Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖУУНБАГАН ЖАЛКОО КОЁН

№498 18-май-24-май, 2012-ж.

Илгери-илгери өткөн заманда токойдо бир Коён жашаптыр. Ал жуунганды ушунчалык жаман көргөндүктөн, таптакыр жуунчу эмес экен. Бир күнү жолдо баратса, алдынан Түлкү чыгып:
– Ой, сен кимсиң?
– Менби? Мен Коёнмун да.
– Жо-ок, сен Коёнго окшобойсуң го? Ушу сен кирпи окшойсуң?
– Эмнеге?
– Карачы кебетеңди, жүндөрүңдүн ар бир талы ийнедей тикчийип калыптыр. Сендей Коёнду өмүрүмдө көргөн эмесмин.
Бул сөзгө арданган Коён катуу-катуу силкинип жиберет. Катып калган жүндөрү жумшара түшкөнү менен, кири кетпейт. Ары карай жолун улайт. Эми алдынан Аюу чыгат.
– Ой, сен кимсиң?
– Мен Коёнмун.
– Сен Коён эмей эле момолойсуң го?
Бул сөзгө да ардана түшкөн Коён жуунгандын ордуна турган жериндеги эле жашыл чөпкө оонап алат да, жолун улайт. Алдынан кичинекей коёнектер чыгат.
– Ой, сен кимсиң, ыя?
– Менби? Мен Коёнмун.
– Жок, сен бизге окшобойт экенсиң. Сен жашыл бака окшойсуң...
– Мен бака эмесмин. Коёнго эле окшошуп турбаймынбы!
Коёнектер жуунганды жактырбаган жалкоону сууга ээрчитип келишет. Суунун бетинен өзүн көргөн кир Коён чочуп кетип кулап түшөт. Чыга албай ары далбастап, бери далбастап жатып араң чыгат. Сууга кир денеси жуулуп, апакай болуп чыга келгенде аны көргөн жанындагылар “көрсө, сен аябай аппак, анан да сулуу турбайсыңбы!” деп суктанышат. Ошондон кийин Коён дайыма жуунуп, тазаланып, сулуу болуп жүрүүнү адат кылыптыр.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо