ЗАРИ МОДЕЛЬЕР БОЛОМ ДЕЙТ...
-
“КЕҢЕШ” тобундагы Мүзүр “аялы төрөттөн каза болуп калыптыр” деп сөз тараткан көрө албагандарга абдан капа. "Ошондой кепти кулагы чалгандарга айтып коёюн, Гүлмира аман-эсен",- дейт ырчы мырза.
-
Ырчы ГҮЛНАРА КАХАРОВА жетинчи наристесин күтүүдө.
-
НАЗИРА АЙТБЕКОВА Эрнест Абдыжапаровдун мастер-классынан өтүп, 2 мүнөттүк “Жаз” аттуу кыска метраждуу тасма жаратканга үлгүрдү.
-
ЭЛИНА АБАЙ КЫЗЫ “Версус” бий тобуна кайтты.
-
ЗАРИ мындан ары модельердик кесипти аркалаганы турат. Ал бир гана экземплярда чыгуучу эксклюзивдүү көйнөктөрдү тигип сатмакчы.
-
Ошто 16-май күнү "ТАМАШОУНУН" түштүк филиалынын жеңүүчүсү аныкталды. Анда Кызыл-Кыя менен Ош шаарынан 6 команда ат салышып, “Кызыл-Кыя” командасы 1-орунду алды. Жеңүүчүлөр 19-майда Бишкекте ойношот.