумуштуу .эилиталардан депутат болсо болмок.
05.05.2012. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаштар эле дейбиз мына бабанонв кандай иш кылып жатат.бул киши лейтанат болгон туулса керек эле деп ойлойм
26.10.2012. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз байке!!! Сиздей генералдар бизде коп болсо!!! Таза иштеген адамдарды бизде бат эле жок кылат, Атамбаев президентибиз эмнеге калтырып койгон жок???
26.10.2012. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизди абдан сыйлайм, ден соолук, узун омур жана кайрадан кыргызстан учун иштеп журо беришинизди каалайм!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо