Максат Садырбеков, «Нон-Стоп» дуэтинин ырчысы: «ЧОЛПОНДУ АЛА КАЧУУГА ЖОЛ БЕРБЕЙМ»

№498 18-май-24-май, 2012-ж.

Бул жигитти качан, кайсы жерден көрбө өзүн тыкан алып жүрөт. Бир тал чачынын да туура эмес таралганын байкабайсың. Анан да ким болбосун бат эле тил табышып, эски тааныштардай сүйлөшүп кетмейи бар. Аз убакыттын ичинде популярдуу дуэтке айланган "Нон-Стоптун" Максаты бүгүн бизде конокто.

САДЫРБЕКОВ МАКСАТ

Туулган жылы – 1992-жыл, 5-сентябрь
Бою – 182 см
Салмагы – 72 кг

– Салам, кандайсың, эмне жаңылыктар?
– Рахмат, жакшымын. Баягы эле чыгармачылык менен алпурушуп, жаңы клиптин үстүндө иштеп жатабыз. Жакында Москвага жол тартканы турабыз. Ал жакта сулуулар сынагы өтөт экен, кыргыз жана казак кыздардын арасында. Конок катары казактардан Кайрат Нуртас, бизден Ильяз Абдыразаков жана биз чакырылдык.

– Жакшы, бизге биринчи жолу чоң маек куруп жатыптырсың. Алгач үй-бүлөң тууралуу айтсаң?
– Мен курсакта жатканда атам апама “дагы кыз төрөйсүң” деп аябай каршы чыгып, жериптир. Апам байкуш болбой эле “эркек болот, сезип жатам” деп, анан мен төрөлүпмүн. Атамдын уул күтпөй күмөн санаганына деле себеп бар. Анткени менден улуу Асел, Наргиза деген эки эжем бар, кала берсе атамдын туугандарынын баары жалаң кыздуу болушкан экен ошол кезде. Байкеси да улам эркек болот деп жатып 5 кыздуу болгон экен. Баарынан кызыгы, апам байкуш кыйналып мени төрөп, атама “эркек төрөдүм” деп сүйүнчүлөптүр. Атам апама ишенбей, төрөт залына чейин кирип келип, мени көрүп (каткырып күлүп), анан көңүлү жай алыптыр. Ошондо мени терезеден элге көрсөтүп, үнүнүн болушунча “меники эрке-еек” деп кыйкырып, катуу сүйүнгөн экен. Сүйүнбөй анан, жашоодогу эң негизги максаты – уулдуу болсом деген тилек болсо. Атымдын Максат болуп калганы да ошондон.

– Көптөн күткөн уул экенсиң, эрке талтаң болуп чоңойсоң керек...
– Ооба, аябай эле тентек болчумун. Бирок эркелеп эч нерсе кылбай чалкалап жатып алчу эмесмин. Жылдыз белгим бийкеч болгондуктанбы же үйдө аялзатынын тарбиясы басымдуулук болуп кеткендиктенби, айтор, кыздын жумуштарын катыра жасаганга үйрөнгөм. Үй шыпырып, идиш-аякты жууп дегендей. Ашканада котлет жасоо боюнча анча-мынча жеңелерге ат салдырбайм.

– "Аялзатынын тарбиясы көбүрөөк болуп кеткендиктенби" деп калдың. Чыгармачылыкка аралашканыңа ошол нерсе себеп болгон жокпу?
– Мени жараткан адамдардын экөө тең чыгармачыл чөйрөдөн таптакыр алыс. Атам аскер адамы. Учурунда мамлекеттик коопсуздук комитетинде иштеген. Азыр отставкадагы капитан. Чынында, атам кесибине байланыштуу командировкага көп чыкчу. Апам психология жаатында педагог. Менин чыгармачыл адам болорумду апам сезген окшойт, музыкалык ийримдерге түрткүлөй берчү, катыш деп. Мектеп курагымда П.Ф.Шубин атындагы музыкалык мектепке алып барган. Ал жактан пианино бөлүмүнө өтүп кеттим. Бирок аны жакшылап өздөштүрүп, ийгилик жаратыш үчүн үйдө да шарт болуш керек эмеспи. Тилекке каршы, үйүмдө жок болгондуктан, таштап салгам. 2-3 жылдан кийин кайра барсам, "кеч болуп калды" деп коюшту. Кийин комузга бара баштадым, бирок көп кызыга албай койдум. Баса, комузга байланыштуу бир окуяны эстеп кеттим. Сабактан кийин дайым комузумду асынып ийримге барчумун. Бир жолу тийишкен балдардын бирөөсүн комуз менен башка чаап жиберип, комуз мага таарынып калганбы, айтор, кийин канча комузду улантайын десем да жолум болбой койду. 9-классты бүткөндөн кийин эле "мектептен кетем" деп чыктым. Үйдөгүлөр "эгер бюджетке өтсөң, оку" деп калышты. Ошентип, Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, окуп калгам.

– Эми кепти таттуу сүйүүгө бурсак, сен деле кабылгансың да...
– Башкалар эс тартып калганда сүйүшсө, мен эрте эле, тээ 2-класста баштап алыпмын. 1-классты шаардан бүтүп, 2-классты Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев айылынан таенемдикинен окуп калдым. Шаардан келген бала деп мени класстын акими кылып, анан жакшы окуган кыздар тегеректей беришчү. Алардын арасынан Бермет деген кызды жактырып, биринчи жолу "сүйөм" деп айтып, кекечтенип сүрдөгөнүм эсимден кетпейт. Парта, дептерлериме чейин "сүйөм" деп жаза берчүмүн. Бир жолу 8-мартта белек катары эжемдин жакшы көргөн билеригин эптеп суранып алып берсем, ыргытып салып жатпайбы. Билбейм неге таарынды. Ошондон кийин андан көңүлүм калган. Кийин 8-класста бир кызды бир көрүп сүйүп калгам. Аны 2-3 жыл сүйүп жүрүп, 1 жума эле сүйлөшүп, мамилебиз үзүлгөн. Азыр жүрөгүм бош.

– Чолпон экөөңөр эгиз улактай болуп ээрчишип жүрө берип бири-бириңерге көнүп деле калдыңар. "Алыстан кыз издебей, Чолпонду эле алып алсамбы?" деген ой жарала элекпи?
– Ха-ха, Чолпондубу? Негизи, азыр үй-бүлө куруу деген ой башымды черте элек. Чолпон айтып калат, "менин жолдошум өзүмдөн жок дегенде 5 жаш улуу болуш керек" деп. Бирок менин апам деле атамдан 2 жаш улуу.

– Чолпонду тамашага салып ала качканда аябай нервиң "түйүлдү" го?..
– Ачыгын айтканда, 3 жылдын ичинде Чолпон эң жакын адамдарымдан болуп калды. Аны ала качууга, мындай зордук жолу менен күйөөгө тийишине жол бербейм. Баары бир алып кетмекмин, эгер өзү эле отурам деп тырышып туруп албаса.

– Чолпондун сага жакпаган сапаттарын деле байкай баштасаң керек...
– Кээде аябай ашыкча боёнуп алат. Андайда сөзсүз айтам.

– "Нон-Стоп" дуэтинин өмүрү канча болот деп ойлойсуң? Эгер дуэттен кетсең, эмне менен алек болосуң?
– Ар бир жылдыздын жанып турган, басаңдаган убагы да болот эмеспи. Негизи, мен “Нон-Стоп” дуэти түбөлүктүү болсо экен деп тилейм. Чолпон экөөбүздүн убактыбыз келгенде, балким, жолубузду улантуучу башка жаштарды ордубузга коюп кетебиз. Учурда башка кесипке да окусамбы деп ойлонуп жатам. Буюрса, кийин мени бизнес чөйрөсүнөн көрүп каласыздар.

– Продюсер менен иштеген бир топ эле жеңил. Ошентсе да анын кээ бир талаптарына кошулбай "бунт" чыгарган учурлар барбы?
– "Нон-Стоп" башталгандан бери "чач жасалгамды өзгөртөйүн" деп Алексейге айтып эле келе жатам. Бирок кандай болгон учурда да продюсерибиз менен бир чечимге келгенге аракет кылабыз.

– Кыргыздын салт-санааларын сактайсыңбы?
– Кыргыздын кээ бир салттарын жактыра бербейм. Мисалы, ошол эле ала качуу. Кечке эле илгерки салт-санааларды кармана бербей, өсүп-өнүгүшүбүз керек.

– Спорт менен мамилең барбы?
– Мектеп курагымда күрөшкө катышчумун. Азыр спортзалдарга барып машыгам. Сахна адамы болгон соң үн менен кошо келбетиңе да кам көрүү керек да.

«КҮЛБӨГҮЛӨ, БИРОК ЧЫНДЫК»

  • Мен кичинемде караңгыдан аябай коркуп калгам. Бир жолу түн киргенде таякем "тамеки сатып кел" деп жиберген. Чыксам, эшик капкараңгы, ай да жок. Ошондогу жолдун узарып кеткендигичи.
  • Азыр элге сыр бербегеним менен, бийиктиктен да аябай корком.
  • Кафеде ырчы болуп иштеп жүргөндө досум экөөбүз үйгө кетели деп чыксак, кар жаап жатыптыр. Билбейм эмне, "зымдарым" тийишип кетти. Досум экөөбүз карга оонап, аябай ойногонбуз. Ошондон кийин карга оонагандан чоң рахат алам. Ашыкча "көздөр" жок болсо дагы деле оонап, жыргап калмайым бар.
  • Мен тартылган тасмабы, клиппи, көрсөм эле өзүмдөн уяла берем. “Быйыл сөзсүз күйөөгө тием” деген тасмадан өзүм чыккан кадрларда көзүмдү жумуп көрбөй коём.
  • Бутумдун өлчөмү жакпайт. 43-өлчөм кийгендиктен, мага жаккан бут кийимдин ошол өлчөмүн таппай жиним келе берет. Бүкүрөйүп алганым жакпайт.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


"Non-Stop" дуэтиндеги Максат: "Атам менин эркек экениме ишенбей..."

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(54)
21.05.2012. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maksat apana ayabai okshosh ekensin, Asel ejen atana ayabai jokshosh eken.. Maksat ayabai intelligent jakshy ui bulonun uulu ekensin..bergen interviuin dagy jakshy eken...kyzdardyn arasynda conoigon jakshy... Sylyk madaniyatty. Maksat Kolduk bolushun kerek eee....
21.05.2012. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Achylbai atat elder
21.05.2012. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максат 92-жылкы болсо,Чолпон канчанчы жылкы,мен билбейт экем
21.05.2012. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер Чолпонду алып алсан, Нон-Стоп дуети туболуктуу болот Макс))
21.05.2012. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн жакшы дуэт. Силерди коруп коз кубанат,угуп мээ сергийт.
21.05.2012. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш эле балатурбайбы 92 мен кеминде 90бболсо керек деп ойлодум эле.
SUPER.KG видео
21.05.2012. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо сураныч карап койгулачы видеолор жарымын көрсөтпөй атат.
22.05.2012. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул экоонун ортосунда бирдемке бар!
28.05.2012. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
agent007kg, ыыыммм...
22.05.2012. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максаттын Чолпонду жакшы короору билинип эле турат, а Чолпон аны байкамаксан боло берет..
22.05.2012. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уффф ачылбай жатат
22.05.2012. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш болсо дагы жакшы жооп бериптир.жонокой жигит экен,болбосо мактанып болбой калышат го коптор асмандан тушконсушуп.ушунундан жазба, силерге ийгилик!
22.05.2012. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вообще не похож на мужчину, ото эле кыздай болгон бала ушул ))) в нем много женственности
23.05.2012. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zuzu86, Cholpon menen juro berip konup kalsa kerek
SUPER.KG видео
22.05.2012. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ачпай жатат го!!!!!!!1
SUPER.KG видео
23.05.2012. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
емне коргозбойт
SUPER.KG видео
23.05.2012. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daaaa achilbai jatat emnege:(?
23.05.2012. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен буларды кыргызча жакшы суйлой албайт деп ойлогом себеби кыргызча ырларында акцент барго бирок "Быйыл созсуз куйоого тием" тасмасын коргондон кийин андай эмес экендигин байкадым. Киного аябай жакшы тартылыпсынар азаматсынар!!! "Нон-стоп" дуети кылымдарга жашасын!!! Жакшы ырлары жанырсын!!!
23.05.2012. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NON STOP ийгилик силерге,дайыма АЛГА!!!
24.05.2012. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хд
SUPER.KG видео
24.05.2012. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тишке кам коруу деле ден соолукка кам коруу болуш керек ее?анан ырчы болсооо.бирок жакшы маек болуптур ийгилик.
SUPER.KG видео
24.05.2012. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максат БОКОНБАЕВ-FOREVER!!!!! Биз сыймыктанабыз!
SUPER.KG видео
24.05.2012. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
А Максат менен Чолпондун үнү деле жок, бул менин жеке оюм.
24.05.2012. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максат жылдыздуу жигит экенсин.Шайыр ачык айрым дайыма конулдуу журот ушунунан жазба.Чыгармачылык бийиктиктерди каалайм.
24.05.2012. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakwi jigit,4olpon ekoonun romantikasy jagat tabywmaktuu!
SUPER.KG видео
25.05.2012. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачык,эрке бала экен жана соонун бала экен!!!Ар дайым ушундай болуп жур !!Чыгармачылыгына ийгилик!!
SUPER.KG видео
25.05.2012. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аябай жонокой адам экен азаматтсын максат
25.05.2012. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чолпонду эле алат, албаганда кайда бармак эле? баягы "ала-качканда" эле билинип турбадыбы суйуусу :-D
25.05.2012. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул бала жакшы бала эээ?
SUPER.KG видео
29.05.2012. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
конкретный бала экен го жакты молодец,простой,кыргызча суйлогону жакты азамат,супер экенсин,Ийгилик!!!
SUPER.KG видео
08.06.2012. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"иттей сонун ырдайт экен" деген соз башкача угулду...
SUPER.KG видео
30.10.2013. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максат Чыгармачылык ийгилик!Максатына жет!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо