БЫЙЫЛ УНИВЕРСИТЕТТЕР АЗАЯТ. КАЙСЫ БИРИ ЖОЮЛУУ КОРКУНУЧУНДА?

№498 18-май-24-май, 2012-ж.

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков: “ЖОЖдордун саны кыскартылат”,- деди. Мындай билдирүүлөр жыл сайын абитуриенттердин сезонунда кайталанып турары белгилүү. Бул сапар жогорку окуу жайлардын реформасы реалдуу болорун айтып, бийликтегилер сандан сапатка өтүү үчүн билегин түрө киришти.

КЫРГЫЗ ДИПЛОМУН ЭМИ ЕВРОПА ДА ТААНЫЙТ
Кыргызстанда Cоюз маалында 10го жетпеген жогорку окуу жайы болсо, азыр ЖОЖдордун эле саны 50дөн ашып, алардын 40тай филиалдары бар. Советтик мезгилде университетке тапшырам деп Бишкекке, Ташкентке же Москвага жөнөшсө, бүгүн сапаттан санга түшкөнүн ушундан билиңиз, райондук борборго чейин филиалдар ачылган. Андыктан акыркы учурда Билим берүү министрлиги ЖОЖдорду бир калыпка келтирүүгө киришти. Негизги максат – талапка жооп бербеген окуу жайлардын уруксат кагаздарын алуу менен алардын ишмердигине тыюу салуу.
Биздеги жогорку окуу жайлар үч топко бөлүнөт: мамлекеттик, менчик жана Кыргызстан менен биргелешип түзүлгөн эл аралык университеттер. Мамлекеттик окуу жай десе, «ал жерде пара менен сессия бүтүрүү, диплом сатып алуу оңой» деген ой калктын мээсине сиңип калган. Менчик университеттерди «акча табуунун айласы, бир сөз менен айтканда, «бизнес» деп айтышса, «эл аралык университеттер жакшы кадрларды даярдаганы менен, бүтүрүүчүлөрдүн көбү чет жерге иштеп кетишет» дешет.
Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун айтымында, бардык ЖОЖдор быйылкы окуу жылынан баштап Болон системине өтөт. Мындай системге өтүү менен Европа өлкөлөрү кыргыз дипломдорун тааныйт.

ҮЧ ТАЛАПКА ЖООП БЕРҮҮ КЕРЕК
Билим берүү жана илим министрлигинин ЖОЖдорго уруксат кагаздарын берүү боюнча башкы адиси Нурбек Казыевге кайрылып, ал реформа боюнча суроолорго жооп берди:
– Жакында эле бул маселе боюнча комиссия түзүлдү. Кыска мөөнөттүн ичинде эмгек рыногу муктаж болгон адистерди даярдоочу окуу жайларды түзүү боюнча иш алып барып жатабыз.
Эгерде университеттер уруксат кагаздарынан ажырагысы келбесе, төмөнкү башкы үч талапка жооп бериши керек:

  • Багыттары туура келген окуу жайлар (гуманитардык окуу жай деп ачылып, ошол гана багытта билим берген).
  • Бири-бирин кайталаган факультеттери жана филиалдары жоктор.
  • Кадрлары (мугалим жана профессордук курам) толук камсыздалган окуу жайлар.

«БИР СТУДЕНТ ОКУСА, ЭКӨӨ БЕКЕРПОЗ!»
Албетте, окуу жайларга жаңы өзгөрүүлөрдүн киргизилиши коомдо талкуу жаратпай койбойт. Билим берүү маселелери боюнча талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин пикирин билүү үчүн кепке тарттык:
– Аскарбек мырза, ЖОЖдордун санын кыскартып, алардын уруксат кагаздарын алып салуу туура жасалып жаткан ишпи?
– Уруксат кагаздарын алып салуу бул – окуу жайларда тартиптин жок экенин билгизет. Азыр бир дагы мамлекеттик ЖОЖ бүтүрүүчүлөрүнө «сен кесибиң менен жумуш таап кетесиң» деген кепилдик бере албайт. Анда окуу жайдын уруксат кагазы менен студенттин дипломунун баркы эмнеде? Билим берүүдөгү стандартты өзгөртүп, ага туура келбеген университеттерди жаап салуу туура эле жасалып жаткан иш. Уруксат кагаздарын алып салуу менен чектелбей, студенттердин билим сапатына дагы көңүл бөлүш керек. Анткени бүгүн үч студенттин бирөөсү гана өз күчү менен билим алса, калган экөө бекерчилик менен алек.

– Көп абитуриенттер кийин иш таап кетемби дебей, кесиптин, окуу жайдын атагына басым жасашат. Кесип тандоодо абитуриенттерге кандай кеңеш бересиз?
– Кезинде Франциянын президенти болуп турган Шарль де Голль: «Көчөдө жүрүп кылмышкерлердин тобун толуктабай, кандай кесип болсо да окуп алган жакшы»,- деп билим берүү тармагында чоң реформа баштаган. Менин айтарым, өз келечегин кымбат деп эсептегендер кийин алган билими менен жан багып кетерин эске алып тандоо кылуулары керек. Популярдуулук бул – куру сөз.

БҮГҮНКҮ КАДР – ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕК
Өнүккөн өлкөлөр билим берүү тармагын стратегиялык деңгээлде карап, «бүгүнкү кадрлар – мекендин эртеңки келечеги» деп өзгөчө көңүл бурушат. Андыктан кыргыз өкмөтүнүн «университеттерде сандан сапатка карай реформа баштайм» деп турганы мактоого арзырлык. Бир эле мисал, престиждүү делген экономика багытында 2011-жылы 8050 студент окууну бүтүрсө, алардын 3603үнө гана өз тармагында жумуш табылган.
«Мына-мына Жалпы республикалык тестирлөөнү тапшырам, баланча ЖОЖдо окуйм, түкүнчө кесипти тандайм» деп турган бүтүрүүчүлөрдү жеңил ойлуулукка алдырбай, терең ойлонууга чакырабыз.

2011-2012-жылдары 230 379 абитуриент окууга кабыл алынган. Алар тапшырган окуу түрүнүн эң алдыңкы бешилтиги:

Гуманитардык багыт – 123 786
Экономикалык багыт – 46 729
Техникалык билим – 42 686
Юридикалык багыт – 21 626
Айыл чарба багыты – 2 406

2010-2011-жылдары 37 966 бүтүрүүчү университетти аяктаган. Алардын адистиктери боюнча алдыңкы бешилтик:
Экономикалык багыт – 8 050
Гуманитардык багыт – 7 778
Техникалык билим – 5 859
Юридикалык багыт – 3 604
Айыл чарба багыты – 340

Кыргызстандын эмгек рыногунда жакынкы үч жылдын ичинде суроо-талап күч боло турган кесиптердин тизмеси (Экономикалык тескөө министрлигинин анализи):
Мугалим, мээрман айым, санитар, экономист, кассир, оператор, айдоочу, ашпозчу, официант, автотемир уста, куруучу, электр ширетүүчү, юрист, тигүүчү, темир уста, сантехник, эсепчи.

Айдай Асанбекова
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ТАТЫКТУУ ЖАШООГО ЖОЖДУН ДИПЛОМУ ЗАРЫЛБЫ?



Шаршен Солпуев, оператор:
– Ар бир адам кайсы бир кесиптин ээси болуусу зарыл. Биринчи кесиптик окуу жайдан билим алып, анан гана жогорку окуу жайларга тапшырса, мыкты адистер чыгат деп ойлойм. Учурда кээ бир жаштар максатсыз эле окуп жүрүшөт.


Ашыркүл Бейшебаева, пенсионер:
– “Билеги күчтүү бирди, билими күчтүү миңди жыгат” деп коёт эмеспи. Билимдүү жаштар – эртеңки жакшы жашоонун үмүтү. Бирок билимдүү жаштардын дээрлик көбү жумушсуз жүргөнү зээнди кейитет.



Азамат Байзаков, окутуучу:
– Диплом өтө деле маанилүү эмес. Эң негизгиси, ал окуудан алган билимиң. Мисалы, азыр окуган студент деле, сабакка барбаган студент деле бир эле дипломду алып жатат. Салыштырсаң, бири билимдүү, экинчиси эч нерсе билбейт.


Сайрагүл Кыштобаева, студент:
– Сөзсүз керек. Себеби эртең кандай жашоо болорун билбейсиң. Күйөөң иштен чыгып калышы мүмкүн, ошондой оор күндөрдө дипломуңду көтөрүп барып ишке орношсоң болот. Билимиң, дипломуң болсо ачка калбайсың деп ойлойм.



Талгат Айдаралиев, студент:
– Диплом сөзсүз керек. Себеби кийин чоң жерге иштеп калсаң, ар тараптуу иш алып барганга болот. Кайсы жакта жүрбө, ким менен иштешпе, анын тилин табууга жана өзүң жөнүндө жакшы пикир калтырууга мүмкүнчүлүк зор. Билим жок жашоо деңгээли көтөрүлбөйт.


Төлөгөн Турсунбаева, пенсионер:
– Эч кандай билими жок болсо, ал кайсы ишти жыргатмак эле? Тилекке каршы, бүгүнкү күндө баары тең сатылып калбадыбы, канчалаган жаштар окууга барбай жүрүп эле диплом сатып алып жатышат. Анан 5 жыл окугандар деле тигүүчү цехтерде жүрүшөт.



Шекербек Эламанов, студент:
– ЖОЖдун дипломун алуу зарыл. Ал сага көп эшиктерди ачып, татыктуу жумуш табууга мүмкүнчүлүк берет. Мен учурда колледжде окуп жатам. Келечекте билимдүү адис болгонго аракеттенем.

Мальвина Уметбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(46)
22.05.2012. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошончо кенири универлер бар убакта окубаган эми азайса окумак белек артка кетебизго дейм кайра таар жерде тамаша болотта !!
22.05.2012. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче кучтуу окутуучулар баары Россияга келе берип окутуучу жетишбей калганго дейм
22.05.2012. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олкобуздо ЖОЖдордун кобойушу сапаттын кескин турдо томондошуно алып келди. Сапатсыз кадрлардан сапаттуу жумушту кантип талап кыласын? Кыргыздын келечегин ушундай жол менен белгилеп жатабыз. Кыскасы мектептен алган "сапаттуу" билим менен эле мамлекет башкарганы олтуруп калып жатабыз. Бул майда корунгону менен улуттук чон трагедияны жаратат.Ошондуктан мен бул реформаны эки колдоп колдоймун...
22.05.2012. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жакшы нерсе.Бирок муну реформа деп айтуу мумкун эмес.Реформа кылыш учун бир эле университеттерге конул бурбастан, мектептерден башташ керек.Азыркы учурда универлерге мектептен эч нерсе билбей келип жатышат.Анан кантип "фундамент" начар болсо "дубал" бекем болот деп эч ким кепилдик бере албайт.Университетердин санын кыскартканда бекерпоздор кобойуп, жумушсуздардын санын толуктайт.
22.05.2012. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
stan.kg, mugalimder jaksyraak bilim berse jakshy bolot ele
22.05.2012. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир айта кетчу нерсе азыркы учурда мектептеги мугалимдерди айлыктары которулгону менен мамлекеттик ЖОЖдо иштегендерин айлыгы мурдагы боюнча эле калды.Мисалга алсак озумдун эжекем 50 жылдык стажы, профессорлугу ж.б.лары кошулганда болгону 11 мин сом гана айлык алат.Андан башкаларын айтпай эле коелу алар 4 мин сом жашап журушот.Анан кантип коррупцияны токтотобуз.Биринчи кезекте айлык акыны кобойтуп, анан билим сапатын ошончолук талап кылып эн жакшы кадрларды алып келиш керек.
22.05.2012. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кошулам. Окуу жайдын кобунон башын айланат, кайсыныса тапшырууну билбей. Ар бириндетен окшош кесиптер. Азайтса жакшы болмок.
22.05.2012. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура, билим беруу системасын реформалаш керек. Ойлогон ойлору ишке ашып кетсин.
22.05.2012. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал эми ЖОЖдор менчикке отот деген чынбы? Андай болсо Келечек кандай болот? Ой болушунуздор!
22.05.2012. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asylzada, окуу жайлар менчикке өтпөйт. Тескерисинче алардын саны кыскарат
23.05.2012. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызтанга озу билимдин кереги жок болуп калдыго , себеп дипломду алып келип Росиияда дворник болуп , билимсиз ноль келип офисте иштеп калып жатабызго .окуйм десен орусияда , жашайм десен киргизияда журо бер деген соз чынга айланып баратат
24.05.2012. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
begukairat, туура айтасын, ишке алгандар дипломго деле карабай калышкан. Диплом эми бир жонокой эле документ болуп калган канчасынын диплому чан басып чемодандарда жатат. Орустар деле тан калышат охоо силердин койчунар деле жогорку билимдуу го деп
23.05.2012. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билим беруго конул бурсак жакшырталы десек менимче билим менен иштей турган жумуш жаратышыбыз керек мисалы курулушту кобойтушубуз керек строительныйды бутуп ошол жумушту аткарышыбыз керек болот тиги окуу жайды бутсок жумуш жок бекер болотта
23.05.2012. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Колдо бардын кадырына жетбей жатыптырбыз коп болсо эмнеси жаман " ашык мулк баш жарбайт" деген соз бармеспи азайса казан аяк универи мал чарба универи калса ошондо сапатсыздык кобойот маданият томондойт болуш керек!!!
23.05.2012. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздеги окуу жайлардын баары саны бар сапаты жок!Акчан болсо пристиждуу ЖОЖго тапшырасын,акча жок болсо тапшырбайсын.ЖОЖдорду кыскартыш керек!!!
23.05.2012. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары айтканынар туура бирок карупсияны жок кылбаса эч бир ой ишке ашпайт! карупсияны эч ким жок кыла албайт!!!
23.05.2012. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандагы университетер баарысы пара алат корупсия жок университет бул Манас
24.05.2012. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
milanchik.eto.Tilek, AuCA, Ataturk Alatoo jana Manas.
24.05.2012. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
milanchik.eto.Tilek, Manasty dele aytuu kiyin, antkeni menin bir klasstash kyzym ekzamen berbey turup ele otup ketken, jatakanada da beker jashagan, taanyshy arkyluu, oshondon kiyin Manaska da ishenbey kaldym.
23.05.2012. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
idea en jakwy! bilim beruunun sapatyn ku4otposok,onuguu tuuraluu oilonboi ele koigon on
23.05.2012. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андан коро айлыктарды жогорулатсанар ошол эки бекерпоз дагы жумушка орношуп иштейт эле.
23.05.2012. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реформанын башталганы жакшы, бирок техникумдан кийин кайра биринчи курстан баштап окуйт деген информация жаккан жок, уч жарым жыл контракт толосо 20-25 минден, ЖОЖто кайра биринчи курстан баштап окуса чонтокко келген гана оорчулук да анда логика кайда? Деги контракка толонгон олчойгон акчалар кайда кетет??????
23.05.2012. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
смотреть надо на качество обучения а не на количество ВУЗОВ.
24.05.2012. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жождорду азайтып туура кылышат.
Санынан сапаты жакшы дегендей.
Талапка жооп бербеген окуу жайлар азайса анда башка универлерде да билим жогорулап,мезгилге ылайык кадрлар чыгат го...
24.05.2012. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте сандан коро сапат жакшы!
24.05.2012. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн туура 100% кошулам, анткени Кыргызстанда сапатсыз билим беруу окуу жайлары кобойуп кетти
24.05.2012. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1."ЖОЖдорго уруксат кагаздарын берүү боюнча башкы адиси" деген жумуш орду барбы..
2. "Билим берүү жана илим министрлигинин ЖОЖдорго уруксат кагаздарын берүү боюнча башкы адиси Нурбек Казыевге кайрылып" деген суйломдо кайрылып деген этиштин ээси ким?
25.05.2012. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tendik, уруксат кагаздарын берүү үчүн окуу жайлар текшерилип адистердин текшерүүсүнөн өтөт. ошол бөлүмдө иштеген башкы адим. 2 сурооңузга өзүңүз кайра сүйлөмдү окуп чыгыңыз.
25.05.2012. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aikulina, рахмат. Кайра окуп чыктым. Билим берүү жана илим министрлигинин ЖОЖдорго уруксат кагаздарын берүү боюнча башкы адиси Нурбек Казыевге кайрылып, ал реформа боюнча суроолорго жооп берди:
мен 2-суроомо жооп тапкан жокмун..Билсениз айтып койбойсузбу, мен билбей аткан нерсени же суроону кайра окуп чыгыныз..
24.05.2012. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Совет убагында 10 эле ЖОЖ бүт Кыргызстанды тейлеп келген. Студенттердин билими сапаты, окутуучулардын жогорку деңгелде сабак бергени да купулга толчу. Азыр мисалы Нарын, Баткен мамуниверлерде кайсы профессор, кайсы окмуштуу барып сабак берет. Местный мугалимдерин жаман дегенден алысмын, бирок...
25.05.2012. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саны бар сапаты жок универлер кобойуп кетти мен да кошулам окуулардын кыскартылышына
26.05.2012. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгер мамлекет жумуш м.н камсыз кылбай, айлык акыны (мамлекеттик жумуштар) жогорулатпаса 5 жыл окуп алган дипломун м.н деле жакшы жашаймын деп ниет кылба, жардам бербейт.
26.05.2012. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
антпегиле... байкуш иштеп окуган студенттер эмне болот аларды деле ойлогулачы... ))))
26.05.2012. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогорку окуу жайын бутургондон кийин билими диплом алуу менен чектелбейт, жакшы кесиптин ээси болуу учун ошол алган билиминди ишке ашыруу менен озунун коздогон максатына жетет.Кээ бирлеринин диплому болгону менен озунун кеибин жакшы оздорушо албайт,анткени билими ото томон акчасы болсо таанышы аркылуу ишке орношот,орношкону -орношот бирок жарытып иштей албайт.Мындай корунушторду диплому бар жогорку билуумдумун деп айткан тааныштарымдан билемин,кайран гана диплом билимдуу адамда болсо жарашат....
27.05.2012. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
2011-2012-жылдары 230 379 абитуриент окууга кабыл алынган. Demek, ar bir mektepti buturuuchu JOJgo tapshyrat eken da. 5500don koburook orun ORT menen berilet. Andan syrtkary kee bir univerler(MANAS, AUCA, ALATOO, SLAVYAN. j.b.) beker orundardy uyushturup mykty buturuuchulordu toptop alat. Boljolu 10 000 orun budjet bolso. Kalgandary kontrakttyk negizde okushat eken da...


2010-2011-жылдары 37 966 бүтүрүүчү университетти аяктаган.
27.05.2012. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
2011-2012-жылдары 230 379 абитуриент окууга кабыл алынган. Demek, ar bir mektepti buturuuchu JOJgo tapshyrat eken da. 5500don koburook orun ORT menen berilet. Andan syrtkary kee bir univerler(MANAS, AUCA, ALATOO, SLAVYAN. j.b.) beker orundardy uyushturup mykty buturuuchulordu toptop alat. Boljolu 10 000 orun budjet bolso. Kalgandary kontrakttyk negizde okushat eken da... Ministrlikten berilgen maalimat: kontrakttyk negizde univerlerge kelip tushkon akchalnyn jalpy summasi jyl sayin 3 milliard so
27.05.2012. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
3 milliard somdon ashat. Demek, ata-eneler baldaryny "otdushi" univerge jonotup jatyshyptyr. Birok, algan bilimdin rezultati jok. Bul elibizdin racinalduu emestiginen kabar berbeibi... Okuuga baruu prosto modaga aylandandai sezilet. Al jakka baryp emne alishti tushunbogondoi...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо