№498 18-май-24-май, 2012-ж.
– Биринчи күйөөм менен ажырашкан соң экинчи ирет турмушка чыккан элем. Экинчи күйөөм менден 5 жашка кичүү жана мурун үйлөнбөгөн. Алгач жашообуз жакшы болду. 2 кыздуу болдук. Кийин күйөөмдүн мүнөзү өзгөрүп, үйдө чыр-чатак көбөйдү. Үчүнчү кызым боюмда барда бирге жашоо мүмкүн болбой, апамдыкына кетип ошол жактан төрөдүм. Тыңыгандан соң айла жок кайра күйөөмө келдим. Уруш мурункудан да көбөйдү. Күйөөм бизди бакпай да, карабай да калды. Жашоо шартыбыз ошентип начарлай берди. Акыры төркүнгө кетүүгө туура келди. Бир ирет балдарымды бага албай кыйналып жүргөнүмдү алыскы тууганыма айтып арман калдым. Ал мага Бишкектеги агаларынын бири бала багып алууну каалап жүргөнүн айтып, дарегин берди. Ошентип мен шаарга барып, кызым аларга көнгөнчө ал кишилердин колунда бир аз жашап, баламды эмчектен чыгарып бердим. Анда кызым төрт айлык кези эле. Казакстанга барып иштеп келүү оюмду айтсам, алар мага кийим-кечек, билет алып берип узатышты. Чек арадан өтө албай кайра келдим. Ошентип же иштен жок, же кыздан жок калдым. Үйдө калган кызымдын кийимдерин көрүп алып ыйлап, өзүмдү коёрго жер таппайм. Төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү да жок эле. Баламды кайра кайтарып алууга мүмкүнчүлүгүм барбы?
Зейнеп, 27 жашта, Жалал-Абад.
Суроого “Абдрахманов и Ко” юридикалык фирмасынын юристи НАЗИРА АБДЫРАКМАНОВА жооп берет:
– Биринчиден, сиз көз жарган төрөт үйүнүн архивинен “төрөдү” деген аныктаманы таптырууңуз керек. Андай аныктама жок болгон күндө да, тигил тарап расмий түрдө балаңызды өздөрүнө каттатып алса да, экспертизанын негизинде сотко кайрыла аласыз. Баланын ата-энеси Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин №146-147-беренелерине ылайык, асырап алууну жокко чыгарууга толук укуктуу. Андан тышкары 10 жаштан 18 жашка чейинки баланын каалоосу да эске алынат. 18ге жашы толгон соң бала толук укуктуу жаранга айланат да, сотко өз алдынча доо арызы менен кайрыла алат.
Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө кырсыкка кабылып, күнөөкөрдү жазалагысы келсе, айрымдар «кимге кайрылуу керек?», «эмне кылам?» деген дилеммага такалат. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. «Юристтин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.
Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиз болот.
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
экинчи жагынан караганда - оз баласын кайрып алгысы келген энени да тушнсо болот. балдарын карабай, бакканга алы келбеген эркектер биздин коомдо кобойгону окундурот :(