Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бактыгүл Бадыева: «ЭГЕР КЫЗЫМ БОЛСО, ЖАНЫМДА ЖАШАМАК»

№497 11-май-17-май, 2012-ж.

Кыргыз шоу-бизнесинде талкуу жаратуу жана артынан ушак ээрчитүү жагынан «рекорд» койгон сулуу Бактыгүл Бадыева кеңсебизге келип, окурмандарыбыз менен түз байланышта болду. Кечигип келген ырчыга кирери менен суроолор жабылды. Көпчүлүгү ага каалоо-тилек айткандар жана жеке суроо менен кайрылгандар болду.

Айдана, Бишкек:
– Сиздин кызыңыз бар, азыр ал чет мамлекетте жашайт деп угабыз. Ошол чынбы?
-Жок, туура эмес маалымат алыптырсыз. Эгер кызым болсо, азыр жанымда мени менен жашамак да.

– Эмнеге сиз жөнүндө көп ушак тарайт?
-Эгер азыркы күндөгүдөй Бактыгүл болбосом, анда эч ким мен жөнүндө айтмак эмес. Мен ийгиликтүү, эл көзүнө көрүнгөн адам экенмин, ошондуктан мен жөнүндө кеп козгоп жатышат.

Асема, Бишкек:
– Кандай үй-бүлөдө чоңойгонсуз? Акчасы, машинасы жок өзүңүздү элестете аласызбы?
-Баарыбыз эле асмандан түшүп машина, үйлүү болуп калган эмеспиз да. Атам бар учурда өтө эле жакшы турганбыз, андан кийин деле кийимибиз бүтүн, курсагыбыз ток болуп чоңойдук. Мен үчүн, негизги байлык, аманчылык, ден соолук. Машина, үйүм жок болсо деле өлбөйм, жашап кете алам.

– Неля эже менен мамилеңиз барбы? Азыр Урмат байке менен сүйлөшүп турасызбы?
-Алар сахналаштарым болгондуктан, көрүшкөн жерден учурашып турабыз, мамилебиз жакшы, саламыбыз түз.

Назгүл, Балыкчы:
– Качан турмушка чыгайын деп жатасың? Жогорку жакта иштегендер менен да жүрөт деп угам, ошол чынбы?
-Кудай билет, качан турмушка чыгарымды. Көп жылдан бери жүрөгүм бош эмес. Жогорку жактагылар менен сүйлөшөт десе жакшы, эң негизгиси, ылдыйкы адамдар менен сүйлөштү деп жабыштырышпаса эле болду.

Бермет, Бишкек:
– Кайрымдуулук иштерине кандай карайсыз?
-Чыгармачыл жолго кадам таштагандан баштап, кайрымдуулук иштери менен алек болуп жүрөм. 2009-жылы жеке концерт бергенимде да карылар жана балдар үйүндөгүлөрдү өзүм автобус менен алып келип, белектерди өз колум менен бергем.

БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА WWW.SUPER.KG САЙТЫБЫЗДЫН КОЛДОНУУЧУЛАРЫ КАЛТЫРГАН СУРООЛОРГО ДА ЖООП БЕРДИ.

Emaela:
– Турмушка чыкты, төрөдү деп да угабыз. Бул кептин канчалык чындыгы бар?
-Турмушка чыга элекмин. Учурда сүйгөнүм бар, аны менен келечектеги жакшылык күндөрдү бирге пландап жатабыз. Буюрган күнү той да болот. Жашоодо, менин оюмча, негизгиси, паспортко басылган мөөр эмес. Эң негизгиси, сүйүү, бири-бирин түшүнүү. Паспортуна штамп бастырып алып, эки жыл жашап-жашабай ажырашып деле кетип жатышпайбы. Жигитимди мен мага берилген белек катары кабыл алам. Ошого ыраазымын.

zhyldyzbek88:
– Болочок жолдошуң сахнадан кет десе кетет белең?
-Жолдошум кет десе кетип деле калам, анткени мен үчүн үй-бүлө кымбат. Бирок жигитим антпейт. Ал чыгармачылыкты түшүнгөн, мени колдоп турган адам.

nurbaKG:
– "Токмокто мектепте окуп жүргөн кезинде базарда соода кылчу" дешет сени, ушул чынбы?
-Кичинекей кезден тартып эле эмгектенип жүргөм. Таңкы саат 4тө Бишкекке келип жемиштерди жүктөп, 8ге чейин Токмоктун базарына өткөрүп, 8де сабакка барчумун. Сабактан келип тамак жасап, апамды тосуп алчумун. 4-класста тамак жасап, 13 жашта лагман чоюп, манты түйүп калгам.
Биз төрт бир тууганбыз, апам төртөөбүздү тең жалгыз бакты. Улуу эжелерим окууга тапшырып, апама жалгыз кыйын болгон. Ошондуктан мен каралашчумун. Башымдан ошондой нерселерди өткөрбөсөм, азыркы деңгээлге жетет белем?

Adikalon:
– Бизнес чөйрөсүндө иштеген оорбу же ырчылык кесиптеби? Таразалап көрдүңүзбү?
-Экөө тең өтө кыйын. Оңой жумуш жок, оңоюнан акча табылбайт. Бирок жүрөгүңө жакын нерсе болсо, бирдей алып кеткенге аракет кыласың.

beka123:
– Мен инимди бала бакчага алып барган жерге сиз да бир баланы алып барасыз, сизди көп көрөм. Ал ким, балаңызбы же иниңизби?
-Үйдүн кенжеси болгондуктан, ушул күнгө чейин бир да жолу бала бакчага бара элекмин. Адашып башка бирөөнү көрүп алсаңыз керек.

Aleesia:
– Сүйгөнүңүз башкага үйлөнүп алса бакыт каалайсызбы же бактысыздыктыбы?
-Мен душманыма да бир гана жакшылыкты каалайм. Ушул күнгө чейин эч кимге жамандык кыла элекмин. Эгер бир нерсе болбой калса, ага капа болбош керек. Бир эшик жабылса, экинчи эшик чоң ачылар, балким.

borsok2:
– Сизди кримчөйрөдөгү Камчы Көлбаев менен жакын байланышта деп уккам. Жигитим бар деп жүрөсүз, ал Көлбаевби?
-Мамилем жок аны менен. Жигитим башка адам.

кaitpas:
– Сени саясатчылардан кимдир бирөө колдойт деп уккам, эгер сыр болбосо, ал ким?
-Саясатчылардан ушул кезге чейин мени эч ким колдогон эмес, колдобойт, келечекте да колдобойт деп ишенем.

tatakozy:
– Сүйгөн жигитиң "досуң жакпайт, достошпо" десе кантесиң?
-Эгер илгери досчулукту танда десе, мен досту тандамакмын. Кандай достор бар экенин көрүп деле калбадымбы, начар досторду көрдүм. Азыр сүйүүнү тандайм.

jazim:
– Адахан Мадумаров менен мамилеңиздер кандай?
-Чынын айтайын, биз тааныш эмеспиз. "Мен Бактыгүл" деп кол кармашып тааныша элекпиз. Бири-бирибизге бет келген да эмеспиз.

jakusya:
– Ушактардан тажаган жоксузбу?
-"Ит үрө берет, кербен жүрө берет" дегендей, эл сүйлөй берет, мен алдыга карай жүрө берем. Өзүңөр деле айтсаңар, неге менден башка ырчыларды сөз кылбайт. Анткени алар менчелик популярдуу эмес. Исламда айтылат го, "канчалык сени сөз кылышса, күнөөң кечирилет" деп. Мени сөз кыла беришсин, мен тазалана берем.

Барби:
– Сенин бой көтөргөнүң жакпайт мага!..
-Адамды билмейинче, сыртынан бой көтөргөндөй сезилиши мүмкүн. Мени менен сүйлөшүп көргөндөн кийин гана билет, кандай адам экенимди. Бой көтөргөнгө бой көтөрөм, жөнөкөйлөргө жөнөкөй мамиле кылам. Мендей жөнөкөй ырчылар аз эле болсо керек шоу-бизнесте :).

– Жиниңди кантип таратасың? Мүмкүн, тамеки тартып, клубга барып...
-Клубга барып тамеки тарткандан жиниң тарабайт. Ким жиниме тийсе, жинимди ошол адамдан чыгарам.

Lovely:
– Кайсы гезит бетин ачпайын, сиз жөнүндө эмне жаңылык окубайын, ар убак "менин жигитим, менин сүйүктүүм" эле деп жүргөнүңүздү байкайм. Ар дайым эле жигитиңизди кыпчый бериштин зарылчылыгы чоңбу?
-Мен жөн эле отуруп алып жигитим мындай, тигиндей дебей элемин да. Жигитим тууралуу элге кызык болуп сурап жатышат, мен жооп берип жатам.

hukker777:
– Күткөндү жакшы көрөсүзбү же күттүргөндүбү?
-Чынын айтсам, экөөнү тең жаман көрөм. Бирок кээде шарт ошондой болуп, бүгүнкүдөй күттүрүп калган учурлар болуп калат.

Асылжан:
– Плагиат дегенге кандай көз караштасыз? Кийим кийүү, ырдоо стилинде бирөөлөрдүкүн туурап көрдүңүз беле?
-Эгер ыр жагып калса, ырдагандын эмнеси жаман? Азыр бир кытайча ыр жагып жатат, ошону кыргызчаласамбы деп жүрөм. Биз эле эмес, бүт баары, казак, өзбек, орус болобу, плагиат кылып которуп эле жүрүшөт. А бирок ушул кезге чейин бирөөнү туурап ырдап, кийине элекмин.

"СУПЕР-ИНФОДОН" СУРООЛОР

– Жашоодон алынган ырларың барбы?
-«Кайгырбаймын», «Жашоо жалган», «Жүрөк тагы», «Прости», «Кетчи эми» – мунун баары турмуштан алынган ырлар. «Жалгызым» деген ырымдын кайырмасын өзүм жазгам, азыркы жигитиме арнап.

– Чыгармачылык сен үчүн...
-Чыгармачылык оору дагы, дары дагы десем болот. Кайгырганда да, кубанганда да ырдагың келет. 8 жыл сахнада болдум, ал убакыт 8 күн эмес, 8 жума эмес. Ошонун арасында көп нерсени көрдүм. Ырчылык стабилдүү эмес, той, кече болбосо бизде акча жок. Эл катары ток жүргүң келет да. Ошондуктан бизнес керек, жеке жашоону алып кетиш керек. Баарын чыгармачылык үчүн курмандыкка чала албайм.

– Популярдуу болуш кыйынбы?
-Популярдуулуктун жакшы жана жаман жагы да бар. Жаман жагы, эркиндик азыраак болуп, кенен баса албай каласың. Бирок ошол эле учурда пайдалуу жагы өтө эле көп.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Бактыгүл Бадыева: "Кызым болсо өзүм менен жашамак" (1-бөлүк)

Бактыгүл Бадыева: "Кызым болсо өзүм менен жашамак" (2-бөлүк)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(323)
SUPER.KG видео
25.06.2012. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
бактыгул саламатсызбы биз сизди аябай жакшы коробуз ырыныздыда озунуздуда жактырабыз турмушка чыккансызбы?
SUPER.KG видео
01.07.2012. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ужас, нет ни манеры общения с людьми, ни этики поведения, как она себе ведет, как она себя показывает просто ужас! Ей срочно нужно посетить курсы этики, и как себя нужно вести в эфире! Ведет себя как уличная девушка, просто ужас! Разочарована в ней!
01.07.2012. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгуль ушакка конул бурба,жашырган нерселериндин себеби бар да,ар бир адам жанылмайынча турмушту тушунбойт,мен ойлойм мындан аркы омурунду катасыз откоросун,кудайым дайым сени менен болсун...
SUPER.KG видео
13.07.2012. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Бакуля эн негизкиси журогун таза экен ит уро берет кербен журо берет эл суйлой берет Бактыгул ойуна алба буйруса баары жакшы болот эмнеси болсо да чыгармачылыгына ийгилик эмнеси болсо да Бакуля элдин сынына сынбай мындан аары да оркундой бер азаматсын Бакуля мен сени аябай жакшы тушундум азамат ийгилик сага аман бол бар бол
13.07.2012. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озгочо менен асел8680 силерге кошулам. кыргыз болсон озун айткандай успешная элге корунуктуу адам болсон элементарный эле тилинди ондосон. же орусча же кыргызча суйло. орусча суйлогондон такалып чалынып кетесин го? элдин алдына чыгып алып чала молдо дин бузат болуп тантырактайсын да МЕН эле МЕН деп. Жерге туш!
SUPER.KG видео
19.07.2012. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен мындайды куткон эмесмин, коргон козумо,уккан кулагыма ишене албай олтурам. Кадимкидей эле"базарная баба"го. сахнадагы образы менен жонокой турмуштагы озун алып жургону асман менен жердей турбайбы корсо. Эн биринчи, оз эне тилин уйронуп анан орусчаны тыныраак суйлогонду уйронсунчу, ошондой эле аялзатка таандык касиети такыр жок экен.
SUPER.KG видео
17.08.2012. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бакуляны мындай элестеткен эмесмин, "ордоктун козу колдо болсо да, озу чолдо" дегендей, жылыдз адамдары мындай болбойт !!! менин жеке баам [2].
SUPER.KG видео
31.08.2012. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аман есен еле болчу
SUPER.KG видео
21.09.2012. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
сулуулугунда кеп жок бирок кырныз тилинде так суйлосо болмок.Эне тилибиздин ушунтип маскара болуп жатканына куйуп кетем.
13.10.2012. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daaaaaaa
SUPER.KG видео
29.10.2012. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хулиганкадай журуптур го.
Оштон Бишкекке шоу бизнеске аралашкан бир кыз менен чогуу келип калгам, ошондо ал кыз айткан Адахандан бир кызы бар,кызы апасынын колунда деп.
Жалганды коп суйлогон кыз экен.
SUPER.KG видео
31.10.2012. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакуля
Ты моя радость и солнышко красное,
Теплой весны и любви ветерок!
Самая нежная, хрупкая, ясная,
Ты Афродиты прекрасный цветок!
SUPER.KG видео
17.12.2012. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maisi1919,
Кимдир бирөөнүн дарегине айтылган негизсиз күнөөлөөлөргө,анын кадыр - баркына терс таасирин тийгизген (шек келтирген) билдирүүлөрдү жазууга жол берилбейт!
SUPER.KG видео
04.01.2013. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ушунча коментарийлерден кийин комент жазуунун деле кереги жок го дейм.Чынында сени башкача элестетчуумун, корсо ...... экенсин!!!
SUPER.KG видео
29.03.2013. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урушчаак аялдар Бактыгулдун жанында эс алышат го.
SUPER.KG видео
23.05.2013. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozu aytkanday kozu achilip kaliptir..antkeni murun wou biznesste kanday jurup kanday mamile kiliw kerek ekendigin bilchu emes ...al emi azir mindaycha aytkanda kariwkir bolup kali[tir bul dele jakwi eldin astinda tebelenip jurgondon koro birdey bolup je aldida boluw kerek dep oyloym....emi oruscha suylogonuno nege mincha asildinar?siler dele suyloysunor da je jalganbi?jakwi maek boluptur!
SUPER.KG видео
23.05.2013. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ужааааааааааааааас...Бул видеону очуруп салгыла сураныч,а так я тоже билемин на русском суйлогонду..ххахахахааа...Жаль что кытай тилин кошуп не разговариваю...Уят!!!Когда нибудь,качандыр бир уят болдун уже))) Пакуля хахахаха
SUPER.KG видео
16.07.2013. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ujaaas....etika estetika jok, suilogon sozdorunun biri birine bailanyshy jok! oturganyn karasanar, men jonokoi adam antip ozumdu alyp jurboim. koldorun jansap suilogonu kantip bolsun ekranda? maga murda aitkanda ishenchi emesmin ne gramotnaya degende, chyn eken. oruscha bilbeit, anan koshup koigonuchu. ech kim aitkan emes go aga akcenttin ayabai bilinet suilobo dep. klipteri, yrlary jakshy bolchu, azyr korgum da kelbei kaldy. janyndagy kyzdyn tyrmagynyn uchuna da ten kelbeit. uyat!!!
Модератор admin_media түзөттү 16.07.2013 12:23
SUPER.KG видео
16.07.2013. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jigiti da ozuno okshosh bolush kerek, ne gramotnyi. bashkacha balany elestete da albaim. antkeni baldardyn da bashy bar da, ata -ene, tuugan degen bar, kantip taanyshtyrat? jyldyz emes bazarda ishtegen adamdar intervunu jakshyraak berishet. ozun ozu ozgertposo ech kim jardam bere albait. emi ushul jakty kyzygyp karap korot boldu beken.
SUPER.KG видео
20.07.2013. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бактыгул эже чыгармачылык ийгилик сиз аябай сулуусуз бирок орусча кошпой суйлосонуз жакшы болмок бактылуу болунуз иттер уроберет кербен журоберет коро албагандар ушактайберет ийгилик сизге
SUPER.KG видео
17.10.2013. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мурда сонун елен азыр емне болгонсун киргиз болуп калгансынбы билбейм
SUPER.KG видео
10.12.2013. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
peri05,
Кимдир-бирөөнүн дарегине далили жок билдирүү жазуудан оолак болуңуз! Эскертүү!
SUPER.KG видео
19.01.2014. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kim emne dese desin Baktygul eje koldorunan kelse sizdey bolushsun eptey alyshsa etika jokbu barby andaylar suylono beret sizdin ishinizge,chygarmachylygynyzga iygilik densooluka bolunuz bar jana bay bolunuz
SUPER.KG видео
03.02.2014. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн сонун чындыгында аябай сулуу айым.
SUPER.KG видео
14.03.2014. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Манкаят го чиркин сулуу кыз, сулуулукту Кудай Таалам ченебей берген, анан да фигура жакка да кичинеее конул болсон деген илгери умут...
SUPER.KG видео
14.03.2014. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман гооооооопсунго акмак
27.06.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
завидуйте молча
Медиа-портал
03.04.2015. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул видеону коруп аябай тан калдым.Бадыеваны ойлогом назик,орду менен суйлогон кыз экен деп.ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-03 11:33:10
Медиа-портал
03.04.2015. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
burulsun33,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү мазактап, кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
Медиа-портал
18.04.2015. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгул жакпады создору поведениясы томон!
SUPER.KG видео
04.06.2015. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орус класты бутконго бул.кантип акцент менен суйлосун
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо