Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КӨНБӨГӨН КЫЗ ЖОК, КӨНДҮРӨ АЛБАГАН ЭРКЕКТЕР БАР

№495 27-апрель- 3-май, 2012-ж.

Өзүн эркекмин деп эсептеген ар бир мырзада “айымдар менен кантип мамиле куруу керек? Сулуу бийкеч менен кантип таанышып, ага жагуу керек? Кантип мамилени болушунча тез төшөккө жеткирсем?..” деген ойлор жашайт. Бирок арабызда сулуу бийкечтин жанына басып барууга эрки жетпегендер жок эмес. Бул макала мына ошондой “ботаник” же уялчаак мырзалар үчүн даярдалды. Казанова, катынпоз, Дон Жуан дегендердин баары эскирип бүткөн. Азыр модада жаңы замандын профессионал мачолору – пикаперлер. Пикаперлердин ыкмаларын мен – Эркин Сексенбаев иликтеп, ой бөлүшүүнү туура көрдүм.

Ар бир эркектин көздөгөн максаты ар башка. Кимдир бирөө көбүрөөк сексти кааласа, башкаларына элитанын кыздары керек. Айрымдар 1 өнөктөш менен узак убакыт туруктуу мамиледе болсо, кээ бирлерге өнөктөштөрдү тез-тез алмаштырып туруу жагат. Ошол максаттарга жетүүдө амбициясы күч жигиттерге пикап жардам бере алат. Пикап Кыргызстанга баягы эле батыштан келген түшүнүк. Азырынча бизде пикап мектеби жок. Андыктан макаладагы кеңештер өнүккөн өлкөлөрдөгү стандарттар боюнча берилди жана биздин менталитетке жатпай калышы мүмкүн. Пикаптын жайылышына бөгөт коё албасак да, кабардар болуп койгонубуз оң. Алгач ал жөнүндө жалпы түшүнүк алып, анан убакытты созбой кеңештерге өтөлү. Анткени эшикте жайнаган кыздар-кызгалдактар күтүп жатышат...

ИЧ КИЙИМ ҮЧҮН КҮРӨШ
“Пикап” – англисчеден которгондо “таанышуу” дегенди билдирет. Бул – эркектин айымдарга жагынуу үчүн колдонгон куралы. Пикап бул – жөнөкөй тил менен айтканда, айымдарды кумарландыруу, азгыруу. Айымдардын ич кийими үчүн күрөш.
Пикап АКШда өткөн кылымдын 70-жылдарында жаралган. 90-жылдарга барып, пикап боюнча курстар ачылып, миллион топтогондор да болуптур. Интернеттин пайда болушу менен “илибой” айымды кайырмакка илген легендарлуу пикаперлер тууралуу аңыз кеп бүт дүйнөгө жайылып отурат. Пикаптын чебери же пикапер – жогоруда айтылган куралды колдоно билген адам.
Идеалдуу пикапер – коңур үндүү, стилдүү кийинген, тамашакөй, амбициясы күч, эч нерседен тайманбаган эр жүрөк мырза. Айымдардын көңүлүн тапканды, максатына кантип жетүүнү так билет.

БАКЫТ ИЗДЕГЕНИ ДА БОЛОТ
Пикаперлер төмөнкүдөй түрлөрү бар:

1. Жар издегендер – айымдарды төшөгүнөн өткөрүп, идеалдуу аял издегендер.
2. Спортчулар – статистика үчүн иштегендер.
3. Иликтөөчүлөр – пикап менен кызыгуудан улам гана алектенгендер.
4. Акылмандар – пикапты жашоонун маңызы деп эсептегендер. Алар үчүн айымдардын саны экинчи планда калып, азгыруу процессине көңүл бурушат. Акылмандар үчүн сулуу бийкечтин өзү эмес, кезектеги бийкечти торго кантип илүү маанилүү.

Чынында, сулуу кыздын алдына мастар эле басып барбаса, көпчүлүк жигиттер даай албайт. Түбөлүк бала бойдон калбай, жашоонун даамын татуу үчүн машыгуу керек. Ооба, бардык жактагыдай эле пикапта да кадимкидей машыгуу чоң роль ойнойт. Күнүнө ондогон бийкечтер менен тааныша берүү керек. Убакыт өткөн сайын профессионал болуп каласың. Кантип таанышуу керек дейсизби?..

ТААНЫШУУДА ЭМНЕ МААНИЛҮҮ?
Сиз кыз менен таанышууну кандай элестетесиз? Сиздин аппак “крутой” машинаңыз бар, сиз ак боз атчан ханзаадасыз жана сиз менен баары таанышкысы келет. Же сиз Жеймс Бонд сыяктуу тик учмадан секирип, бир бийкечти куткарып калдыңыз. Ал сизге өзү эле багынып берет. Жок, андай болбойт. Андай китептерде же кинодо гана болушу мүмкүн.
“Кымбат баалуу автоунаа сатып алам, анан көрөсүңөр, кыздар меники болот” дегендер жаңылышат. Иш жүзүндө машина эч нерсени чечпейт. Же болбосо “залга барып машыгып, денемди сулуу кылсам, кыздар өздөрү тартылат мага” дегендер да убактысын бекер кетиришет. Айымдар үчүн кымбат баалуу машина же булчуңдар маанилүү эмес. Айымдар менен таанышып, баарлашууда жөнөкөй, өзүнө ишенген мырза болуш керек.

КЫЗДАР САТЫЛБАЙТ!
Азгыруунун иштелип чыккан стандарттык моделин карап көрөлү. Демек, кызды кайырмакка илүү, төшөккө көндүрүү үчүн төмөнкүлөр керек:

1. Табуу
2. Көңүлүн буруу
3. Байланышуу
4. Кызыктыруу
5. Ишенимине кирүү
6. Жакындашуу
7. Кумарга батуу
8. Мамиле куруу

Өзүңүз байкагандай, тизмеде ойлонуу же чечим чыгаруу деген жок. Ошондой эле жогорудагы моделде кызга гүл же белек берүү, ресторанга алып баруу, көңүлүн ачуу дегендер жок. Эмнеге? Анткени канчалык аракет кылба, кызды эч качан сатып алуу мүмкүн эмес! Башкысы, кызды инсандык сапаттарың менен кызыктырып алышың керек.
Эгер сен кызды ресторанга чакырып, ал үчүн төлөсөң, көңүлүн ачсаң, анда сен ага байланып каласың. Ал сени курсагын тойгузуш үчүн колдонуп калат. Айым эркек менен байланыша баштаганда (№3) дароо текшерет, “ушул эркекти байлап алсам болобу?” деп. Эгер болсо, анда сенин күнүңдүн бүткөнү. Эгер эркек “дрессировкага” моюн бербесе, анда айымга ал эркек өзгөчө болуп көрүнөт. Айымдын мээсинде бизге керек болгон инстинкт – “ушул эркектен тукум алып калуу” иштей баштайт. Анын сага кызыгуусу ойгонот (№4). Анын артынан сен эмес, ал сенин артыңдан чуркай баштайт.

АЯЛЗАТЫ АКЫРКЫ МҮНӨТТӨРГӨ ЧЕЙИН КҮМӨН САНАЙ БЕРЕТ
Жогорудагы этаптардын биринен экинчисине туура жана өз убагында өтүү маанилүү. Дагы бир маанилүү нерсе, эркек менен айымдын ортосунда чыныгы мамиле секстен кийин гана башталат. Айым сендик экенине толук ишенип, күмөн саноосу качан сен ага “киргенде” гана токтойт. Айымдар кээде акыркы учурда оюн өзгөртүп жибериши мүмкүн. Эми кумарга батарда төшөктө жатып “мүмкүн, токтотобуз?..” десе таң калбаңыз. Алардын табияты ошондой. Бул алар издеген мырза чын эле сизби же сиз эмеспи, текшерип жаткандагысы. Айтор, аялзаты акыркы мүнөттөргө чейин күмөн санай берет. Албетте, мындайда чечкиндүү болуу талап кылынат.

ЖИГИТТЕР, ЭСИҢЕРДЕ БОЛСУН!
Таанышпаган кыз болбойт, тааныша албаган эркек болот. Көнбөгөн кыз болбойт, көндүрө албаган эркек болот. Жигиттер, айымдар үчүн күрөштө жеңилип калбаш үчүн тапкыч болгула. Кептин соңунда 1 мисал, өзүнө ишенген жигит барга кирип, татынакай айымдын жанынан орун алат. Айымды бир тиктеп, колундагы саатын карай баштайт. Аны байкаган бийкеч:
– Айымыңыз кечигип жатабы?
– Жок, ай. Бүгүн мобул өзгөчө саатты сатып алдым эле. Ошону сыноодон өткөрүп жатам.
Кызыгып калган кыз:
– Өзгөчө саат?.. Мунун эмнеси өзгөчө экен?
– Альфа нурларынын жардамы менен адамдар тууралуу маалымат бере алат. Мисалы, саатым сиздин ич кийимиңиз жок экенин айтып жатат.
– Ха-ха!.. Саатыңыз бузук экен. Менин ич кийимим бар.
Анда жигит саатын бурап:
– Аа, анда шашып 1 саат алдыга озуп кеткен го...

Эркин Сексенбаев
kenesh@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

КЫЗДАРДЫ КАЙЫРМАККА ИЛҮҮДӨ КАНДАЙ КУРАЛ КОЛДОНОСУЗ?


Асылбек Өзүбеков, актёр:

– Биздин учурда азыркыдай телефон деген түшүнүк жок болчу. Биз кыздарды кат жазуу менен кайырмакка илип алчубуз. Азыркы муундун жаштарындай эмес, маданияттуу болчубуз. Көчөдө баратканда “чоң кы-ыз” деп сылык сөздөрдү сүйлөп же ышкырып “колго түшүрчүбүз”.



Арсен Эралиев, балбан:
– Кызды карамагыма өткөрүү үчүн уюлдук телефондун кызматынан пайдаланам. Тил кыска да, дароо барып сөз айта албайм. Ошон үчүн тааныштарды ортого салып, алгач кыздын телефон номерин таап алам. Телефондон сүйлөшүп, жоошутуп алган соң гана кайырмакка илүү аракети көрүлө баштайт.



Султан Садыралиев, ырчы:
– Өзгөчө деле кайырмак колдончу эмесмин. Келинчегимди кайырмакка илүүдөгү ыкмаларымдан айтсам, жасоого мүмкүн болбогон кадамдарга барчумун. Мисалы, Орусияга гастролдоп барып, эртеси аны менен жолугуу үчүн Бишкекке учуп келе берген күндөр болгон.


Бакыт Байсариев, шоумен:
– Эң негизгиси, өзүң “ничёшка” болушуң керек. Бойдок кезде “мощный” ыкмаларым бар эле. Үйлөнгөнүмө байланыштуу сүрөтчү досумдун ыкмаларын айтып берейин. Ал “тойлордо кыздарга кайрылып, “чоң кыз, мага жагып калдыңыз, тойдон кийин узатып коёюн” десем, 95 пайызы макул болот” дейт.



Ильяз Андаш, ырчы:
– Кыздарды кайырмакка илүүдө эркектин биринчи куралы – көзү. Кызды кайырмакка илиш керек болсо, көз караш менен баам салыш керек. Анан жанына барып бир нерсе тартуулап, сөздөн-сөзгө өтүп эле илип аласың го. Негизи, менин сөз байлыгым жакшы эле, сөз менен деле илип алам.


Кубат Кубанычбеков, «тамашоучу»:
– Кыздарды кайырмакка илүүдө бир курал менен чектелген болбойт. Ар кимге ар кандай кайырмак саласың. Мисалы, “чоң кыз, сиздин ата-энеңиз террорчу болсо керек, ээ?” десем, “эмнеге?” дейт. “Анткени сиз “бомба” экенсиз” деп тамашалап жатып торго түшүрүп алчумун.


Санжар Бердибеков, куудул:
– Түз эле барып “жаным, кандайсың?” деп сөзгө тартып кетчүмүн. Албетте, бардык кыздарды эмес, өзү биринчи мени карагандарын гана. Ал эми карабагандарынын маанайын байкап иш кылыш керек. Негизи тамашалуу кептер кайырмак болуп бере алат.

Уулбү Каныбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(46)
02.05.2012. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жазуусу эле пайдалуу кенеш болбосо ичи курулай боштук экен капырай...
02.05.2012. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фикап все такие фитна да
02.05.2012. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Super Info munun orduna kyzyktuu bawka nerse jazsanar bolmok!!!! Akyrky kundoru baary ele eptemei bolo bawtady go??? Chyndyk achuu bolot....betke aitkanym uchun kapa bolboisunar degen niettemin.
02.05.2012. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakwy da emes jaman da emes. Bir gana nerse kargany tuurap kaz ayalinan (je suygonunon) ajyrabasa boldu. Erkektin k. Buzulgany jaman
03.05.2012. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени антип кондуро албайт
04.05.2012. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuri15, сага сыйыртмак ыргытыш керек анда ат м-н чаап келип
03.05.2012. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мага бул тема таптакыр жакпады!!
03.05.2012. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
"КӨНБӨГӨН КЫЗ ЖОК, КӨНДҮРӨ АЛБАГАН ЭРКЕКТЕР БАР" деген соз ар бир эркектин дагы, кыздын дагы психологиясына чон таасир берет.Анткени бул макаланы чындыгында эле кенеш эмес эле "бузукулукка карай жол" деп атасак жакшы болчудай экен.Азыркы учурда копчулук адамдар гезитте жазылгандары окуп алышып ошондой болгулары келгендерди коп эле кездештирип журобуз.Муну окуган адамдын оюнда "эмне кылса да боло берет турбайбы, бул азыркы замандын талабы экен да корсо", деген
03.05.2012. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой калары айтпасак дагы белгилуу!
03.05.2012. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирок бул темадагы жазылгандардын баарын эле бузукулук деп айта бергенге болбойт.Арасында жакшы создору да бар экен. Алардын баары китептерде жазылган.
03.05.2012. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мумкун Эркин Сексенбаев мырза бул макаланы жазуу менен кыздардын намысына тийип, алданбагыла деген ою чыгар.
03.05.2012. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эээ эмне деген макала, бирок, жаман нерседен жакшы улгу алгыла деген максат болсо жакшы эле го
03.05.2012. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комментарийдин баарын окуп чыксам, баары эле Аппак, баары эле тап-таза Куноосу жок Периште болуп алыптыр кызы да баласы да. Куду эле силер жигиттер менен, а жигиттер кыздар менен таанышпагансып. Бул жашоодогу эле корунуш. Таанышыш керек , суйлошуш керек адам деген. Азаматсынар жазыш керек, айтыш керек, корсотуш керек баардык нерсени жаманбы, жакшыбы. А жыйынтыкты ар бир адам озу чыгарат. Жаман болсо ошончолук кылба ал нерсени, бирок просто билип кой ошондой Шумдук нерселер бар экенин:)
04.05.2012. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайырмак салып отургандакоро торсалга жакшыгодейим себеби менин досум кызды бир коруп эле эртеси алагачып кеткен.
04.05.2012. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыркы жашоодо адамдын озуно да караш керек, албетте акчасына да караш керек. А тема болсо жакшы экен, озуно ишенбеген эркектерге.
04.05.2012. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Улуу акын Пушкин жазган экен: "Чем меньше мы любим женщин, тем больше им нравимся",- деп. Так что, бул макаладагы фактылар асмандан алынган жок.
05.05.2012. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир гана сенин никелеш жубайынды эркелетип ширин соз суйлогонго акын бар. А корунгон айымдын башын айланта берсен зына болуп атпайбы "кыйындар" ал не дегенинер "шайтан" менен келишим тузуп алгандай кенири адамдарды бузукулука жетелейсинерго. Адам болгула.
05.05.2012. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okusa bolo turgan makala eken, ad bir Adam ozun cho jihintik jigaratta
05.05.2012. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми мага баары тушунуктуу. Азыркы замандын кыздарына боло берет деген соз экен да.
05.05.2012. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул таптакыр биздин динге, маданиятка туура келбеген кенеш.биздин кыздар конулуно топ келген эркек менен че попала жата бербейт.бул жиийркеничтуу нерсе.бул батыш жонундо..(((((
06.05.2012. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уят барбы озу
06.05.2012. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул абдан туура кенеш! Бизда мас болгондо, же орой турдо кыздарга тийишип таанышкыбыз келет.Туура менталитетке туура келбейт дейбиз, бирок жакшылап байкасанар, кээ бир учурларда кыздар менен таанышуунун маданияттуу жолу катары эле корунот го!?
06.05.2012. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
карасанар эркектер кыйын ээ
07.05.2012. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azyrky zamanda "iljuboj" bijke4ti(birok baary emes "kobun4osun")mashina,ak4a menen tartyp,men4iktep,sujdurup alyuuga bolup kalgan!Misaly:belek berip,kino j.b. ajtyp otursan kop.
Oz kozum menen korup ele jurbojmunbu.
20.05.2012. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Чон кыз таанышып албайлыбы"- деген соз, кыздар менен таанышууну билбеген эркектин созу. Ошол убакта кыз эмне менен алек жана ошол учурда анын багыты эмнеде? Ошол багытта кыздарга суроо беруу менен кыздын конулун озуно буруу. Калганы эркектин озунун жондомдуулугунон.
09.06.2012. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят
22.07.2012. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уят да ал нерсе
30.11.2012. 07:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздарым бир аазда болсо алдыга ынтылалычыыы...мынткен болбоойт тигинткен болбоойт деп эле тормоз боло бербей.
25.01.2013. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз кыргызды сууйууш керек


22.05.2016. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн негизгиси акча машина эмес, кызды сен тойдура албасан любой кыз кетип калат.
09.06.2016. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
xake95,Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо