«No Mercy» тобунун мүчөсү МАРТИ СИНТРОН: «КЫРГЫЗДЫН БЕШБАРМАГЫ АЯБАЙ ЖАКТЫ»

№498 18-май-24-май, 2012-ж.

Баарыбыз көптөн күткөн “Мен бийчи” аттуу эл аралык фестиваль чындыгында эле болуп өттү. Ар бирибиз көчөдө илинип турган афишалардан чет жерлик жылдыздарды көргөндө “булар чын эле келеби?” деп күтүп жаттык эле. Уюштуруучу Атай Өмүрзаков сөзүнө туруп, айтканын аткарды. Концерт жогорку деңгээлде өтүп, элдин купулуна толду.

Мындай масштабдагы концерттин бир аз баш аламандык менен өткөнү кадимки көрүнүш. Чычкан жорголоп өткүс болуп тизилген эл милиция кызматкерлерин билеттерди текшерткенге да үлгүртпөстөн, көк букача челип кирип жатышты. Мына ушундай чыдамсыздык менен шашылган маанайда кече башталды.
Эл "Спартак" стадионуна жык-жыйма эмес, куюлуп, ашып калганча чогулду. Кирбей калгандары "Спартактын" Чүй тарабындагы дубалынан орун алышты. Аларды улам кубалап жатып милиция кызматкерлери ой да тажады бейм...

АЛГАЧ...
Сахнаны Атай өзүнүн "фирменный" бийи менен ачты. Алпаруучулук милдетти кыргыз тилинде шоумен Бакыт Байсариев, орус тилинде телеалпаруучу Максим Полетаев аркалады. Андан сырткары бий жарышынын алпаруучулары MC Zu (Казакстан) жана MC Scream (Украина) болсо, ди-джейлик пультта украиналык ди-джей Vog турду.
Аз гана убакыттын ичинде элдин сыймыгына айланган Атай Өмүрзаков бийлеп бүткөндөн кийин бет кабын чечип, элди таң калтырган билдирүү жасады. Ал мындан ары бийлебей, сахнаны таштай тургандыгын айтты.

ФЕСТИВАЛДЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ
Фестивалдын башында бийчилер поппинг, локинг, хип-хоп, брейк, шоу агымдары боюнча ат салышышты. Ал эми таланттарды таразалоо милдети чет жерден келген бий тармагынын чеберлерине берилди. Тактап айтсак, Legend (АКШ), Hozin, Fleta (Корея), Jay (Кытай), Salah, "Les Twins" (Франция), Alcolil (Орусия). Жөн гана калыс болбостон, жогоруда кеп кылган коноктор өздөрүнүн бийин да көрсөтүштү. Ал эми Атай бийлеп чыкканда коноктор да көңүл коюу менен дем тартпай карап отурушканы кубандырды.

СЫЙЛЫКТАР ЖАНА СЫЙЛАНГАНДАР
Шоу (негизги наам) – "We`ll Be" (Кыргызстан) – 5000 $
Брейк – "Kill The Beat" (Казакстан) – 3000 $
Поппинг – Алияр (Кыргызстан) – 1000 $
Локинг – Gold (Кытай) – 1000 $
Хип-хоп – Рекрут (Казакстан) – 1000 $

V.I.P. орундарда: Элдар Айтматов жакында эле үйлөнгөн жубайы менен, өкмөттүк аппараттын жетекчиси Төрөгул Беков, Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министри Алиясбек Алымкулов, премьер-министрдин маданият боюнча кеңешчиси Султан Раевдер болушту.
Биздин ырчылардан: Каныкей, Омар, Арсен, Айбек, Нэна, "Non-Stop" дуэти сахнага чыгышты.
Толкундап турган эл "Les Twins" бий тобу чыкканда бир жарылды дейсиң! "No Mercy" тобунун ырчысы Марти болсо, кыйкырык-сүрөөндөн өрөпкүп жеке концертин берип сала жаздады. Чынында, бали демекпиз, чекесинен тер чылпылдап жатса да жандуу үн менен элдин жарпын жазды.
Оо, "Morandi" тобунун ырчысы Андрей Ропчанын чыгышы өзгөчө болду. Сахнаны көздөй жулкунган жаштар ырчыны "жутуп" жибере жаздады.
Атайдын айткандарынын 99 пайызы орундалды. Болгону, келет деген Адам Севани, "Morandi" тобунан Мариус Мога, "No Мercy" тобунан Ариэл жана Габриэл Эрнандездер келгенде туура 100 пайыз болмок экен. Дагы айта кетчү нерсе, чет жерден келген коноктор жандуу үн менен ырдап жатса, өзүбүздүн жылдыздар фонограмманын кызматынан пайдаланышты.

«LES TWINS»

  • Аты-жөнү – Лари жана Лорен Буржуа (эгиздер)
  • Туулган жылы – 6-декабрь, 1988-жыл
  • Туулган жери – Сарсель, Франция

Кыргызстандык бий­чи­лер тууралуу: "Силерде таланттуу балдар көп тура, жакшы да кыймылдашат экен. Ошентсе да, бийдин техникасын жакшылап өздөштүрүүлөрү керек. Ушул бойдон туруп калбай көп аракет кылышса, ийгиликке жетишишет".

SALAH Аты-жөнү – Салах Бенлемкавансса

  • Туулган жылы – 1979-жыл, 26-июнь
  • Туулган жери – Сен-Дени, Франция
  • Улуту – Француз
  • Дини – Мусулман
  • Бий тууралуу – Бийдин көп түрүн бийлейт. Бирок Өзүнүн бий стилин "P.A.B.E" деп атап алган.

Бийчилерге кеңеш: "Эң алгач өзүңөргө ишенгиле. Жа­ңы кадам жасап жатканда эч качан тегере­гиңдегилерди ойлоп коркуунун кереги жок".

«MORANDI» АНДРЕЙ РОПЧА

  • Аты-жөнү – Андрей Штефан Ропча
  • Лакап аты – Randi
  • Туулган жылы – 23-май, 1983-жыл
  • Туулган жери – Питешти, Румыния
  • "Morandi`нин" кыялы – Сейшель, Бора-Бора аралдарында атактуу болуп, гастролдорго барып туруу.
  • Ырлары – "Периштелер" ("Angels"), "Өңдөр" ("Co­lors"), "Мени куткар" ("Save Me") жана башка

«NO MERCY» МАРТИ СИНТРОН

  • Туулган жылы – 24-сентябрь, 1971-жыл
  • Туулган жери – Нью-Йорк, АКШ

Марти Синтрон Кыргызстан туу­ралуу: "Мага бул аймак абдан жагат. Буга чейин Казакстанда 5-6 ирет болсом, Кыргызстанга үчүнчү ирет келип отурам. Акыркы жолу 21-апрелде бир ишкер адам үйлөнүү тойго чакырып келген элем. Кыргызстандын биринчи кезекте абасы, анан маданияты, элинин музыканы сүйгөндүгү жагат. Ашканасы менен да тааныштым. АКШда жок болгон жылкынын этинен бешбармак жедим, аябай жакты".

– Топтун башка өкүлдөрү эмне үчүн кел­бей калышты?
– Ариэл менен Габриэл ден соолуктарына байланыштуу келе албай калышты. – Атай жана анын чыгармачылыгы менен таанышсызбы? Бетме-бет көрүштүңүз беле?
– Телевизордон көргөм. Бет келип таанышпасам да, чыгармачылыгы менен таанышмын. Абдан жагат.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз...
– Апам Нью-Йоркто, атам Атлантада жашайт. Өзүмдүн бир уулум бар. Ал чыгармачылыкка жакын эмес. Компьютерге көп кызыгат.

– Кыргызстанга жеке концерт берип келип калышыңыз мүмкүнбү?
– Балким. Азыр жаңы ырларды жаздырып жатабыз. Келечекте гастролдоп келип калышыбыз мүмкүн.

– Жашоодо кандай адамсыз?
– Жөнөкөй эле адаммын.

– Жашоодо өкүнгөнүңүз жана сү­йүнгөн­үңүз...
– Өкүнбөгөнгө аракет кылам. Капалансам ыр жазам.

Бахияна Сатылганова,
Перизат Музуратбекова
star@super.kg


"Мен бийчи" бий фестивалынан репортаж

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(46)
SUPER.KG видео
20.05.2012. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
no mercy!!!!!!!!! крутооооооойййййййй!!!!!!!,высший денгээлде отту! Атайга рахмат!
SUPER.KG видео
20.05.2012. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо.Азаматсынар,жакшы болуптур.жакын болсом бармак элем.Ийгилик сага Кыргызстаным,Оркундой беееееер))))
SUPER.KG видео
20.05.2012. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун болуптур! Кыргызстанда мындай чоң фестиваль 1-жолу болгон го! Кыргызстан дагы да атагы алыска жетсин! Атай браво!
SUPER.KG видео
21.05.2012. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге кочурууго болбой жатат??
,аягына чейиин коро албай жатам да((
SUPER.KG видео
21.05.2012. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшыы болуптур дааа. Но мнеге жармысы коргозбой атат ?????
21.05.2012. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
моранди...
21.05.2012. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Атай!!!Келечигин кен болсун.
21.05.2012. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атай сен абдан таланттусун, суранабыз бийди таштабачы,сен биздин сыймыгыбызсын!!!
21.05.2012. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kalpak kiyip komuz kuugo biilegen baldar azamattar, jakshy originalduu boluptur!
21.05.2012. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец Атай... ты просто СУПЕР... Удачи тебе во всем***
SUPER.KG видео
21.05.2012. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodets jakshy boluptur birok perevodchitsasy anglische jakshy suyloi albait eken uyat ele jakshiraak perevodchitsa tabishsa bolmok.
21.05.2012. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
perevodchik agency degendi agent dep kotorup koydu go? Agentstvo go ozu?
SUPER.KG видео
22.05.2012. 05:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да спору нет Атай красавчик!
SUPER.KG видео
22.05.2012. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ataaaai ty SUPER!!!
SUPER.KG видео
22.05.2012. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
malatsy! dagy uyushtura bersin ushunday konserterdi, jakshy bolbok dagu bashka aymaktarda uyushtursa!!!
SUPER.KG видео
22.05.2012. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыймыктандым бул саамалыкты коруп, турк группалаштарга да коргоздум зерикпей, кыскасы жаштар азаматсынар...
SUPER.KG видео
22.05.2012. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daaaaaaa,maktanyp,siymyktanatyn saamalyk boluptur,azamatsynar,bul 1-4isi birok akyrkysy bolbosun dep tileim...Tynardyn koruu4ulor kyrgyz bolup atpaiby degen satirasyna karama-karwy korunuwgo?!Janduu,jakwy wou bolso koruu4ulor dele koldop beret,a tak...?!Alga KYRGYZSTANYM!!!!!!
22.05.2012. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aibek menen Nena sahnaga chykkan jok da! Alardy emne kypchyp jazyp koiushtu!
SUPER.KG видео
22.05.2012. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маладец атай игилик брат сага
23.05.2012. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eh, Bishkekte bolgondo men da barmakmyn
23.05.2012. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкейдин кебетеси киши болуп калган го.
Атай молодец!
23.05.2012. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай азаматсын. Дайыма бар бол кыргыз элим учун!
23.05.2012. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
патриоттор молдцы!!!супер дуйно жылдызысын АТАЙ!!!
SUPER.KG видео
24.05.2012. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ваааау! Азамат Атай! бул сенин даагы бир жолку женишин деп эсептейм! ийгилик! Байгеге ээ болгон Кыргызстандыктарды куттуктайм!
SUPER.KG видео
24.05.2012. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат атай
26.05.2012. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец Атай элге жакшы маанай тартууладын.Кичине болсо да элибиздин потриотук сезимдерин ойготунго дейм.Азаматсынар!!!
SUPER.KG видео
28.05.2012. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атайдын мындан ары чыкпайм дегени абдан окунучтуу. фестивалдын отушуно соз жок. Бизге абдан жакты. азаматсын АТАй!!!!!!
SUPER.KG видео
29.05.2012. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsın ATAY Kyrgyz elımdın sıymıgı bolup juro ber...:)))
SUPER.KG видео
02.06.2012. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн мыкты дээнгелде болду ,Атайдын бул фестивальдан тушкон акчасын бир болугун милициялар эле алып коюштуу го :)
SUPER.KG видео
17.06.2012. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdan soonun boluptur kg de bolgondo barmakmyn!Uwunday festival'dar dagy otkoruwun kaalaym Atay suuppeeer molodez!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо