КАНЧА ЖАШЫҢЫЗДА ҮЙЛҮҮ БОЛГОНСУЗ?

№499 25-май-31-май, 2012-ж.

Эсимде, студент кезде курбума батир издешем деп бир топ кыйналгам. Ошондо үйдүн баркын жакшы түшүндүм. Батир маселеси кимдин гана башына түшкөн эмес. Өткөн сандарыбыздын биринде “Алгачкы жолу качан үйлүү болдуңуз эле?” деген суроо менен саясатчыларга кайрылган элек. Бул жаатта ырчыларда абал кандай болгон?..

Бек Борбиев: "ЭКИ БАЛАЛУУ БОЛГУЧА ЖАТАКАНАДА ЖАШАДЫМ"
– Мен 1-курстан тарта эки балалуу болгуча Политехникалык институттун жатаканасында жашадым. Бир бөлмөдө жашаганыбыз менен, жүз киши келсе деле пейилди кенен коюп, узун-туурасынан батышып алган күндөр болду.
1992-жылы 23 жашымда жер там сатып алдым. Бул жакта жашаган немистер шашылыш көчүп, үйүн сатып жатышкан экен. Жалаң концерттерден чогулган акчага сатып алдым десем болот. Алгач борборубуздагы стадиондо концерт берип, тамдын 30 пайыз акчасын таап, кожоюнуна карматтым да, калганын бир-эки айдан кийин берем дедим. Гастролдоп жүрүп акча чогултуп, кеч күздө толук кутулуп бүткөм.

Сыймык Бейшекеев: "БАТИРДИН АКЧАСЫН ТӨЛӨЙ АЛБАЙ..."
– 20 жашымда эле үйлөнүп, батирден батирге көчкөн учурлар көп болду. Башында филармонияда иштеп, алган 230 сом айлыгым күнүмдүк жашообузга кенен жетчү. Филармониядан чыгып кеткенде акча тартыш боло түштү. Эсимде, бир жолу батирдин акчасын таба албай аябай кыйналдым. Кожоюн бир жумага убакыт берген. Кудай жалгап, досум аркылуу капчыктуу кишинин тоюна чакырылып калдым. Эмгегим үчүн 200 доллар карматышты. Сүйүнгөнүмдү айтпай эле коёюн. Ушул окуядан кийин келинчегим да соода жаатына аралашып калды. 24 жашымда 3 бөлмөлүү батир сатып алдым. Азыр өзүбүз үйлөрдү батирге берип калабыз.

Бактияр Токторов: "БИР ЭМЕС, ҮЧ БАТИР САТЫП АЛДЫМ"
– Студент кезде бир ирет терезеден жууркан менен тартып балдарды киргизе коём деп жатаканадан куулуп калгам. Ошондон баштап батирдин азабын аябай эле тарттым. Алгач узундугу 3, туурасы 3 метр болгон бөлмөгө эки досум менен батирге чыктым. Болгон акчаңдын баарын батирдин төлөмүнө жумшайсың да, кара курсак ач калат. Батир которуп эле жүрчүбүз. Айрыкча орус кемпирлердин үйүндө турганда туугандар, дос кыздар келишсе, чоң маселе жаралчу. Кечинде акырын киргизип, таң ата электе чыгарып жиберчүбүз.
1995-жылы алгачкы жолу үйлүү болуп кубандым. Ошондон кийин ишим жүрүшүп, алат деген ушул экен деп бир эмес, үч батир сатып алдым. Учурда Сокулукта жер тамда турам.

Курмангазы Азыкбаев: "ҮҢКҮР ДА БОЛСО ҮЙҮМ БОЛСО ЭКЕН ДЕЧҮМҮН"
"Үңкүр да болсо үйүм болсо" деп кыялданып, 13 жыл Совет көчөсү менен Донецк көчөлөрүнүн кесилишиндеги жатаканада жашадым. Уулум Нургазы, кызым Нурайым да ошол жатакананы көрүп калышты. 1995-жылы Нурсултан аттуу уулум төрөлгөндө жашоом оң капталына ыктады окшойт, маңдай терим менен тапкан акчама 1 бөлмөлүү батир сатып алып, жыргап калдым. 2000-жылы 1 бөлмөлүү батирим 3 бөлмөлүүгө алмашты. Ошондо да бир сүйүнгөм, бутту колду кенен чоюп. Учурда ал батирде уулум турат. Ал эми өзүм 3 кабаттуу үй салып, мындан 7 жыл мурун көчүп киргем.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
28.05.2012. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mashallah ar dayim allahim iriskisin kem kilabai berip tursun silerge))
28.05.2012. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх батир кыйнадыго. Канча жаш уйбуло батирсиз журот, ошо байкуштарга ипотека га болсо да жардам берип коюшса не болоор эле...
29.05.2012. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ai batirdin azabyn menda tartkam......
30.05.2012. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырчылардын уйу жок калмак беле башка иши жок жаштарды сураган киши жок
30.05.2012. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх жаштар кантип уй аласа болот деп сураса болмок?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо