Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«МЕН БАКТЫЛУУМУН!»

№497 11-май-17-май, 2012-ж.

Жашоо канчалык ийип, сындыргысы келген сайын ошончолук күчтөнсөң, бактылуу болууга мүмкүнчүлүк алат экенсиң...

«ЖЫЛУУ ИЗ»
-Айгерим мурунку жашоом жөнүндө, балким, билеттир, бирок мен өзүм айтып бере элекмин. Биринчи сүйүүмдөн, тун уулумдан ажал ажыратты. 24-ноябрь өмүрүмө түбөлүккө кара так калтырды. Алдыбыздан чыккан мас айдоочу бактымды саналуу мүнөттөрдүн ичинде уратып салды. Ыйладым, жер тепкилеп тагдырыма каргыш айттым. Айла жок, бул да болсо Жараткандын буйругу экен. Азыркыга чейин эсиме кылт эте түшсө, жаман болуп кетем. Жубайым менен уулумдун ордун эч нерсе толуктай албады. "Андан көрө Кудайым мени алса болмок экен" деген күндөрүм көп болду.
Периштемдин, уулумдун муздак денелерин кучактай боздоп ыйлап жатканым дале көз алдымдан кетпейт.
Арадан 6 жыл өттү, эч кимди сүйө албадым, жараатым толугу менен айыкпаса да, карттанып, бүгүн жеңилирээктей сезилет. Канча убакыт өтсө да, периштемди таба албасымды түшүнсөм да, жинди сымал көчөдө эл арасынан издей берем. Кай жерден, кайсы бурчтан менин жылмайган периштем чыга калат деп үмүт кылып күтө берем. Өзүм менен өзүм болуп, оор күндөрдө мени урушкан, таарынган учурларын эстеп, ошол күндөргө да кусалыгым артат. Жашоомдо ушундай периште болгонуна, мени менен аз болсо да саз өмүр сүргөнүнө, аны мага буюрган Кудайыма ыраазымын. Кыйналдым, канчалаган уйкусуз таңдарды тостум. Кээ бир күндөрү баарын кечип кеткенге да даяр болдум, бирок бул сыноо да өттү.

«ТАГДЫРДЫН БУЙРУГУ»
-Алты жыл өттү. Кайрадан үй-бүлө куруудан коркуп жүрдүм. Балким, өзүм психологиялык жактан даяр эмес белем?..
Бир күнү кечинде жумуштан келе жатсам, аялдамада бир кыз ыйлап отуруптур. Кайрылбай өтүп кете албадым. «Чоң кыз, тынччылыкпы, неге ыйлап жатасыз?» деп сурадым. Кыз көпкө чейин ыйлап, үн катпады. Көрсө, байкуш автобустан болгон акчасын чөнтөкчүлөргө уурдатып жибериптир. Аны укканда жылмайып «ыйлабачы, бул жашоодо жакындардан айрылгыча акчаңдан айрылганың оң эмеспи» деп сооротуп койдум. Ал кызды үйүнө узатып бардым. Бир жума өткөндө дүкөндөрдүн биринен жолугуп калдык, андан кийин бир тойдон. Көрсө, ал кыз менин тааныштарымдын карындашы экен. Бул жолугушууларды эч бир оюма алган жокмун.
Көп өтпөй катуу ооруп, ооруканага жатып калдым. Түшкү уйкудан көзүмдү ачсам, жанымда жылмайып ошол кыз отурат. Периштемди жоготкондон бери биринчи жолу жүрөгүм дүкүлдөй, түшүнүксүз, бирок жагымдуу сезимдер пайда болду.
Арадан эки ай өтүп, Айгерим экөөбүз баш кошууну чечтик. Учурда биринчи перзентибизди күтүп жаткан кезибиз. Таң эрте ойгонуп алып жубайымды тиктөөнү жакшы көрөм. Курсагындагы кичинекейибиздин тепкилегени мага кызык. Апасы таттуу уйкуда, улам курсагын сылай балабызды тынчтандырып коёт. Курсактагы тентек апасынын колу тийгенде тынчый түшөт да, кайрадан тепкилене баштайт. Мунун баарын байкап жаткан менин кубанычым ашып-ташып жатат, мен бактылуумун!

Мирбек
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(27)
14.05.2012. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Baktilyy,aman bolynyz,Kydaiym sizge yi-byloonyzgo omyr den soolyk bersin.
14.05.2012. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сиз азаматсыз! Оор кыйынчылыкты жеңиптирсиз... Сиз бактылуу болгонго татыктуусуз деп ойлойм.. Бактылуу болуңуздар.
14.05.2012. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болунуз! мындан кийинки жашоонузда кыйынчылык болбосун!
14.05.2012. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болунуз!!
14.05.2012. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуп алып ыйладым,ушундай эркектер да бар экен да ээ? Бактылуу болгонго мажбурсуз,келинчегиниз аман-эсен коз жарып алсын!Кийинки жашоонузда периштенизге жолуксаныз керек...
14.05.2012. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men da baktyluu bolgum keldi turmushka chygyp.Kudaidan min mertebe suraim suigonumo turmushka chyksam eken ee kudai.Baardyk adamdar baktyluu bolushsun.
14.05.2012. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тагдыр бир эшикти жапса, экинчи каалганы ачып коёт тура?! Бул соз бугун ыйласак, эртен кулобуз деген ой экен да, Кудайым сизди колдосун. . .
15.05.2012. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aleesia Может сен мени мен сени издеп жургондурбуз ......
15.05.2012. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоонуздун акыркы моонотторуно чейин периштенизден кудайым айырбасын.Бактылуу болунуздар!
16.05.2012. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktyluu bolunuz
14.07.2012. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дина
эч кимди жакындарынан айрцбасын ылайым бактынар бекем болсун
16.05.2012. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayaliniz esen aman koz jarip Alsin, baktiluu bolunuzdar!!!
16.05.2012. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында башыныздан оор кундорду отуптур, эми женем менен бактылуу жашан, кичинекейиниздер эсен аман жарык дуйного келип алсын. Бул жалган жашоодо жакшы менен жаман бирге журот деп коёт ко, биз адамдар баарына чыдап жашашыбыз керек, сизге окшоп Мирбек. Дагы бир жолу бакыт каалайм сиздерге.
17.05.2012. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаратканым сиздерди озу колдосун.бактылуу болунуздар.
18.05.2012. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай адамдар бар экени кубантат кээ бир макулуктар 6жыл эмес 6ай отпой катын алып той кылат....
18.05.2012. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыныз туболуктуу болсун
19.05.2012. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул бакытынызды эми колдон чыгарбашынызды каалайм
20.05.2012. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз турмуштун тйшугунун биринчи кыйынчылыгын жениптирсиз,бактылуу болунуздар!
20.05.2012. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам!
Бакыт берип бул дуйнодо жараткан.
Бакты табып бизда жыргап жашаган.
Омурундо кандай кайгы болсода.
Откоролу капа болбой жашоодон.
Кыйын чылык кымбат экен баарынан.
Кыйналганда кымбат турат жанындан.
Бирок ошол жаман кыйында бирге келген ыйында.
Билин бесин качан бакыт тапканда.
Бактылуу болгула эч качан жамандык болбосун.
21.05.2012. 06:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сиз мындaн нaрыдa турмушту тушунуп чыдaп жeнип кeтeс, бaктылуу болун.
06.06.2012. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ туугандар бул жайлган дуйнодо кыйналып армандуу отсок,чын дуйнодо жыргал жашоодо жашайсын дешет го ошол чынбы?
09.06.2012. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bawy kaigyluu bolso da aiagy jakwy bolup ketken kandai sonun baktyluu bolgula
09.06.2012. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым ошол периштенизге, баланызга жана сизге кубат , ден соолук берсин.Бактылуу болунуздар!
16.06.2012. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы мырза экенсиз, окуп алып суктандым, бактылуу болунуз, мен дагы ушундай мырзаны каалар элем.
16.06.2012. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оор кыйынчылыкты женип отупсун.Мындан ары бактылуу бол!
20.06.2012. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз элимде ушундай инсандар кооп болсун бактылуу бол мындан булжагы жалан жакшылыктар болсун келинченин эсенаман коз жарып алсын.
05.08.2012. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйлатып кайра жылмайта турган окуя экен!Бакыт каалайм!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо