Бегиш:«ТАБИТСИЗ КИЙИНГЕН КЫЗДАР ЖАКПАЙТ»

№498 18-май-24-май, 2012-ж.

“Кечир мени, эгер чалсам, түнкү саат үчтө...” деген ыр саптарын азыр жаштар жылмаюу менен кыңылдай ырдап жүрүшөт. Жаштар арасында хитке айланган мындай ырларды жараткан, жаңы багыт жана стилде өзгөчө үнү, аткаруусу менен кыргыз рэп дүйнөсүнө Бегиш деген ысым кошулду. “Жалгызым”, “Эркелеп” аттуу ырлары менен эл оозуна алынып калган, келечектен көптү үмүттөндүргөн рэпер Бегиштин жашоосу кандай, эмнени жактырат да, эмнени жактырбайт, чогуу байкап көрөлү.

Толук аты-жөнү – Бегалы Белекбаев.
Туулган жылы – 1992-жыл, 2-январь.
Жердиги – Алай району.
Бою – 170 см , салмагы – 62 кг.
Жылдызы – Текечер.
Билими – Юридикалык академияда 3-курста окуйт.
Үй-бүлөдө эки бир тууган.

«МЕН ЖӨНҮНДӨ...»
– 20 жыл ата-энемдин жалгыз баласы болгондуктан, үй жумуштарынын баарын жасап, эркелик эмне экенин билген жокмун. Ата-энем жумушта жүргөндө үйдү тыкыйта жыйнап, идиш-аяк жууп, камыр жууруган мен үчүн күнүмдүк жумуштардан эле. Быйыл карындаштуу болуп, кубанычыбызда чек жок.
Мүнөзүм жөнүндө айтсам, баарына түшүнүү менен караган жөнөкөй баламын. Оор деле мүнөзүм жок, адамга жакшылык каалаган эле жигиттерденбиз.
Үйдө жалгыз болсом, ачка деле калбайм. Апам үй жумуштарынын баарын үйрөткөндүктөн, анча-мынча тамактарды жасаганды билем. Эң жакшы жасаганым – жумуртка менен картошка кууруу.
Спорттон футболго аябай кызыгам жана сүйүп ойнойм. Бош убакыт болсо, күрөштүн самбо түрү менен да алектенем.
Кийимдеримди көбүнчө чет өлкөдөн алдырам. Дос балдарым өздөрүнүн табити боюнча тандап салып турушат. Кээде буйрутма да берем.

«КЫЗДАР...»
– Кыздарга кырдаалга жараша, шайыр болсо шайыр, оор басырыктуу болсо ошондой мамиле кылам. Сулуулар менен таанышуу мага көп деле кыйынчылык жаратпайт. Эгер кыз жагып калса түз эле барып, таанышуу сунушун киргизем. Сүрдөмөй деген жок.
Кыздарга белек катары кээде ыр чыгарып жана серенада ырдаган учурлар болгон. Кичине кезимде Ысык-Көлдө бир кыз үчүн көчөдө түнөп калганым дале эсимден кетпейт. Аны кечке күтүп, сыртта таң атырган элем.
Негизинен, ата-энеге мээримдүү, тарбиялуу, үй жумуштарына тың, ошол эле учурда заманбап, саркеч кийинген, өзүнүн жарашыктуу стили бар кыздар жагат. Жүдөө, табитсиз кийинген кыздарды көңүлүм сүйө бербейт.
Эң биринчи айымдарды көргөндө негедир бут кийимине көңүлүм бурулат. Мейли шиш така, мейли жапыз бут кийим болсун, негизгиси, табит менен тандалып, өзүнө жарашыктуу болсо жетиштүү.

«ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТА...»
– Эң алгачкы дебюттук чыгармамды Көчө акыны (К.А.) менен ырдагам, “Керексиң мага” деген аталышта 2010-жылы жарык көргөн. Ошондон бери досум экөөбүз чогуу иштешип келатабыз. Акыркы эмгегибиз – “Акыркы кат” аттуу композиция. “Жалгызым” деген ырым болсо сүйгөн кызыма арналган. Ал кыз менен бир топ убакыт кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп, кийин эки башка жолго түштүк. Азыр да кабарлашып турабыз, бирок дос катары.
Учурда жүрөгүмдүн ээси жок. Менин негизги күнүмдүк жашоом эртең менен таң атпай сабакка жөнөөдөн башталып, окуу саат экилерге чейин убактымды алат. Андан кийин дароо эле жумушума келем, башкача айтканда, студияда күнүм өтөт.

Назгүл Исакова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(20)
21.05.2012. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
репти ырдабаган ким калды озу?
21.05.2012. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
красава брат
21.05.2012. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Озунчо эле далак-дулак, болок-салак болгон бала..
21.05.2012. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин жаныма эч ким жетпейт да ал да рэпер
21.05.2012. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dalak dulak,bolok salagunar sonun eken :-)
21.05.2012. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
videosu ka9kta emi?!
21.05.2012. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бардык ырчы балдар тамак жасай алам уй- жумуштарын аткара алам дейтгоо)) сахнадан ,кочодон корсон тим эле сыр билгизбей койкондоп коюшат дагы)))))))
22.05.2012. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ай табитсиз, алдагы ачкинди такпай журчу!
22.05.2012. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
A maga atkaruusu jagat.Ancha-minchalarga salishtirmaluu bir top ele ayirmasi bar,unundo,stilinde,irlarinda...bolgonu jani chigip kele jatpaybi.Kelechegi aldida!
22.05.2012. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mmmm... bul kim?
22.05.2012. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mc-malyaga kachan joop jazasun je Talaska kachan kelesin?????
23.05.2012. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мдаа..менин суйуктуумдун суйуктуу ырчысы го
24.05.2012. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
так себе озу деле,ыры деле,неге анчалык болуп алган!
25.05.2012. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Stili ozgocho da bul balanyn.Maga jagat.
25.05.2012. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
э досум токтосон, тубуно жетем
25.05.2012. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сопсонун эле жургон бала далактабай эле орусчай айтмакчы "по себе не суди" одним словом он не мырк,бирок reblга жетпейт))))
25.05.2012. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асмандан тушо калгансып табити жок кыздар жакпайт дегени кандай мааниде?анын эки вариантты бар дегендей да.
27.05.2012. 06:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айымдардын бут киймине эмес, ыйманына, акылына карап коз жугурт. Сенде акыл деле жок окшойт. Андан коро сени кыздар жактырабы дебейсинби.
16.06.2012. 06:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalaibek, ё-маё,сонун жазыптырсын,красавчик,молодец!боорум эзилди!кстати,ким бул,каяктан келген?
10.04.2014. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ровный бала, келечеги бар! Ийгилик каалайм!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо