Жаныш Төлөгөнов, АКШдагы мекендеш: «ДОКУМЕНТИМДИ 8 ЖЫЛДА АРАҢ АЛДЫМ»

№497 11-май-17-май, 2012-ж.

Жакындан эле тааныган адамдарыңдын илгери үмүт менен чет өлкөгө кетип, кайра үмүт-тилегин таш каап кайтып келгендерин көрүп зээниң кейийт. Аман- эсен кайтып келгендин өзү жеңиш дечи, бирок андай болбой калган учурлар да аз эмес. Бүгүн мигранттардын тагдыры туурасында алыскы АКШнын Нью-Йорк шаарында 14 жылдан бери эмгектенип келаткан Жаныш Төлөгөнов айтып берет. Жаныш мырза менен интернет аркылуу байланышып, төмөндөгүдөй баян уктук.

«КЕЛГЕНИМЕ БИР ЖЫЛ БОЛДУ ДЕП АЛДАГАМ»
– Биринчи жолу мен Америкага 1997-жылы келгем. Бишкектен чыгарда ТИМге чалып, Америкадагы белгилүү журналист Азамат Алтайдын телефон номерин алгам. Аным жакшы болуптур, аэропорттон түшкөндө эле эмне кыларымды билбей калдым. Тил жаатында алган билимим ал жакта эч нерсеге жарабады. Багыма бир таксист табылып, анын жардамы менен Азамат Алтайга чалдым. Телефонду алып, “аа, келдиңби, Бруклин деген районго барсаң, ошол жактан туугандарыңды табасың. Анда орус тилдүүлөр көп” деп койду. Баягы таксист мени керектүү жерге жеткирип, батир да таап берди. Ошентип, үч ай араң чыдадым. Үч айдан кийин Кыргызстанга келе бергем.
Спорт мектепти аяктагандыктан, бул жаатта активдүү элем. Күрөш боюнча спорттун чебери болууга жетишип, машыктыруучу болуп иштеп жүрдүм. Кийин өспүрүмдөр арасында күрөш боюнча Эл аралык мелдеш Американын Нью-Йорк шаарында өтмөй болуп, балдардын машыктыруучусу катарында келдим да, ошол бойдон калып калдым. Үч айдан кийин визамдын мөөнөтү аяктап, документсиз калдым десем болот. Ошондогу кыйынчылыктар эстен кетпейт. Үч ай өткүчө жумуш да таба элек элем. Ал кезде жумушсуздук азыркыдай күчүндө эмес болгону менен, документиң болбогон соң сени менен эч ким сүйлөшкүсү келбейт. “Америкага келгениме үч ай болду” десең, таптакыр эле карабайт. Акыры “келгениме бир жыл болду” деп алдап, зер буюмдарын жасаган чакан ишканага зергер болуп ишке орноштум. Бул ишти бат эле өздөштүрүп кеттим. Кудайга шүгүр, азыркы күнгө чейин ушул тармакта эмгектенем. Алгач жөнөкөй кызматкер болуп ишке орношсом, азыр "Graff Diamonds" деп аталган бул зергердик компаниянын коопсуздук кызматынын башчысымын. Кыйынчылыктардын артында жакшылыктардын да барын жашырып болбос. Анткен менен документимди АКШга келгениме 8 жыл болгондо гана колго алдым. Керектүү документтерди топтоп адвокатка тапшырганымда эле 5 жылдан кем эмес убакыт күтөрүмдү айткан.

«КЕМПИРДИ КӨТӨРҮП БАККАН КЫЗ»
– АКШга жылына Кыргызстандан 500дөн 1000ге чейин улан-кыздар келишсе, алардын көбү кайра мекенге кайтышат. Бирок калып калууну каалагандар да жок эмес. Бул жактагы кыргыздардын көбү кара жумушта иштегендер. Балдар курулушта, айдоочу болуп иштешсе, кыздарыбыз сатуучудан тартып балдарды жана кары-картаңдарды багуучу, үй жыйноочу болуп орношушат. Акча табуу деген оңой эмес да. Өткөндө бир кызыбыз белин кокустатып алыптыр. Эмне болгонун сурасам, бир кемпирди карап, аны көтөрчү экен, көрсө. Ооруканалап жүрүп араң айыкты. Өзү кипкичинекей кыз.

«БИР СТУДЕНТ ТОККО УРУНУП КАЗА БОЛГОН»
– «Чет өлкөдө жашоо жыргал» деген нерсеге ишенип алуунун кереги жок. Баары бир бөтөн эл, бөтөн жер. Алгач кыйынчылыктар баштан өтпөй койбойт. Азыр мурдагыдай эмес, бул жакта кыргыздар көп эле, бирок өздөрү тыңып алгандан кийин бирөөгө жардам берүүгө көңүл кош болуп калышат. Башкасын коё туралы, кыргыз кыргызды көргөндө качат. Анан кимге ишенебиз? Кырсык адамды тандап келбейт эмеспи, бул жакта кырсыкка учурап калган жердештерибиз да жок эмес. Бир-эки мисал келтире кеткеним туура болор.
Былтыр эле эки студент жумуш учурунда токко урунуп, бирөө каза болуп калды. Дагы бир 40 жаштан ашып калган байке алыс жолго жүк ташуучу машина айдачу. Ал дагы кырсыктап каза болду. Жубайы, 2 баласы кала беришти. Сөөгүн да ушул жактагы эле бейитке коюшту. Эми айта берсе мындайлар четтен чыгат.

«БАШКА УЛУТТУН ЖИГИТТЕРИ МЕНЕН ЖАШАП АЛЫШАТ»
– Америкага келген жаштарыбыз эң алгач эле эркиндиктин даамын татышат. Кыргызстанда ушунчалык эркин жүрдүм дегендер да боштондук деген башкача экенин бул жактан билишет. Эрки бош жаштарыбыз бул нерсеге туруштук бере алышпай, туура эмес жолго түшүп кетишүүдө. Айрым кыздарыбыз башка улуттун жигиттери менен жашап алышат. Биротоло жашап кетишсе да жакшы го, муну мен жөн гана турмушту бузуу деп айтат элем. Бир канча убакыттан кийин экөө эки башка жолго түшүшөт. Андай кызды кыргыздын жигиттери жактырышпасын билишсе керек. Албетте, түз жүрүп, жолунан адашпаган кыздар-балдарыбыз деле толтура. Жакшы иште иштеп, жакшы жүргөндөр деле бар. Бирок тилди жакшы билбеген адам бул жакта жашап кете албайт.

«БИР БӨЛМӨЛҮҮ ЭСКИ БАТИРГЕ АЙЫНА 1700 ДОЛЛАР ТӨЛӨНӨТ»
– Американын Чикаго штатына келгендердин көпчүлүгү таксист болуп иштешет. Таксисттердин саны боюнча биринчи орунда индустар, анан пакистандыктар, андан кийин эле кыргыздар турушат экен. Филадельфия менен Огайо штатындагылар көбүнчө курулушта эмгектенишет. Ал эми мен жашаган Нью-Йоркто кыргыздар жөндөмүнө жана талантына жараша ар түрдүү жумуштарда иштеп келишет. Бирок мында башка штаттарга салыштырмалуу жашоо кымбат. Мисалы, эң эле жөнөкөй району Бруклинде бир бөлмөлүү эски батирге
800 доллар төлөшсө, Манхэттенде 1200дөн 1700гө (79 050 сом) чейин сарпташат. Тамак-ашы да кымбат, башкасын коюп нанды эле айтканда, Бишкекте бир нан 12 сом болсо, бизде 1,5 доллар. Башкача айтканда, 70 сом турат. Чыгыш ашканасына кирип бир порция лагман жесең, 8 доллар (372 сом) коротосуң.

Кыскасы, урматтуу окурман, мекенди таштап алыска аттанып жатып, кыялдан тышкаркы чыныгы жашоонун бар экендигин унутпасаңыз деген эле ой. Чет өлкөдө жашоонун жыргалынан кууралы көп.

Чолпон Сүйүнбаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(46)
14.05.2012. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол жашоого жараша айлык
14.05.2012. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men New Yorkto jawap iwtegenime 2 jil boldu, oooba men dagy bawkalardai jangi kelgende kyinalgam kono albai, jumuw jok je taanywtar jok. Birok bir az ubakittan kijin baary oz orduna tuwup ketti. New Yorkto bawka Wtattarga karaganda jawoo kimbat bolgonu mn ailygy da chong bawka wtattarga saliwtyrmaluu, owonu unutpasanizdar.
14.05.2012. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мени да чакыргылачы менда жоон эле болсо да коруп келеин жол кире баскан турган кв плата озумдон просто аэропортон тосуп алган адам керек
14.05.2012. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Janysh baike, ozunus uluu akylduu ele kishidei korunos. Birok,"Tuzundu ichip tuzduguna chycham"- degendei maanide eken interviewnuz. Amerikada jashap alyp al tuuraluu bir ooz jakshy soz aitpaganynyz tan kaltyrdy. Chet jaktan kelsek, tilidi amerikalyktardyn dengeelindei bilbesek jana alardyn standartyndai bilimibiz jok bolso, oshogo jarasha jumushta ishteibiz da. Baary akyryndap bashtalat da, az-azdan bolot da. Ech kim kelip ele mamlekettik ishke oturup kalbait da.
15.05.2012. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sara, Oshonu aytsanyz. Jamadagany az kelgensip facty statistikasy je dalili jok ele aytip koyuptur. Propaganda kylgysy kelgen go super info chet jerde jashoo jaman dep.
14.05.2012. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ailanyp-tegerenip ele baikush kyrgyz kyzdarybyzga asylasynar, emi Moskvadagy kyzdardai kylyp urup-sabap olturgulo. Jash kyzdarybyz emgekchil, kopchuluktoru dokumentterin jasap okuuga tapshyrganga arakettenishet degendin orduna, buzulup ketet dep aitasynar. Buzulup ne boluptur. Andai okuialar Kyrgyzstanda dele bolot. 5 kol ten emes, ech bir nerse idealduu emes. Jamanyn jashyryp jakshysyn jaryia kyluunun orduna, siler taana kylasynar. Kanchalagan jashtarybyzdyn iygilikteri ech kimge korunboit.
14.05.2012. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sara, tura aitasing, kyrgyzdyn kaninda barbi je kandai bilbeim kachan bolso ele jaman jaktarin korup jakwisin korboit. Janish baike emne uchun kyrgyz jigitter Green Cardy bar kyrgyz kyzdarga uilonup iwi butkondon kijin bounda kilip tawtap ketken uchurlar bar dep aitbaisiz? Emne uchun kyrgyz erkekter kyrgyz kyzdardy ele dalili jok ele jaman atty kila beresinger? Ozungor ar bawka uluttaga jawi chong aialdar mn jawap jurgonungor eseptelbeibi?
15.05.2012. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
munara90, Sara, tuura aytasynar. Men dele korom kyrgyz baldaryn bashka uluttun kyzdary menen jashap alganyn. Erkekrterdi emne aytpaysinar buzulup ketiptir dep. Kyrgyz kyzdardyn kobu ele Kyrgyz jigitteri menen jurup anan uilonboi tyshtap ketkenderi dele bar go. Anan kim jakshy mamile kylyp uilonom dese bashka ulut bolso dele jakshy adam bolso tiyip alat da. K tomu je kyrgyz jigitter jashy otup ketiptir, biroo menen jurgon eken dep syndap tandaysynar kak tovar kyzdardyn ichki duinosun bilbey turup
16.05.2012. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tea23, aitpa kyrgyz erkekterinin ozunon kabar jok da, anan biroogo sin tagiwat. Katindardan da awip- tuwup uwaktait dalili jok ele. Chinin aityw kerek AKWda erkekterge karaganda kyrgyz kizdaribiz tyngyraak.
17.05.2012. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
munara90, Synchynyn synar outgu mayrik degendei birinchi ozdorun ondop alyp andan kiyin bashkalarga syn aytsa bolmok bizdin jigitter.
14.05.2012. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzstanda turmuw,chettegiden 10 ese kyiyn.Ata enesinin koinunda jurup buzulgandar kancha,alardy ech kim korboi ele,chttegilerge asylywat.Biz kyrgyzdar biri-biribizdi koldoboi,jakwysyn jawyryp,jamanybyzdy awyra berebiz,owonduktan da baardyk elge jaryia bolup buttuk okwoit.Degi yntymaktuu emespiz.Chette jurso da oz jolunda jurgondor toltura.
15.05.2012. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Koshmar, emi Amerikadagy kyrgyz kyzdar kaldykpy? Degi asyla bergeninerdi toktotkulachy, men bul jerde ech bir buzulup ketken kyrgyz kyzdy korgon jokmun, baary ele ishtep, okup jatyshat. Chicagodo da korgon jokmun, kaydan ele koro kalasynar? Okuym dep ensep jurgon kyzdardyn tagdyryn oyloboysunarby? Ata enesi jiberbey koyso emne bolot? Men okuym dep klegem, okup jatam, jana maga okshogondor ayabay kop, osholordu aytpaysynarby?
15.05.2012. 06:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок бир жагынан бул байкенин айтканы да туура го. Дегеним, Кыргызстандан келе жаткан жаштар да муну окуп , бир аз ойлонушат.Алар ойлошот да, жыргал жашоо, акча жерде жатат деп. Экинчиден,ооба жакшы жактары да толтура. Мисалы, мен Иллинойс шаарынын Чикаго шаарына келгениме 2 жыл болду. Чындыгында, Кыргызстандан келгендердин копчулугу таксист болуп иштейт. Таксист десе эле Кыргызстандагыдай машинанды алып чыгып иштебейсин.Кадимкидей, колледжде окуп, экзамен тапшырасын. Экзамен ото кыйын.
15.05.2012. 06:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул дегеним билимдуу , акылдуу адамдар такси тармагында иштей алышат. Анан да , университетте иштеген кыргыз байкелер да бар. Кыскасы, айтсам соз коп.Кыргыз кыздарыбыз жонундо айтсак, баары жакшы.Окуп, иштеп бир нерсеге умтулуп журушот. Америкага келип коп нерсеге жетиштик..Буга аябай ыраазымын!!
16.05.2012. 05:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
IL Suren, Men Chicagodo 1 jyl okudum, Truman Collegde, al jerde kyrgyz kyzdar okushchu, jakshy ele jurushchu, baary jakshy.
15.05.2012. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаныш байке олтурупсузго "кыргыз кыздарды башка улуттар менен жашайт" деп. Кыздарды коё туруп эле биринчи озунузду мисалга алсаныз дурус болмок экен. Эмнеге айтбайсыз озунузду канча кыргыз кызын таштап кеткенинизди? Же алар эсептелбейби? Анан кыздарды жамандаганынызга жол болсун.
15.05.2012. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Evelet, azamtsyn Elevet... ushintip yssygynda basysh kerek
16.05.2012. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Evelet, murda ele kaiakta eleng? Oozun jap kilipsing go baikebizdin, koldoim. Bul erkekter kyrgyz jigitter jonundo jaman nerse aitywtan korkot da, anan kelip kelip ele asilgani alsiz kizdaribiz. Aman ele bolunuzda da baikesi.
16.05.2012. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Evelet,ага да кыздар оздору кунолуу да канча кыз менен журсо да же аларды коркутуп жургонбу кыздын чачы узун болгону менен акылы кыска деген да чын да.
16.05.2012. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mek-81kg, Кантип алдаганын озунон сурасан соонун кылып айтып берет. Эркектердин чачы кыска анда акылынар вообще кыка болот го ээ?
16.05.2012. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mek-81kg, bashyndy ishtetchi. Kunoonun baaryn kyzdarga uiboi. Maanisine karabaisynby komentariydin. Kyrgyz baldar ozdoru ele kyiratyp atyptyrby. Ozunun bashyndagy toonu korboi, biroonun bashyndagy choptu korosunor
17.05.2012. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец кыздар!Мына биздин намыстуу кыздарыбыз.
15.05.2012. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mm daaa kyrgyzdar uwu da olup baratsak da biri-biribizdi koro albaibiz,baiagi ele kizdar jaman atty,erkin juruwup antet-mintet dep.kizdar tuiwul4ul kelet go.tim ele kizdardin baarin wumduk debeim,andailar dele bar.men dele kitaida iwteim,baari ele jakwi iwtewet,tak wto.........
15.05.2012. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
козун корбосон баары бир тушунбойсун да, ботон элдин кок шиберин басканча оз элиндин тикенегин баскан артык! деген экен ОМАР ХАЯМ аттин оз элинде баары ойдогудай болсо ганаа
16.05.2012. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ээ ушу мигранттар жонундо соз болсо эле болду кыздарды жамандап жатып калышат.жигиттерибиз эле таза жургонсуп.кыздар деле бар дечи андай бирок баары эмес да.бир каарын майды бир кумалак чиритет дегендей да
16.05.2012. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
кыргыздын кыздары башка жерге барганда куйого тийиш же жашап алыш максатпы эптеп кыйналып болсун чыдап койсонор кыргызстанга келгенде мен мир жигит салып берем
16.05.2012. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lider-kg, кечиресиз го агатай, озунуз корбогондон кийин болбогон нерсени жаза бербегилечи ээ?
16.05.2012. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Amerikada jashap kursagyn toigon uchun 8 jyldan beri jurosunda. Nanyn jegenden kiyin jamandap koigonunar bir shunduk. Kyrgyzdyn kyzdaryn dagy jamandagynar oshondon da barkyna jetalbaisynar. Kyrgyzdyn erkekderi bashka uluttun aiyaldaryna 3-4 balasy barlardyn ustuno kirip janyn bagyp jashagandarga emne deisin? Amerika je Europa kyrgyzdarga echnerse karys emes, jana jyrgal jashoogo kepildik bergen emes,kelip akcha terip ishteisiner degenda emes. Bilimin terendet andan koro anan tushunosun....
16.05.2012. 05:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Interviewuzda kirgyz kizdarin jamandaw mn
Bawtap owol mn buturuptursuzgo, ozunuzdun
Turmuwunuzdu ele jazbayt beleniz, ar bir Adam
Ozu kaalgan day jawawka akisi bar, ananda
Bew kol birdey emes bul jaktagi kirgiz kizdarin
Baary ele Anday emes, emi AKWdagi kizdar ele kaldi ele owentip Jaman attuu bolbogon,
Dayim ele kizdar jazilatta! Jakwi kizdardi bir pasta Jaman attuu kiliptirsiz! Allah korup turat kizdida balanida kayakta kanday jurgonun
16.05.2012. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда деле жашоо кыйын алганын 5000сом, басып турганын жетпейт, баары ченемду. мисалы батир кымбат, тамак аш деле маяанага жараша, ашып кеткен жери жок. Байлар байыгандан байып эле баратат, кедейлер кедей болуп эле кетип баратат. Америкада 1,5 доллар болсо, алардын экономикасы жакшы онукон ошого жараша айлык акынын жакшы толойт, ар бир адам бат эле жетип калбай байлыка, коп кыйынчылыкты баштан откозуп жетет, ошол учун адам. Жардан учабы учпайбы ар бир адамдын оз эрки.
16.05.2012. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орустар айткандай счастья в руках деп айтылайт ансыгандай, ар бир адамдын бактысы оз колунда. олсо тирилсе ар бир адамдын мандайына жазылаганы. Кыргызстанда коп акча таап уй алгыдай маяана барбы ? мен ойлойм жер шыпырып иштеп келсе деле болот, анын эч кыйынчылыгы жок
16.05.2012. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизнесмен, Ырчылар деле коп кыйынчылыктарды башынан откозгон, мисалы ырчылар, тамагы айрылгыча ырдап акча табышат, а калгандарынын уну жетпесе, башка жумуштарда иштешета. Алма быш озума туш деп журо бергиле анда, чет мамлекет жаман болсо.
16.05.2012. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал жерде баары кымбатынын себеби, аларда айлык маяна жакшы. жана жергиликтуу жашоочуларга кымбат эмес, просто Кыргызстандан баргандар долларды сомго эсептеп коруп кымбат делинип атпайбы.... мисалы бизде нанды 12сом арзан деп атпайбызбы, а аларда 1,5доллар деп барабар эле, алардын жашоосу экономикасы башка
16.05.2012. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Birin olup birin kal.
16.05.2012. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин досум да эмгектенет ал жакта
17.05.2012. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бири бирин гошун же дегенден болосунар да!!!Антип бири бирин к....н чукугандан кору жакшы маектешсенер !Биз иштеген жерде баары КЫРГЫЗ ынтымактуу эле го Колдон да бар Оштон да Талас Чуй Баткен Нарын кыскасы бир туугандай мамиле кылышат бири бирине! Молодцы Кыргыздар эч качан башынарды ылдый каратпай тик жургуло биз кылымлардан келген Калкпызушуну унутпагыла Рахмат Bekbolot999@mail.ru ))))))))
18.05.2012. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekkeldi, Ai Azamat Oshtun jigiti okshoisun... Tuugandardyn suilogonun sagyndym da ))))
17.05.2012. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Америкада Нан 70 сом болсо, Кыргызстага эле келбейсинби наалыбай! 5000 сом айлык алып 12 сомго нан жеп, а так бул жердеги кыргыз кыздар сонун эле журушот, биздин балдардан 100 эсе тын, акылдуу, ыймандуу, мен жашаган штаттагы кыздар эн жакшы деген универлерде билим алуушуда, балдар менен журмок турсун эс алганга убакыттары жок! Кыздарга асылбагылачы сураныч!
17.05.2012. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саламатсыздарбы!! Мен АКШда, тактап айтканда Нью Йорк шаарында алты жылдан бери жашайм, кудай буюруп грин карта утуп алып келген элем. Албетте жаны келгенде грин картам бар болуп туруп кыйналган элем анан акырындык менен баары ордуна келди. Жаныш байкени мен тааныйм, АКШдагы кыргыздар сыйлаган байкелердин бири бирок бул интервьюсунда коп туурамес несрелерди айтыптыр, эн жаманы кыргызстанды жамандаганы болуптур АКШны айтпай эле койоюн. Мен тескерисинче ушул жакта окуп иштеп жаткан учун жаштарыбыз
17.05.2012. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менен сыймыктанат элем, албетте жаштардын туурамес жактары да бар бирок туура жактары коп деп эсептейм.Анан да айта кетчу нерсе, ЭН КЫЙЫН Кыргызстандан кетиш эмес ЭН КЫЙЫН кеткенден кийин кайра кыргызстанга кайтып барыш. Биздин келечеги кен акылдуу жаштарыбыз ушу америкага келип сапаттуу билим алып орусча айтканда жизненный опыт чогултуп анан ошол алган билимин кайра оз жерибизге барып олкобуздун онугушуно жумшаса эн сонун болот эле, мен кудай буюрса так ушундай кылайын деген оюм бар.
17.05.2012. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал эми кыздар жонундо болсо, биздин кыргыз кыздар каякьа болбосун эн сулуу назик ыймандуу кыздар, журуш турушу болсо америкада болобу африкада болобу ата-энесинин тарбиясына жараша болот деп эсептейм.
Дагы бир айта кетчу нерсе Жаныш байке башкале суротунузду койсонуз болмок экен, а то коопсуздук кызматтын башчысынын суротуно окшобой калыптыр :))))))
17.05.2012. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперинфо сиздерден сураныч мигрантардын жакшы жактарын эле жазгылачы. Ар санда эле кыргыздын жаман жактарын жазаберсенер ан сезими томон, жакыр кыйналган элге окшоп калат экенсин. Кудайга шугур жакшы эле иштеп журобуз,корутам башкалар деле жакшы иштеп журушот.Шугур канчалаган адамдар уйлорду салышты машиналарды алышты курсактары ток жакшы эле журушот. Сиздерден сураныч жакшы жактарын жазгылачы башкаларга улгу болсун!
17.05.2012. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emil., jakshy jaktaryn jazsa eldin baary ele Kyrgyzstandy tashtap ketet bolush kerek, al jerde jakshy eken dep.
18.05.2012. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Birok dostor 4et jerde jyrgal jawoo jok. anan birdeke bolso kyrgyz kyzdar dep ele kalywty anda baldar4y? kyiyn ekensiner eje karywdawtarynardy e4 jaka jonotpoi uido ele jakwylap baga berbeisinerbi??? kyzdar emne zerikkeninen 4et jerde juruwobu???
18.05.2012. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emil, мигрантар жыргап жүрот деп Суперинфо жазса, аны окуган миллион кыргыз мен деле жыргабаймбы, бул жерде эмне темселеп жүром деп кетсе, барчу жерине барып, коргүлүктү корүп, кул болуп, кордук корүп кайра келсе анан Суперинфонун ташын талкан кылса, кой андан коро ачуу чындыкты эле жазсын. Ар ким маңдайына эмне жазса ошону корот.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо