ЛӨЛҮЛӨР ӨЗ ҮРП-АДАТТАРЫНАН НАМЫСТАНЫШАТ

№497 11-май-17-май, 2012-ж.

Ош шаарынын четиндеги Жаңы-Кыштак айылында лөлүлөр жашайт. Алар бул жерге качан, кантип келип калгандыгы туурасында так маалымат жок. Ушул себептенби, айтор, булардын ата-теги, маданияты, жашоо-шарттары туурасында жийиркеничтүү уламыштар айтылып келет. Андай уламыштардын чын-төгүнүн билүү үчүн биз лөлүлөр айылына барып кайттык.

ЛӨЛҮЛӨР КАЙДАН ТАРАГАН?
Перс элинде Ло, Ли деген бир тууган ага-карындаш бири-бирин сүйүп калышып, жашыруун баш кошуп, эл арасынан качып кеткени тууралуу кептер айтылат. Бир туугандардын канынан жаралган балдардын аң-сезими тайкы болуп, тамак табыш үчүн кап көтөрүп кайырчылык кылып, ар жерге көчүп-конуп күн өткөрүп калышкан. Ошентип, Ло, Линин атынан улам лөлү аталып калган дешет.
Ал эми лөлүлөрдүн аксакалдарынын айткан маалыматында, алардын түпкү теги VI кылымдарда Индиянын карамагындагы Молтон шаарында жашаган арий уруусуна барып такалат. Лөлүлөр музыкага шыктуу келип, шайыр болгондуктан, Пакистандын падышасы Индияга элчи жиберип, “буларды майрамдардын көркүн ачыш үчүн иштетем, жаман күн көрсөтпөйм” деп арий уруусунун жарымын сатып алат. Бирок пакистандыктар сөзүнө турбастан, сабап, кыйнап, кордой баштаганда арий уруусу Орто Азияны көздөй качышат.

ДЫЙКАНЧЫЛЫК КЫЛГАН ЛӨЛҮЛӨР ДА БАР
Оштогу лөлүлөр арасынан чыккан лидерлердин демилгеси менен 2003-жылы марафон өткөн. “Лөлүлөр коомунун” президенти болуп Бахадыр Нармурзаев дайындалган. Жаңы-Кыштак айылында 2000ге жакын түтүн жашайт. Булардын баары паспорт алып, шайлоолорго катышып, Кыргызстандын катардагы жараны сыяктуу жашоого укуктуу. Cоюз мезгилинде колхоздо иштеп, азыркы учурда 4000 сом пенсия алган лөлүлөр да бар. Бул маалыматтарды баса белгилеп жатканыбыз, эл оозунда жана айрым маалымат булактарында “лөлүлөр акыркы технологиялардан артта калып, айбанчылык менен жашап келишет” деген сөздөр тараган. Бул себептен аларга башкалар жийиркеничтүү карап, карым-катыштан алыс болгонго аракет кылышат. Бирок аларда деле катардагы элдер сыяктуу уюлдук телефон кармап, сыналгы көргөндөрү да арбын. Лөлүлөр айылынан чоочун адамдарды көрүп калышса, “бизге жардам бергени келдиңерби?” деп сурай беришет. “Ооба” деген жоопту угушпаса, анда өздөрү туурасында бир да маалымат айтышпайт. Мына ушул жоопту кармануу менен биз да бир топ кызык маалыматтарды топтодук.
Жаңы-Кыштактын ортосун чоң көчө кесип өтөт. Бир тарабында кедей, ал эми экинчи тарабында бай лөлүлөр жашайт. Айыл аралаганда таза кийинип, кебетесин карап жүргөндөрүн да кезиктиресиң. Бай лөлүлөр кап көтөрүп, таштанды чогултуу үчүн көчөгө чыгышпайт. Алар үлүш жерлерине пахта, капуста, пияз, картошка сыяктуу жашылча-жемиштерди эгип жан багышат. Булар колунда жок лөлүлөрдүн көчө кезип таштанды топтоп, кайырчылык кылып жүргөнүнө намыстанышат. Эл оозунда айтылып келе жаткан жийиркеничтүү уламыштарын, маданиятын, салттарын да жеришет. Айтууларына караганда, алар акыркы убактарда салттарын унутуп, жаңыча жашоону каалашат.

БАШ КОШУУ САЛТЫ
 Салттары туурасында маалыматты айтуудан баш тартышты. “Кыргыздар сыяктуу эле кыз берип, келин алабыз” дегенден ашыкча маалымат айткылары келишпеди. Бул суроого жооп берчү лөлү издеп Оштун базарын аралап жүрүп, эки лөлү кыздын соодагерлерге арча түтөтүп, андан түшкөн акчасын эсептеп отурганын көрүп калдык.
19 жаштагы Маттум жолдошу менен баласын багуу үчүн күндө соодагерлерге ысырык салып акча табат. Анын айтуусунда, лөлү жигит үйлөнүп жатып өзүнө жар болчу кыздын антын угат. Кыз алынын жетишинче кооздоп, “мен сизди өмүрүмдүн акырына чейин багам” деген сыяктуу кептер менен жолдошунун көңүлүн жибитип, сылап-сыйпап жатып ага жар болот экен. Жигит кыздын сөзүнө канааттанбаса, нике кыйылбайт. Кыз андай учурда чөгөлөгөнгө чейин барат. Аялы күйөөсүн бага албаса, анда күйөөсү башка аял алууга укуктуу болот. Ошол себептен аялдары нанга акча табышпаса да, насывай менен арак үчүн көчөдө таштанды топтойбу, кайырчылык же көзү ачыктык кылабы, эптеп колунан келген ишин жасашат. Мындан сырткары, лөлү айымдарынын айтуусуна караганда, өз үй-бүлөсүн таштап, өзбек кыз-келиндердин колун кармап Орусияга кетип калган лөлү мырзалары да көп.

МАРКУМДУН СӨӨГҮН СУУ АСТЫНА КӨМҮШЧҮ
Маркумду көмүүдөгү ырым-жырымдары туурасында так маалымат алууга мүмкүн эмес. Анткени кайчы пикирлер бар. Карапайым элинин айтуусуна таянсак, лөлүлөр маркумду өз короосуна же агып жаткан сууну тосушуп, астын казып сөөктү көмүп, кайра сууну агызып коюшат экен. Ал эми көмүүгө чейинки ырым-жырымдары туурасында эч ким айтып бере албады. Аксакалдарынан бул туурасында сурасак, “маркумду узатууда кыргыздардын ырым-жырымдарын колдонобуз. “Суунун астына көмүшөт” деген – жалган кеп, атайын көрүстөнүбүз бар” деген жоопторду беришти. Сураштырып көрсөк, айылынын четиндеги өзбек элинин көрүстөнүнө 2003-жылы “Лөлүлөр коому” түзүлгөндөн кийин гана сөөк көмө башташыптыр. “Атамдын агасын корообуздагы суунун астына көмгөнбүз, бизге көрүстөндөн жер беришчү эмес”,- дейт Мафтуна аттуу кыз.

“ОКУГАНДАН КӨРӨ БАШТЫК КӨТӨРҮП КАЙЫРЧЫЛЫК КЫЛГАН ОҢ”
Жаңы-Кыштак айылы Кара-Суу районуна караштуу болгондуктан, жетекчилик лөлү балдарынын сабатын ачуу максатында №7-Мырза Турсунзаде атындагы 9 жылдык мектеп ачып берген. Мектеп 1965-жылдан бери иштеп келет. Учурда 397 лөлү окуучу билим алат. Ушул кезге чейин окутуу кыргыз жана өзбек тилдеринде жүргүзүлүп келсе, быйылкы башталгыч класстарда бир гана кыргыз тилинде жүргүзүлө баштаган.
Мектептин абалы туурасында директору, кыргыз улутундагы Мухтар Пазылов менен маек курдук.
– Мухтар мырза, окуучулардын сабакка катышуусу туурасында айтып берсеңиз...
– Бул жерде сабакка катышуу чоң көйгөй жаратат. Күндө эртең мененки саат жетиден баштап көчөдө рейд жүргүзөбүз. Себеби апаларына кошулуп окуучуларыбыз баштыктарын көтөрүп таштанды терип, кайырчылык кылганы шаар тарапка кетип калышат. Кармаганыбызды алып келип сабакка киргизебиз. Ошондо да качып кеткени көп болот.

– Ушундай эмгек менен окуткан окуучуларыңыздын арасынан жогорку билим алам дегендери болобу?
– Окугандан көрө баштыгын көтөрүп акча тапсын деген ата-энелер көп. Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн арасында жакшы окуган, жөндөмдүү эки окуучубуз бар. Ошолорду жогорку билимдүү кылсам деп азыртан университеттерге барып кам көрүп жатам.

– Мугалимдер маселеси кандай?
– Бул жерге эч ким мугалим болуп келбейт. Ош педагогикалык институтуна барып суранып, студенттерди практикага алып келем. 2 лөлү мугалим бар. Бирин Ош шаардык атайын адистештирилген автобазада таштанды ташуучу болуп иштеп жаткан жеринен алып келип мугалим кылгам. Себеби бир журналдан анын “Лөлүлөр жардамга муктаж” деген макаласын окуп калып, жөндөмү бар экенин байкагам. Жогорку билими жок болсо да, жөндөмдүүлүгү менен окуучуларды тарых сабагынан окутуп жатат.
Кара-Суу районунун жетекчилиги лөлүлөр үчүн мектептин бир бөлмөсүн паспорт стол жана үйлөнгөндөрдү каттоо жайы кылып ачып берген. Бирок лөлүлөрдүн аларга келип паспорт алып, ЖААКтан өткөндөрү аз санда болушат. Документтери жок болгондуктан, төрөт үйлөрүнө да бара алышпай, үйдө көз жарып, көп эне менен наристенин өмүрлөрү кыйылып каларын да кошумчалады Мухтар мырза.
Айыл башы аталган Абдирашид ажынын үйүнө барсак, баласы атасынын үйдө жоктугун айтып, "Анжиян тараптан лөлүлөр келип кайырчылык кылып, биздин элге шек келтирип жатышат. Атамдар ошолорду текшерип, айылыбыздан чыгарып салуу камында жүрүшөт" дейт. Мусулман болгондуктанбы же кыргыздар менен аралашып жашап калгандыктанбы, бир үйдү сүрөткө тартуу максатында кирсек, үй ээлери"чай ичкиле" деп сый көрсөтүп, көчөгө чейин узата ээрчип чыгышты.
Мусулман өлкөлөрүндөгү лөлүлөрдү башкарган индиялык Барон деген лакап аттуу адамга Оштогу "Лөлүлөр коомунун" президенти Бахадыр Нармурзаев бир канча жолу кат жазган экен. "Жооп келсе, биз да Индияга кетмекпиз" дейт Бахадыр мырза.


Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(50)
14.05.2012. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куудай! Эжем жездеми лолунун эркегиндей болбой оол десе ал не дегени экен деп тушнбопмун корсо ушул турбайбы)))))))
14.05.2012. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zirek.kyz сен лолулорду бей бечара деп ойлойсунбу?Озубуздо канчалаган бей бечара,жетимдер толтура.
14.05.2012. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лолулор кыяматка чейин ушул акыбалда жашашат.Алар кыргызстанды онуктурбой эле коюшсун.Анан озбектерге окшоп чыгышат.
14.05.2012. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
лолулор аябай эле жалганчы,жийиркеничтуу,оздорундо нормальный аракет жок да нормальный жашаганга,ото жалкоо болушат.ызы чуу уруш-талашсыз жашай алышпайт го,ушундайлыгын билип туруп садага бергин келбейт да буларга.
15.05.2012. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдамчы калк булар.Канча кыргызды алдап,көзүң көрбөй калса уурдап кетишет.Кыргызстандын экономикасын көтөрбөй эле койсун.Буларды да айдаш керек.Калп эле өлмүш боло беришет.
15.05.2012. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдамчы калк булар.Канча кыргызды алдап,көзүң көрбөй калса уурдап кетишет.Кыргызстандын экономикасын көтөрбөй эле койсун.Буларды да айдаш керек.Калп эле өлмүш боло беришет.
15.05.2012. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bular uwun4alyk na4ar kalk boluwat.birok bularda dele kunoo jok bolso kerek kim bildi owondoi bolup torolup kalaryn. erkekterine toboo kudai ele saktasyn owondoi erkekterden.
15.05.2012. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен силер жазганды наркы наркы дуйшомбу куну азаттык+жаштар программасынан кордум эле да,кайталап жазыпсынар!Даа,силер дагы туурайт экенсинер.
15.05.2012. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар бир элдин озунун салты каадасы бар дечи бирок булардыкына такыр тушуно албай койдум.Эки бир тууган уйлонуп алган учун да бал ким гендик проблемалары болуп жаткандыр кантсе да кудай башка салса курдаштар качып кайда барабыз.
15.05.2012. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oooo....
15.05.2012. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйлорго келип алышып, башты айландырганы аз келгенсип, уурулук кылгандары дагы жаман да.
15.05.2012. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мусулман эмес лолулорго тозоктон орун даяр.
15.05.2012. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булардын мекени жок ошон учун кочодо тилемчилик кылышат бирок бизден бай жашашат
15.05.2012. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лолу менен кошулган (жыныстык) адамдын.... 7 атасы кылган сообу куйуп жок болот деп уккам .....
16.05.2012. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш аялдарына Эле кыйын экен
16.05.2012. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булар неге узбек тилинде суйлошот узб да тарыхы байланышы бар го булар менен индия тараптан дегени!!!!!!!!!!
17.05.2012. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulukbekkg..., туура айтасын кошулам
16.05.2012. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lölü degen atyle bir shunduk eken..........
16.05.2012. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
корком ушуларды корсом
17.05.2012. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жок окуу жайларда окутуп аралаштырбаш керек буларды бара бара проблемалар жаралат коптогон
17.05.2012. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
лолулор кудайдын каарына калган
17.05.2012. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turkiyada da lolulor kop birok bul jerde lolulor ekige bolunot,romandar jana chimgeneler dep.Romandar:mindaycha aytkanda sovremenniy lolulor,alardin roman irchisi,oyunchusu,biznesmeni j.b. bar,kadimkidey ele zamanbap kiyinip,taptaza ele jurushot.
Chimgenesi da bizdin lolulor:),tashtandidan mashinasi menen,cheke jaktarda bolso at araba menen ishe,kagaz j.b. toptop kayir surap,eshikterge cheyin kelet,birok bala kuchaktap jol chekelerine oturtturushbayt turk militsiyalari,bolboyt,shaardin kor
17.05.2012. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turkiyada da lolulor kop birok bul jerde lolulor ekige bolunot,romandar jana chimgeneler dep.Romandar:mindaycha aytkanda sovremenniy lolulor,alardin roman irchisi,oyunchusu,biznesmeni j.b. bar,kadimkidey ele zamanbap kiyinip,taptaza ele jurushot.
Chimgenesi da bizdin lolulor:),tashtandidan mashinasi menen,cheke jaktarda bolso at araba menen ishe,kagaz j.b. toptop kayir surap,eshikterge cheyin kelet,birok bala kuchaktap jol chekelerine oturtturushbayt turk militsiyalari,bolboyt,shaardin kor
17.05.2012. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shaardin korkun buzgan baardik nersege uruksat berilbeyt,tuurasin aytkanda bul jerdegi lolulor oz meeneti menen akcha tabat,jok degende uylordu kidirip,oturgan jerinde emes...bizde dele jol chekesine oturgan lolulordu 15-20 kun kamap koyso oturbay kalishat!!!!

18.05.2012. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
булар деле кудайдын жараткан кулу да!!падыша бол кайырчы бол баары бир олум учун бирдей сенин катарын!!!
18.05.2012. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен деле жек кором колундан акча корсо жабышып алмайынча калбайт балдары..
19.05.2012. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э Bren2 Сен козун мн корбой туруп буларды кайдан алдын,билсек болобу?
20.05.2012. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жердеги "Баш кошуу салты" деген пунктагы суроттогу кызды тааныйм. Ал дайыма ОшМУнун башкы корпусундагы студенттерге келип кайыр сурап кетет! Бербей койсон согунуп-сагынып кетет!Адамдарды тоготпойт тим эле! Анан да уйго маршрутта бара жатканда "чогуу" кетебиз( лолу махаладан отуп барабыз уйго). Ушунчалык сасык болушат, маршрутка чыкканда лолулор жок болсо экен деп аябай тиленебиз!
21.05.2012. 05:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bular ozu jalkoo boluwat,airykcha erkekteri.owto kyrgyzdar menen aralawyp jawawpait waardyn chetinde jawawat bashtarga jakynyraak keliwet..Emi keede akchan jok bolup kalgan maalda "akcha jok"desen sogyp,keede katuu turtup da ketip kalat.Kolundan akcha korup kalsa almaiyncha ketpeyt.Bren2 aytkan saltyn da ukkam.Bilgenderim uwul.
25.05.2012. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuba7888:Лолу мн ким (жыныстык)кошулгусу келет экен,кошулмак тугул,кочодо корсон алыыс отосун жийиркенип,кайсы ой мн жаздын?
26.05.2012. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozbek degen ulut jok.emneni aitip jatasinar ozu.orto kilimdin tarihin jakshilap okusanar.kechee ele ozdoruno sart debesin dep ozbek koiup alishpadibi.askan toskondun baari oshol ozbekstanda jashait mindaicha aitkanda unutulup ketken uluttardin konfederatziasi.atap ketsem kalmak,kara-kalpak,lolu,kipchak,ugur,andan kalsa ata tegi indus bolgon uluttar,ee sanai bersen kop
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо