№497 11-май-17-май, 2012-ж.
Жыл өткөн сайын борбор калаабыздын тегерегиндеги жаңы конуштардын саны өсүүдө. Алардын көпчүлүгүн башында эл басып алып, кийин өкмөт мыйзамдаштырып берген.
4 СОТЫХ ЖЕР ҮЧҮН 60-70 МИҢ СОМ КОМПЕНСАЦИЯ
Жаңы конуштардын тургундары көйгөйлөрүн айтып отурушса толгон-токой: электр жарыгы, таза суу, мектеп, бала бакча, оорукана, жол... Жерди мыйзамсыз ээлеп алгандар эми “мыйзам боюнча өкмөт салып бериши керек” деп митингдерди уюштурушууда. Алардын арасында шылуундардын айынан сызга отуруп калгандары көп. Тагыраак айтканда, бир эле жер тилкесин кээ бир адамдар үч-төрт адамга мыйзамсыз сатып жиберген учурлар бар. Кээ бири үй сатып алууга акчасы жок, батирден батирге көчүп-конуп жүрүүдөн тажап, акыры жер басып алууну туура көргөндөрүн мойнуна алышат. Карап турсаң алардыкы да туурадай.
Элге жакшы маалымат жетпегендиктен жана мыйзам жакшы иштебегендиктен, карапайым калк “жериңерге токтом чыгарууга жумшайбыз” деп акча алган алдамчылардын (арасында айыл өкмөттөр да бар) торуна дагы деле түшүп жатышат. Кээ бир жаңы конуштардын тургундарынын айтымында, топ башчыларга (квартальный) ай сайын жарыктын, суунун акчасын эки эсе кымбат баада төлөшөт экен. Ошол каражаттардын бардыгы мамлекеттик казынага түшөбү же сол чөнтөккө солонобу, белгисиз... Ал эми өкмөттүн да, мыйзамсыз жерлердин ээлеринин да учурдагы “баш оорусу” – басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу чечими. Жакында эле Бишкек мэриясы 1999-2008-жылдар аралыгында басылып алынган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча токтом кабыл алууга долбоор даярдады. Ал долбоордун негизинде жер басып алып, ээлик кылып жүргөн жаңы конуш тургундары 4 сотых жер үчүн 60-70 миң сомдун тегерегинде мэрияга компенсация төлөп, өз жер тилкесин мыйзамдаштырып, кызыл китеп ала алышат.
Бирок жер тилкелерин ээлеп алгандардын көпчүлүгү мэриянын мындай сунушуна макул эмес.
«МЕН ДА ЭЛ КАТАРЫ БАСЫП АЛГАМ...»Канышай Серкебаева, Ак-Жар жаңы конушунун тургуну, тигүүчү:
– Бизге мэр өзү келип “свет менен суу көйгөйүн бүтүрүп беребиз” деп убадасын берген. Бирок ал убадасын толук аткарган жок. Мисалы, биздин конушта 45 көчө бар болсо, анын 27-көчөсүнө чейин эле жарык келди да, токтоп калды. “Өкмөт бизди карабайт экен. Андан көрө 2000 сомдон чогултуп, светти өзүбүз тартып келгенибиз жакшы” деп жаңы конуштун топ башчылары элден акча чогултушууда. Мен берген жокмун. Калп эле элди алдап акча чогулта беришет. Мэр жерибизге “мыйзамдуу токтом чыгарып берем” деген. Эми болсо “жерди экиге бөлмөйүнчө чечим чыгарууга болбойт” деп жатышат. Бирөөнүн жерин экиге бөлгөнгө алардын кандай акысы бар?! Бул жерди биринчилерден болуп басып алгандарга 6 сотыхтан жер тилкеси тийген. Аны ким сатат, акчасы кимге түшөт? Түшүнбөйм... Мен да эл катары 2005-жылы бул жерди басып алгам. “Үңкүр да болсо үйүм бар” деген кеп бар эмеспи. 50дөн аштым, эми үйгө жеттим. Ага чейин көз каранды болуп, эки кызым менен батирден батирге көчүп жашап келгем.
Жумагүл Эгембердиева, пенсионер:
– Менин 8 балам бар. Күзүндө Бурул аттуу квартальный аялдан бир балам 100 миң сомго жер тилкесин сатып алды. Анан эле курулуш иштерин баштап жатсак, эки аял келип, бири “бул жер меники” деп талаша баштады. Ошол боюнча акчабызды ала албай, жерибиз талашка түшүп, чуркап жүрөм. Бирок үй салып алып жашап жатабыз. Ал эми мэрияда жерди мыйзамдаштыруу үчүн 60-70 миң сом төлөш керек деп жатышат. Биз андай акчаны төлөй албайбыз. Шартыбыз оор. Үйдө бир эле киши иштейт.
«4635 ТУРАК ЖАЙ МЫЙЗАМСЫЗ САЛЫНГАН»
Мына, окурман! Угуп отурсаң эки тараптыкы тең чындык. Аламүдүн, Москва, Сокулук райондоруна караштуу мыйзамсыз басылып алынган жер тилкелеринин келечеги кандай болоруна кийинки сандарыбызда кайрылабыз.
КЫСКАЧА
Учурда Бишкек шаарынын тегерегинде 47 мыйзамдуу жаңы конуш бар.
Свердлов району – 17 жаңы конуш (522,32 гектар аянт).
Октябрь району – 7 жаңы конуш (449 гектар аянт).
Биринчи Май району – 16 жаңы конуш (1045,24 гектар аянт).
Ленин району – 7 жаңы конуш (2259,66 гектар аянт).
Мындан тышкары 28 аймакты эл мыйзамсыз басып, отурукташып алган (болжол менен 200 гектарга чукул).
Асхат Субанбеков
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |