АРСЕН ЫРЧЫЛАРДЫ КОНОК КЫЛДЫ

№498 18-май-24-май, 2012-ж.

Өткөн жумада, бүткүл Кыргызстан Улуу Жеңиш майрамын белгилеп жатканда Бишкекте бир нече жагымдуу иштер болуп өттү. Ырлары, чыгармачылыгы менен бир нече муунду өстүрүп келе жаткан “Кыз-Бурак” тобу түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгын белгилеп, Кыргыз улуттук филармониясында чоң концерт берди. Ал эми чоң сахнанын босогосун аттаганына 2 жылдай болгон Арсен Кыргыз улуттук драма театрында алгачкы жеке концертин тартуулады. Мен мындайды өткөрүп иймек белем, бардым, экөөнө тең.
Арсендин концерти боло турган залга киргенимде эле көзүмө жаштар учурады. Бек Борбиевдин же Ильяз менен Мирбектин концерттерине улуусу-кичүүсү аралаш келишет. А бүгүн көзүмө кылкылдай тизилген жаштар урунду, арасында орусу, корейи да жүрөт.
Концерттин билет баасы, кечиккен-кечикпегени тууралуу бүгүн сөз кылбай эле коюуну чечтим. Анткени 2 саатка жетип-жетпеген концертте баарыбыз кол чаап, кошо ырдагандан бошобой, убакыттын кандай өткөнүн билбей калдык. Арсен – азамат! “Алгачкы концерти да, бара-бара оңдолот” дегизбей, мындай иштерди көптөн бери уюштуруп жүргөндөй көрсөттү өзүн.
Сахнанын жасалгасы эмес, “чү” дегенде эле кыркалата тизилген музыканттар көңүлдү бурду. Концерт башталгандан аягына дейре жандуу үндө өтүп, бир да ирет “ий, ушинтип үнү жетпей кыйналгандан көрө фонограмманы эле пайдаланса болмок” деген ойду жараткан жок. Азыр жандуу үн менен концерт берүү модага кирбедиби. Бул абдан жакшы нерсе. Бирок мындайга али көнө элек ырчыларыбыз кээде ушунчалык көрүүчүнү жүдөтөт дейсиң, үнү жетпей чыйылдап, өңү-башы бырышып... “Ий, фонограмма менен эле ырдачы, жакшысы, сапаттуу үндү угуп кетели” деп жибертет адамды. Бүгүн андай болбоду.
Айтмакчы, Арсенден дагы бир жаңылык көрдүм. Мен ырчы дегендин баарын конокко чакырыптыр. Жок, аты – жеке концерт, заты – ашар концерт кылып эмес. Бул күнү ырчылардын баары залда көрүүчү болуп отурушту. Андайды дайым эле көрө бербейсиң да. Гүлнур Сатылганова, Аида Кулуева, Сайра Момунбаева, Нена, Съездбек Искеналиев, Замир Мырза, Анжелика күйөөсү менен, Бактыгүл Бадыева, Омар, Мирбек Атабеков, айтор, баары келишти. Көрүүчү болгон ырчыларга жакты белем, шатырата кол чаап, Арсенди коштоп кыйкыра ырдап, бийлеп да отурушту. Бул күнү Арсен өзү эле эмес, сахнага чыккан коноктору да жандуу үндө ырдашты. Өзгөчө кол чабуу, албетте, Арсен менен Айбектин аткаруусундагы “Чувства мои” ырына жана Омар менен Арсендин дуэтине болду. Омар тамагы кырылдай ооруп турганына карабай ырдады.
Бул күнү сахнага чыгып, “Күндөр жаңырат”, “Сени сүйөм” деген ырларын аткарып берген Мирбек Атабеков өзгөчө жылмаюуну жаратты. Баланын бактылуу экени көзүнөн, сөзүнөн, ар бир кыймылынан байкалып турду.
Баса, расмий түрдө кеченин алып баруучусу Эрмек Нурбаев болду. Бирок баштан аяк Арсен өзү сүйлөп, эл менен баарлашып жатканы жагымдуу маанай жаратты. Оо, дагы бир нерсени айтпай өтө албасмын. Залдагы элди ордунан козгоп бийлетүү үчүн да талант керек эмеспи. Арсен так секирип, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыта бийлеп жүрдү.
“Толик сынчыга эмне болгон? Ал жалаң сын айтчу эмес беле?” деген ойлор жаралып калса, кечиресиздер, туугандар. Ооба, мүчүлүштүктөр болбой койгон жок, экранда ырчылардын аты-жөнү ката жазылып калган же болбосо Арсендин эң эле атактуу ырынын текстин саамга унута түшүп, “ла-ла-ла” деп абалдан чыгып кеткен учурлары болду. Мунун баарын концерттин жалпы шаңы, залдагы элдин көтөрүңкү маанайы жууп кетти.

Толик сынчы


Арсенден жандуу концерт

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(40)
SUPER.KG видео
12.05.2012. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буйруса эми баары жывойго отот !!!!!!!!!!!!!!!!
SUPER.KG видео
12.05.2012. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
молодец!!!голосу жагат.алга ийгилик!
SUPER.KG видео
12.05.2012. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге биринчи жолу деп жатат....?! жандуу ун менен музыкалык аспаптар да жандуу болгон концертти буга чейин Мирбек Атабеков койбоду беле......
SUPER.KG видео
12.05.2012. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жонт эле сонун сонун ! анча мынча ырларынын обону Эрнест Абдыжапардун обону окшошуп кетет экен!
SUPER.KG видео
12.05.2012. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsyn Arsen, sonun koncert boluptur
SUPER.KG видео
12.05.2012. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсендин кийинген стили, ырлары абдан жагат. Азаматсын. Унун сонун живой эле ырдай берчи созолоно. Ар бир ырды журогуно жеткизип ырдайт, Бактылуу бол
SUPER.KG видео
13.05.2012. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОО жандуу консерттер эми ушинтип моода болуп кетсе экен ылайым. Алга азаматсынар.
SUPER.KG видео
13.05.2012. 04:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat Arsen talantyna taazim men USA bolsomda senin yrlaryndy syiyp ugam kelechegindi allah ken bersin !!!
SUPER.KG видео
13.05.2012. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сага озунчо эле идеальный мырза да аябай жагат
SUPER.KG видео
14.05.2012. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арсен абдан талантуу ырчы. Сенин куйормандарын берген комментарийлерди окусан, суйунуп жатсан керек. Мындан ары дагы жакшы эмгектенип ырдай бер. Может Айбек экоон бир группа тузуп ырдасанар деле абдан жакшы болмок. Бул жердеги комментарийлерди карасам баары эле мактап жазыптыр. Мен дагы жакшы коруп угам сенин ырларынды. Азаматсын Арсен.
SUPER.KG видео
14.05.2012. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыйлайм да бул ырчыны ))
SUPER.KG видео
14.05.2012. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ура видео коргозо баштады менде. Арсен азамат жакшы отуптур концертин ийгилик сага ушу менен токтоп калбастан коп коп ийгиликтерге жете бер.
SUPER.KG видео
14.05.2012. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красавчик братан дальше ушул бойдон жандуу ырдап журчу сураныч)))
SUPER.KG видео
14.05.2012. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо, эң сонун өткөн окшойт! Көрүүчүлөр ордунан туруп алып бийлегендери коп нерседен кабарлап турат... Азамат! Ийгилик!
SUPER.KG видео
14.05.2012. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да концерттин жогорку денгээлде отконун угуп, абдан баргым келдиииии((((! барбай калганыма абдан окундуум!((((
SUPER.KG видео
15.05.2012. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arsen azamatsyn!Saga bardyk maktoo tilekter jarashat, ushundai emgek m-n chon iygilikterdi dagy bagynta ber!Un da, kelbet da bar odnim slovom KRASAVA!
SUPER.KG видео
15.05.2012. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун болуптур
SUPER.KG видео
15.05.2012. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде, мындан нары да жандуу концертти сапаттуу турдо откоргон ырчыларыбыздын- жылдыздарыбыздын саны кобойо берсин!!
SUPER.KG видео
15.05.2012. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmattuu bizdin suiuktuu ugarmandarybyz jana korormandarybyz, sizderge jeke ozumdun jana Arsendin atynan chon yraazychylyk bildirem!!! Koldoonorgo chon rahmat!!! Sizdrge taazim!
SUPER.KG видео
18.05.2012. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ukmush emi azamat.emnege Anjelika yrdagan jok????
21.05.2012. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zaldyn kan4a bolugu keldi, an4a myn4alaryn syndabapsyz? Syyagy Arsen ooz bastyryk kylgango:-)
22.05.2012. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы-жакшы. Молодец! Супер-Инфо мактачу кишини тимеле жерге-сууга тийгизбей мактайсынар. А кээ бироону атайылап эле шыбап коймой жагынар бар.))) Муну моюнга алыш керек. Арсенди силер оолло пиарить кылдынар го. Мындай живой концертти башкалар деле берип жатышат, аларды эмнеге жазбайсынар?! Деги канча толош керек силерге??? Катуу айтсам кечирим сурайм.
22.05.2012. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tokish, Сындын бизге карата айтылып турганы жакшы нерсе, аларга карата түзөлөбүз. Көрбөй, байкабай бараткан кемчиликтерди көрүп, оңдолуп турабыз. Бирок, сиздин сурооңуз бизди таң калтырды. Буга чейин жандуу үндөгү концерттерди Толик сынчы дайыма жазып келген.
22.05.2012. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эсиңизде болсо, алыс кетпей жакынкы эле мезгилди алалы, "Кыз бурактын" концерти тууралуу жазылды. Буга чейин Омардын, Коныкейдин ушундай концерттери болгон. Ошондо да калыс баасын берген Толик сынчы! Мактачуну макташ керек деп туруп мактаган, сынын да айткан. Мунун эмнесинен "сатылма саясат" көрүп турасыз, урматтуу колдонуучу?
22.05.2012. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким биз, кемчиликтер көп болгонунан, ошолорду айтып, жазып жүрүп, мыкты да болоруна, мактачу да концерттер болоруна көнбөй калгандырбыз? Сиздин Толик сынчынын сынына ыраазы болбой калгандыгыңыз ушундан улам болуп жүрбөсүн?
22.05.2012. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arsen molodec, super jigit!!! koncerti da super boluptur!
SUPER.KG видео
24.05.2012. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кабарчы боткосу эзилип аран суйлойт го, бир созун улам кайталап. Дикциясы да жок экен.
24.05.2012. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен чындыгында Арсенден мындайды куткон эмесмин. Концерти болот экен дегенде "баягы эле корунуш да,уч ыр, бир клип менен концерт коймой" деп ойлогом,корсо бары жакшы болуптур,азамат!!!
25.05.2012. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga golosu aiiiiiabai jagat da Arsendin.Ozgocho konur unu bar.Azamatsyn!!!!!Yigilik.
SUPER.KG видео
12.06.2012. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсен красавчик !!!
15.06.2012. 05:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МАГА жакпайт,ырлары озу дагы!
SUPER.KG видео
24.06.2012. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin oyumcha kansert soonun bolgon okshoyt ishine iygilik ARSEN
SUPER.KG видео
10.08.2012. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арсендин уну звер
азаматсын двор берсен болмок бармакмын
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо