АТКАРЫЛБАГАН АМАНАТ (сериал)

№496 4-май-10-май, 2012-ж.

(Башы өткөн сандарыбызда)

Күндөр өтүп жатты. Жаннаттын абалы жеңилдеген жок. Өзүн унуткан сымал, Жаныбек менен Тумардын ортолорун жакындатуу менен алек. Анан да акыркы күндөрү балдарына адамдын жашоосу, тагдыры, өмүрү менен өлүмү тууралуу түшүндүрө баштады.
– Адам алгач наристе болуп төрөлөт. Анан силердей болуп чоңоюп, бала бакчага барат, мектепке, жогорку окуу жайларга барып билим алат. Алган билими менен элине пайдасын тийгизип кызмат кылат. Силерге окшогон мотурайган уулдуу, кыздуу болушат. Артынан из калтырып, “эми менин калган жашоомду силер уланткыла, балдарым” деп өзү асманга учуп кетет.
– Кантип, канатым жок го менин?- деп Айжамал оң жак ийинин карап койду.
– Ар кимдин жашоосу ар кандай болот да. Бирөө көпкө чейин жашаганда гана канаты өсүп чыгат, кээ бирөөлөрдүн кичине кезинде эле канаты чыгып калат. Мисалы, жакында менин канатым өсөт. Ошондо мен катуу уктап калам да, канатымды каккылаган бойдон асманга учуп кетем.
– Мен дагы сиз менен чогуу учайынчы.
– Жок, кызым, сенин канатың кийин карып, айылдагы Жумагүл чоң энеңдей болгондо чыгат да.
– А Саматтыкычы?
– Саматтын канаты да кеч чыгат. Кошуна Назар атаны билесиңби, сакал-муруту аппак абышкачы? Ошондой болгондо.
– А сиз эмне, Жумагүл ападай болуп карыбайсызбы?- деп Самат да сөзгө аралаша кетти.
– Мен силерди аябай жакшы көрөм. Сен мектепке, Айжамал бала бакчага кеткенде силерди көрө албай сагынып кетип жатпаймынбы. А асманга учуп кетсем, силерге дайыма бийиктен көз салып турам. Эч кимге тийгизбей карайм. Ошон үчүн менин канатым эрте эле өсүп калса экен деп Кудайдан суранып жатам.
– Бир нерсе болсо, “апа-а” деп кыйкырсак учуп келесиз да, ээ?
– Ооба да, сен кыйкыра электе эле жетип келем, берекем менин. Бирок силерге көрүнбөйм.
– Эмнеге?
– Адамга канат өсүп чыкканда ал башкаларга көрүнбөй калат.
– А биз сизди сагынсакчы?
– Сагынсаңар, силер уктап жатканда түшүңөргө кирип турам. Түнкүсүн дайыма жаныңарда болуп, ачынып калсаңар үстүңөрдү жаап, корксоңор кучактап жаныңарда жатам. Бирок силерди ойгонуп кетпесин деп билинбей жүрөм.
Мына ушул сыяктуу диалог көпкө созулду. Канчалык тагдырга болгон өксүгү көкүрөгүнө толуп-ташып, үнү дирилдеп тамагын бууп сүйлөй албай калып жатса да, балдарына акырындык менен өлүм тууралуу түшүндүрө баштады. Алар да бала кыялы менен апасынын айткандарына ишенип, ал тургай асманга канат байлап учуп кеткенин элестетип жатышты. Айжамал ичинен сүйүнүп турду. Эненин жашоодо канчалык орду бар экендигин, асманга учкан адам кайрылбастыгын бечара бала туйган жок. Бирок Самат бул жомокко ишенүү керекпи же ишенбөө керекпи дегендей эки анжы болуп турду.
Эне-баланын ортосундагы мындай орчундуу сүйлөшүүлөр маалында Жаныбек сырттан кирип келди. Жаннаттын жүрөгү кырчылып, канчалык кыйналуу менен мындай сөздөрдү айтып отурганын көрүп туруп Жаныбек унчукпай коё алган жок. Өткөндө иштери боюнча Орусияга барганда ал жактын медицинасы менен, өзгөчө эмчек рагын айыктыруу жаатындагы жетишкендиктери менен таанышып кайткан эле. Ооруканалары бизде жок кымбат баалуу медициналык жабдыктар менен камсыздалгандыктан, ал жактан айыгып чыгуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк деген ойдо келген. Ал тургай дарыгерлер менен сүйлөшүп, Жаннатты ал жакка алып бармай болуп кайткан болчу. Азыр жубайына ошол жаңылыгын айтуу үчүн балдары менен кайрылып калган эле. Жаннаттын балдар менен өлүм туурасында сүйлөшкөнү ага жага берген жок. Сөз башталып калган соң тилин тиштеген бойдон акырына чейин чыдап турууга аргасыз болду. Самат менен Айжамалдан машинага чыга берүүсүн өтүндү да, алардын артынан эшик жабылары менен:
– Койчу, Жаннат, баятан бери унчукпай койсо, таптакыр эле катуу кеттиң. Баланын жүрөгүнө канжар сайып сүйлөп жатканыңды түшүнгөн жоксуңбу? Бул балдардын психикасы кандай болот кийин?
– Мунун эмнеси катуу кеткендик? Бир күнү эле “тарс” эттирип “апаң өлүп калды” деп айтмак белең? Балдардын ошондогу абалын ойлодуңбу? Азыртадан акырындык менен түшүнө бергендин зыяны жок. Ансыз да байкуштарымдын тагдыры татаал болору белгилүү.
– Сен эмне деп жатасың?! Акылың жайындабы? Эмнеге тагдыры татаал экен? Бул убактылуу түйшүк, биздин келечек жакшы болот.
– Ооба, жашооңор сонун болот. Бирок билип кой, менсиз, менсиз...
– Токтот, алдыгы сандырак кептериңди! Жакшылыкка кол сунуп, айыгууга үмүт артып, тырышып жашагандын ордуна таптакыр эле артка кетип баратасың. Сенин ооруң анчалык деле оор эмес. Өткөндө Орусияга барганда ал жактын адистеринен кеңеш алып келдим. Сүйлөшүп да койдум, буюрса, жакында сени алып барам.
– Жаныбек, ансыз да өмүрүмдүн көбү кетип, азы калыптыр, бөтөн жерге, балдарымдан алыс жакка барып өлгүм келбейт. Мен эч жакка барбайм.
– Барасың дедим, барасың. Болду! Мындан ары бул сөздү талкууга албайбыз.
Экөө талашып-тартышкан менен маселе бир жагына чечилген жок. Жаныбек “баары бир барасың” деген ойдо калды, Жаннат “барбайм” деген бойдон унчуккан жок. Катуу-катуу үн катып, бул ирет экөө бир аз айтыша кетишти. Телмиришип бир топко унчукпастан отурган соң Жаннат кайра Тумар туурасында кеп баштап калды.
– Жаныбек, Тумар биздикиндей тынчы жок жашоого көнгөн эмес. Анын үстүнө жок жерден эле чыга калып, анын мойнуна эки баланын түйшүгүн илип койдук. Маал-маалы менен ага көңүл буруп, ресторанга, концерттерге чакырып турсаң жакшы болмок.
– Жарайт,- деп бир гана сөз менен жооп берип, керебеттин четинде отурган бойдон башын мыкчып, оор үшкүрүп койду.
– Сен дагы көптөн бери эс алуу деген эмне экендигин унутуп койдуң.

(Уландысы кийинки сандарыбызда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
07.05.2012. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияга барып айыгып кетсе экен!
07.05.2012. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dagy kutmoi degi kenenirek jazgyla4y
07.05.2012. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super info silerde suranich koburok ele jazgilachi,dagi bir juma kutobuzbu
07.05.2012. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
козумо жаш келип кетти,неге адам ушундай туйушукторду дайыма коруш керек!?((((
07.05.2012. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a menin oyumcha Jannat ayigip ketip uy-buloosu menen birge bakytta jashayt,al emi Tumar bolso Ulan menen kalat!
07.05.2012. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
urmatovam, оозуна май
07.05.2012. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондой эле болсо кана, бул дуйнодо чымчыктын да уясы бузулбаса экен деп тилейм.
07.05.2012. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым бизди колдосун баардыгы оз ордуна келет деп ойлойм
08.05.2012. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jyrokty oorutkan chygarma eken go, Janattyn baldaryna tyshyndyryp bergenin karabaisynarby. Baikushtar dese.
08.05.2012. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыгып кетсе экен, балдарына боорум ооруп атат...
08.05.2012. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ииии супер инфо батырак анан кобурок жазгылачы сураныч, чыдамсыздык менен кутуп жатам
08.05.2012. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул чыгарма буткучо куудул талант айтмакчы аксакалдар окубай еле калат го я коп коптон жазыныздарчы сураныч))))
08.05.2012. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
urmatovam сиз ойлогондой эле болсокен,
09.05.2012. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okugan saiyn yilaim,aiygyp ketse tumar emne bolot.Birok Jannat aiygyp ketse jakwy bolmok
09.05.2012. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сериал жакшы кетип бара жатат. Болгону ушул санында окуя аз болуп калган, жанат менен жаныбектин диалогу менен бутуп калган. А так ыйлап окуп жатышат!
09.05.2012. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХАНЗАДА, сериалдын аз чыгып жатканына мен да капамын.
09.05.2012. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сураныч супер коп коптон эле жазып коюнуздарчы...менин оюмча аманаты аткарылбайт го,Тумар Улан менен калса керек...
10.05.2012. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супeр инфо эми жaзгaн силeр мынa жaннaт эжeни олтурбой элe элe aйыктырып жaкшынa бутургуло.окугaн aдaмдын журогун эзбeй
10.05.2012. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уф-ф жакшы эле бутсо экен
11.05.2012. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашоо адам баласына бир берилет. эч качан ал токтоп турбайт учкан куш сыяктуу зуулдап учат. Кээ бир кунубуз кайгылуу капалуу болсо артында кубаныч жатканын унутпайлы. ата-эне бизге берилген аска-зоо ал адамдар кайталангыс. аларды урматтоо,сыйлоо, барктоо, козунун кареги менен тен айлану биздин милдет анткени жоготуп алган сон эч качан артка кайтара албайбыз. ошондуктан козу барында сыйлайлы жана баалайлы
11.05.2012. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эххх окуп буткучо ооруп калам го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо