Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«СҮЙҮҮМ ЖЕ ҮЙ-БҮЛӨМ, КАЙСЫНЫСЫН ТАНДАЙМ?»

№496 4-май-10-май, 2012-ж.

Өзүмдү жаш деп айтсам, бул актангандык. Акылсыз дейин десем, чындыктан алысыраак болуп калат. Мен азыр киммин? Болгону, сүйүүдөн улам акылымдан айрылып калган аялмын... Мен актанбайм, ооба, туура эмес жолго түшүп алдым. Жолдошум, уулум бар, үй-бүлөдө менден башкасынын баары бактылуу. Өзүмдөн кичүү жигитке ашык болуп, сезимге акылымды алдырып, кыйналып турган кезим.

“КҮЙӨӨМДҮН ЖООШТУГУНАН ТАЖАДЫМ”
– Жашоо бир нукта кете берсе да кызыксыз болуп калат окшойт. Балким, мен жаңылышып жатам же өзүмдү акылсыз деп айтууга дитим барбай жатабы, түшүнбөдүм. Айтор, ушул күнгө келип башыма мындай оор абал түшпөптүр. Азыр миңдеген ойлор ичимди куйкалап, өрттөп жатат. Бир жагынан кыжалат болуп, бир жагынан ыза болуп, бугум ичиме батпай калды. Турмушка сүйлөшүп жүрүп чыккам, быйыл түтүн булатканыбызга жети жылдын жүзү болду. Ортобузда жакшынакай 4 жашар уулубуз бар. Бардыгы ар бир аялзаты кыялдангандай. Карегиң менен тең айланган күйөөң, каалаганыңды кылып, өтүгүңдү төргө илесиң. Бир нерсе жакпай калса, катуу кыйкырып, колуңдагы нерсени былчырата чаап салсаң да сен сүйүктүү аялсың. Мындай нерсени илгерки тасмалардан эле көрбөсөк, азыр чанда кездешет эмеспи. “Кара кыздын агынан эмес, багынан” деп жөн айтылбаса керек, чынында эле бешенеме жакшы күйөө, кайнене-кайната жазылыптыр. Кайненемдин үйүндө саат 11-12ге чейин уктасам деле көзүмдү карап, “алдыңа кетейин” деп турат. Кайын журтум да “Айгүл, Айгүл...” деп көңүлүмдү карашат. Мен баарына жагам, бир гана мага бул нерсенин баары канча жылдан бери жакпай келет. Жоош, көзүңдү караган эркектен да тажайт экенсиң. Өзүңдү алсыз аял сезбегенден кийин кызыксыз болуп калат экен. Балким, меники туура эместир, бирок кантсе да жаныңда күчтүү, сен ишене турган күйөөнү ар бир эле аялзат кааласа керек. Тилекке каршы, тиричиликте эркек чечүүчү маселенин баары менин моюнумда. Кээде туруп күйөөмдүн жооштугуна кыжырым кайнап кетет. Жети жылдан бери күйөөмдөн бир жаман сөз укпадым, кол көтөрүүнү айтпай эле коёюн. Жолдошум – идеалдуу десем болот, бирок мага чечкиндүү, керек болсо катаал эркек керек экенин түшүнүп жатам.

“ОТТОЙ ЖАЛЫНДАГАН СҮЙҮҮБҮ ЖЕ?..”
– Үстүбүздө үйүбүз, алдыбызда темир тулпарыбыз бар. Кудайга шүгүр, баары жетиштүү, элдин алды эмес, арты да эмеспиз. Күйөөм колунан келишинче акча тапканга аракеттенет. Былтыр ага “элдин баары эле Москвада жүрөт, мен да барып келем” десем, жөнөттү. Ал жакта 7 айдай иштедим. Жети айдын ичинде кандай гана кызыктуу күндөр өтпөдү.
Күндөрдүн биринде чогуу жашаган кыз-келиндер менен жумуштан кийин кафеге барып калдык. Жаныбызда 3-4 жигит шарактап шаңдуу отурушкан, көп өтпөй биздин столго келип компания түзүп калышты. Ошентип тааныштык.
Нурсейит менден төрт жаш кичүү болсо да, анын жанында өзүмдү алсыз сезчүмүн. Башында 2-3 күндө бир жолугушуп жүргөнбүз. Бара-бара күндө көрүшпөсөк уктай албай калчу болдук. Эки айдай бирге жүрдүк. Өзүмдү мектеп окуучусундай сезип алгам, ичимдеги сезимдерим бурганактап кайнап. Миңдеген чакырым алыстыкта үй-бүлөм тынчсызданып, куса болуп жатканын такыр эле унутуп койдум. Алоологон сезимдерди билдирип, көздөрүбүз тигиле караганда чагылгандай сүйүү оту чачырап жатты. Бирок Нурсейиттин аялы, бир баласы бар экенин билдим. Албетте, мен анын үй-бүлөсүн бузууну каалаган жокмун. Бирок ал “мен аны сүйбөйм, сүйгөн да эмесмин, ага ата-энем үйлөнтүп коюшкан. Эч кимди сүйгөн эмесмин, сен менин биринчи сүйүүмсүң, сени менен жашагым келет” деген кептерди айтты.
Ошентип, экөөбүз бирге жашай баштадык. Бара-бара мени катуу көзөмөлгө алып, баскан-турганымды сурап, кол көтөрүүнү да адатка айлантты. Билбейм неге, бирок баарына чыдадым, бул нерсе мага жат көрүнсө да жагып жаттыбы, түшүнүксүз. Нурсейит менен күйөөмдүн кыялдары карама-каршы, экөөнү салыштырып да болбойт. Мени сабап, бетиме көк калтырып, ур-токмокко алып жатса да көңүлүм калбайт. Балким, чыныгы сүйүү ушундайдыр, түшүнө албай жатам. Бир айдан кийин Нурсейит аялын, баласын Кыргызстанга кетирип жиберди. Мен андан кийин батына албай, өзүмдү күнөөлөп, бир жумадан кийин Кыргызстанга келе бердим.

“ТУҢГУЮК...”
– Арадан бир айдан ашык убакыт өттү, эмне кыларымды билбей башым катып жаткан кез. Тамагыман эч нерсе өтпөй, оюмдун баары эле келечегим. Нурсейит жанымды койбой күнү-түнү чалат, күйөөмдүн көздөрүн караганда жерге кирип кетким келет. Азыркы абалымдан эч бир туура чыкчу чечим көрбөй койдум. Күйөөмдү таштасам, мен сөзсүз өкүнөм, Нурсейит да мени сүйөрүн билем. Бирок ур-токмок, көк ала денемди көрүп жатып андан да тажап, өкүнүп каламбы деген шегим бар. Анын үстүнө Нурсейит жаш, эртең эмне болуп кетерин билбейм. Ал “бир жуманын ичинде келесиң” дегенинен “бүттү, тынчымды алба” десем, “10-апрелге чейин барам, күтө бер, күйөөңө каратып туруп сени көтөрүп чыгып кетем” деп айтты. Кечээ болсо «Бишкекке билет алдым» дейт, “келбе” десем, “сага жетпесем асынып өлөм” деп коркутуп жатат. Күнүгө күйөөм жумушка кеткенде экинчи симкамды салып, Нурсейиттин үнүнө мас болом. Экөөбүз бири-бирибизди сүйөбүз, бирок мен үй-бүлөмдү кантип кечем? Менин сүйүүм үй-бүлөнү кечүүгө татыйбы, күйөөм, уулум мени кечире алабы?.. Кудайдын каары тиеби деп да корком, эртең же бир жылдан кийин бармагымды тиштеп бүгүнкү кабыл алган чечимиме өкүнүп каламбы деп корком. Нурсейит экөөбүздүн мамилебизди апам билет, болгону, күйөөм менен балам бейкапар. Акылым күйөөмдү тандаса, сезимдерим Нурсейитти тандоодо, ортодо жанчылып бүттүм. Акыркы күндөрү өзүмдү ушунчалык жек көрүп, баарын кечип кетким келип жатат.

Айгүл


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 
Комментарийлер(120)
11.05.2012. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аялынын баласынын баркына жетпеген сенин баркына жетмек беле.кудай таалам сага жакшы жашоону белек кылса да которо албасан тозокко жакшы бар скатертью дорога.
11.05.2012. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жети олчоп, бир кес,бул жалган турмушта татыктуу жашоо ар бир адамдын максаты жана кыялы, жаман болуш бир паста, жакшы болуш аста аста деген накыл кептер бекеринен айтылбаса керек, ийгилик сага.
12.05.2012. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akyrky kundoru bizdin aialdar kuioosu bar turup bashkalar menen jatkandy adatka ailandyryp alyshty. A sizdin suiuunuzgo kelsek, al ubaktyluu ele. Elestetip kordunuz bele kuioonuzdun bashkalar menen bolgonun? Kuioonuz jurboitda, jurgondo kyzgangandan aitmaksyz "ozumun kuioomon koibosun" dep. Bekerinen aitpasa kerek "aialdy sabap turbasa shaitany semiret" dep
12.05.2012. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бир кем дуйно деген ушулда кээ бири ушундай бакытка жетпей журсо оз бактысынан чанган бул кандай акылсыз жан тушунбодум
12.05.2012. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялдарды кобуроок кызгантып башка кыздар менен суйлошсон ошондо жагасын, ал сени кызганып башкага конул койбойт. Анан эркектер тошокто озунорду кармап аялдын биринчи кумарга батышы керек, бул эн негизгиси!!!
12.05.2012. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Даа, бул ото кызык. Аялдын бузулганы жаман. Ат айланып казыгына келет деп кыргызда соз бар, бирок ал аялдарга тиешеси жок. Ынсапты аялдарга берсин....
12.05.2012. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saga okshogon kiyanattik kilgandardi ech kim kechire albayt ko.. Balkim sen bul kilgan kunoono bir kun bolboso bir kun joop beresin...Je oshol boydon soykulukka ketesin.
13.05.2012. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул чындыкпы же жон эле жомокпу ?
14.05.2012. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сага соз жок,чуркап барып эле дубалды сузуп алчы!
14.05.2012. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа, соз жок!!!
14.05.2012. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КОООООЙ ЭЖЕКЕСИ СЕНИ ТУШУНУП ТУРАМ КИМ ГАНА СУЙБОЙТ БУЛ ЖАШООДО бирок ото окунуп каласын кийин ал итке да мышыкка да кызганып уруп кыскасы озумду озум билем отугум торго илем деген жашоо жок болот ошо убакта кеч болуп артка жол жок болуп калат аны унутуш кыйынга турат албетте ал мн калган жашоону тозокко айланткыча балдарын мандайында бактылуу омур сур кеч болуп кала электе
14.05.2012. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз адамдар ушундайбыз да, колубузга карга чычса эле козубузду май басып калат. . . Нурсеит аялын таштап "опытный" болуп алды да, кайсы бир куну сизге окшогон аялды суйуп калышы толук мумкун, андай эркектен кудай сактасын бирок, эсинизге келиниз. . .
17.05.2012. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи бактын, алтын тактын деген. Ошол сынары биринчи бактын менен бол.Нурсейит сени жыргатпайт
17.05.2012. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аял затына эркектин строгий эле болгону жакшы|уй булосун башкара албаган эркек дуйнодогу эн алсыз жан д.ойлойм.озунуздон 4 жаш кичу баланы суйуп уй булоосун таштаган сиздей аял жок болсун
21.05.2012. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул эмне деген шумдук? куйоондун сыйын которо албаган, оз бактындын каякта экенин билбеген сокур экенсин. эркек ошондой жолго барса анын аялы кийин кечириши мумкун а сенин эрин укса кечирбейт го. кызынын ушундай жолдо жургонун билип туруп жолго салалбаган апана да баракелде.
суйууго балээ барбы баланы ойлобойсунбуу. мээн ачып айнып калыпсын.
ЭСИНЕ КЕЛКЕЧ БОЛР
23.05.2012. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай ырысы жок эмесин.куйоонду чансан да,баланды кантип чанасын.баланы алып кеткен кундо да,оз баласына мээрим чачпаган адам,силердин баланарга чачмак беле.бир суйуу м'н жашайм десен,жаныласын.сен ойлонуп артына кайрылам дегенде,кеч болуп калат.мен сага 100%гарантия берем.нурсейит м'н жашай албайсын.сен айтып жаткан суйуун анын суйуусу,баш кошконунарда,бат эле жоголот.андыктан эсине келсен,жакшы эле болмок.
06.06.2012. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгул сиз ото туура эмес кылыпсыз, бул менин жеке ойум: сиз кантип ушул жолго бардыныз жолдошунузду суйбосонузда уулунузду ойлосонуз болмок, мээримдуу апа болуштун ордуна башка жолдо адашып журосуз, уулунузду ойлосонуз Нурсейит менен кетпегениниз туура болотко.
09.06.2012. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baaryn ubakyt korgozot buiruk nike kaiyp degen bar erten emne bolboorubuzdu e4 kim bilbeit emespi jawoodo emneler gana bolboit men e4 nerse dei albaim
09.06.2012. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялдар биздин акылыбыз кем дегени чын екен озу
09.06.2012. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялдар биздин акылыбыз кем дегени чын екен озу
15.06.2012. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашоо бир келет жанылбаган адам мудурулбогон туяк болбойт так что кеч боло электе куйонузго жылуу мамиле жасап уй булонуздун тутунун булатыныз
15.07.2012. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да соз жок мал канага кирсен аркан бар калганын озун билесин нурсейитке кеткиченди ушул туура жол
29.09.2012. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
natu туура айтасын!!!! Семья это святое
05.11.2012. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жашоодо коп нерсени кечирсе,тушунсо болот.Бирок,башка бироону суйуп калдым деп баласынан кечкен эркекти дагы,аялды дагы эч кандай создор мн актаганга болбойт!Айгул жакшылап ойлонунуз,эгер Нурсейитти тандасаныз кийин окунуп каласыз!
14.06.2014. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул эже алтын балыктагы кемпирден да отуп кетиптирго ушунча жакшы нерселерге кооп атат экенсиз башка соз жок
03.04.2017. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кеч боло электе ойлонуш керек.Бактылуу жашап аткан уй-булоону таштап башка менен эч качан бактылуу болбойсун
18.03.2018. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жиндиго бул аял Сеникиндей куйону,кайын журтту канча адам мечтайт этип журот.Ойнош оттон ыстык калып кетсе б....н сассык.Эртен ойношун таштап кетсе куйодонда жок эч нерседен жок каласын.Чалбай койсон ал келем дебейт
18.03.2018. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары жетиштүү болсо, Москвага эмне издеп барыптыр, Нурсейит бир күнү өлтүрүп коюшу мүмкүн, талуу жерге уруп алып.
18.03.2018. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХХ ХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-19 09:26:04
20.03.2018. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мээни иштетиш керек.Кайдагы суйууго берилбей.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо