Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АТАЙДЫН АЛГАЧКЫ ЖЕҢИШИ ҮЙ-БҮЛӨСҮН ТАҢ КАЛТЫРГАН

№497 11-май-17-май, 2012-ж.

Азыр өспүрүмдөргө “чоңойгондо ким болосуң?” деген суроо берсең, “Атай Өмүрзаковдой бийчи болом“ деп айтышары турган иш. Атай да сиздей, биздей жөнөкөй мектепте окуган жигит болгон. Анда Атай сахнага чейин...

АТАЙ-БӨБӨК
Ар бир жеңишинде Атай апасы тууралуу айтып келет. Атайдай уулду чоңойтуп, сыймыктануу бактысы ар бир энеге эле буюрбаса керек. Кеңсебизге келген Бактыгүл эже бизди жөнөкөйлүгү менен таң калтырды. Атайдын апасынын айтымында, бир мүнөз, айтканын бербеген балакай апасына жана агасына бир топ эле түйшүк жаратыптыр.
– Атай деген ысымды өзүм койгом. Бардык эле ата-энеге балдарынын кичүүсү жакшы көрүнөт болуш керек. Тун уулума караганда Атай жүрөгүмө жакын, мүнөзү да мага көбүрөөк окшош. 2-3 жашында абдан тентек эле. Үйдө жаңы бир буюм пайда болсо, сөзсүз кармалап, чукулап, бир нерсенин ичинен чыгып эле басып жүрчү. Эч нерседен коркчу эмес. Агасы Бакыт 9 жашка улуу болсо да ага атаандашып, ал эмне кылса ошону кылып, тырыша берчү. Кошуналардын балдары Атайды күтүп, качан гана Атай үйдөн чыкканда оюн башталар эле.
Ушуга чейин башкалардын ою менен болгонду жактырбайт. Мен эне катары уулум менен сыймыктанам, бирок анын жеңишинин, ийгилигинин аркасында агасы Бакыт турганын да айта кетпесем болбостур. Атанын тарбиясын албады деген өкүнүч менде жок. Анткени Бакыттын инисин катуу кармаганынын, мыкты тарбиясынын аркасында Атай көп жеңиштерге жетишти.

«БИЗДИН АТАЙ...»
Баладан тартып чоңдорго чейин таң калтырган Атайдын бийи тууралуу агасы Бакыт маегинде белгилеп өттү:
– Мен студент кезимде бийлеп жүрдүм. Кээде Атайдын мени туурап бийлеп жатканын көрүп калчумун. Баарыбыз уктап калганда анын уктабай, түнү менен күзгүгө каранып алып бийлеп жатканын көрүп “укта” деп урушкан күндөрүм болгон. Атайдын бийге болгон кызыгуусу менден улам пайда болгону менен, бийлегени мага такыр окшошпойт. Сабагынан жетишпей калабы деп алгач бийлөөсүнө каршы болдук. Сынактарга 9-классында катыша баштаган. Анын “Даңк мүнөтүндөгү” жеңиши элден мурун биринчи бизди таң калтырды. Апам экөөбүз сыналгыдан көзүбүздү албай отуруп, калыстар Атайдын жеңгенин айтышканда апам тура калып ыйлап жиберди. Өзү Москвадан бир аздан кийин байланышты. Телефондогу алгачкы сөзү “мен жеңдим, максатыма жеттим!” дегени болду. Биздин Атай ушундай жигит...

АТАЙ-ОКУУЧУ
Шок балакай кандай окуучу болгон? Бул жөнүндө Атай окуган Каракол шаарындагы Некрасов атындагы мектептеги класс жетекчиси Наталья Карташова айтып берди:
– Атай алгач мектепке киргенде орус тилин жакшы билчү эмес. Орусча билбеген сөзүн кыргызча айтып кутулуп кете турган. Мен аны патриот жигит деп билем. Тентектиги болгону менен, улуу адамдын айтканын эки кылып көргөн эмес. Көп учурда мурду-башы жарылып келер эле. “Эмне болду?” дегенимде “тигини бирөө сабап коюптур, болуштум” дечү. Тентектигин боорукер, жароокер мүнөзү жууп кетчү.

Айзат Анарбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(17)
14.05.2012. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец сен дей жигиттер кыргызстанда кобойо берсин алга.
14.05.2012. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кечке эле Атай Атай деп жаза берет экенсинер да башка несе таппай калдынарбы?
18.05.2012. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tatakozy, учурда ушундай ийгилике жетип, Кыргыз туусун бийик которуп, европага, деги эле дуйного кыргыздын атын дунгуротуп жатса кантип жазбайт, мындан кобуроок жазса да жарашат. Сыймыктаныш керек, жакпаса бул жерге кирип окуп, жазып да кереги жок. Атай азаматсын, сага омур, ийгилик каалайм. Алга!
15.05.2012. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
On horowiy paren
15.05.2012. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай алга! Кыргыздын уулусун да, сыйлаш керек сендей уулду. . .
15.05.2012. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атайдай балдар кобойо берсин кыргыз элинде...Ийгилик сага, Атай!!!!!!!
16.05.2012. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай молодец полный перёд а жогорудагы tatakozyнун жазганын конулуно алба.Менин улуу кызым таарынат кечке эле Ади,Ади дей бересинер деп Ади кичуу кызым.
17.05.2012. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай кыргыздын чыныгы уулу! алга Атай! Азаматсын, кыргыздын намысын коргогон сендей жигиттер кобойо берсин. Намыска жаралган уул экенсин.
17.05.2012. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай сага ийгилик!
17.05.2012. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай сен чыныгы кыргыздын патриот жигитисин,сени менен биз сыймыктанабыз.
17.05.2012. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Atai baike uda4i vam vo vsem...=******
18.05.2012. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атай алга!! азаматсын!!сендей патриоттор кыргызстанда кобойсун!!
18.05.2012. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атайга ийгилик,tatakozy ичин куйсо туз жала.ок
19.05.2012. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай жалпы кыргыздын жылдызын жандырган азамат! Бар бол Атай!
20.05.2012. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АТАЙ-элимдин сыймыгы жонокой ж-а акылдуу!Атай-СУПЕР!
21.05.2012. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай молодец!чет олколук жюри аялды да ыйлата коюпсун.))ошо образын аябай жакшы экен.
25.05.2012. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Атай! Жердешин катары сени менен ар дайым сыймыктанып келатам. Кыргыз эли онорго бай, таланттуу эл экенин дуйно элине даназалаганын учун ыраазымын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо