Лунара Мамытова, КТРКнын диктору: «ЖОЛДОШУМА БАШ КОШУУ СУНУШУН ӨЗҮМ КИРГИЗГЕМ»

№496 4-май-10-май, 2012-ж.

Кээ бир адамдардын "баланча диктордун жүзүн көрүү үчүн гана жаңылыктарды көрөм" дегенин угуп калам. "Ала-Тоонун" диктору Лунара Мамытованын да андай күйөрмандары аз эмес. Экрандын сулуу жүзү – Лунаранын жеке жашоосуна кызыксаңыз, анда бул маек сиз үчүн.

– Бизге бойдок кезиңде келип, маектешкен элең. Эми болсо ак жоолук салынып, атүгүл балаң чуркап да калыптыр.
– Турмушка чыккандан бери сиздердин редакциянын босогосун аттай элек экенмин. 3 жылдын жүзү болуп кетти окшойт. Бул убакыттын ичинде жашоомдо көп өзгөрүү болду. Турмушка чыгып, эне да болуп отурам. Уулум Эрхан жайында 2 жашка чыгат.

– Келиндик милдет кыйынга турган жокпу, тележылдыз үчүн?
– Жок, андай деле кыйынчылык жараткан жок. Мен 24 жашка чыкканда турмушка чыктым. Буга чейин жогорку билимдүү болдум. Иштегенге да жетиштим. Турмушка чыгууга моралдык жактан жакшы эле даяр болуп калгам. Алгач келин болуп барганда салт-санааларды сактоого аябай аракет кылчумун. Таң атпай туруп эшиктин алдын шыпырып дегендей. Жолдошум да “эмне эле болуп жатасың?” деп күлүп калчу. Жоолукту да көпкө башымдан түшүрбөй жүрдүм. Бир жолу тойго камынып жатсак, кайнатам “кызым, жоолугуңду алып эле, жакшынакай кылып чачыңды жасатып алчы” деп калды. Бирок андан кийин деле бир жылдай жоолук менен жүрдүм.

– Колуңа нике шакегин салган бактылуу мырза ким болду экен?
– Жолдошумдун аты – Урматбек. Теги Алайдан, бирок Ош шаарында чоңойгон. Кесиби экономист болгону менен, учурда ички иштер кызматында эмгектенет. Алыс кетпей эле өзүм жакка турмушка чыктым. Тоюбуз да Ошто болду. Кыргызда тойдун бардык даярдыктарын жигит тарап алат эмеспи. А мен башынан аягына чейин пландашууга кийлигиштим. Мисалы, кандай ырчы, бийчи болуш керек дегенге чейин өз тандоомду коштум. Себеби тойдун көркү аларда эмеспи. Анан да бир гана жолу турмушка аттанган соң ал той унутулгус болуп эсте калыш керек.

– Турмуш куруу жөнүндө чечим чыгаруу деле оңой-олтоң иштерден эмес. Жолдошуң Урматбекти кандай сындан өткөздүң?
– Чынын айтканда, башында экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө Урматбекке турмушка чыгам деп ойлогон деле эмесмин. Буюрган нерседен бурула албайт экенсиң. Көпчүлүк айымдар идеалдуу эркек деп ичпеген, чекпеген, жалкоо эмес, ишин так билген жана катынпоз эмес мырзаларды айтышат. Бул беш сапат тең менин жолдошумда бар. Бирок бул да эң негизги себептерден болгон жок. Жан дүйнөмдөгү бир күчтүү тартылуу түрткү болду.

– Анан “баш кошолу” деген сөздү укканда дароо эле макул болдуңбу?
– Урмат менен 7 жыл сүйлөштүм. Мага биринчи жолу сунуш киргизгенде ак же көк деген эмесмин. Андан кийин бир нече ирет айтты. Мен дос катары эле калалы деп макул болбой жүргөм. Кийин өзүм чалып, “мурдагы айткан сурооңду кайталасаң” десем, ал ойлонуп калып, “кайсы суроомду?” дейт. “Баягы сурооңдучу...” деп дагы кайталаганда анан эсине келе түштү окшойт, шашыла “мага турмушка чыгасыңбы?” деди. "Ооба" дедим. Сунушту ошентип телефон аркылуу өзүм киргизгем.

– Жолдошуң бир топ эле кызганчаак болсо керек?
– Кызганыч биздин үй-бүлөдө деле бар. Жолдошум “кайдасың, кайда жүрөсүң?” деген суроолору менен көзөмөлдөп турат. Мен да өзүм бир жакка чыгып калсам, сөзсүз айтам. Өз эрким менен бойдок кездегидей болуп кечелерге бара албайм. Жолдошумдан уруксат алам. Жок десе жок, бар десе бар. Менин деле андан кем калбай “кайда барасың, кайдасың?” деп сурап турмайым бар.

– Учурда иштеп да, бала багып да жетишип жатасың...
– Ооба, башында эле айтчумун, эгерде жолдошу туура түшүнүп колдоо көрсөтсө, айымдар үйдө эле отура бербей, бала багууга да, иштегенге да жетишсе болот деп. Толук бир жыл бала менен үйдө отурдум. Ошол мезгилде жумушту сагынып, бук болуп жүрдүм. Негизи, мен үйдө отурчу аялдардан эмесмин. Убактымды туура колдонууга аракет кылам. Азыр баланы тарбиялаганга, жумушту өз убагында бүтүрүүгө да жетишип жүрөм. Баламды мен жумушка кеткенде сиңдим карап берип жатат.

– Эне болуу көп кыял-жоруктарыңды өзгөрткөндүр?
– Ооба, көп эле кыял-жоруктарым өзгөрдү. Мурда өжөр, текебер элем, бир адамга капа болсом, көгөрүп жүрө берчүмүн. Азыр кайсы бир жерден кечиримдүү болуп, жашоого жөнөкөй көз караш менен карап калдым.

– Кайын журтка той-топурда кызмат кылып калганда абысындар менен тең тайлаша эле оокат кыласыңбы же тележылдыз статусуң жеңилдик береби?
– Азыр андай нерселерге туш боло элекмин. Себеби үйдө улуу келинмин. Бир абысыным бар. Кайним бизден эрте үйлөнгөн экен, Орусиянын жарандыгын алып, бир топ жылдан бери ошол жакта турушат. Кез-кезде эле жолугабыз.

– Эфир жаштыкты талап кылат эмеспи. Сен көгүлтүр экранда канча убакыт кармалып турам дей аласың?
– Мен кесибим боюнча тарыхчы жана юристмин. Жакында эле юристтик кесипке сунуш түштү. Бирок азырынча бара албастыгымды айттым. Ооба, эфир жаш, сулуу жүздү сүйөт. Өзүмө кам көрүп, 50 жашта деле өзүн караган, келбетин сактаган айымдардан болом дейм. Ким билет, балким, 50-60 жашка чейин деле иштешим мүмкүн.

– Кайсы бир учурда телеканал алмаштырышың мүмкүнбү?
– Билбейм эми... Бир жерди аттап, экинчи жакка кетүү үчүн олуттуу бир себеп болуш керек го. “Дарак бир жерден көгөрөт” деген принципти катуу кармайм. Бирок профессионал адис 3 жылдан ашык бир кызматта отура берсе, деградацияга алып келиши мүмкүн. Андыктан жеке өнүгүүнүн жолдорун таап турам.

– Алган маянаң өзүңдү канааттандырабы?
– Ха-ха. Кыргызстанда “өзүңдүн маянаң сени канааттандырабы?” дегенде 99 пайызы “жок” деп жооп берсе керек. Ошол көпчүлүккө мен да кирем. Маянасы көп деп бул жумушка келген эмесмин, ишимдин фанаты катары иштеп келем. Кээде маянамдын чыпчыргасын коротпой бир костюм алган учурлар болгон.

– Сени спортко жакын айым катары билем. Спорттон алыстай элексиңби?
– Убагында бийдин көп түрлөрүн үйрөндүм. Алгач элдик бийлерден баштагам, кийин латын бийлерине кызыгып, сабак алып да жүрдүм. Өзүнөн-өзү эле кызыгуу жаралып, улам бир бийди үйрөнө бердим. Бийден сабак бергенге да жетиштим. Учурда үйдөн эле ар кандай көнүгүүлөрдү жасап турам.

– Балалык уя, ата-энең тууралуу айта кетсең...
– Атам Улукбек Мамытовдун жолун жолдодум. Ал кишинин өтүп кеткенине 5 жыл болду. Акын, журналист, сценарист, котормочу, кыскасы, мен үчүн атам өзүнчө эле энциклопедия эле. Апама караганда атама көбүрөөк жакын элем. Апам кесиби боюнча дарыгер жана мугалим болчу, бирок учурда жеке бизнеси менен алек. 5 бир тууганбыз: 4 кыз, 1 уул.

– Маегиңе чоң рахмат, аман бол.

  Бахияна Сатылганова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(16)
07.05.2012. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мурда оло мактанчаак, бой которгон болчу.Азыр кадыресе тапталып калыптыр.Турмуш деген баардыгын тарбиялайт экен го!
08.05.2012. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsin!
08.05.2012. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а мусор на лице в виде веснушек чем замазывает? или это фотошоп?..
11.05.2012. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janet,сен адамдарды коро албай журуп отосунго, биринчи озундун бетине коз жугуртчу бай болгур!!!!!!!!!!
14.05.2012. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gumaw, у меня нет такого мусора))) вообще-то к косметологу нужно ходить или пользоваться качественным тональником
08.05.2012. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жааш эле кыз экенда мен ойлопмун 30дан ашкан экен деп
08.05.2012. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун молодец, ийгилик сага.
08.05.2012. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat iygilik iwinizge
09.05.2012. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakwi diktor siylaym iygilik
09.05.2012. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aynura tuura ele bolot 24 do turmuwka 4uksa 3 jul ottu 30ga jakundap ele kalduu.birok maga ditor adam kataru jagat emgegin baalaym
10.05.2012. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызымдын чырайлуу кызы... Мага жагат.
11.05.2012. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурдун кертип, кесип салгандай ото чолок мурун корунот да..?
12.05.2012. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйбулолук бакыт каалайм,талыкпай эмгегиди элине арнай бер!
15.05.2012. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын лунар кыз!
оозуна алы жетпегендердин созуно маани бербе. сулуулугуна жаштыгына чиренип чиновниктин куурчагы болбой убагында тенинди таап очогунду кызытып алганындын озу чоон жетишкендик бактылуу бол жана иштерине ийгилик!
21.05.2012. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
строить из себя..... высокомерная хвастушка..
07.06.2012. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызымдын жарашыктуу диктору. Мен сизди сыйлап, аябай суктануу менен эфиринизди ар дайым калтырбай корууго аракет кылам. Бир сунуш эгер окуп калсаныз жакшы болот эле Мен уйлонсом окул апа болунузчу суранам?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо