Кайрат Нуртас: «ЫРЧЫ БОЛОРУМА АТАМ ДА ИШЕНЧҮ ЭМЕС»

№496 4-май-10-май, 2012-ж.

1-майда Кайрат Нуртастын Спорт Ордосунда өткөн концертинде ырчыны бир көрүүгө ашык болгон кыздар арбын экенине ынандык. Сахна гүлгө толуп, кыздардын үнү залды дүң түшүрүп жатты. Ишенимдүү булактардан Кайраттын бир концерт үчүн гонорары миллион теңге экенин укканбыз. Бул жигиттин сахна артында анча-мынча "каприз" көрсөтөрүн да билебиз. Бирок ошолордун баарын ал сахнага чыкканда 100 пайызга жууп саларына күбө болдук. Бишкектеги концертинде Кайрат алган гонорарын 100 эмес, 150 пайызга актап кетти көрүнөт. Айтор, келген эл короткон акчасына ыраазы болуп кайтты. Биз болсо, үч сааттык концерттен соң чарчап бутунда араң турган Кайратты кепке тарттык.Аты-жөнү – Айдарбеков Кайрат Нуртас уулу

Туулган жери – Казакстандын Түркстан шаары
Туулган жылы – 1989-жыл, 25-февраль
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын улуусу
Бою – 175 см, салмагы – 59 кг
Ырынын саны – 90-100
Ыр жыйнагынын саны – 7
Хоббиси – Бильярд ойноо
Жактырган түсү – Ак, кара
Жашоодо баалаганы – Апасы
Кумири – Шакрукх Кхан
Кыздарда жактырганы – Калп айтпаган, ачык, жөнөкөй кыздар жагат

– Кайрат, кандайсың? Концерт сен күткөндөй болдубу?
– Мага аябай жакты, элден мынчалык колдоону күткөн эмесмин. Кыргыз элине келип отурганыма кубанычтамын жана ыраазымын. Негизи эле бүгүнкү кеч керемет өттү.

– Күйөрмандарыңа үй-бүлөң тууралуу кыскача баян этсең...
– Эки иним бар. Бирөө футболчу, экинчиси боксчу. Атам жеке ишкер, апам менин продюсерим.

– Бала чагыңдан эле ырчы болууну эңсечү белең?
– Кичинемден эки кыялым бар. Ырчы жана президент болуу. Ырчылыкка жеттим. Балким, келечекте президент да болуп калармын.

– Биринчи кыялыңа кантип жеттиң?
– Ырчы болуу оңой эмес, 10 жашымдан бери сахнадамын. Анда жаш болгондугумдан аракет кылып ыр жазсам да окшочу эмес. Кийин “Арманды” ырдап чыкканда гана атактуулукка жеттим.

– Атактын башаты “Арман” кандайча жаралып калган?
– Досум "атактуу ырчы болом" деген кыялымды билип “ырлары көп, барып көрсөң” деп бирөөлөргө жиберди. Барсам, алар өздөрү ырчы жигиттер экен. Көп ырларды ырдайт, бирок “Арманды” жактырышпай ырдабай жатышыптыр. Сурасам, авторуна кайрылышым керектигин айтышты. Ал кишинин да “сен жашсың. Сага кайдагы махабат ыры?” деп баласынтканына карабай сурай бердим. Жыйынтыгында ырды сатып алмай болдум. Атамдан акча сурасам, жини келип, аябай урушту. Ырчы болорума анда атамдын көзү жетпесе да мени кыя албай, “акыркы жолу жаздыр. Мындан кийин ырга акча бербейм” деди. Ошентип, ырды жаздырдык. Күндө жатарда “эл укса экен, ушул ырым хит болсо экен” деп тилей бердим. “Арман” бир айдын ичинде хит болуп кетти. Ошондо гана атам менин ырчы боло аларыма ишенди да, өзү да жардамдаша баштады.

– Ырчылык оңой-олтоң иш эмес экенин өзүң айтып өттүң. Кыйынчылыктар көп болгондур...
– Башында ырымды эл угабы деп сарсанаа болосуң. Материалдык жактан кыйынчылыктар болот. Мунун баарынан өттүм, азыр Казакстанда мени концертти эң көп койгон артист деп айтышат. Бир жылда 100-200 концерт берем. Мен эринбейм, чарчабайм, тажабайм, анткени ошол элдин батасы менен жашап жатам да. Ушул жерден бир мисал келтире кетейин. Жакында Казакстандан Кытайга кетип баратып жол кырсыгына кабылдым. Учакка кечигип калгандыктан, машина менен шашып бараткам. Бир маалда машинабыз алты ирет оодарылып кетти. Аман калдым, эч жерим сынган жок. Ушунун баары калктын батасынан улам деп ойлойм.

– Сахна сен үчүн?
– Сахна – менин жүрөгүм. Сахнаны сыйлаш керек.

– Алгач Кайрат Айдарбеков болуп сахнага аттангансың. Эмне себептен фамилияңды өзгөрттүң?
– Айдарбеков Кайрат деген узун, кулакка жагымсыз. Кайрат Нуртас дегенди кичинекей бала да бат эле жаттап калат. Нуртас – атамдын аты. Атам да өз кезегинде ырчы болгондуктан, анын аты өчпөсүн деп Нуртас аталып алгам.

– Азыр жаштар интернетте, социалдык сайттарда "жашашат". Сенчи?
– Интернет деген нерсе мага жакпайт, кирбейм. Ал адамды жакшылыкка алпарбайт. Түнү менен сүйлөшүп отура беришет. Бул өмүрдүн бекер өтүп жатканы да. Андан көрө башка пайдалуу иштер менен алек болушса...

– Дал ошол сен жаман көргөн интернет булактарындагы маалыматка таянсак, аялың, 3 балаң бар экен...
– Ал сыр. Аны айтпайм.

– “Саз алеми” сынагынан калыстар төмөн баа берсе да, элдин добушу менен утуп кетип, "Жылдын ыры" наамын алдың. Буга кандай комментарий бере аласың?
– Калыстар өз баасын берди. Калк сени сүйсө, калыстарга да карабайт. Негизи, ал жакта бир адам эки наамды алганы сынактын тарыхында болгон эмес. Мен “Эң мыкты ырчы мырза”, “Эң мыкты хит ыр” деген наамдарга татыдым.

– Гонорарың кандай? Бир концерттен канча акча табасың?
– Ар кандай болуп калат. Аны продюсерим билет. Бирок өзүм 6-7 миң доллар деп угуп калгам.

– Азыр атагың таш жарып турган маал. Концерттерге чакырышса, талабың катуубу?
– Мага суу менен күзгү болсо болду. Чачымды суулап туруп, күзгүгө каранып алып чыга берем.

– Жакында эле Семей шаарында пландалган концертиң болбой калып, күйөрмандарың плакаттарыңды өрттөп, сага нааразы болуп жатышты...
– Биз уюштуруучулар менен бир эле күн концерт болот деп келишкенбиз. Алар эки күн болот деп элди топтоп алышкан экен. Келишим башкача болгондон кийин мен кетип калгам. Ал эми телеканалдар учурдан пайдаланып өздөрүнө рейтинг жыйнаш үчүн мага атайылап эле кара пиар кылышты. Алар атайын элди топтоп, мага нааразычылык айттырышты, мен тим эле Саддам Хусейн болгонсуп.

– Жылдыз оорусу менен таанышсыңбы?
– Ашынган жылдыз эмесмин. Бирок кээде болот. Досторум чалып алып “жылдыз болуп кетипсиң. Чалбайсың, кабарлашпайсың” дешет. Ооба, мурда чалып турчумун. Анда го жумуштарым азыраак болчу. Азыр көбөйдү. Ырчылык кандай адамды болсо да өзгөртөт экен.

– Спортко ар бир эркек кызыкса керек...
– Он жыл мурда таэквандого баргам. Бул спорт түрү боюнча кара курдун ээсимин. Бирок азыр ыр менен гана алекмин.

– Маегиңе рахмат! Чыгармачылыгың өсө берсин!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


Кайрат Нуртас үч балалуубу?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(51)
07.05.2012. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn! Meninda suiuktuu akterum Shahrukh Khan!
07.05.2012. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аурмайды журек аурмайды деген ыры менен ооруп журом.Азаматсын ишинде ийгиликтер боло берсин
SUPER.KG видео
07.05.2012. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
концертке бардым
живой ырдаган жок фонограммага коштоп ырдап жатты
биздин кыздар жаккан жок тим эле айкырып кыйкырып секире калып жинди болушту го
Атабековчыгып реально живой ырдап кетти
а так молодец тердеп аябай берилип ырдап кетти
07.05.2012. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец!!!
SUPER.KG видео
07.05.2012. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да, я тоже была на этом концерте. Кайрат - артист с большой буквы! в нем есть все, что требуется для настоящего певца! вначале пел вживую- просто шикарный голос. из наших вживую пели Атабеков и "нон-стоп". Мирбек справился, а вот "нон-стоп" -не дотягивались до нот, путались, то ли забывали слова песни своей, вообщем облажались по полной программе((((
07.05.2012. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец онуго бер алга
SUPER.KG видео
08.05.2012. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен кайраттын баары ырын угуп буттум кызыксыз болуп калганында байкабай калыпмын баса жаны ыры чыкты жакшы чыгыптыр бирок
SUPER.KG видео
08.05.2012. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концерттин толук вариантын коргум келип атыррр :)))) Мумкунбу, ыя? :))))
08.05.2012. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй-булосун жашырганы жакпады... Бирок, таланттуу жигит...
08.05.2012. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оооо мага ар бир ыры жагат
SUPER.KG видео
08.05.2012. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да
кайрат
нуртас
азамат
08.05.2012. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул журналистика кыздын мурду менен суйлогону эч жакбайт ,бутуп калганбы же тушунбойсун.
08.05.2012. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кеп аппаратурада,ошондуктан мурду менен суйлогондой болуп жатат
SUPER.KG видео
09.05.2012. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат экен казах тууган
10.05.2012. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага аябай жаккан ырчы. Анын ар бир ыры мен учун ото маанилуу. Азаматсын Кайрат Нуртас. Алга!
10.05.2012. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар жылы Казахстандын ар шаарына барам бирок Кайраттын концерти мен барган учурда болойт. Ал жактагы концертин коргум келет. Кайраттын бардык ырларын апам экообуз жактырып угабыз. Азамат жигит иштерине ийгилик! Казахстандын атын чыгарып журо бер!
10.05.2012. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kayrat dagy kachan kelet eken?Ushunchalyk jakshy yrdayt eken.
SUPER.KG видео
11.05.2012. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super info. okurmandarynar u4un konerttin toluk versiyasyn kirgizip koiunuzdar4y suraman. aldyn ala 4ooooon rahmat.
SUPER.KG видео
12.05.2012. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kairat Nurtas men seni unatam seny koryp men jylap jatyrmyn juregym jylap jatyr aman bol endi ew kawan avaryaga uwurama
SUPER.KG видео
17.05.2012. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
концерт жакшы отту,мирбек атабеков жандуу ырдады,анысы го ладно нон стоп...иии эми аман эле болушсун фонограмманын кучу менен эле турушат эч ырдай албай коюшту,эхх качан керексиз,талантсыз ырчыларды жоёбуз а?!
18.05.2012. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ot duwi brat. birok munun janaky oorubait jurook nanan armanynan bawka yryn ukpaptymyn. vidimo tigil jakta kiyin neme okwoit.
19.05.2012. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик!!!!
SUPER.KG видео
27.05.2012. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо концертти толугу менен коро албызбы???
SUPER.KG видео
15.06.2012. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
on v reale jenat
23.06.2012. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага суу менен күзгү болсо болду. Чачымды суулап туруп, күзгүгө каранып алып чыга берем. he-heeee!
16.07.2012. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jumamidin не сага 5кг акияж кылыш керекпи
SUPER.KG видео
11.12.2012. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Viki,
Сизге эскертүү!
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек.
10.05.2015. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрат Нуртас Казактын эн папулярдуу ырчысы ушунун концертине бир кирсем. Жанында бир ирет баарлашсам арманым жок эле чиркин ай .
10.05.2015. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концеттин толук видеосун жуктогонсуздорбу супер инфо
10.05.2015. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунун концертине билет баасы Казакстандын озундо 7000ден жогору 30 000тенгеге чейин. Обаа уй булолуу аялынын аты Жулдыз озунун курсташ кызы менен баш кошкон. 3 балалуу туура айтат Супер инфо.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо