Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

EURO 2012: ФРАНЦИЯ

№499 25-май-31-май, 2012-ж.

Ассоциациясы түзүлгөн жыл – 1919-жыл.
Башкы машыктыруучусу – Лоран Блан.
Капитаны – Юго Льорис (“Лион”).
Мыкты бомбардир – Рекордчу: Тьерри Анри (51), азыркылардан Карим Бензема (13).
Эң көп оюн өткөргөн оюнчусу – Рекордчу: Лилиан Тюрам (125), азыркылардан Флоран Малуда (73)
Эң ири жеңиши – 10:0 эсебинде Азербайжанды (1995-жыл, 6-сентябрь).
Эң ири жеңилүүсү – 17:1 эсебинде Даниядан (1908-жыл, 19-октябрь).
Жетишкендиктери 2 жолку Европа (1984, 2000) бир жолку Дүйнө чемпиону (1998).
ФИФАнын рейтингинде 16-орунда.

ФУТБОЛДУ ЖОЛГО САЛГАНДАР
Франция футболдук дөө-шаа эле эмес, футболду өнүгүү жолуна салган өлкө. Учурдагы ФИФА жана УЕФА уюмдарын түзүүдө алар активдүү катышкан. Алар Бразилия, Бельгия, Румыния сыяктуу согушка чейинки 3 Дүйнө чемпиондугунда тең ойношкон. Алгачкы жеңиш 1958-жылкы мундиалда катталып, коло тагынышкан. Франциялыктардын жемиштүү жылдары – 80-жылдар. М.Платини, Ж.Тигана, А.Жиресс, Л.Фернандес сыяктуу алтын курам "Евро-1984тү" утуп, 1986-жылкы мундиалда колого ээ болушкан.
Негизи, француз футболунун өзгөчөлүгү – универсалдуулугунда. Стандарттык соккуларды мыкты аткарышат. Франция дүйнөдө кадырлуу курама командалардын катарына биринчи жолу өз үйүндө өткөн 1998-жылкы мундиалды утуп кошулган. Анын артынан Европа чемпиондугун утуп, азырынча мундиалдын артынан Европа чемпиону аталган жалгыз команда. Ошол чемпиондук алар үчүн акыркы болуп келүүдө. 2006-жылы мундиалдын финалында утулуп, "Евро-2008" жана "ЮАР-2010до" катары менен тайпалык баскычта учушту. "ЮАР-2010до" Доменек менен айрым футболчулардын ортосунда чыр чыккан. Эки-үч оюнчу менен катар Доменек курамдан айдалып, Франция көлөкө астында калгандай болгон.

КОМАНДА БУТКА ТУРДУБУ?
Бирок үмүт шамына Лоран Блан жалын бүркүп, 2010-жылы курамды колго алды. "Францияга кет-кет келди" дегенди жокко чыгарган мсье Блан канчалык кыйын болсо да, буга чейин 5 ирет катары менен Европа биринчилигинде чыгып, Францияны 6-ирет чыгарды. Тандап алуу оюндары өз үйүндө Беларуска жеңилүү менен башталганы менен, акыркы турда Босния жана Герцеговинаны утуп, "Евро-2012ге" барчу жолго түштү. Блан мелдешти утуу талабы жок деп, “биз дагы да болсо жаңы команда түзүүдөбүз. Тайпадан чыксак болду, калганын көрөбүз” деди. Бландын азыркы тизмесинде "Евро-2008ге" баргандардан 6, легионерлерден 10 футболчу бар.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(1)
28.05.2012. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Франция алга!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо