Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жаныш Майрамбек уулу: «КАЗАКТАР БИЗДЕН КОРКУШАТ»

№497 11-май-17-май, 2012-ж.

Учурда “тамашоучулардын” ити чөп жеп турган маал. “Тамашоудо” “Ак кеме” деген команданы билет чыгарсыз. Ал команда сезондун фавориттеринин бири. Биздин сыйлуу төрүбүздө дал ушул команданын тармал чачтуу капитаны Жаныш болмокчу.

ЖАНЫШ ТУУРАЛУУ

Толук аты-жөнү – Майрамбек уулу Жаныш
Туулган жылы – 1990-жыл, 27-март
Туулган жери – Тоң району, Кара-Шаар айылы
Кесиби – Буюрса, режиссёр болот
Бою – 170 сантиметр
Жакшы көрүп жегени – Бешбармак
Акыркы жолу көргөн киносу – “Чындыкты өзгөрткөндөр”
Сүйүп уккан ырчысы жана ыры – Адам Ламберт, “Акылдан адашкан дүйнө” (“Mad world”)
Фобиясы – Жалгыздык

– Саламатсыңбы, Жаныш, куш келипсиң төрүбүзгө. Кантип “тамашоучу” болуп калганыңдан кеп баштасак кантет?
– Рахмат, жакшы болот. “Тамашоу” долбоору жаңы эфирге чыгып келатканда достордон “ушундай кыргызча КВН ачылыптыр” деп угуп калган элем. Ага чейин Евгений Акопяндын Лигасында ойночумун. “Тамашоуну” уккандан кийин барып Эрмек байке менен сүйлөшсөк, “мейли, келип катышып көргүлө” деп бизге мүмкүнчүлүк берген. Сүйүнгөн бойдон барып балдарга айтсак, командадагы Айбек деген досубуз баарыбызды чогултту. Бир жуманын ичинде шаша даярданып, 2008-жылы 1-ноябрда тамашаларыбызды элге тартуулаганбыз. Ушул датаны “Ак кеме” командасынын туулган күнү деп койсок да болот.

– Көбүнчө “стерва” кыздардын ролун катыра аткарасың...
– Жарашса керек да. Билбейм, мен роль тандабайм, “тамашоучу” “илибой” ролду аткара билиши керек. “Стерва” эмес кыздардын ролун деле келиштирип аткара берем.

– Cөз учугун өзүңө бурсак. Үй-бүлөң тууралуу кененирээк айтып берсең?
– Мен 1990-жылы 27-март күнү Караколдогу төрөт үйлөрүнүн биринин дубалдарын жаңырткан экем. 5 жашка чейин чоң ата-чоң энемдин колунда тарбиялангам. Бала кезде өтө тентек элем, мен сындырбаган айнек, мен чыкпаган дарак, мен жазбаган дубал калган эмес. Эсимде, биз от жакканда бат күйсүн деп солярка куйчубуз да, мен болсо билбей бензин куюп алыптырмын. Болгондо да тезирээк күйсүн деп көп куюп алгам десең. Ширеңкени күйгүзсөм эле оттун жалыны дүрт деп менин бетимди каптап, каш-кирпик, чачымдан эч нерсе калган эмес. Мындан улам дагы бир окуяны эстеп кеттим, атайын кошунамдын эшигинин үстүнө чакага суу куюп койгон элем, эшигин ачканда суу анын үстүнө төгүлүп кетсин депчи. Ал эшикти ачканда жиби үзүлүп кетип, суу чакасы менен анын башына кийилип калган. Чоң атамдар мени кийин адам болсун дешип ата-энеме тапшырышкан экен. Атам милиция кызматкери, апам учурда үйдө, мени урушкуч болуп иштейт. Үч бир тууганмын, менден кийин иним жана карындашым бар. Учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 3-курста окуйм.

– Сен үчүн күлкү жаратуучу кандай болушу керек?
– Күлкү жаратуучунун иши – элге жылмаюу, күлкү тартуулоо да. Ал сөзсүз күлдүрүп жаткан аудиторияны сезип, алар менен бир бүтүн болушу керек. Ага элдин реакциясы маанилүү. Андыктан анда артистизм, харизма күчтүү, кала берсе психолог да болушу керек.

– Кыздардын көңүлүн өзүңө бурдурууда кандай ыкмаларды колдоносуң?
– Таанышуу ыкмам менен бөлүшө кетсем, эгер ал кыз мага жагып калса, сөзсүз жардам суроо менен кайрылам. Мисалы, эң эле баналдуу деп эсептелген “чоң кыз, саат канча болду?” дегенден баштап “мени университетке жеткизип коёсузбу, көчөнү билбейт элем” дегенге чейин. Жакшы адам жардамын эч качан аябайт эмеспи.

– Кандай кыздар жагат, бой көтөрүп, өзүн кыйын сезгенби же көздөрү “жүрү кеттик” деп турганбы?
– Экөө тең эмес. Эң негизгиси, кыз менен жигиттин ортосунда тартылуу күчү болуш керек. Мисалы, адамдар эмне үчүн бетме-бет жакын туруп алып эмес, алыстан урушушат, бул деле физиканын бир мыйзамы да, туурабы? Ошондуктан адамдар канчалык жакындашкан сайын мамилелери ошончолук сый болот деп ойлойм.

– Анда кандай кыздар жакпайт?
– Эркектен катуу күлгөн кыздарды жактырбайм. Кыздар акыры-ын, сыпаа күлсө.

– “Звездняк” деген илдет сенде да барбы?
– Негизи, бул ооруну ар бир чыгармачыл адам башынан өткөрөт. Кээ бири башында, кээси атактуу болгондон кийин. Менде деле болгон, башында “Тамашоудо” ойноп жүргөндө университетте тааныштар, тааныш эместер деле учурашып, салам бере берүшчү, ошондо “и-ий, тажап кеттим, кечке эле учураша беришеби?” дечүмүн, кайра ичимден ойлоп коём “мен эмне эле болуп жатам?” деп. Азыр ойлоп калам, мени менен учурашкандардан тажап баратсам, анда ал ушул “звездняк” оорусунун симптомдору болгон го деп.

– Сенин “Тимеле шоу” долбооруна катышып калганыңды билебиз, алпаруучулукка сунуш түшө элекпи?
– Сунуш түшкөн, бирок азыр убакыт жок. “Жаңы кыргыздар” деген скетч-шоудо кыздарга жакшы “подкат” кылган мачонун образын жаратып жатам. Буюрса, жакында жарыкка чыгат.

– Биздин гезиттин 10 жылдыгына карата уюштурулган Суперфутболго “Тамашоу” командасы да катышат экен. Даярдыктар кандай?
– Мен өмүрүмдө футболго кызыгып көрбөптүрмүн. Мурун телевизордон көрсөм эле “эмне эле чогулуп алып бир топтун артынан чуркап жүрө беришет?” деп ойлочумун. Анан команда менен даярданып, ойноп көрсөм, топту жакшы тосот экенмин. Ушул кезге чейин билбептирмин, чынын айтсам. Мени “сен дарбазачы бол” деп коюшкан эле, бирок кийин менден да жакшы тоскон жигит бар экен, ордумду ага берип койдум. Буюрса, даярдыктар сонун, “айрыйбыз”!

– Кимди?
– Гезитти... ха-ха-ха... тамаша.

– “Тамашоу” курама командасы менен Казакстанга барып келбедиңби, алардын кыргыздар тууралуу ойлору кандай экен?
– Чынын айтсам, бизди казактар жакшы көрүшөт. Бир чети коркушса да керек, анткени барган сайын эле биринчиликти эч кимге бербей жатсак. Бизди күчтүү атаандаш катары карашат.

– Чачың табиятынан тармалбы же бигуди колдоносуңбу?
– Жоо-ок, табиятымдан ушундай, бир эле жолу “Тамашоудо” ойноп жатып “балдар, биз баарыбыз бирдей болушубуз керек” деп чачымды түздөтүп чыккам, артымдан чыккан командадагы балдардын баары чачтарын тармал кылып чыгышкан болчу. Ошол тамашаны аткарыш үчүн чачымды эки саат түздөй албай чачтарач байкебиз аябай кыйналган.

– Тамашаларды кантип жаратасыңар?
– Баарыбыз чогулуп алып репетиция учурунда каткырып отура беребиз. Каарман кылып бир баланы алабыз да, ошонун үстүнөн шылдыңдай баштайбыз. Ошентип эйфорияга кирип алгандан кийин тамашалар өзүнөн өзү эле жарала берет.

– Бир күн президенттин укугу сага берилсе, жумушуңду эмнеден баштайт элең?
– Баарын тээ бала бакча менен мектептен баштамакмын. Анткени өзүм орус мектепте окуп, абалын жакшы билем. Орус мектептерде, ачыгын айтканда, “Манасты” “жок” деп окутушат. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде деле ушундай абал, түрктөрдүн бүт жазуучуларын окутушат, ал эми өзүбүздүкүн жөн эле окутумуш болуп коюшат. Учурда эмне үчүн жаштар билим алып, чет өлкөгө иштегени кетип жатышат, анткени алардын көөдөнүндө бул жакта кармап турчу эч нерсе жок. Бизди кичинебизден ар кимдин идеологиясын таңуулап окутуп жатышса, талаага эмнени сепсең, бышканда ошону аласың да, туурабы?!

– Абдан эмоционалдуу окшойсуң, жиниңди учурунда чыгарып аласыңбы же топтоп туруп чыгарасыңбы?
– Учурунда чыгарам. Жиним бат эле жазылып кетет.

– Кызыктуу маек куруп бергениңе чоң рахмат!

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Тамашоучу" Жаныш: "Тирүү мышыкты союп көргөм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(25)
SUPER.KG видео
12.05.2012. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kantip ele kokolop ketpesin dep oilosun ata ene..ech kachan antip oiloboit oz ata nen.
SUPER.KG видео
12.05.2012. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын!!Дайым алдыда журо бер!!Ийгилик!Ооло бат суйлойт экен!Толуп калыпсын!Хахахаха
SUPER.KG видео
12.05.2012. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик
SUPER.KG видео
12.05.2012. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктуу маек болуптур.Ак кеме алга.
SUPER.KG видео
12.05.2012. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tileginizge jetiniz! tamashownun jigitteri en mykty jigitter!
SUPER.KG видео
13.05.2012. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик оркунунор осо берсин.
SUPER.KG видео
13.05.2012. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eh jyldyzy jangan jigit eken attin ai .
SUPER.KG видео
13.05.2012. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын.
SUPER.KG видео
14.05.2012. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман комикго гунтангем)))))))))))))))))
14.05.2012. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааааябай жагат да ушул бала. . .
14.05.2012. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тыкылдап ар бир суроого оз оорду менен жооп бериптир!Мышык сойгону жакты,мен дагы мышыкты жаман кором
14.05.2012. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты жигит!
Оркунун оссун! Дагы да жакшы эмгектерди кутобуз! :)
14.05.2012. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бойу кичинекен да ээ
15.05.2012. 06:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ccd. Sonun tamawawoochulardin biri
15.05.2012. 07:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bou 170 ge jetpeit boluw kerek kichinekei korunot
15.05.2012. 07:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodes joop bergeni jakty!
SUPER.KG видео
17.05.2012. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жакшы бала экен.озум кулкучу элем бул маекти коруп кулуп омурум дагы бир азга узарды.азаматсын Жаныш ийгилик!!!
18.05.2012. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vaaai vawe prostoy balagoo... 4ynynda maga atkargan roldoru jagat... iygilik sizge baike=)
18.05.2012. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жылдыздуу бала!!! ийгилик сага Жаныш!
18.05.2012. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматтар алга!!
19.05.2012. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун тамашаларды жаратып жеткиликтуу кылып аткарат. Кыргаздын ушундай таланттуу балдары кобойо берсин! Жаныш азаматсын мындан кийин да эн сонун, кызыктуу тамашаларды жаратып биздин конулубузду которуп журо бер! Ийгилик сага! Тынч бол! Бактылуу бол!!!
SUPER.KG видео
21.05.2012. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой бой абдан жакшы женил бала экен жакты азамат алга тармал
SUPER.KG видео
21.05.2012. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо тумчугуп олуп калган мышыкты сойдубу же тируубу?
SUPER.KG видео
15.06.2012. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iyiglik saga, Janysh!
SUPER.KG видео
15.06.2012. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abdan jakwy adam ekensin!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо