«ГҮЛШАЙЫРДЫН САДДАМ ХУСЕЙНДЕН АЙЫРМАСЫ ЖОК...»

№498 18-май-24-май, 2012-ж.

Башталышы – 14:00 (10 мүнөт кечикти)
Билет баасы – 500 сом
Көрүүчүлөр – Филармониянын 90 пайызы (9-майда)
Алпаруучулар – Чыңгыз Мырзаев, Эркин Рыскулбеков
Мыкты номер – Гүлшайыр Садыбакасованын аткаруусундагы “Ошол менин элге кошкон үлүшүм” ыры менен Зейнеп Шакееванын аткаруусундагы “Он сегиз жаш” аттуу ыр

Бул жолу “Кыз-Бурак” тобунун 35 жылдык мааракелик концерти болорун эшитип, филармонияны көздөй аттандым. Эл “кыргыздар сөзсүз бир саатка кечигип келишет” деген сөзгө арданып калганбы, айтор, бул жолу сахна ачылганча жайгашып, тынчып отуруп калды. Залдагы көрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгүн улуу муундар түзгөнүн белгилеп кетпесем болбос. Концерт элге эстетикалык ырахат тартуулап, купулга толду. "Бу Толик эмне эле ырчыларды жамандай берет?" дегендерге жооп катары "Кыз-Бурактын" концертинен үлгү алгыла демекмин. Жакшыны жакшы деш керек. Гүлшайыр Садыбакасова катуу чуркап даярдык көргөнү көрүнүп турат.
Салтанатты “Кыз-Бурактын” алгачкы курамындагы кыздар аспаптарда ойноп ачып беришти. Гүлшайыр эже барабанда ойноп, “Ошол менин элге кошкон үлүшүм” ырын созгондо эл тикесинен туруп кол чапты го, чиркин! Бирок мага “Кыз-Бурактын” мурунку “көзүрлөрү” көп ырдап, азыркы жаштарына микрофон тийбегендей туюлду. Гүлшайыр эжекеси аларга "атайын келгенден кийин ар бириңе эркин микрофон" деп койгонбу, анысын биле албадым.
35 жыл аралыгында 300дөй кызды тарбиялап туурунан учурган Гүлшайыр айымдын 280 күйөө баласы бар экен. "281-күйөө баласы мен болом, ошон үчүн концертти алып барып жатам да" деп Эркин Рыскулбеков ырчынын короосуна таш ыргытып өттү, Сайкалга көзү түшүп жаткандай.
Конок катары келген Зейнеп Шакеева “Он сегиз жашты” ырдаганда зал муюп гана отуруп берди. Бүткөндө кол чаба берип алакандын ысыганын айтпа. Мааракеге “АГК” тобунан Гүлнара Калдарова гана келди. Гүлнара ырдап жатканда көйнөгүнүн этеги бут кийиминин такасына илинип, ойда жүдөдү дейсиң. "Чалынып жыгылып кетпесе экен!.." деп менде жан жок. Мен эле эмес, "чалынып уят болбосо экен..." деп бүткөнчө элдин көзү Гүлнаранын көйнөгүндө болду.
Мааракени куттуктап Айчүрөк Иманалиева, Абидин Темиров, Алтынай Нарбаева, Ильяз Абдыразаков, Алишер Тоотаев, Рахман Разыковдор келишиптир. Рахман акебиз тамашалап: “Бу Гүлшайырдын Саддам Хусейн менен Хосни Мубарактан айырмасы жок. "Кыз-Бурактын" алмашпаган президенти болду. Алардан өзгөчөлүгү, буга оппозиция жок да. Чыкса деле алардын моюнун кайрып коёт”,- деп элди кыраан-каткы күлкүгө бөлөдү. Салтанаттын соңунда элдин туруп кол чапканына Гүлшайыр Садыбакасова ыраазы боло жашып да алды. Аягында "Кыз-Бурак" үчүн өз бактысын өгөйлөп, садага чапканынын жыйынтыгы жемиштүү болгонуна кубанып, мен да үйгө көңүлдүү кайттым.

Толик сынчы
star@super.kg


"Кыз-Бурак" тобу 35 жашта" аттуу концерттен репортаж

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(68)
SUPER.KG видео
14.05.2012. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулшайыр эженин омуру узун болсун,жузго чыксын.Сизге окшогон аял заты кыргызымда коп болсун!
SUPER.KG видео
15.05.2012. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kenje ejekebyz menenAijamal eje jok go?nege?
SUPER.KG видео
15.05.2012. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulnara kaldarova normalno ele kiyinbeibi,eptei albai kalyptyr go chalynyp
SUPER.KG видео
15.05.2012. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх Гулшайыр эже сонун болуптур.ишинизге ийгилик бирок Кенже м.н Айжамалдын катышпаганы жаман болуптур.мусулманчылыкта эки киши уруша кетсе.суу марли кургаганча жарашыш керек деп койот.кечиридуумдуу болунуз ылайым
SUPER.KG видео
17.05.2012. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун болуптур Гулшайыр эжеге чон чон рахмат дагы албан абан ийгиликтерди каалаймын
21.05.2012. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойда жудоду дейсин? ОЙДА бул эмне деген тушунбодум?
21.05.2012. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы концерти жакшы отуп кылган эмгегинин татуу учурунда даамын сезип жаткан эжекебизге жакшы тилектерди айтабыз.
21.05.2012. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн сонун!
21.05.2012. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мадалец
21.05.2012. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сонун болгон гоо эээ концерт?Мага жакты
21.05.2012. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat ejege!!! Ejenin barabandaa oynogonu da ayabay jakty. Dagy bir jakkan jeri Kyz Buraktyn kuyoo baldaryn da gitara chertkizip yrdatkany. Alga, iigilik kaalaymyn!
21.05.2012. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бардык жерде жюри болуп журот да анан кызына баш байгени берип койот
21.05.2012. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnara judoptur da judoptur..................
21.05.2012. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш Гульнара эже(( супер инфо сиздерден сураныч Гулшайыр Садыбакасованын "ошол менин элге кошкон улушум" деген ырын медиа-порталга киргизип койгулачыыыы...=((( жэ болбосо ал ырды кантип тапсам болот айтып койгулачы.. эч эле таппай атам гооо....
SUPER.KG видео
21.05.2012. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahman bayke ichip alganbe emne?
22.05.2012. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже должна была присутствовать из первых, жаль что не увидели ее... А так тетки рулят, а молодые девчонки разжирели
22.05.2012. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зейнеп шакеева эжебизге таазим уну ун го чиркин
22.05.2012. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеоролигинер иштебейт го...
22.05.2012. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз бурак сиздерге ийгилик.
23.05.2012. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emnege "ugup" emes "eshitip"? Kyzyk?
23.05.2012. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulshaiyr ejeni jana Kyz Burak tobun "35"jyldygy m.n kuttuktaimyn! Alban- alban iygilikter,aman-esendik,4yn den sooluk kaalaimyn! Gulshaiyr eje tarbiyalagan 300 kyzynyn syi-urmatyn korsun.! Sizder Kyrgyzymdyn korku,juzusuzdor!!!!!!!
24.05.2012. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кыз бурак" тобу
Силерге ийгилик!
Чыгармачылык жолунар оркундоп осо берсин.
24.05.2012. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжамал менен Кенже эже келбегени жаман экен.
24.05.2012. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз-Бурактын авторитетин которгон кыздарды чакырбай койгонунар жаман болутур.
SUPER.KG видео
25.05.2012. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
soonun boluptur!!!
25.05.2012. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында эле концерттин корку копчулуктун суймончулугу Айжамал менен Кенже жок ачылбай калгандай. Дагы айта кетчу нерсе ушул топко профессионалдуу стилисттер жетишпейт, же буларда жок сыяктуу андай тушунук, Гульнаранын койногу аркылуу тушунсок болот.
03.06.2012. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулшайыр эжеге чынында чон рахмат!Кыска болсо да коруп ыраазы болдук
SUPER.KG видео
10.06.2012. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsinar!
15.06.2012. 05:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
СУпер инфо сиздерден дагы бир ирет суранабыз!35 Жылдык маарекенин концертин толук киргизИп бериниздерчи!Сиздерди урматтоо менен 5 МЭЭРИМ
SUPER.KG видео
01.07.2012. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulshayir eje kaytalangys ayal zaty! Bar bolunuz! KYZBURAK ALGAAAAAAA!Ejenin yrdagany da ayabay jakty!Koncert super. Kyzdar super! Gulnara Kaldarovanyn ak konuldugu juzuno nur berip turat ee. Pozitivnaya ayabay!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо