№499 25-май-31-май, 2012-ж.
Бул даамдын Кыргызстандагы мекени – Каракол шаары. Бир топ адамдар бул тамактын аркасынан бизнес жасап, үй-бүлөсүн багып келишет. Анда атактуу Караколдун ашлянфусу тууралуу...
ДУНГАНДАРДАН КЫРГЫЗДАРГА ӨТҮП...
Ашлянфунун авторлору –дунган эли. Бирок азыр дунгандардан да кыргыздар мыкты жасап калган сыяктуу. Дегеним, Караколдун кайсы бурчунда болбосун ашлянфу саткан адамды жана ашлянфунун "знатокторун" таба аласыз. Бизнес бул жаатында да өнүгүүдө. Мисалы, 15 жылдан бери ашлянфу сатып иштеп келе жаткан Рахиля аттуу айымдын кесиби мугалим. Бирок айлыктын аздыгынан ашлянфу сатып иштеп калыптыр. Рахиля эже өз учурунда кайненесинен үйрөнгөн. Кызыгы, бир үй-бүлөдө алты келин болсо, анын төртөө ашлянфу сатып иштешет. Бул мисалдан улам, балким, сиз да ушул бизнестин түрүн байкап көрөрсүз деп ашлянфу жасоонун сырларын айткыбыз келди.
10 ПОРЦИЯГА КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР
Ун – 2 килограмм – 40 сом
Өсүмдүк майы – 0,5 литр – 50 сом
Калемпир – 15 сом
Жумуртка – 5 даана – 20 сом
Жүгөрү, же күрүчтүн крахмалы – 200 грамм – 20 сом
Пияз – 0,5 килограмм – 10 сом
Сарымсак – 1-2 даана – 40 сом
Помидор – 1-2 даана – 50 сом
Татымал чөптөр – 30 сом (жусай, укроп, петрушка, кинза)
Атайын кошулмалар – 30 сом
Уксус – 50 грамм –10 сом
Болгар калемпири –1-2 даана – 50 сом
АШЛЯНФУ КАНДАЙ ЖАСАЛАТ?
Кесме
Көпчүлүккө арналган даамды таза жасоо керек экендигин айтып кетүүбүз ашык болбостур. Камыр жасалуучу идишти 2-3 ирет кайталап таза жууп алуу керек. Азыктарды туура тандоо жана мыкты даярдай билүү тамактын аш болумдуулугун жана даамдуулугун арттырат.
Ашлянфунун негизги бөлүгүн кесме түзөрү анык. Андыктан биринчи кесмесин даярдап алуу керек. Унду өлчөп салып, жумуртка кошуп, туздуу суу менен жууруйбуз. Камырды 10-15 мүнөт тыныктырып, ийине келген камырды чоёбуз. Кайнап жаткан сууга салып бышырып, кесмени өсүмдүк майы менен майлап койсок, ашлянфунун кесмеси даяр болот.
Крахмал
Ашлянфу жасоодо крахмалды да мыкты даярдоо чоң мааниге ээ. Чакан идишке муздак суу куюп, крахмал кошуп жакшылап чалып алабыз да, кайнап жаткан сууга (3 литр сууга 200 грамм кошууга болот) куябыз. Аны жай отко 30-40 мүнөт кайнатуу керек. Татымына жараша туз жана уксус кошууга болот. Кайнап жаткан учурда тындырбай бирдей ыргакта жыгач чөмүч менен аралаштыруу керек. Коюуланып бышкан соң крахмалды чарага куюп, муздаткычка сактап коёбуз.
Чык
Эми соус жасоого киришебиз. Пияз, болгар калемпирин таза жууп даярдап алабыз да, чарчы формада туурап майга кууруп, үстүнө жумуртка чегип коёбуз. Андан соң кайнаган суу куюп аралаштырып, оттон чыгарабыз. Суугандан кийин туз, мурч, даам берүүчү жашылчалар (жусай, укроп, петрушка) кошобуз. Соңунда татымына жараша уксус кошуу зарыл.
Лаза
Ашлянфунун лазасын жасоо үчүн да чеберчилик талап кылынат. Сарымсакты майдалап туурап, ага кызыл калемпир кошуп, ысып турган майга салып 5-10 мүнөт кууруп алабыз.
Кеңештер
Айзат Анарбекова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
- lagmanga okwoboit:kesmesi choiso da,kesse da ichkereek boluw kk,eti da,jawylchalar da kichireek tuuralat
- jawyldan negizi jusay ele sossuz kowulat,ukrop,petruwka nejelatelno,no kinza voobwe jakindabayt
- souska pomidor bir az kowso b-t,no sabiz bolboit(Biwkekten korgom da sabizi bar,fuu)
- krahmaldy kainap j-da aralawtyryp turuw kk