Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айпери Кубик кызы: «КЫРГЫЗСТАН КУРАМА КОМАНДАСЫНА ЧАКЫРУУ АЛГАМ»

№498 18-май-24-май, 2012-ж.

Футбол мырзалардын гана кызыгуусун жараткан спорт түрү катары бааланса да, эркектерден кем калышпай ойноп келген ырчы Айперидей кыздарыбыз бар. Ал “Супер-Инфо” гезити уюштурган футболго активдүү катышып келет. Суперфутболдун алдында «Ырчылардын» «чабуулчусу» Айпериге «чабуул жасадык».

– Салам, Айпери, гезитибиздин 10 жылдык мааракесине арналган футболдук мелдешке даярдыктар кандай?
– Жакшы эле. Азыр көп чуркап, топту туура тепкенди үйрөнүүдөбүз. Машыгуулар көбүнчө кечки саат ондордо болуп жаткандыктан, баарына толук катыша албай жатам. Убакыт болгондо үйдөгүлөрдүн уруксаты менен бара коём. Ал эми мырзалар калтырбай барышууда.

– Быйыл апаң футбол ойнооңо каршы чыгып, анан Назым байке (Мендебаиров) көндүргөнүн уккан жайыбыз бар...
– Ооба. Жакында таятам каза болгондуктан, апам көп нерселерден чектеп койгон. Экинчиден, «чоңоюп эле калдың, уялбайсыңбы, өзүң кыз киши болсоң...» дейт. Анан Назым агайга айткам, «апамдан уруксат алып бериңизчи» деп. Ошентип, «Актёрлор» командасы менен ойномой болуп калдым. Кийин Урмат Усенов телефон чалып, «2 жылдан бери бизде ойноп келе жатасың, биздин курамга кошулушуң керек» деп калды. Назым агайга «макул» деп алып, кайра тигилерге эмне дээримди билбей бир топ чайналдым. Эми «Ырчыларга» кошулуп ойнойм.

– Суперфутболдо жеке өзүң кайсы команда менен таймашууну каалайт элең?
– Майданда «Жогорку Кеңеш» командасы менен беттешүү кызыгуу жаратууда. Ошондой эле «Тамашоунун» балдары менен ойноону каалайт элем.

– Футболго болгон кызыгууң күч окшойт. Кайсы командага күйөрмандык кыласың?
– Мадриддик «Реалдын» күйөрманымын.

– Спорт менен мамилең кандай? Футбол менен качантан бери таанышсың?
– Спорт дүйнөсүнүн босогосун 4-классымда жеңил атлетика менен аттагам. Кийин Татарбек деген машыктыруучум мени футболго да киргизип койду. Башында балдар менен кошулуп алып эле ойночумун. Анда-санда топ менен бетке жеп дегендей... Кийин футбол ойногон дос кыздарым пайда болушту. Алар азыр өлкөдөгү футболдук клубдардын биринде ойношот. Ошол учурда мага деле Кыргызстандын атынан ойноо сунушу түшкөн. Ал сунушту эмнеге кабыл албаганыма азыр таң калам. Ал кезде бийге да барчумун. Анан окууну калтырбайын дедим окшойт.

– Эми чыгармачылыгыңдан кеп козгосок, кандай жаңылыктарың бар?
– Азыр сессия башталып калды. Анын үстүнө Каржы министрлигинде стажировкада жүргөндүктөн, көп сабактарды өткөрүп жибердим. Ошол сабактарды тапшырып эле жүрөм. «Келиндер козголоңу» аттуу концертте эң жаш ойсоке келиндин ролун жаратпадым беле, чыгармачылыктагы акыркы жаңылыгым ушул эле.

– Келин демекчи, ойсоке келиндин ролу деле бекеринен бериле бербейт. Кийин ошондой келин болсоң керек...
– Ошол концертте кесиптештериме айтып жатпаймынбы, эгер менин келиним ушул мен жараткан образдай болсо, кубалап чыгам деп.

– Түштүктө гастролдоп жүрүп «тамашоучулардын» бири менен «любовь-морковь» болуп кетиптирсиң го?
– Негизи, «тамашоучу» балдар менен мамилем жакын. Алар менен дос катары кучакташып-түртүшүп, тамашалашып жүргөнүмдү бери жактан байкагандар сүйүү менен алмаштырып алышкан болуш керек.

– Жакында «бир жигит менен сүйлөшүп жатам» дедиң эле. Мамиле тойго жакындай элекпи?
– Жигитим бар, турмушка чыгууга деле даярмын. Дипломду колго алайын деп жатам. Ал деле «кел, той кылып жиберели» дейт, бирок бир нерсе кармап жатат.

– Балким, сен ага жөн гана көнүп калгансың... Сезимдериңди талдап көрдүң беле?
– Албетте, сезимдерди талдап көргөм. Бул сезимим сүйүүбү же жөн гана көнүп калуубу, өзүм да түшүнүп жете элекмин.

– Мамилеңер тойго бышып жетилсин, бар бол!

Бахияна Сатылганова
sport@super.kg


Айпери Кубик кызы: "Кыргызстан курама командасына чакыруу алгам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(27)
SUPER.KG видео
19.05.2012. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер футболду Айпнриден кутбодум эле))))))))))))) Айпериге даже футбол ойногон жарашат экен)))))))))))))))Ийгилик уткула!!!!!
SUPER.KG видео
19.05.2012. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарыңарга ийгилик каалайм!Айперинин сүрөткө түшкөндөгү позасы кимдин идеясы болду экен?Футболкасы сонун эле болчу,өйдө көтөрбөй эле койсо болмок?!
SUPER.KG видео
19.05.2012. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат жакшы ойнойт экен
SUPER.KG видео
19.05.2012. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылдуу жана тарбиялуу кызда ийгилик сага
SUPER.KG видео
19.05.2012. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sooooonnuuuun
SUPER.KG видео
19.05.2012. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы интервью бериптир! кичине токтолоуп дагы калыптыр!
SUPER.KG видео
19.05.2012. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жакшы.ойлонбой эле куйоого тийе бер.эртеби кечпи тийиш керек :-))
21.05.2012. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
футбольный форманды башка кийсен болмок,Ото арзан корунот коо
21.05.2012. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой кыргыздар качан ушул коралбастыктан кутулабыз эээ тообо
21.05.2012. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sezim_osmonalieva111: kymbatyn kiyise emne bolup ketet ele? Jan duinondun bailygy az ekenin korgozup koiyupsun. Kiyimine,kebetesine karap mamile kurasyngo....... okunuchtuuuuuuuuuuu
21.05.2012. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ого... Айпери эже а так конкретно ответ берип коюпсузгоо))
SUPER.KG видео
21.05.2012. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Айпери Аябай токтоо кыз болупсуң мага кыргызча так сүйлөгөнүң жакты ак жол сага)))))))))))))
SUPER.KG видео
21.05.2012. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayabay baa berdim Aiperige, kancha talant bar?yrdait, biyleit, futbol dagy oinoit eken, ozun ozu tatyktuu alip jurot azamat, biz sen menen siymiktanabiz.
22.05.2012. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне мынча арыктагансын жарашпайт экен кичине толсон ошол жарашчы

SUPER.KG видео
22.05.2012. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойсондогон неме го. Ата-энесин тоготпогон тартиби начар кыз деп коп угам. Анча-мынча чегип койгонун оз козум менен кордум деп бир жигит айтып берген эле. Ошондон кийин вообще эле сыйлабай калгам. Мага ысык-суугу деле жок,бирок ырдабай эле койсо болмок. Уну жок да себеби.
22.05.2012. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Алга!ушу кызды негедир мирбек иманбековго окшоштура берем,кандайдыр бир окшоштук бар
SUPER.KG видео
22.05.2012. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эмне эле оозун жалай берет.., жиркеничтуу корунот.. а так озу сонун....
SUPER.KG видео
23.05.2012. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсың Айпери! а, биздин кытайлык жигиттер да сага күйүп жүрүшөт от болуп!
SUPER.KG видео
23.05.2012. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери арык кыз эле футбол ойнойт десе ишенчу эмесмин,корсо ар тараптуу кыз тура,ийгилик чынында Кубик байкенин ырлары жакшы эле убагында эми атасынын абийирине доо кетирбей татыктуу кыз болуптур!
SUPER.KG видео
24.05.2012. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анжеликаны туурай беретго
SUPER.KG видео
25.05.2012. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери азаматсын!Ийгиликтер коштосун.Суйлой албай ойсондогон ырчыларыбыз бар атагым келбейт,алардын алдында озунду алып журушун,суйлогонун абдан жакшы.Ушундай токтоо мунозунду дайыма алып журушунду каалайм.
25.05.2012. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчылар командасынын курамында Урмат аке жок гооо!!!
25.05.2012. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери сулуу кызсын, коро албагандар ичи куйуп ар нерсе дей берет конул бурба алрга, азаматсын!!! Жалал-Абадка концерт коюп келгенинде билет алып шартка байланыштуу концертке бара албай калып кийин окунгом.
28.05.2012. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле суйлондо окшошуп кетет экен.Мирбек иманбековго
SUPER.KG видео
24.07.2012. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой блин бары бутуп ошол эле калды. Спортту коюп тынгылыктуу ыр чыгарчы, анан баса даагы эле фонограмма менен ырдап жатасынбы? Же ырдаганды уйрондунбу?
SUPER.KG видео
13.10.2012. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn Aiperi! Kerben juro beret, it uro beret degendei- aldyga juro ber!Iigilik saga!
SUPER.KG видео
29.04.2013. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура келиндин журогундо Ыйман болуш керек! Ийгилик сага Айпери!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо