Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

EURO 2012: ШВЕЦИЯ

№498 18-май-24-май, 2012-ж.

ШВЕЦИЯ

Ассоциациясы түзүлгөн жыл – 1904-жыл.
Лакап аты – «Көк-сары түстүүлөр».
Башкы машыктыруучусу – Эрик Хамрен.
Капитаны – Златан Ибрагимович («Милан», Италия).
Мыкты бомбардир – Рекордчу: Свен Рюделль (49), учурдагылардан Златан Ибрагимович (28).
Эң көп оюн өткөргөн оюнчусу – Рекордчу: Томас Равелли (143), учурдагылардан Андерс Свенссон (123).
Эң ири жеңиши –12:0 эсебинде Латвия (1927-жыл, 29-май).
Эң ири жеңилүүсү – 12:1 эсебинде Англиядан (1908-жыл, 20-октябрь).
Жетишкендиктери – 1958-жылкы мундиалда күмүш, «ЕВРО-1992де» коло уткан.
ФИФАнын рейтингинде 17-орунда турат.

ТАРЫХКА ТАМГА БАСКАН ШВЕДДЕР
Швеция курама командасы тарыхтагы эң күчтүү улуттук курамдардан. 11 ирет мундиалга катышкан шведдер 1958-жылы өз үйүндө Дүйнө биринчилигин өткөрүшкөн. Учурда улуттук курамдын музейинде мундиалдын 1 күмүш, 2 коло медалы бар. Дүйнөлүк футболдун өсүшүнө 70 жылдан ашык салымы бар шведдер Европа чемпиондугунда ту-шоосун «ЕВРО-1992де» кесип (үй ээси катары), коло медаль утушкан. Ар бир командада болуучу кризис Швецияны 10 жыл мурун жакадан алып, коё бербей келет. Муну эл 1999-2009-жылдар аралыгындагы команданы машыктырган Ларс Лагербекке шылтайт. Анткени анын тушунда команда мурунку көрсөткүчүн жоготуп койгон. «10 жыл бир орунда, бир деңгээлде туруу бардык эле адис үчүн жакшы көрсөткүч эмес» дешет. Анан да аны «эскиче ой жүгүртүп, жаш таланттарга көңүл бурбады» деп айыпташат.

ЖАҢЫ МАШЫКТЫРУУЧУ ЖАҢЫ КҮЧПҮ?
Шведдер Англия, Франция сыяктуу футболдук державалар менен жакшы тааныш. «ЕВРО-1992де» үчөө бир тайпада болгон. Скандинавиялыктар анда тайпадан биринчи чыкса, бул жолу андай болбой турганы чүчү кулак ташталганда эле айтылган. А бирок “Көк-сарылар” тайпадагы башка атаандаштары менен бирдей көрсөткүчкө ээ. Бул мелдешке Швеция чоң өзгөрүү менен аттанат. 2009-жылы башкы машыктыруучулукка келген Эрик Хамрендин улуттук курама команда менен алгачкы ири мелдеши болот. Ал ишин командага жаш, таланттуу футболчуларды чакыруу менен баштады. Ошондой эле курамдын дээрлик
99 пайызын чет өлкөдө ойногон оюнчулардан түздү. Ал курамда Златан Ибрагимович гана дүйнөлүк даражадагы жалгыз чабуулчу болсо да, чабуулдук футболго өттү. «Реалдуу карасак, Англия менен Франция тайпадан чыгат. Бирок мен реалдуулук менен катар жашоодо кыялдар да орундала турганына ишенем»,- дейт Хамрен. Скандинавиялыктар мелдеште эмненин үстүнөн чыгарын убакыт өзү көргөзсүн.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
24.05.2012. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Щвеция вперёд!
Кыргыздар качан ойгонобуз???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо