13 ЖАШАР ИСЛАМДЫН АРМАНЫ ЖЕ УКМКнын КАССИРИНИН УУЛУНА СОТ ЖОКПУ?

№498 18-май-24-май, 2012-ж.

Эртеңки күнүң кандай болорун эч качан биле албайсың. Бул үй-бүлө да тагдырдын мындай сыноосуна туш болобуз деп ойлогон эмес чыгар. Бул каргашалуу окуя Исламды сүйүктүү атасынан ажыратса, өзүн түбөлүккө ден соолугунан ажыратып койду. Өзү теңдүүлөр так секирип ойноп жүрсө, Ислам 1 жыл 3 айдан бери майыптардын арабасында байланып отурат. “Минтип бир заматта бактылуу үй-бүлөнү сыздаткан күнөөкөр жазасын албай жүрөт” деп нааразычылыгы менен Исламдын тууганы Улан редакциябызга кайрылган.

КЫРСЫКТАН АТАСЫ КАЗА БОЛСО, БАЛАСЫ МУНЖУ БОЛДУ
Бир жылдан ашуун убактан бери бул 13 жашар бала көрбөгөн тозокту көрүп, башы ооруканадан чыга элек. Бир бутунан ажыраган өспүрүмдүн экинчи буту да учурда толугу менен бүтө элек, кесүү коркунучунда. Дарыгерлер “колубуздан келгенин кылдык” деп айтышыптыр. Экинчи бутун “айыктырабыз же ампутация кылабыз” деп ачык айтышпаган. Тилекке каршы, экинчи бутунан да ириң чыгып, учурда эч бир дарыгер айыгып кетерине кепилдик бере элек. Бул окуя болгонуна толугу менен 1 жыл 3 ай болду. Ал каргашалуу окуя 4 баланы жетим калтырып, жаш жеткинчекти өмүр бою мунжу кылды.
Бул үй-бүлө жакшы тилек менен Нооруз майрамын эл катары майрамдайлы деп Таластын чоң базарына барып, кайра айылга кайтып келе жатышкан. Унаанын ичинде Мырзабек агай, аялы Гүлжан, уулу Ислам жана коңшусу Махабат эже бар болчу. Унаанын суусу кайнап кетип, Арал айылынын Сейдакматов көчөсүнөн жолдун жээгине токтогон. Капотун ачып суу куюп жаткан кезде мамлекеттик номери 05-15 DA болгон ак түстөгү Нива 2121 үлгүсүндөгү автоунаа келип сүзгөн. Унаа УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгына тиешелүү болуп чыккан.
Аталган автоунааны УКМКнын кассири Уулкелсин Жаркынбаева уулу Азамат менен Таластагы таякесинин кара ашына айдатып келген экен. Автоунааны Таласка УКМКнын айдоочусу Айбек Пратов аттуу жигит айдап келген. 20-март күнү жолго чыкмай болуп, кечки саат 5 чамасында унаага май куюуга Азамат Жаркынбаев айдап чыгат. Катуу ылдамдыкта келе жатып, бурулуштан кайрылганда рулга ээ боло албай калып, күн чыгыш тарапты көздөй келип КИА Спорттейж үлгүсүндөгү унааны бет маңдайынан сүзгөн. Унаа 10 метрдей артты көздөй жылып кеткен. Ал учурда капоттун алдында Мырзабек менен уулу Ислам радиаторго суу куюп жатышкан эле. Мырзабектин тизеден өйдө жилиги чорт сынып, эки буту тизеге чейин жиликтери майдаланып, автоунаанын бамперине кептелип калган. Ал эми Исламдын оң жак буту тизеден ылдый жулунуп, сол бутунун жилиги чорт сынып, сөөктөрү майдаланып кеткен. Алар Талас районунун Чат-Базар айылынын ооруканасына жеткирилип, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Мырзабек оорукананын жандандыруучу бөлүмүндө он күн комада жатып, каза болгон. Ал эми Ислам 5 күн Талас облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатып, андан кийин Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнө которулган. Тилекке каршы, бул убакыт ичинде бутуна микроб кирип, буту ириңдеп, тизеден өйдө кесүүгө туура келген. Учурда экинчи бутунун абалы да жакшы эмес, себеби бутунун эттеринен ириң чыгып жатат.

Жабырлануучу Ислам: «АТАМ БАЛАМДЫ КАРАГЫЛА ДЕП ЖАТТЫ»
– Машина урганда эсимди жоготкон жокмун. Бизди сүзгөн Нивадан сары жигит түшүп, бизди карап калды. Кийин ал жигит Азамат экенин билдик. Ошондо атам да эсинде болчу “көзүң барбы, акырын айдабайсыңбы! Мени таштагыла, баламды карагыла!” деп кыйкырып сүйлөнүп жатты. Машинадагы Гүлжан жана Махабат жеңемдер эмне кыларын билбей өздөрүн жоготуп коюшту. Алар “жардам бербейсиңби, эмне карап турасың?!” деп кыйкырып, чуркап жүрүштү. Андан кийин бизди машинага салып, ооруканага алып кетишти. 5 күндөн кийин Бишкекке келдим, ошондон бери ушул жактамын.

Гүлжан, Исламдын апасы: «АЙБЕК КҮНӨӨСҮЗ КҮНӨӨЛҮҮ БОЛУП ЖАТАТ»
– Машина катуу урулгандыктан, 10 метрдей жерге жылып кетти. Жанымда коңшум Махабат бар болчу, экөөбүз сыртка атып чыксак, күйөөм менен уулум жерде кан жалап жатыптыр. Ызы-чуу болуп, эмне кыларыбызды билбей калдык. Тизелеп отурганымда бет маңдайымда сары жигит турганын көргөм. Анын аты Азамат экенин жаныбызга чогулган жигиттер айтып жатышты. Күйөөмдү, уулумду ооруканага жеткизип, жандандыруу бөлүмүнө киргиздик. Ал убакта жолдошум эсин жогото элек болчу, анан эле комага түшүп, ошол бойдон эсине келбей каза болуп калды. Уулкелсин эже уулу Азамат болуп күйөөм каза болгондон кийин 1 уй, 1 жылкы, столго деп 20 миң сом беришкен. “Исламга да жардам беребиз” деген сөздөр болгон, бирок бүгүнкү күнгө чейин бир да жолу абалын сураганга жарашкан жок. Ал жерде Арал айылынын тургундары рулда Азамат экенин тастыкташса да, аларды эч ким уккан жок. Айдоочу Айбек Пратовдун “рулда мен болчумун” деген сөзү чыныгы күнөөлүү адамды эркиндикте калтырууда. “Кийин чыгарып алабыз” деп ал айдоочуну кылбаган кылмышты моюнга алууга көндүрүшкөнүн эл айтып жатат. Анын үстүнө Азаматтын көзү жакшы көрбөйт экен, ошондуктан ага машина айдаганга болбойт экен. Анын апасына “мен көрбөй калыпмын” деп ыйлаганын көргөндөр да бар. Айбек бирөөнүн күнөөсүн неге өз моюнуна алып жатат, билбейм. Көрсөтмөлөрүндө “алдымда бусик токтоп турган, мен андан ашып өтөйүн дегенде алдыман уй чыга калып, сүзүп алдым” деп жатат. Чындыгында, жол бош болчу, муну ондогон күбө далилдей алат, бирок бизди эч ким уккан жок.

ТЕРГӨӨ АМАЛДАРЫНАН
Бир жылдан бери бул иш аягына чыга элек. Сот кошумча тергөө жүрсүн деп Аскер прокуратурасына жиберген. Гүлжан айымдын айтымында, жол кырсыгы болгон жердеги чийиндер да кийин өзгөрүлүп кеткен экен, ызы-чуу менен кайра туураланган. Ал эми Азамат Жаркынбаевди “бул ишке эч кандай тиешеси жок” деп өткөн жылдын 23-майында «кылмыш иши токтотулсун» деген тыянак чыгарылгандыгы маалым. Кызыгы, бул чечимди жабырлануучулар кийин билишкен.

Адилет Чунуров, Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун кеңсесинин башчысы:
– Учурда бул иш гарнизондук Аскер прокуратурасында тергөөдө. Таласта беттештирүү менен тергөө-иликтөө иштери толук жүргүзүлбөстөн бул иш сотко өтүп кеткен экен. Бишкек гарнизондук Аскер соту тергөөнүн мүчүлүштөрүн жоюу үчүн кайрадан тергөө амалдарын Бишкек гарнизондук прокуратурасына жиберүү жөнүндө токтом чыгарган. Бирок Аскер прокуратурасы Аскер сотунун токтомуна макул болбой, апелляциялык сунуш киргизген. Аскер соту өз токтомун күчүндө калтырып, учурда тергөө-иликтөө амалдары кайрадан жүрүүдө.
Соңку сөз ордуна: Куттуу бир үй-бүлөнүн уясын бузган тараптан бир дагы адам менен байланыша албадык. Тапкан номерлерибизге чалганыбызда баары өчүк болуп туруп алды. Исламдын туугандарынын айтымында, акыркы сот отурумунда Азамат Москвага кетип калгандыгы маалым болгон. Ал эми Айбек Пратов дале күнөөнүн баарын өз моюнуна алып жаткандыгын айтышат. Ошондой эле Гүлжан айым маркумдун экинчи аялы экен. "Исламдын өз энеси башында 3 күн келип карап, андан кийин кайрылып келбеди" дешет. Айына 4 балага жалгыз бой эне деп акча алып, ошондой эле Исламдын майыптыгы боюнча пенсиясын да алып жаткандыгын Дастан аттуу уулу айтып, апасына нааразы болуп жатты. Бул макаладан кийин иш оңунан бүтүп, күнөөлүү адам өз жазасын алып, Исламга тиешелүү жардам берилет деп ишенебиз.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg


Тагдыр - 13 жашар Исламдын арманы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(51)
SUPER.KG видео
19.05.2012. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALLAH shypaasyn bersin, nomerin bergile4i syrany4
SUPER.KG видео
20.05.2012. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allah wypaasyn bersin inim!
SUPER.KG видео
20.05.2012. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛАХ жазасын берсин каяка качып кутулмак эле, барар жерибиз бирго акырет.... Ислам айыгып кет дарегин кантип алсак болот экен?????
SUPER.KG видео
21.05.2012. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛАХ озу колдосун ИСЛАМДЫ моб. номерин жазып жибергиле колдон келишинче жардамыбызды беребиз.
SUPER.KG видео
21.05.2012. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жардам берели деген билдируулорду окуп алып- ичим жылый тушту. Жаратканым Исамга ден-соолук берип, ойлогондой белгилуу футболист болсун!
SUPER.KG видео
21.05.2012. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не могу (((((((((((ыйлап жибердим((((((((.Эч кайгырбагыла,силер эн бактылуу адамдардан болосунар,ишенгиле!Жараткан силерден эч аянбасын.
SUPER.KG видео
21.05.2012. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айдоочулар бери жакта калсын, энесинин кандай жүрогү жок неме?! Кантип тырнактай балдарын кароосуз калтырып, анан дагы акчасын алып жатканына таң калып отурам... Ал эми баласы азамат экен, сүйлөгөн создору да, ойлогон ойлору да чоң кишиникинен кем калбайт. Келечегиңер кең болсун! Ден соолукта болгула! Мындан ары кырсыктан тышкары жүргүлө! Жардам бере ала тургандар болсо колдоо көрсөтүп койгула.
21.05.2012. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртерээк айыгып кетишинди каалайм.
21.05.2012. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынын айтсам ыйладым.Эч кимге мындай оор тагдыр туш болбосо экен.
21.05.2012. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыныгы куноокорду жазалоо керек анын ким экенине карабай.АЛЛА озу шыпаасын берсин бул балага
21.05.2012. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйын болуптур Исламга, экинчи буту айыгып кетсин, Калганын Алла озу жазалайт
SUPER.KG видео
21.05.2012. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх күнөөлүлөрдүн жазасын Кудай өзү берсин.Энеси кандай акмак аял.Тезирээк сакайып кет Ислам!кудай өзү күч-кубат берсин!
SUPER.KG видео
21.05.2012. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ислам сен экообуз окшошуп кетет экенбиз сен ойлонбо баары жакшы болот (главное не падать духом) деп коюшчу балницада чон кишилер бизге окшогон,мени азыр мисалы эч ким кочодо коргондо майып деп ойлобойт эл катары басам ПРОТЕЗ менен сеникида билинбейт иним жаш экенсин,анан дагы айта кетчу нерсе урматту ата энелер силерге бир айтарым ыйманду анан урушсуз жашаганга аракет кылгылачы семия кургандан кийин,себеби ата энен кылган кунолору балага тийет экен деп ойлоп койдум,коп байкадым ушул нерсени.
21.05.2012. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш бул жаш балада эмне куноо??? эмнеге мынтип кыйнайсын аны((((( тезиреек айыгып кет...
21.05.2012. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде сот чынчыл чечим чыгарбаса,анда Алла таллаа озу жазалайт!
SUPER.KG видео
22.05.2012. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
batiraak ayigip ketsin emi baikush bala, ayabay jaman boluptur, kirsiktardan Kudai saktasin.
SUPER.KG видео
22.05.2012. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
исламчик еч кейибе сенин жашоон але алдыда ,конулун котор .еч чокпо .ертерек кудайым сага жардам берсин .
SUPER.KG видео
22.05.2012. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allahym baktyluu omur bersin.Kuduretii kuchtuu Jaratkanym tilegen tilegingerdi, oilogon oi maksatyngrdy bersin. allahym bar, jana al ar dayim jardam beret. kaigyrbagyla, chokpogulo. Allah koldosun. !!!
SUPER.KG видео
22.05.2012. 05:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мээримдуу,ырайымдуу Аллах Таалам озу сага шыпаасын берсин Ислам,кунолуулорду Аллах Таалама кой озу жазалайт баары бир.
22.05.2012. 05:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ислам созсуз аяагып кетишинди каалайм. Чынында мен дагы ыйладым. Атандын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Арты кайрылуу болсун.
22.05.2012. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жонокой адам сузуп алганда тим эле шоу кылып кайра кайра айтышып теледен тушпой ИИБ ,УКНБсы мактаммак биз жазаладык деп эми оздору жонундо ооз ачпайт АЛЛАХ озу жазасын берсин кунолуулорго
22.05.2012. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Исламдын телефондору болсо жазып коесунарбы?
23.05.2012. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bonita_01, egerde sen nomerin alyp kalsan maga da berip koichu suranych
23.05.2012. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bonita_01, 0772660427, 0703331503 Исламдын жана анын эжеси Майрам айымдын номурлары.
22.05.2012. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баланын мунайым коз карашы журокту ыйлатат!ертереек айыгып кетишинди кудайдан тилейбиз!!жараткан шыпаасын берсин!!
23.05.2012. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzstan ka4an onolot bilbeim. Jogoruda oturgandar uwul balanyn kele4egi jonundo oilop da koyuwpait. Alla alarga ozjazasyn bersin,alarda syzdawsyn owondo biliwet adamdyn kadyryn. Islam aiygyp ketiwindi alladan suranam.
23.05.2012. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тезиреек сакайып кет! кудай озу жардам берсин сага
24.05.2012. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oo ALLAH kechir oz pendelerin kunoolorun!!! Islam айыгып кетишин каалайм !!! (((
27.05.2012. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ох ох кандай кордук ислам тезирек айыгып кеттишинди алла таладан тилейм эртерек айыгып кет .
04.06.2012. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allanyn booru orusun,bul jalgan duinodo jazadan ka4yp kutulgan menen akyrette kutula albait,ke4irimduu jana booruker alla,pendelerindi ke4ire kor!!!Allah baarybyzgaj sabyr bersin!
SUPER.KG видео
15.06.2012. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах Исламга шыпаа берсин ылайым.Дастан Молодец.Так суйлоуйт экен факт менен..Турсун Акун ушул балдардын укугун коргосо боло,ГЕЙлердин укунун коргобой мактанып..Укук коргоочу айымдарыбыз дагы караса боло сарттардын укугун коргобой....Дастан инин айыгып кетет ишен...Ал адамдардын жазасын алат,турмодо болбосо дагы кудайым жашоодо жазалайт..Алардын жузундо нур жок,алардын уй булосундо ырыс тынчтык болбойт......Мээримдуу Аллах шыпа берсин омийн
SUPER.KG видео
11.07.2012. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ислам мен да москвадамын колдон келген жардамымды бергенге аракет кылам номеринерди алдым жакын арада чалам
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо